presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кадам ушул…
Депутаттар эс алууга кетти…
биз да эс алалычы

Азыр эс алууга кеткен парламент "жоктон көрө жогору", болбосо "Ак жол" парламентине караганда сөөм-сөөм өйдөрөөк" деген сыпаттаманы алса, туурасы ошол болот.

Былтыркы сентябрь айынан бери иштеген парламент чарчады чыгар деп айтууга деле болбойт. Анткени, депутаттардын басымдуусу кааласа ишке келип, көңүлү чаппаса келбей коюп жүрдү, аны менен бирге жаңы жылдын аржак, бержагында көп күнгө тыныгышты, анан, эс алуу күндөрү бар дегендей, шапар тээп келчү чет жерлерге командировкалары бар дегендей… айтор, бу парламент анча деле чарчаган жок деп ойлойбуз.

Анткени менен парламент шайлоочуларын аябай эле чарчатты, анткени, парламентке тийешеси жок маселелерге чалына берүү, кандай иш болбосун парламенттик комиссия түзө берүү, коалициянын ичинде же фракциянын ичиндеги эки-экиден кармашуулар, тирешүүлөр, парламент ичине кирип алган кылмышка шектүүлөрдүн "жан адам" болуп жүрүшү, саясий иштерге ашкере кирип кетүүсү, ж.б. маселелер болду да. Алардан шайлоочу сөзсүз түрдө чарчайт.
Шайлоочу парламенттен эмне күтөт: биринчи иретте, депутаттар мыйзамга жазылган милдеттерин так аткаруусун, экинчиден, мыкты мыйзамдарды кабыл алуусун күтөт, үчүнчүдөн, мамлекетте мыйзамдуулукту мыктылап көзөмөлдөп турушун күтөт, төртүнчүдөн, парламенттеги коалиция бир адамдай аракет кылышын, ынтымагын күтөт… Айтор, шайлоочу, парламенттен күткөнү көп, албетте, баары жакшылык багытында.
Азыркы парламентти жалпы эл шайлаган жок, анткени, парламентке келген беш партия биригип жалпы шайлоочунун 37% добушун гана алды. Бул деген - бул парламентти элдин жарымы да шайлаган жок деген кайгылуу сөз! Демек, парламент жалпы элдики боло албайт десек, жаңылуу кайдан болмок.
Кийинки Конституциябызды карап көрсөк, анда парламенттин укугу президенттикинен алда-канча көп экенин дааналанат. Ошондон улам биздеги бийлик системасы парламенттик башкаруу аталып калбадыбы. Бул жакшы, коллективдүү башкарууга эмне жетсин. Бирок, Конституцияда жазылгандарды турмушта пайдалануу өтө эле кыйындыкка турары көрүнүп жатат. Парламентти түзгөн 120 депутат принципте бир кишидей иштеши керек эле, иш жүзүндө болсо 120сы ошончо жакка тартып жаткандай болуп турат, жайылып кеткендей деп күчөтүп таштасак деле болот…
Кайсы бир партия парламенттен орун алып, эгер добушу жетип берсе, парламентти жеке башкарып, айталы Россия Думасындагы "Единая Россия" партиясындай болуп, ал эми эч бир партиянын жеке башкарууга добушу жетпесе фракциялар коалицияны түзүп иштеп жатпайбы, мисалы, биздегидей болуп. Дал ошондо коалициянын ичинде биримдик болушу керек. Ал эми бизде болсо, коалицияңды кой, фракциялардын өз ичинде чыр-чатактар болуп, ыдырап жатпайбы.
Айталы, "Ата Журт", "Ата Мекен", "Ар-намыс" партияларында бөлүнүп-жарылуулар көп эле болуп жатат, ал эми КСДПда айдама депутаттар көбүрөөк окшойт деген жаман ой да келет.
"Ата Журттун" мурунку лидери Камчыбек Ташиев менен депутат Динара Исаеванын "оту күйүшпөй, ошондо Ташиев: "Исаева фракциядан чыгып кетпесе, мен парламентке жолобойм" деп коюп эле жүрбөйбү; "Ар-Намыста" Куловго каршы турган "көтөрүлүшчүлөр" пайда болуп, кийин азга тынчып калды көрүнөт, бирок, кеткен жарака чапталганы менен мурункудай бүтүн боло албайт да; "Ата Мекен" партиясынын депутаттары Өмүрбек Абдрахманов менен Равшан Жээнбеков калгандары менен, биринчи иретте, партия лидери Өмүрбек Текебаев менен пикири келишпей партиядан, фракциядан чыгарылды эле, тигил экөө эр экен "бизди эл шайлаган" деп тырышып кетпей турат. Ал экөөн чынында эл шайлаган эмес, эл деген "Ата Мекен" партиясына добуш берген, ал эми партия ичиндеги "сары ит, кара ит- баары бир ит" маанисинде кеткен да; Жолдошева деген депутат бир топ депутаттар менен кармашып келет, Текебаевди болсо сотко берем деп жүрөт; Ташиев менен Сулаймановдун мушташы, ошол эле Ташиевдин дунган Сулаймановду сабаганы… Минтип, парламенттеги ыдыраган ынтымакты санай берсек, көпкө созулары бар. Демек, парламенттин биримдиги жок деп айтсак болот. Парламенттеги эң жаман, жийиркеничтүү көрүнүш-азыр эле кармап, камап салчу кээ бир депутаттар трибунага чыгып алып адамгерчиликке, актыкка, таза ыйманга, улуулук менен сулуулукка, боорукердик менен айкөлдүккө… чакырып "күйүп-бышып" жатса, желмогуздай эле көрүнөт экен. Аны өздөрү кайдан сезди?! Деле, жанда жок эр экенимди эл көрсүн деп турат го… Тфу! Элди эле келесоо ойлошот!
