Мидин Алыбаевдин 95 жылдыгына карата...
Качкын Оторбаев
Мидин
...Ортолукка чогулткан
Жумуртканын планы…
Отуз тоок бардыр ар үйдө,
Ошонуң аздык кылабы?
Оңолсоң боло Чарлыктар
Өкмөттүн болот сурагы.
Чын эле Мидин ырдагандай ошол жылы Кызыл-Ойлук активдер мамлекетке төгөбүз дешип, элден жумуртка чогултушса бир айылдагы чогулган саны араң отузга жетиптир.
"Кымыздан эжигейин кайнаткан" дегени, саздын башындагы жылкычылардын айылына кайрылып кымыз иче кетейин деп түшө калса, тааныбасты сыйлабас кылып ачыган кымыздын ордуна саамал кымыз берип Мидикеңдин суусунун кандырбай коюшкан көрүнөт. Ошондон улам Мидин:
- Бириндек сакал Сырдыбай,
Бир чыны кымыз жылдырбай.
Билинди мунун сараңы,
Билип койсун бир Кудай!
Көксөмдү суутуп аттантты.
Көңүлдү катуу сындырды ал.
Толтура турган сабаны,
Тоголок көчүк аялы,
Торгой сакал Тоялы,
Тооруп турат куйдурбай.

Эл-журтка бербей мунусун,
Эскирген саба кымызын…
Эси кеткен Чарлыктар,
Эжигей кылып алабы -
деп ырдаптыр. Мидин андан ары: "Кер торпок сойгон чырым жок", - деп тийишип ырдаган да жери бар экен. Бирок биз аны бул жерге берген жокпуз. Анын кыскача тарыхы мындайча эле.
Башкарма бизге жакын тууган болгондуктан бир жылы үйүмө чакырып куйкалаган торпок союп, аны коноктогон элем. Бирөөлөр ушуну бетке кармап тийишип ырда деген көрүнөт, Мидинге эл. Мунун баарын кулагым чалып калган оозума сала берген экен - мен да көп күттүрбөй Мидинге карап ырдап коё бердим - дейт Керимкул:
Э, Мидин,
Агыттың бир аз тилиңди,
Акындыгың билинди…
Аша чаппай жөн ырда,
Акындар болот билимдүү…

А кокуй болчу Алыбай,
Атаңды тартып наалыбай.
Курут, майды эсептеп
Калдыңбы кымыз тааныбай?
Эл ичкен андай тамактан,
Калбаса калбай калгандыр,
Акың жок ага, таарынар! -
деп ырдай баштасам, анда Мидин бажырайып күлүп туруп: - Алда Какем ай, кантер экен деп азыраак тийишип койсом жөн эле букадай жер чапчып жөөлөп кирбедиңизби? Атамды тааныйт экенсиз. Мындан ары жакшы тааныш болуп, ага-инидей сыйлашып жүрөлү эми деп кош айтышып бастырып кетти.
Ошол жылы күзүндө Бармактагы кырманчыларга барып калсам түшкө маал улак союлуп, эт бышып алдыларына коюлуп калган кези экен. Мидин да алардын арасында олтуруптур. Мени көрө коюп ордунан тура калып салам айтып өйдө жагынан орун берди. Тамакты ал-алга келгенде Кулахметов деген биздин айылга жаңыдан келип иштеп жүргөн улуту казак, мугалим жигитке улактын башы тийди эле. Чунак жигит, жанындагыларга ооз тийгизип да койбостон башты балжа-булжа кылып бузуп, заматтын ортосунда аны аймап жеп койду.
Колуна, Кулахметов мүлжүгөн койдун башынын чыкыйын шак ала коюп, Кулахметовго карап Мидикең минтип калды:
Кулахметов карагым,
Кадала түшүп бармагың
Кайран башты жалмадың…
Кардың ачып калган го,
Каалашыңча аймадың…
Дөбө болду баш сөөгү
Дөбөткө бер калганын, -
деп ырдап жиберсе, олтурган элдер боорун тырмап ыкшып күлүп калышты... Кулахметов уялганынан башын көтөрө албай жерге салып олтуруп калды.
Тамак желип, колго суу куюлуп бүткөндөн кийин алдыбызга керден чыныларга мелт-калт куюлуп, көбүк черткен күкүрттөй чыккан кара таруунун бозосу келди. Бозодон бир керденден тартып жиберип, бүткөн бою жибий түшкөн Мидикең үйдүн ээси Барманкулга карап:
- Карагайдан челегиң,
Жасатыпсың береним…
Кызыл толгон кырмандан
Кымтып алам дебегин,
Анда-санда ушинтип
Тийип турсун керегиң, -
деп ырдап койду... Мидиндин куюлушкан куйкум сөздөрүн угуп, баарыбыз жыргап күлүп, үйлөрүбүзгө тарап кеттик.
* * *
Ал кезде колхоздо башкарма болуп Аалы деген киши иштечү эле. Мидин Чаек жакка барып келгени андан ат сурап барса: - Ме, муну эле минип бар деп, короосунда байланып турган бир кунан чыкмасын токутуп бериптир. Анысы "буту түшкөн мал көрүнөт", жолдо баспай калганда айылга келе жаткан адамдардын бирөөнөн кайта Мидин минген тайын жетелетип жиберет. Ага кошуп Мидикең башкармага барганда берип кой - деп, дагы бир барак бүктөлгөн кагазды кошо сунуптур. Ал кагазда:

- Башкарма берди бир тайды,
Басалбай байкуш тыйтайды…
Көбүктүн суусун кечкенде,
Көт жагын карап кылчайды.
Аалыке,
Башкы Туура-Кайыңдан,
Ыргып түштүм тайыңдан.
Убара болуп жөө кеттим.
Узабай жатып айылдан, -

деп, башкарма Аалыны да уяткарган экен.
Мидин, Мидиндей эле жүргөн айтылган сөзү кайталангыс адам эле... Жүргөн жери күлкү менен тамаша. Ырдайын десе ыры оозунда, жазайын десе калеми колунда. Учурунда таамай айтылган, укмуштуудай учкул сөздөрдүн анык устаты эле…

43. Кагылайын Устабай,
Кантип уста болосуң
Казыкты жөндөп учтабай?..

Карыпбек аксакал өтө окумал адам эле. Жерде жаткан гезиттин айрындысы болсо да, көзү чалып калса, колуна алып бир сыйра карап чыкмайынча ыраазы болчу эмес. Ошол Карыпбек кошуна экөөбүз жөн-жай сөз сүйлөшүп олтурат элек, өзү суратпай эле Мидин жөнүндө кеп баштап калды. Мамыкем (апасын айтып жатат) ыраматылык айтып калаар эле - деп. Мидин Кызыл-Ойдо иштеп жүргөн жылдары биздин үйгө көп келер эле. Кичүү уулум Устабай экөө көпкө чейин кеп-сөз сүйлөшүп отурушуп, бир кезде каткырып күлүп да калышчу. Мен алардын кептерине көп көңүл бурбай, өз жумушум менен алек болуп отура берчүмүн. Ошондо бекер кылган экемин - деп, азыр да өкүнүп калам. Болбосо жакшылап көңүл буруп тыңшаганымда ошондогу айткан Мидиндин куйкум кептерин көңүлгө түйүп калмак экемин. Бир курдай Устабай эшик алдында кайың казык учтап жатса, Мидин келип калды. Колундагы мокок балтасы жакшы өтпөй, казыгынын учу чыкпай жаткан уулумду көрө коюп, Мидин минтип жатпайбы:.
| Уландысы бар |








================================================================= ->