presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Дасторкон
Конок келгенде эмне жасарыңызды билбей башыңыз катып жатса, төмөнкү тамактарга көз жүгүртүңүз.

Эттен жасалган тамак
Керектелүүчү азыктар:
Фарш -600 гр
Пияз - 1 баш
Сарымсак - 2 тишче
Өсүмдүк майы - жарым стакан
Жумуртка - 1 даана
Туз, калемпир, мурч
Даярдоо ыкмасы: фаршка майда тууралган сарымсак, пияз, жумуртканы кошуп, ага татымына жараша туз, мурч, калемпир кошуп, жакшылап аралаштырасыз. Андан кийин аралашманы сосисканын таякчаларына окшоштуруп, бөлүктөргө бөлүп, өсүмдүк майына кууруйсуз. Даяр болгон сосисканы ар кандай гарнир менен берсеңиз болот.

Картошкадан жасалган тамак
Керектелүүчү азыктар:
Картошка - 12 даана
Каймак - 2 стакан
Уйдун сулп эти - 500 гр
Пияз - бир баш
Койдун майы - 1 чоң кашык
Кара тоголок калемпир,
көк чөптөр, туз.
Даярдоо ыкмасы: картошканы аарчып, тазалаган соң ортосун оюп алып саласыз. Уйдун этин эт майдалагычтан өткөрүп, пиязды майда туурап эт менен чогу майга кууруйсуз. Даяр болгон фаршты картошканын ичине салып, койдун майына бир аз кууруп аласыз. Андан кийин көмөч нанга тизип, ысып турган духовкага салып бышырып аласыз. Даяр болгон тамакты чөптөр менен кооздоп, гарнир менен берсеңиз болот.

Жашылча менен балык
Керектелүүчү азыктар:
Балык - 1кг. Пияз - бир баш
Сабиз -1 даана
Лимон - 1 даана
Помидор -3 даана
Сарымсак - 3-4 тишче
Өсүмдүк майы, мурч, туз.
Даярдоо ыкмасы: балыкты тазалап, сөөктөрүнөн ажыратып алган соң лимон ширесине оонатып, жарым саат коюп коёсуз. Андан кийин тазаланган жашылчаларды шакек түрүндө туурап, алгач пиязды кызып турган майга кыпкызыл кылып кууруп аласыз. Пияздан кийин калган жашылчаларды кууруп, аларды калпка тизип, ортосуна балыкты коюп, духовкага салып бышырасыз. Бышкандан кийин балыкты тарелканын ортосуна коюп, айланасына жашылчаны тегерете жаап , үстүнө пиязды коюп, чөптөр менен кооздоп дасторконго коёсуз.
Жумуртка паштети
Керектелүүчү азыктар:
Жумуртка - 2 даана
Пияз - бир баш
Сабиз -1 даана
Сыр - 40 грамм
Боор -200 грамм
Майонез - 40 грамм
Өсүмдүк майы, мурч, көк чөп, туз.
Даярдоо үчүн: Боорду, сабиз, пиязды төрт бурчтуу кылып туурап, аны майга кууруп аласыз. Андан кийин аларды муздатып, эт майдалагычтан өткөрүп аласыз да, туз кошуп жакшылап аралаштырып алгандан кийин тоголок формадагы паштетти жасап, бышкан жумурткаларды тең ортосунан экиге бөлүп, даяр фаршты саласыз. Андан соң, алардын үстүнө майдаланган сырды себелеп, кызаргыча духовкага бышырасыз. Даяр болгон паштетти чөптөр менен кооздоп коёсуз.
Жаркынай КАДЫРКУЛОВА






================================================================= ->

кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??