presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Өмүрбектен Өмүрбекке эс алуу жок
Эс алууга шашкан эл өкүлдөрүбүз Өмүрбек Бабановдун отставкасын күзгүгө калтырды. Камчыбек Ташиев айтмакчы ортодо ойноп кеткен "арам тамактардын" аракети күч болду көрүнөт. Бирок Өкмөттү кетирүү демилгесин көтөрүп чыккан Өмүрбек Текебаев дагы деле айтканынан кайтпай, Бабановду жөн эс алдырчудай эмес. Эл өкүлү өткөндө "Өкмөттү отставкага кетирүү маселеси боюнча каалаган убакта чогула калсак болот. Балким каникул убагында деле кезексиз жыйын өтүшү мүмкүн" -деп жыландын башын кылтыйтты.

"Өнүгүү банкы" "өлдүбү"
Өмүрбек Бабанов өкүртө мактап жаткан "Өнүгүү банкы" "өлдү". Өкмөт башчысы "Өнүгүү банкы" уставдык капиталы 2 миллиард сом боло турганын, ошондой эле, жарандарга насыя берип, кардарларга кызмат көрсөтпөстүгүн, мамлекеттик программаларды жүзөгө ашыруу багытында гана иш алып бара турган биринчи категориядагы саясый банк болоорун белгилеген. Быйыл ишке кирет делген бул банктын келечеги болбой турганы эмитеден эле байкалып калды. Каржы министри Акылбек Жапаров Мамлекеттик өнүгүү банкын ишке киргизүү үчүн быйыл бюджетте акча жок экенин, бюджеттен тышкары чыгымдоо үчүн ашыкча каражат жоктугун билдирди. Ошентип, Бабановдун өлкөнүн инвестициялык абалын өркүндөтүп жиберет деп айтып түгөтө албай жаткан банкы жаралбай жатып, "жаназасы" окулмай болуп турат.

Эсепчи "энергетиктен" пайда болгон жок
Башкы энергетигибиз Аскарбек Шадиевдин бул тармакты эптей албаары ээрге отурганда эле эл оозунда айтыла баштаган. Өздөрүнүн мындай алсыздыгын Аскарбек Шадиев да моюнуна алгандай болуп, "кышкыга отун даярдоо иши мөөнөтүнөн калып жатат, энерго системабызда авариялар күчөп жатат" -деп наалыса, "Түндүкэлектро" ААКнун башчысы Кубанычбек Исмаилов "Быйыл кышында авариялык өчүрүүлөр болбойт - деп кепилдик бере албайбыз" -деп мекендештерибизге алдын-алда коңгуроо какты. Былтыркы кычыраган кыраан чилдеде калкыбыз караңгыда калып карайлаганда Шадиевдин "шалаакылыгы" жөнүндө кептер арбын айтылып, кызматтан аз жерден алынып кала жаздаган. Өлкөбүздүн бүтүндөй энергетика тармагын башкарган "бухгалтер-министрибизди" ал кезде партиялашы Өмүрбек Бабанов арачалап калган. Кыштын камын эртерээк көрүп, убакытты созбой энергетикабыздын эбин тапкан тыңыраак адисти алып барбасак, кышында катуу кыйналчудай болуп турабыз. Бирок, башбакан бүтүндөй элдин кызыкчылыгын жалгыз Шадиевдин кызыкчылыгынан жогору коё алаар бекен?


Бийлик Раевден тажабас болду
Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз улутунун руханий баалуулуктарын сактоо, анын өнүгүшүнө кам көрүү ж.б. мааниде "Мурас" фондусун ачкан.
Эми ал фондунун төрагалыгына кай жерде болсо да өз арбайын согуп коюп "дулдул" болуп жүрө берчү Султан Раев менен тарыхчы Табылды Акеровдун кандидаттыгы каралып, төрагасына Раев, орун басарлыгына Акеров шайланды.
Раевдин адамдыгына кенедей да шек келтирүүгө болбойт, бирок, бүтүндөй улут үчүн өтө маанилүү фондду, элиникин көңүлгө калтырып, өзүнүн арбайын катуу сокчу адамга тапшырып берүү туура эмес!
Элдин баары эле беш колундай билип бүттү: Раев орто заар эле жазуучу, бирок, аябагандай эмгекчил. Билгендердин айтымында ал жалаң гана карандай эмгектин натыйжасында чыгармаларын жаратып, аларды ар кайсы тилдерге котортуп, драмаларын койдуруп, ал иште мамлекеттик рычагдарды пайдалана коюп, айтор, талантын эмес, эмгегин таптап жүргөн жан экен. Ал маданият министри болуп турганда "Манасты" кытайлыктарга тарттырып, Манастын Кароол чокусун казгандарга каршы туралбай, министрликти агенттикке түшүрүп жеке иши менен алек болгон. "Кыргыз Эл жазуучусу" (!) дегенди да, Токтогул сыйлыгын да алды (!). Кайсы чыгармасы үчүн жанагыдай өтө баалуу наамдарды, сыйлыктарды алып жатат, Бексултан Жакиевден башка билген жан жок!
Кыргызына накта күйгөн мыкты азаматтар турганда, Раев "өз фондусун" эле башкарганы оң эмес беле деп бийликтин бул чечимине нааразы болгондор дароо эле айтып чыкты.

