Реформанын кыргызчасы кандай?
Реформа - латын тилинен которулганда кайра жаратуу, же тактап айтканда коомдук талапка ылайык мыйзам чегинде кайрадан курууну ишке ашыруу деп которулуптур. Бирок Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери ар кандай тармакта жүргүзүлгөн реформалар кайрадан курууну эмес, түздөн - түз эле талкалап, таратууну элестетет. Элдин эсинен кеткис болуп калган Б.Талгарбековдун жетекчилиги менен айыл чарбасында болгон реформаны кандай деп так айтууга боло тургандыгы азыркы күнгө чейин табышмак. Ондогон жылдар бою түптөлүп, бир чарбага бириккен колхоз - совхоздордун миң - миңдеген малдары чилдей чачырап, шыйрактан алып самогон менен самынга алмаштырылган, бул мезгил орус элинде айтылгандай "Бери, не хочу" деген учур болгон. Ал реформа өзүнчө кеп. Айталы дегенибиз бийлик алмашып, жаңы Өкмөт келгени билим тармагында боло турган реформа .
Ооба, алгачкы окумуштуу президентибиздин "ар бир адам сабаттуу болуш керек" деген пикири менен ар бир райондун борборуна чейин окуу жайлардын бөлүмдөрү ачылып, козу карындай жайнаган институт, университет, академиялардын мекенине айланганбыз. Билим жана илим министрлигинин азыркы реформа жүргүзүүгө багытталган саясаты ошол бири бирин кайталаган, коёндой окшош чоң кичине окуу жайлардын санына эмес сапатына көңүл буруу менен бирге алардын санын кескин кыскартууну максат кылат. Ошону менен бирге бардык окуу бөлүмдөрүндө мезгил талабына ылайык окуу пландарды тактоо, сабактын торчолорун аныктоо менен билим берүүнүн эки баскычтуу багытка толук өтүшүн көздөйт. Сырттан окуу бөлүмдөрүн өнүгүп жаткан маалымат - байланыш каражаттарын колдонуу менен аралыктан билим берүү ыкмасына өткөрүү, бул тармактагы коррупцияга бөгөт коёт деп ишендирет. Билим берүү тармагында башталган реформага маани максаты кыскача ушундай.
Бизде дайым айтылганда кагаз жүзүндө баары түшүнүктүү, баары жакшы. А бирок иш жүзүндө таптакыр башкача. Ушул жылдан тартып жогорку, орто окуу жайларына кабыл алуулар жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен гана жүргүзүлө тургандыгы катуу айтылды. Мындан бир нече жыл мурда мектепти бүтүрүп , турмуш -шартына ылайык билимдерин улантууга мүмкүнчүлүктөрү болбой, эми окумакчы болгондордун укугу эмне болот? Туура, каалоочулардын баардыгына эшик ачык, тандаган мектептерге кирип тестирлөөдөн өтсө болот деген жарыялар болду. Бирок, бизде качан эле укканды убагында жетип барып аткара коймой адат бар эле. Быйылкы бүтүрүүчүлөр менен тестирлөөгө мектепти мурда бүтүргөндөрдүн канчасы киргендиги жөнүндө албетте маалымат жок. болсо да күлкү келээрлик болушу мүмкүн. Ошондуктан бүгүнкү күндөгү эң көп суроонун бири "тестирлөөдөн өтпөгөндөр кантип окуу жайга тапшырат?" Биздин оюбузча окуу жайларга документтерди кабыл алып жаткан учурда жок дегенде жумасына бир жолудан каалоочулар үчүн борборлоштурган тестирлөөнү өткөрүү зарылдыгы бар. Болбосо, бул реформанын жүргүзгөн саясатынын негизинде дагы бир митингчилердин жоон тобу жакын арада Ак үйдүн алдына барарында шек жок.
Бүтүрүүчүлөр колдоруна аттестаттарын алды, ал эми окуу жайлардын жетекчилери кабыл алууну кандай шартта жүргүзө тургандыктарын жөнүндө толук маалымат береалышпайт. Анткени министрликтин жүргүзүп жаткан реформасынын так көрсөтмөсү, таамай багыттары ушул күнгө чейин аныкталган эмес.
Билим берүү тармагында улам жаңы ыкмаларды киргизүү менен, анын үстүндө тынымсыз иш алып баруу дүркүрөп өнүгүп жаткан мезгилдин талабы го. Бирок, анын бардыгы жүрүп жаткан ишке эч кедергисин тийгизбей, акырындык менен баскычтуу түрдө турмушка ашыруунун өзү жетекчиликтин иш билги саясатына тике байланыштуу.
