presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кадыржанга жооп беришиптир
Европага барып алып, оозуна келгенди оттоп жаткан Кадыржан Батыровдун былжырак кептерине ТИМден эч кандай жооп болгон жок деген айыптоолор айтылып келет. Бирок Кыргызстандын Австриядагы элчиси Лидия Иманалиева андай эмес дейт. "Батыров катышкан андай семинарлар жылына жок эле дегенде 200 жолу өтөт. Ал Швециядагы бир катар бейөкмөт уюмдардын калкалоосунда жүрөт. Уюштуруучулар кимди болбосун чакыра берет. Биз дагы ЕККУ жетекчилигине Батыров карандай калпты айтып, Кыргызстанга жок жерден жалаа жаап жатканын түшүндүрдүк" -дейт Лидия Иманалиева.


Турсунбек Акун Түлеевдин "оозун ачырды"
Акыйкатчыбыз Турсунбек Акун 2-июль күнү Улуттук Коопсуздук кызматынын абагында жаткан Нариман Түлеевге барган. Акыйкатчынын айтымында Түлеевдин абалы оор экен, капельница алат экен, бир бөйрөгү элдир-селдир иштеп жатыптыр. Анын ачкачылык кармаганы 7 күн болуптур. Турсунбек Акун Түлеевдин тыяк-быягына чыгып, жалынып-жалбарып жатып, ачкачылыгын токтотуптур. Азыр Түлеев тамакка тоюп жатат дешет.


Миллиондоп эмес, миллиарддап жеген тура
29-июнда Жогорку Кеңеште Эсептөө палатасынын отчёту каралмак болчу. Бирок ал иш каралбай калды. Анткени, депутат Улукбек Кочкоровдун айтымында "Эсептөө палатасынын отчёту аябагандай көлөмдүү, жетекчилер уурдаган акча миллион эмес, миллиарддап жүрөт. Ошондуктан бул маселени шашпай талкуулаш керек"-деп добушка койдурду эле, депутаттар ага макул болушту. Депутаттар эс алуусунан келгенден кийин далай чоңдордун абийири кетери бар экен…


Сүйлөйт да э-ээй…
"Кыргызнефтегазда" директор болуп турганда Наримандан үч-төрт эсе көп акчаны, тагыраагы 250 миллион долларды сол чөнтөккө солоп койгону айтылып келе жаткан "Республика" фракциясынын депутаты Исхак Пирматов 5-каналдын "Сынак" телеберүүсүндө: "Мен апакаймын. Күнөөм болсо далилдеп соттошсун, болбосо акташсын. Мен эч жакка качпайм. Жасаган ишиме жооп берем" деген өңдүү кооз сөздөрдү айтып, "ак карга" болуп төш кагып, бир далайга күпүлдөдү. Чындап арты таза болсо, депутаттардын артына корголоп, комиссия түздүрүп, кара башын калкалап, жан соогалабастан, күнөөмдү сот далилдесин дейт эле го. Эми деле кеч эмес, кыйын болсо Башкы прокуратураны убара кылып Нариманды камагандай кылып камай электе, өзү тиешелүү органдарга барып көрсөтмө берип, актыгын, же "суктугун" сотто далилдеп көрсүн. Ошондо коомчулук "чыныгы эркек" экен дейт…




Чым-Коргонго ким барат?
"Текебаев Жолдошеваны Чым-Коргонго "айдады…"

