presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Чачыла…
Азамат эми мелодрама тартат…
Азамат Арыков буга чейин ак менен каранын кармашын чагылдырган, мекенге болгон сүйүүгө чакырган боевик жанрындагы тасмаларды кино сүйүүчүлөргө тартуулап келсе, эми адамдын жүрөгүн кытыгылап, сүйүүнү ойгото турган мелодрама жанрындагы тасмаларга басым жасоодо. Албетте, бул тасмалардын да тарбиялык мааниси зор. Ошону эске алган Азамат мырза жакында эки кыска метраждуу тасма тартууну пландап жатат. Жакында тартыла турган тасмалардын сценарийлери даяр. Алардын бири "Девушки из саксофона" деп аталат. Бул тасманы жакынкы күндөрү алгачкы эпизоддорун тарта баштамакчы. А толук метраждуу тасмаларды жайкы эс алуудан соң, күркүрөгөн күз айларында тарта тартып баштайт.


Бермет Байкелова Америкада…
12- майда жеке концерттин ийгиликтүү өткөрүп, бир чоң жоопкерчиликтен кутулган Бермет Байкелова эми билекти түрүп, бир катуу эс алууну максат кылып, Америкада көп жылдан бери жашап жаткан досторунун чакыруусу менен Америкага сапар алды. Ал жакта жөн гана эс албастан, кыргыздын нукура салттык музыкасына суусап жүргөн мекендештерибизге ыр тартуулап да келмекчи. Бермет айымдык эс алуу жана чыгармачылык сапары жарым жылга созулмакчы.


"Дотянуться до звезды" тасмасы тартылды…
Кыргыз киносу акыркы жылдары болуп көрбөгөндөй деңгээлде өсүүдө. Өскөнү го жакшы деңизчи, бирок сапат жагынан аксап жатканын кээ бир режиссёрлор өздөрү да моюнга алууга арасыз болууда. Бирок көч бара-бара түзөлөт демекчи, учуру келгенде бизде да мыкты тасмалар тартылар… Биздин айтайын дегенибиз бул эмес, жакында эле Эрнест Абдыжапаровдун мастер классынан сабак алган жаш эки режиссёр мырзаларбыз "Дотянуться до звезды" деген аталыштагы тасманы тартып бүтүп, учурда монтаждоо иштери жүрүүдө. Тасмага актёр - актрисалар кастинг аркылуу тандалып алынган. Бул тасма саны барларга кошулабы же сапаттууларгабы, аны тасманы көргөндөн кийин айтабыз. Азырынча режиссёрлорго ийгилик дей туралы.


Фарида ден соолугун чыңдоодо…
Фарида Карбосова учурда Суусамырдын абасы таза, кооз жайлоосунда ден соолугун чыңдап, бээнин сүтүн ичип жүрөт. Бирок күз айында жеке концертин берүүгө камынып жаткан ырчы айымыбыз жайлоодо жөн эле кымыз ичип жүрбөстөн, жайлоонун кооздугуна суктанып, ушул кезге чейин жүрөгүндө жашап келген обонуна ыр чыгарып жатыптыр. Ал ыры сүйүү темасында болот экен. Фариданын өзүнүн калемине таандык ырды анын жеке концертинде гана уга алабыз. Мындан сырткары кыргыз жеринин кооздугун даңазалаган жакшы ыр жазуу да ниети бар экен. Бул тилегин да жакынкы күндөрү иш жүзүнө ашырып калышы толук ыктымал.


Жамиля окуучуларын даярдоодо…
Кыргыз элинин сүйүктүү ырчысы, белгилүү композитор Жамиля Муратова учурда шакирттерин сынакка кызуу даярдоодо. Себеп дегенде, ушул айдын аягында "Ысык-Көлдө Кадыр түн" аттуу чоң фестиваль өтмөкчү. Аталган фестивалга катышууну каалагандар эмитеден эле кызуу даярдык көрүшүүдө. Жамиля Муратова болсо, өзү ишеним арткан үч окуучусун азыртадан эле даярдап жатыптыр. Окуучулары кандай ийгилик жаратат аны учурунда көрөбүз.


Жанета көлдө…
Кыргыз эстрадасында аздыр-көптүр өз орду бар болгон ырчы Жанета Бобкова жакын досторунун чакыруусу менен Италияга барып келери менен эс алуу үчүн Ысык- Көлгө сапар алды. Анткени бир айдан ашык чет жерде жүргөн Жанета Бобкова Кыргызстанды, өзгөчө суусу жылуу Ысык- Көлдү сагынып калыптыр. Бирок көлдө да жөн эле эс албай, Ысык-Көлгө эс алуу үчүн келген меймандарга жагымдуу маанай тартуулап, концерт бермекчи. Эс алуудан келгенден кийин жаңы ыр жаздыруу менен алектенмекчи.


Фарида сынакта…
"Актёрлор ырдайт" сынагында баш байгенин ээси болгон Фарида Култаева өз таланттын сынап көрүүдөн такыр качпайт. Дегеним, буга чейин өлкөбүздө өткөн бир нече сынактарга катышып келе жаткан Фарида жакында өтө турган дагы бир сынакка даярдык көрүүдө. Ал сынак чоң масштабда болуп, бүтүндөй кыргыз ырчыларды катышмакчы. Баса, муну Жогорку Кеңештин депутаты Искак Пирматов демөөрчүлүк кылып жатыптыр. Азыр тандоо туру өтүп, Фарида Култаева тандоо туруна катышып, эми таймашка даярданууда. Ийгилик дейбиз.


Данияр Таласта…
Кыргыз эстрадасындагы жаш мырзалардын катарын толуктап, ырчылык өнөргө билек түрө киришкен Данияр Эрматов апрель айынан тарта Канат Кадыржан менен келишим түзүп, чыгармачылыкка катуу киришкен эле. Сахнага өзгөчө стиль менен чыгууну пландап жаткан Данияр Эрматов учурда Талас жергесинде концерттик сапар менен жүрөт. Даниярды Таласка белгилүү бильярдчы Канат мырза чакырыптыр. Анткени Канат дүйнө чемпиондугунан 3-орунду багындырып, элден бата алып коюу максатында кичи мекенине барып, чакан той өткөрүп жатыптыр.


Нурландан жаңы ыр…
Акыркы кездерде чыгармачылыкка кызуу киришкен жаш эстрада ырчысы Нурлан Насип жакында жаздырган "Күткөн жүрөк" деген ырына клип тарттырып бүтүп, кайра эле жаңы ыр жаздырууга киришүүдө. Бул ыры да сүйүү темасында болмокчу. Кандай аталыштагы ыр экендигин азырынча сыр кыл туралы дейт жаш ырчы.

Жаркынай Кадыркулова





================================================================= ->

кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??