presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Эрөөл
Мансап кумарынын илдетине чалдыккандар ар качан кызмат даражасын сактап калуу үчүн кошоматчылыктын жана жагынуучулуктун бүтүндөй ыкмаларын өздөштүрүшкөн. Алар кайсы учурда болбосун, эртеңки күндө кереги тиер адамды ар кыл жолдор менен кылтагына илип алат да, аны өз кызыкчылыгына пайдаланат. Ал үчүн иштин кызыкчылыгын шылтоолоп, жаңы кызмат орундарын түзөт, мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттарды үнөмдөөнүн ордуна өз каалаганындай чачат. Таянган тоосу бийик, же азезилди да алдап кеткенге жөндөмү болсо, ал баары бир суудан кургак чыгат, Өлкөдө коррупция тамырын кенен жайылткандыктан текшерүүлөрдөн коркпойт, "берер шапкесинин баасы" белгилүү болгондуктан, аларды "сыйлоого" качан болсо каражат даяр. Мындай көрүнүштү түп тамыры менен жоюу бизге жеңилге турбайт көрүнөт. Айрыкча, элге билим берүү министрлиги коррупция жактан атагы чыкканын жалпы журтчулук деле жакшы билет. Бул илдет мектептен тарта бүтүндөй жогорку окуу жайларына чейин тарашы айланып келип эле мансап орду үчүн күрөшкө барып такалат.

Жергебизде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети - аттын кашкасындай таанымал окуу жайынын бири. Азыркы күндө бул университеттин ректору Искендер Исамидиновдун жетекчи катары иш-аракеттери чалмакей чалуу менен коштолуп келет. Амбициясы күчтүү болгондуктанбы, түрдүү интригалык оюндарды уюштурууга Искендер Исамидиновдун жөндөмдүүлүгү тууралуу учкай сөз айта кетсек болот.
Кадрлар маселесин чечүүдө Искендер Исамидиновдун "жаңы ачылышы" жакаңды карматат. Жер-жерлерде азыркы күндө бири-бирин кайталаган бөлүмдөрдү кыскартуу жүрүп жаткан мезгилде ректор мурдагы 4 проректордун санын 2012-жылдын 16-мартына чейин 12ге жеткирип отурат. Анын себеби акыркы жылдарда даттануулар жана арыздар көп болуп, ар кыл уюмдар тарабынан көп сандаган текшерүүлөр болуп, бул окуу-тарбиялык иштин жүрүшүнө, кадрларды жогорку сапатта даярдоого, окуу жайынын окуу-методикалык базасын чыңдоого жана университеттин илимий мүмкүнчүлүгүн көтөрүүгө жолтоо болгондугунан улам бул кадамга аргасыз баргандыгын бетине кармайт. Проректорлордун санын көбөйтүү аргасыздыктан келип чыккан убактылуу көрүнүш катары гана баалайт.
Жетекчинин мындай куру шылтоосуна "баракелде-е" десең болчудай. Мындай интрига оюндары бул окуу жайында көп жылдан бери болуп келгени жумурай журтка белгилүү. Акыркы жыйырма жылдан бери ректордук кызмат талаш-тартыштын негизи болуп келген. Канча жолу ректорлор алмашылды, бирок алардын эч кимиси мындай ишке азыркыдай батыл кирише алган эмес. Университеттин жамаатынын ич ара тирешүүсүн токтотууга эч ким аракет жасабаган деген жыйынтык чыгарса болот. Себеби, жамааттын арасында тирешүү канчалык күчтүү болсо, алардын бардыгы ректордун алдына ушул маселени чечип берүүгө аргасыз болору эсепке алынган сыяктанат. Аларды кабыл алып, анча-мынча моралдык колдоо жасаган түр көрсөтүп, бирок ал маселе чечпей ачык калтырсаң болот. Кийин кайрылган тарапка бардыгын жогорку жакка билдирген менен азырынча алар чечпей жатат деп кутулсаң болот. Натыйжада, жогоркулардын бул ишке катышы бардай түшүнүк түзүлөт да, эт менен челдин ортосундагы жетекчилер өзүн бул ишке катышы жок, "сүттөн аппак" адам катары чыгарын алар өздөштүрүп алганын коркпой айтсак болот.
Жетекчи жалпы жамаатты ынтымакка келтирип, бардык маселени калыстык менен карап, маселени жеринен чечкиндүүлүк менен чечиши, иштин көлөмүнө жараша ар бир кызматкерлердин жоопкерчилигин көтөрүп, реалдуу талап коюшу, берилген тапшырманын так жана сапаттуу бүткөрүлүшүнө катуу талап коё билиши, такай жана бекем көзөмөлдүүлүктү жүргүзө билиши башкы мааниге ээ. Демек, КУУнун ректору Искендер Исамидинов иштин кызыкчылыгы үчүн бүтүндөй жоопкерчиликти жеке моюнуна алуудан качып, оордун үстү менен, жеңилдин асты менен жан сактоо жолун тандап алып отурат. Кандай шартта болсо да ал кызматтан шыпырылса, өзүн бийликтен жөнсүз жабыркаган күнөөсүз периште катары көрүнүүчү жолду тандап алганы ачык көрүнүп отурат.