Кайсы бир багытта реформа жүргүзүү үчүн, адегенде ал тармактын адис окумуштууларын, билермандарын чогултуп, "жети ченеп бир кесип" дегендей иш алып барууга эч үйрөнө албай койдук. Натыйжада жакшы ой менен башталган реформанын аягы барып эле "бардакка" айланат.
Кээде таш ыргытсаң дипломдорун сандыкка салып коюп, базарда отурган юрист, экономисттердин башына тиет деп калышат. "Таяктын эки учу бар" демекчи, өткөндө аралыктан кабыл алуу качан, кандай шартта болот деп атайын Россиядан келген бирөө буга толук жооп берди окшойт. Ал "менин эки дипломум бар юрист, экономист. Менин Россияда ишимдин өнүгүп кетишине сөзсүз түрдө алган билимимдин салымы бар. Мен ар учурда , налог төлөөдөбү, бажыдан өтүүдөбү, деги эле ишкердикте өз укугумду коргой алам жана милдетимди так аткарам. Балдарым кийин өз адистиктери менен иштейби, иштебейби турмуш көргөзөт, бирок алардын жогорку билим алуусуна колумдан келген жардамымды берем" деди. Чындап эле биздин уул кыздарыбыз чет өлкөлөрдө алымдуу, башкалардан кыйла билимдүү деп баалана тургандыгын угуп, сыймыктанып жүрөбүз. Анын бирден - бир себеби дал ушул жайнаган окуу жайлардан алардын "көздөрү ачылып" баргандыгы болуп жүрбөсүн.
Албетте Өкмөт тарабынан өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган план программаларды ишке ашыруу үчүн билимдүү, жөндөмдүү жаштарды даярдоого көңүл буруу керек. Азыркы күндө мезгил талабына ылайык: кен байлыктарды изилдөөчү, иштетүүчү, инженер - техник адистер, жол салуучу, курулуш иштерин, текстиль, жеңил - өнөр жай, айыл чарбасын жакшы өздөштүргөндөр жакшы айлык алуу менен татыктуу ишке тартыла тургандыктарын бардыгы эле түшүнүп калышты. Бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү аталган тармактарда тандап, келечекке ишенимдүү кадам жасайт деп ойлойбуз.
Ал эми реформанын кесепетинен билим алууну каалагандардын бирин да сыртта калтырбай баардыгына жол ачып берүү министрликтин милдети.
Бул кандай ишке ашат аны убакыт көргөзөт. Реформа дагы бир ирээт кыргызча таркатуу, токтотуу дегендей маанисине берип калбаса эле болгону.
Жалпы Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын тастыктаган баракчаларда дооматтар, доо арыздар болсо жергиликтүү билим берүү башкармалыгына, же билим берүү министрлигине кайрылсаңыздар деген эскертүү берилген. Өтө дыкаат уюшкандыкты талап кылган мындай жоопту учурда эмне үчүн толук маалымат ала турган сайт ачылган эмес, же суроо талаптарды угуп так көрсөтмө бере турган байланыш телефону жазылбаган. Кыскасы, билим берүү тармагындагы реформанын натыйжасында окуу жайлардагы кайсылары кыскарып, эмнелери такталып, кимиси жабылып эмнеси калат, деги эле ал кандай өзгөрүүлөргө алып келет деген конкреттүү суроолор арбын.
Айнагуль Калчаева,
Бишкек шаары.




Ачык кат...
"БИЛЛ БАЙКЕГЕ БИЛДИРҮҮ"

Кадырлуу "Кыргыз Көчү" тобунун катышуучулары, мүчөлөрү жана калайык калк! Биз, жалпы кыргыздар "кыргыз тилин, дилин жандандыралы, жакшырталы, оңдойлу, түздөйлү" деп какшап эле келебиз. Тилекке каршы, бул жаатта аябай эле аксап, азап тартып жатканыбыз бештен белгилүү болуп деле бүттү. Ошондуктан "жакшы тилек - жарым ырыс" дегендей ар дайым аракет кылып, илгерилейт деген ишенимибиз зор болуп, андан үмүт үзбөй келебиз.