Жогорудагы негатив иштер менен катар эле бу парламентке кылмышка шектүүлөр көп экендиги тынбай эле айтылып келет. Биринчи иретте, коррупционерди айтышат. Ал эми ошол коррупционерлерди жоопко тарталы десе, алардын кол тийбестик укугун алуудан парламент баш тартып жатат. Анткени, өздөрүнө кезек келерин айныгыс билишет.
Эми кол тийбестикке биротоло таянып, ага жамынып алуу болбойт тургандыгын "Ата Журт" партиясынын депутаты Нариман Түлеевдин камалышы болду. Эгерде кылмыш өтө эле олуттуу болсо, анда депутаттын кол тийбестиги эмес, балакети болсо да кармалууга, камалууга улуксат берилет экен. Түлеевдин мамлекетке келтирген 1 млн 400 миң доллар зыяны өтө чоң кылмышка тете каралат тура. Эми кезекте Пирматов, Сулайманов, Ташиев, Келдибеков, Абдыкеримов сыяктуу ондогон депутаттар бар деп айткандар арбын. Экс-спикер Келдибеков аябай таза сөздөрдү айтат, бирок, жоон топ адамды ээрчитип алып Малайзияга барып, парламент бюджетин 10млн сомго чыгым кылганы, толгон адамдарды кеңешчи, жардамчы кылып алганы да жаман иш болгон.
Биз "кан күсөгөн" жокпуз, бирок, коррупциялык баскан жолу бар депутаттардын баары тегиз жооп бериши керек!
Парламентте уюшкан кылмыш тобуна жакын адамдар да бар деп бийлик тараптагылар да, а турсун кээ бир депутаттардын өздөрү да айтып келет, ал эми ал ким экендигин айтпайт. Бул эмне алардан коркуубу же аларды жаап-жашыруубу?! Билип болбойт.
Депутаттар бирин-бири гана колдобостон, башкасын кошо колдоп жатпайбы. Башкы прокуратура Энергетика министри Шадиевдин үстүнөн кылмыш ишин козгосо, аны да калкалап турушту, калкалап турушат. Бирөөнү коргогонго не жетсин, бирок, ошол коргогон адамың ак жеринен торго чалынып жатса, ал эми коррупциялык шек менен кармала тургандарды коргогондон кийин, өткөрө сыпаа айтканда, туура эмес кеткен жол болуп жатпайбы.
Президент баштаган коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү ишин, биринчи иретте, депутаттар колдош керек эле, алар антпей жатат. Тескерисинче, кээ бир коррупционерди кадимкидей эле, ачыктан ачык эле колдоо көрсөтүп жатканы мыйзамдын кайсы рамкасына сыят?!
Бу парламент өкмөт курамын чектеп, аны шайлап, жакпай калса кайра кетирип кадыр-барк алып турчу, а балким, "башкасын" да алып турчу бийлик бутагы өңдөнүп да кетет. Булар эс алууга кетерге жакын өкмөттү кетирүү үчүн кол топтошту, ушул маселени парламент алдына койсо болот деген добушту топтоп да кетишти. Эми күздө келип буга чейин топтолгон 45 добушка дагы 16 добушту кошсо, анда өкмөт отставкага кетет. Ага чейин өкмөттөгүлөр "парламенттин эс алуусу бүтпөсө экен" дегенди тиленип турат эмеспи… аны менен бирге депутаттар менен эс алып жаткан жерине барып "иштешүү" да болушу толук ыктымал…
Күз келсе президент баш тырмап көрөт да, мындай парламент бизге керекпи, же жаңылайбызбы деп.
Азыр парламентти таратуу аракети болуп шайлоочулардын колу топтолуп жатат.
Болуптур дейли, бул парламент тараса, анда кийинки парламентке келгендердин баары таза болобу? Антип эч ким гарантия бере албачу заман болуп турат.
Канткен менен бу партиялык шайлоо системасын эл акырындап түшүнө баштады көрүнөт. Кезектеги шайлоодо, дүңүнөн эле кайсы бир партияга добуш бербестен, ошол партиянын тизмесинде ким деген адамдар бар, алардын буга чейин баскан жолу таза беле же, бир жерден бир ирет булганып калды беле… сыяктуу суроолорго жооп издейт.
Азыркы партияларды мээсинин толугунан эмес, капчыгынын толугуна байланыштуу депутат болуп алгандар толо. Акчасы көп адамдын баарынын эле мээси дурус иштей бербейт экен небактан келаткан чындык дечи, бирок, бул ирет дагы да ал кепти бышыктап алдык…
Эмдиги парламенттик шайлоодо таза адамдарды депутаттыкка алып келели, ошого аракет кылалы.
Баратбай Аракеев






================================================================= ->

кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??