Кызмат орунду көбөйтүү менен эч качан ишти жакшыртуу, ыдыраган жамаатты бир ыркка келтирүү мүмкүн эместигин акыл-эстүү адам башкалар айтпаса да жакшы билет. Ошону менен катар ректор Искендер Исамидинов өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип түзгөн проректорлордун милдеттери так көрсөтүлбөгөн, тетирисинче, бул кызматтагылардын аткаруучу иштери бири-бириникин кайталап, алардын ишке жоопкерликсиз мамиле жасоосуна шарт түзгөн. Мисалы, КУУнун окуу иштери боюнча проректору Р.К.Сарымзакова 2011-жылдын 6-октябрында өзүнүн милдетине кирбеген кадрлар маселесине кийлигишип, 14 адамды илимий кеңешчи даражасында ишке жайгаштырууга №338 буйрукка кол коёт. Бул жабылуу иш жабык калат беле, КУУнун штатында илимий кеңешчи кызмат жоктугун, ишке орношууга алардын арызы же бөлүмдөрдүн 2011-жылдын 11-октябрында №342 буйругу менен четке кагууга ректорду аргасыз кылган сыяктанат. Ошого карабастан 2012-жылдын 12-мартында гана проректордук кызматтагылардын үчөөсү гана кыскартылат.
Элге билим берүү министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия ректор Искендер Исамидиновдун ишин текшергенде "карга карганын көзүн чукубайт" принцибин бекем кармаган көрүнөт. Университеттин алдындагы институттардын факультеттерин кайрадан түзүп чыгууга тиешеси жок деп белгилейт, буга ишенелик десек, КУУнун алдындагы Юридикалык институтунун илимий кеңешчилеринин курамы жана алардын кайсы мезгилде бул даражага ээ болгону, кесиптик өзгөчөлүгү комиссиянын жогорудагы пикирин төгүнгө чыгарып отурат. Алып көрөлү, К.Оторбаев - географ, 90 жаштагы карыя кеңешчи катары 11691,31 сом айлык акы алып турган, М.Иманалиев - математик, 9354,29 сомду, жазуучу Б.Жакиев - 16369,29 сомду, А.Жайнаков - физик, 14031,29 сомду, Ж.Шаршеналиев - информатик, 9354,29 сомду, Б.Орузбаева - филолог, 9354,29 сомду, Т.Баялиев - экономист, 14031,29 сомду, М.Балтабаев - педагог, 9354,29 сомду маяна катары алышкан. Ошентип, булардын ичинен К.Оторбаев кеңешчиликтен 2012-жылдын 1-мартында бошотулган, калгандары 2012-жылдын 20-апрелинде комиссия барганга чейин өз орундарында кызматкер катары иштеп жатышкан. Натыйжада, жалпысынан маянанын көлөмү 93539, 34 сомго жеткен. Эскерте кетели. Булардын бардыгы бир мезгилде - 2011 жылдын 1-сентябрында кеңешчилик кызматына келишкен. Жаш өзгөчөлүгүнө токтолсок 72-89 жаштагы карыялар болуп чыккан.
Кеңешчилердин ушул кесипке канчалык пайдалуу кеңеш бергендигине акылыбыз айран болуп отурганын жашырбайлы. Юриспруденция, юридикалык мыйзамдар, жалпы эле укуктук маселелер менен толук тааныштыгы жок булардын ректорго бул багытта кандай кымбат баалуу сунуштарын киргизди болду экен? - деген сурообузга Элге билим берүү министрлиги ачык-айкын жооп берер бекен?
"Укмуштуунун төөсү жорго" демекчи, ушул жорук КУУнун алдындагы Экономика жана финансы институтунда кайталанып, мындагы кеңешчилердин саны 10 адамга жеткирилген. Мында да кеңешчилер кесиптик жактан ар түрдүү, мисалы, У.Асанов - химик, О.Сооронов - филолог, Ш.Керимбаев - тарыхчы… Санап отурбайлы, булар да 2011-жылдын 1-сентябрда тиешелүү буйрук менен ишмердүүлүгүн башташкан, жалпысынан 77411,96 сомду маяна катары "ап этип" турушкан, булар да "кеңешчиликке" 2011-жылдын 1-сентябрынан баштап алынган. Ошентип бир эле кеңешчилер үчүн жылына 360 миң сом, проректордук жаңы орун үчүн 500 миң кошумча сарпталып жатса, бул текшерген комиссия тарабынан шамалга учкан каражаттар сокур тыйынга турбагандай мамилеге дуушар болуп отурат.