Жогорку Кеңештин 29-июндагы кезексиз жыйыны бир катар кызыктуу окуялар менен коштолду. Алардын ичинен: Өкмөттүн отставкасы, Түлеев маселеси жана Текебаев менен Жолдошеванын тиреши сыяктуу көрүнүштөр көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду. Бул эки депутаттын чатагы 2010-жылы июнь окуясына барып такалат. Ал окуяда Курманбек Бакиевдин Тейиттеги үйүн Кадыржан Батыров менен Асылбек Текебаев өрттөгөнүн Курманбек Бакиевдин кошуналары Жолдошеванын коогалаң тууралуу тарттырган тасмасында айтып беришкен. Өмүрбек Текебаев маркум иниси Асылбек Текебаевдин Бакиевдин үйүн өрттөгөн окуяга катыштыгы жок экенин айтып, тасманын автору Жолдошеваны сотко бергени белгилүү.
Текебаев бул боюнча "Азаттыкка": " Айтылган жалаалардын бардыгы жалган, "тастыктап бериңиз" деп сотко кайрылгам. Жолдошева аны "мен айткан эмесмин" деп жоопкерчиликтен качып жүрөт. Эл алдында "баарын мен далилдейм, колумда далилим бар" дегени менен сотко тайсалдап, жарым жылдан бери барбай, Келдибеков төрага болуп турганда ошондон, ЖК Регламент комитетинин төрагасы Абдиевден справка алып барып, өзү соттон качып жүрөт. Тилекке каршы сот да ошол каттарга таянып, "Жолдошева жооп бербейт" деп айтып жатат. Бирөө жооп бериш керек да, жооп бербей турган кырдаал болбойт. Эми сот анын ордуна Жогорку Кеңеш жооп берет деп Биринчи май райондук сотко жөнөттү" -деп билдирди. Жолдошева болсо Текебаевдин бул айткандарын четке кагып: " Текебаев мени сотко барбай жатат дегени туура эмес. Октябрь райондук сотко анын да, менин да өкүлүм барды. Бишкек шаардык сотуна мен да, Текебаев да бардык. Эмне үчүн жалган айтат? Сот акыйкат, адилет чечимин чыгарып жатат."-деген жообун узатты. Экөөнүн ортосундагы чырдын кыскача маани-маңызы ушундай. Ал эми парламенттин акыркы жыйында бул боюнча Жолдошеваны колдоп добуш берген 45 депутатка Текебаев: "Силер Жолдошеваны колдоп жатасыңар. 45 депутат Жолдошева үчүн сотто жооп бересиңер, менден да кечирим сурайсыңар? Дүйнөнүн бир да өлкөсүндө бир депутат үчүн бардык депутат жооп берген мыйзам жок. Бул Баш мыйзамга каршы келет "- деп каарын төктү. Буга таңкалган 45 депутат: "Текебаев бизди эмне мынча коркутат? Эмнеге сотко барабыз"- деп өздөрүнчө шыпшынып алышканы менен, бирөө да бул боюнча сөз алып, Текебаевдин бул доосун четке кага алышкан жок. Эмоцияга алдырып, ар-намысы үчүн бардык коргонууга өткөн Текебаев андан ары (Жолдошеванын наамына карата экени белгилүү ) жалпы депутаттарга кайрылып: " Жогорку Кеңеш эки депутаттын мындай өз ара мамилелерине аралашпашы керек. Муну добушка да чыгарып, токтом токуп, чечим чыгарбашы керек. Жогорку Кеңештин мындай укугу жок. Бирөөнүн аброюна шек келтирдиби, ал мыйзам алдында жооп бериш керек. Жоопкерчиликтен качпашы керек! Жооп бере албастыгы тууралуу бир гана Чым-Коргон чечим чыгарып берет! Справканы бир гана Чым-Коргон берет. Бул жер силерге Чым-Коргон эмес да… " -деген сөзү элдин баарына жагып, Текебаев Жолдошевага эң туура баа бергендигин айта башташты. Ал Жолдошеваны минтип "тебелеп" өткөнүнө Бөдөш Мамырова да кошумча кылып: " Жылдыз сиңдим, ар дайым эле ушинтип жүрөсүң. Туура түшүнсөң, сенден көп ката кетип жатат. Туура жыйынтык чыгар. Түшүнбөсөң, мурункудай ар кимди сөгүп-сагып, жүрө бер"- деген эжелик туура сөзүн айтты. Кыязы , бул эки депутаттын эрөөлү дагы далайга созулчудай болуп калды өңдөнөт.
Жолдошеванын мындай жоболоңду жоруктары мындан ары деле "жоон тобу" менен жөө туманга окшоп коомчулукту каптап берет окшойт. Бирок канча каптабасын акылга салып караган кишиге, бул маселеге Текебаевдин айткан Чым коргону ылайыктуу болуп турат.

Айбек Шамшыкеев




Курманбекти "кууратышты"
"Республиканын" Курманбек Дыйканбаев деген сүйлөсө тилинен чаң чыккан депутаты бар. Бирок анын андай чечендиги болгону менен чечкиндүүлүгү жок экенин өткөндө Жогорку Кеңештин акыркы жыйынында байкадык. Курманбек мырзанын ЖКдагы орду, четте журналисттерге жакын жерде. Анын коңшулары "Ата-Журттун" айымдары Надира Нарматов менен балык депутат Үсөнөв Даниярдын аялы Динара Исаева. Жыйындын жүрүшүндө Текебаев менен Жолдошеванын чатагында, коңшуларынан жазганыппы, айтор куураган Курманбек Жолдошеваны колдоп добуш берет. Анын добушун тизмеден көргөн Асия Сасыкбаева тизмени көтөрүп келип, "сен кимге каршы добуш бергенсиң"деп деимтти. Демейде тың сүйлөгөн Дыйканбаев Асия айымга "дың" деп да сүйлөй албай тилин жутуп алса, Нарматова "андан эмне коркосуң" деп бир кекетип, кетип калган Сасыкбаеванын артынан: "Сасыкбаева дайым ушундай да" -деп сүйлөнүп калды.
Андан да кызыгы добуш берүүгө келгенде, аппарат кызматкерлери ордунда жок депутаттардын компьютерлерин өчүрүп жүрсө, Курманбек мырза өзү менен Нарматованын ортосундагы (ээси ордунда жок болчу) компьютерге колун сунуп өчүрүп коёюн десе, аны Нарматова өзүнүн компьютери менен кошо ал компьютерде да добуш берип олтурду. Кыскасы, парламенттин айымдары Курманбек мырзаны ортого алып алышып кууратышканы куураткан экен. Жигит болгондон кийин, мынча мокок болбой курч болбойбу...






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??