Максим Бак...(кечиресиздер) Максимбекова келе жатат!
Жогорку Соттун судьялыгына аттанган талапкерлердин саны 92ге барып токтоду. Алардын тизмесин алгачкылардан болуп "Акипресс" агенттиги жарыялады. Кокусунан талапкерлер менен таанышууну каалап калсаңыз, алдын ала "валидол" дарысын даярдап алганыңыз оң. Анткени, алардын жарымысынан көбү Акаев, Бакиев убагында аркасын булгап алган, "адилеттүү" сотторубуз болуп чыгат. Эми ушундай калбыры бар судьялар жанагы тандоо кеңешинен таптаза болуп өтүп кетсе, анда ишибиздин бүткөнү дей бергиле. Карап көргүлөчү, кимдер келе жатат?
Азыркы тапта "апрель окуялары" боюнча айыпталып, абакта жаткан Мурат Суталиновдун бир тууган карындашы Гульзар Суталинова, "Ата түрк" паркы аркылуу "атагы", "Альфа телеком" аркылуу чатагы чыккан Максимбекова Дилбара, "Балыкчы окуясы" боюнча Бакиев тушунда баатырдык жасаган Базарбеков Замирбек, "Алиби" гезитин жаап, андан Жаныш Бакиевдин уулуна 1 миллион сом өндүрүп берген Давлетбаева Мадина, "Эл сөзү" гезитин айыпка жыккан экс-спикер Зайнидин Курмановдун карындашы Курманова Гульнара, Ахмат Бакиевдин качып кетишине катышы бар делинген Оморова Максуда жана артынан жалаң гана жаман сөздөр ээрчип келген Байтикова Элмира, Жаңыл Мамбеталы,Токбаева Айнаш, Мухамбетжанов Абылай, Жамашева Феруза, Кудайбергенов Алмаз, Кульматова Дилбар, Албанов Төлөгөн, Жороев Курманбек, Момбеков Кубаныч, Аманалиева Бактыгуль, Арстанбаева Дилара, Осмоналиев Камиль, Жакыпбаев Шералы, Абдырахманов Жакып, Масыбаев Толембай, Сариев Аманбек, Конгайтиев Анарбек, Сыдыков Аскат сыяктуу ары атактуу, ары "адилеттүү" судьяларыбыз топ ичинде келе жатат. Шамарал Майчиев жетектеген сотторду тандоо кеңеши чыныгы тандоочу кеңеш болобу же мурункусундай "жандоочу кеңеш" болобу күтө туралы. Биринчи электен бирдеме кылып өтүп кеткендери менен, экинчи элек эл башчыбыздын колунда эмеспи, коркпосок деле болчудай.

Конкурста жеңсең, жыргадың…
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов "Кыргызалтынга" бир жуманын ичинде ачык конкурс жарыялап, канадалык алтын иштетүүчү "Центерра Голд" компаниясынын деректирлер кеңешине Кыргызстан тарабынан кирген үч орунга конкурс жарыялоосуна буйрук берди. Мурун акчасы аябагандай арбын бул деректирлер кеңешине Ниязбек Алдашев, Амангелди Муралиев, Карыпбек Ибраев дегендер мүчө эле. Алдашев 22-июнда Кеңештен чыгарылган, берки экөө кеткени турат.
Кокурска катышчу кандидаттар англис тилинде эркин сүйлөшү керек, юридикалык, геологиялык жана финансылык билими болуш керек экен. Бул комиссияны Президент аппарат башчысынын орун басары Айгүл Рыскулова жетектейт.

Ушундай болмок!
"Монте Карло" ресторанында милийсалар мушташты деп жазбаган гезит калган жок. Дагы эскерте кетсек, мушташка эс алуудагы жана иштеп жүргөн полковникке чейинки милийсалар менен ИИМ Академиясынын 35 курсанты мушташкан. Бул маалыматты Академиянын жетекчилери жаап-жашыргысы келди эле, болбоду. Илгерки орустар айтмакчы, "капка шибегени ката албайсың".
ИИМ министри Зарылбек Рысалиевдин билдирүүсү боюнча, бул окуя иликтенип-изилденип бүткөндөн кийин күнөөлөнгөн курсанттардын баардыгы ишке алынбайт, айдалат. Азыр алар эс алууда. Аны менен бирге кээ бир жоопкер кызматкерлер иштен кетиши мүмкүн.
Кандай айтсак да, азыр милийсалар арасында мыйзам бузуп, каалаганын жасап жүргөндөр арбын. Ал иштердин көбү көмүскөдө калат.
Министр мырза милийса жөнүндөгү терс иштерди угар замат "кыргыйдай тийип, текөөрү менен бөтөгөсүн жара тээп" турса, аз эле мезгилде милийса тарабың оңоло түшмөк.

Түлеевди коргосо, өзү ким?
Атасынын мыкты чыгармаларын окуп зерикчү эмес элек, эми болсо, депутат кызы Ширин Айтматованын кээ бир жүрүштөрүн көрүп-угуп зерикпей турган болдук. Мына ошол депутат кызыбыз коррупциялык иштерди жасаган деген шек менен кармалган Түлеевге жан тартып жатканы. "Түлеевди туура эмес кармаган, Башкы прокуратура туура эмес аракеттерди жасаган…" деген сыяктуу нааразысын айтып турат. Бу депутат Баш прокурор Аида Салянованы иштен кетирүү үчүн 55 депутаттын колун топтоптур. Аны азырынча ишке киргизе элекпиз дейт экен Ширин айым. Биз ойлоп калдык : "55 депутат кол койсо, анда 55 коррупцияга шектүү депутат даяр экен, жооп бермекке" деп…
Тайманбай ишин жакшы алып барууга аракет кылып жаткан Аида Салянованы баарылап коргошубуз керек, аны коррупционерлерге "жем" кылбайлы.





================================================================= ->

кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??