Салыштырып көрөлү. Учурда мамлекет башчыбыз Алмазбек Атамбаевдин да, Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановдун да, Жогорку Кеңештин төрагасы Асилбек Жээнбековдун да ушунчалык санда расмий кеңешчиси болбосо керек. КУУнун иш стилин текшерүүгө катышкан жогорку окуу жайынын ректорлору Искендер Исамидиновдон үлгү алып, алар да кеңешчилердин көбөйтүлүшүн пландашканбы, айтор , кызыгы проректорлор менен кеңешчилерден башка кемчиликтер кетирбегендигин баса көргөзүшүптүр, бирок "текшерүүчүлөр" КРнын Элге билим берүү министрлиги (ЭББМ) тарабынан уюштурулгандыктан, комиссиянын төрагасы жана андан башка 3 мүчөсү жогорку окуу жайларынын ректорлорунан, бири ЭББМдин ички аудит секторунун башчысы, экинчиси ушул эле министрликтин кесипчилик билим берүү башкармасынын башкы специалисти экенин эске алганда деле алар "жем жеген акырынын" кемчиликтерин терең талдоого алмак түгүл, "жабылуу аякты жабылуу калтырууга" күч үрөшкөндөй шектенүүнү пайда кылат.
Жогорудагы маалыматтар боюнча башкача өңүттө ой жүгүртүп көрөлү. КУУнун алдындагы эки институту боюнча кеңешчилердин басымдуу бөлүгү КРнын академиги деген ардактуу наамга ээ болгондор, бул ректор Искендер Исамидиновдун азыркы учурдагы кызматында жана келечекте ушул майлуу-сүттүү орунга бекем отуруп калышына булардын сунушу жана берген добушу көп нерсени чечип коёру эске алынган деген пикирди бекемдеп отурат. Алысты болжогон Искендер Исамидинов бир ок менен эки коёнду атууга мүмкүнчүлүктү түзүп жатат.
Кейпи, бул ректор азыркы ыңгайлуу шартты пайдаланып, КРнын Улуттук Илимдер Академиясынын (КР УИА) мүчө-корреспонденттигине талапкер катары коюшу мүмкүн. Эгерде ал талапкерлигин койсо, "кеңешчи-академиктер" "бирөөнүн тоогун жесең, анын ордуна каз байлоого" аргасыз болору алдын-ала ойлонгондугу ачык көрүнөт. Демек, И.Исамидинов мүчөлүккө ат салышса, жеңишке жетишүүгө жолун ачып алып отурат. Албетте, бул максат ишке ашса, ректорлук кызматка шайлоодо башкалары болбосо да "жаңы проректорлор" тарабынан күчтүү колдоого ээ болот. Анын үстүнө КРнын УИАсынын анык мүчө-корреспонденттиги бул чоң эрөөлдө каршылаштарына караганда көптөгөн артыкчылыктарды түзөрүн эске алган деп жыйынтык чыгарсак болот.
Ал эми жогорудагы жаңы орундардын ачылышына жол ачкан ЭББМдин министри К.Садыковдун кошкон салымы да бар. "Уккан кулакта жазык жок" эмеспи, "жаңы орунду" ачууда инвестиция жана грант боюнча проректордук орун атайын Атантаев Истанбек үчүн" Президенттин аппаратынын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевдин өтүнүчү менен ачылса, "сырттан окуу бөлүмү боюнча проректорлук кызмат" министр Темир Сариевдин каккан коңгуроосунан улам жарык дүйнөгө келген имиш. "Манастан Чубак кем бекенби", аларга атаандашкан министр А.Жапаров менен вице-премьер-министр И.Жунусовдун "жеңил өтүнүчү" менен дагы проректордук орун ачылган экен. Бийлик мунарасындагылардын көңүлүн тапкандыгы менен ЭББМдин министри К.Садыков менен КУУнун ректору И.Исамидинов азыр өздөрүн коопсуз сезип, эки тараптын макулдашуусу аркылуу түзүлгөн "жаңы кызматтардагылардын " маянасы үчүн университеттин казынасы 5 миллион 532 миң сом чыгашага тарткан экен. Жогорудагы "аттуу-баштуулар" барда, алар бул эки жетекчини "канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай" колтуктарына кысып калкалайт чыгар. Буга нааразылык билдирген тарап менен мыйзамсыз иш-аракеттери оркоюп көрүнүп турса да "суудан кургак чыкканга жедеп көнгөндөрдүн ортосунда эрөөл башталды, бирок ушул эрөөлдө жогорудагы аты аталган ири чиновниктерибиз ушул эрөөлгө чыккандарга "калыс" (секундант) катары мамиле жасайбы, же өздөрүнүн көздөй адамдарынын таламын талашып чыгышабы? Ушунун баары элдин азыркы бийликке ишенимин жоготууга багытталып жатпасын? Кеп оролу ушунда эмеспи!
Бороон Таласбай








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??