Ушул эле максатта тилибиздин туура жазылышын, басылышын эсепкердеги баскычтарды оңдотуу менен баштайлы деген далалатка өттүк. Жаны тынбаган Жанызак мырзага рахмат! Бул баскычтар оңолуп, кыргыздын үч тамгасы Эсепкерге кирмейинче Жанызак өзү да уктабайт, бизди да уктатпай турган болду. Туптуура кылат... Бул жалгыз Жанызака гана керек оокат эмес, жалпы кыргызга, түмөн журтка керек оокат. Эгер тынч уктагыбыз келсе, анда ушул демилгени тездетели, ылдамдаталы, колдон келген жардамыбызды берели, кагылайын кыргыздар, кадырлуу достор. Ошондуктан эсепкердин "атасы" аталган атактуу Microsoft корпорациясынын кожойуну Билл Гейтс аксакалга "Кыргыз Көчү" тобунун атынан ачык кайрылуу катын жолдойлук деген чечим кабыл алууга туура келип отурат.
Улуу урматтуу Билл Гейтс мырза! Кыргызстан өзүнчө эл болуп, эгемендик алганына жана кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алып, өзүнчө тил болгонуна мына бүгүн 20 жылдан ашып калды, бирок сиздин Microsoft корпорациясы биздин кыргыз тилинин арибинде жайгашыбызды (keymap) алигүнчө толук кандуу пайдаланууга мүмкүндүк бербей, дагы деле биздин үч өзгөчө тамгабызды, "Ө", "Ң", "Ү" тамгаларын орустардын тергичине БАГЫНДЫРЫП, ошолордун тергичинен кошумча топчуларды басканда гана чыга тургандай кылып, тил "оккупациясына" тынымсыз мажбурлап келет! Бул жагдай кыргыз тилинин өнүгүүсүн, колдонулушун чектеп келүүдө. Биз ушуга нааразыбыз.
Билл мырза, Сизден көптөн-көп өтүнүп, суранаарыбыз, бизге, кыргыздарга эсепкерде кыргыз тилинин арибинде жайгашуу (keymap) эркиндигин бериңиз. Анткени, кыргыз арибин эсепкерде колдонуу - кыргыз тилинин илимдин-техниканын тилине айлануусун бекемдейт, калыптандырат. Эгерде, эсепкердик тил эркиндиги берилбесе, анда биздин тилибиздин өнүгүүсүнө зор тоскоолдуктар жаралып, бара-бара дилибизден ажыроо коркунучу туулууда. Ушундай азаптуу, кооптуу коркунучтан бизди сактап калышыңызга терең ишенебиз жана урматтайбыз!
Биринчиси, ушул кайрылуу катты колдоп, жактырган "Кыргыз Көчүнүн" жактоочулары, дегеле "Кыргыз" деп күйүп, сүйгөндөр жалаң "жакты" дегенди басып, жапа тырмак, жабыла колдоп берсеңер Жараткан андан аркысын, иштин илгерилешин, ийгилигин, жакшылыгын берээр деген үмүттөбүз. Ал үчүн ар бир добуштун мааниси аба менен суудай гана керек. Андыктан, "жакты" дегенди басуу - баарыбыздын жарандык милдетибиз деп ишенем.
Экинчиси, Кыргыз басылмаларына жана маалымат булактарына кайрылуу: Урматтуу Чолпон Орозобекова, "Де -факто" гезити, Тынчтык Алтымышев, "Алиби" гезити, ЕрнисБалбаков, "Фабула" гезити, Жылдыз Мусабекова, "Аят" гезити, Аскер Сакыбаева, "Жаңы Агым" гезити, Аслан Сартбаев, "Учур" гезити, Гүльзада Турдалиева, "Майдан kg" гезити, Венера Жуматаева, "Азаттык" үналгысы, Курманбек Мамбетов, "Обьектив" гезити, Марат Токоев, Кыргызстан Маданият борбору жана Алмаз Турдумаматов, 24 kg маалымат булактарынын башчылары, достор жана замандаштар! Сиздерден көптөн-көп суранаарыбыз жана өтүнүчүбүз, аталган кайрылуу катыбызды өз басылмаңарга басып, ачык жарыялап, жалпы коомчулукка шардана кылып берсеңер дейбиз. Бул мен үчүн, сен үчүн же ал үчүн эмес, бул жалпы Кыргыз үчүн, Кыргыздын тили, дили үчүн, анын кыялап, кырды ашып кетүүсү үчүн заңгыраган жол болуусуна өбөлгө түзөт деп ишенебиз. Азыр баарыбыз тең жардамга муктажбыз, аны бири бирибизден аябайлы, колдон келишинче колдоп, коргоп, алыбыздын жетишинче алга жыла берели дейбис! Акжол сага, КЫРГЫЗ ТИЛИМ!
"Фейсбук" сциалдык тармагындагы "КЫРГЫЗ КӨЧҮ" тобунун автору,
эркин журналист, публицист
Асыран АЙДАРАЛИЕВ.
Финляндия, Хельсинки шаары.





================================================================= ->