Чындык ачуу болот...
Мелис Турганбаев,
Ички иштер министринин орун басары:
"Депутаттар эс алууга чыкканда, коомчулукка сенсация жарата турган чоң иштин бети ачылат..."
- Мелис мырза, алгач Нариман Түлеевдин камалышы боюнча кеп кылсак. 7-апрель революциясынан кийин, Түлеевге козголгон ишти ИИМ карады эле, ал иш кандай себептер менен аягына чыкпай калган?
- Түлеевдин бизде, бир эмес, үч-төрт иши бар болчу. Темир жолду башкарып тургандагы мыйзам бузуулары, андан кийин мэр болуп турганда: Түштүк магистраль жолун салуу боюнча, Ала-Тоо аянтына курган фонтан жана Манас эпосундагы каармандардын эстелиги ж.б. иштери. Биз Түлеевди камай турган болсок, 2010-жылы Москвадан келгенден кийин эле, ушул иштери менен камап салмакпыз. Эми бүгүн Жогорку Кеңештин трибунасынан чыгып алып: "Мени кууратты, мен байкушмун. Мага УКМК, ИИМ күн көрсөтпөй калды, бул бийликтин жүзү курусун"- деп уялбай сүйлөп жатат. Ойлоп көргүлөчү, ал кандайча байкуш болуп калат? Жогорку Кеңештин депутаты, кол тийбестиги да бар. Каалаганын кылып, каалаганын сүйлөп жүрөт. Эки жылдан бери ага эч ким тийишкен жок. 7-апрелден кийин аны ИИМге, тактап айтканда, менин кабинетиме бир гана жолу алып келишти. Жарым сааттай, олтуруп, кайра кетти. Чынын айтканда, Убактылуу Өкмөт Түлеевге боору ооруп, аяп койду окшойт.
- Бекназаров алып кеткен дегендей айттыңыз эле...
- Туура, ошондо Бекназаров келген. Бирок Бекназаров деле Түлеевди бошонуп кетишине каршы болчу, тескерисинче камаганга кызыкдар эле. Бардык ишти Башпрокуратурага алып кеткен. Андан кийин биз кийлигишкен жокпуз. Анан мага өзүнөн-өзү асылып, ар кандай сөздөрдү айтып жиберди. Бирок кайра дароо кечирим сурады. Айтор, Түлеев тууралуу айтсак, сөз көп. Мисалы, 2005-жылы март окуясындагы ак кепкачандарга байланыштуу кылмыш иши бар эле. Аны Максимдер кийлигишип жатып, басып коюшкан. Ал кезде Түлеев темир жолду башкарып турган, анын ак кепкачандарга да конкреттүү түрдө тиешеси бар. Ак кепкачандарды вагондорго жаткызып, жашыргандыгы тууралуу да далилдер бар. Эгерде мен Түлеевди олтургузгум келсе, мынчалык ызы-чуу кылбайт болчумун. Баарын дыкаат иликтеп туруп, кылгандарын мойнуна коюп, олтургузуп коймокмун.
- Бакиевдер куугунтуктаганда Түлеевдин сизге колдоо көрсөткөнү тууралуу айтып берсеңиз?
- Ал учурда, Түлеевге бир-эки жолу барганым чын. Бирок ал колдоо көрсөтө алган жок. Мен ага: "Курманбек Бакиевге ата-баладай жакын жүрөсүң го, айтып, мага каршы куугунтукту токтоттуруп койбойсуңбу"- десем, кетенчиктеп: "Менин колумдан келбейт. Андан көрө, мага көп жакындабай алыстап жүр. Келсең да, жашыруун келип кет"- деп айткан. Эми ошолордун баарын унутуп, бүгүн: " бул бийликтин жүзү курусун"- деп айтып жатат. Мен баса белгилеп айтып коёюн. Канчаларды өлтүрүп, бизнестерди тартып алып, куугунтуктап, үй-бүлөлүк бийлик орнотуп, мамлекетти сазга матырган, ошол эски бийликтин жүзү курусун! Ошолордун бети жок. Азыркы бийлик, кимге жамандык кылып жатат? Баары каалаганын кылып жатат. Мурдатан калыптанып калган тескери көрүнүштөгү иштер, акырындап өз калыбына келе баштады. Сөз эркиндиги толугу менен орноду. Ким эмнени айткысы келсе, эч тоскоолдуксуз айтып жатат. Айтор, мурунку менен азыркынын айырмасы асман менен жердей.
- 2008 -жылы Түлеевдин айдоочусуна кол салуу окуясын коомчулук жакшы биле бербейт экен. Ал окуя кандайча болду эле?
- Түлеевдин айдоочусуна эмес, инисинин айдоочусуна кол салышкан болчу. Эми аны кол салуу деп деле айтууга болбойт. Ошондо Түлеев мага телефон чалып, жардам кылып коюшумду суранган. Мен дароо кыйын оперлерге тапшырма берип, окуяны тез эле ачканбыз. Ал айдоочу сууда сүзүү менен машыгып жүргөн, орус бала экен. Уруш "машинеңди туура эмес, коюп койдуң" - деген майда-барат сөздөрдөн башталган. Тиги балдар, ал айдоочунун артынан аңдып жүрүп, токтогон жеринен сабап туруп, машинесин таштап, БЧКга ыргытып жиберишкен. Ал айдоочу сууда кыйын сүзгөндүгүнөн улам, аман калган. Аны сабаган балдар Жаныштын жан жөкөрлөрү экенин аныктап бергенбиз.
- Түлеевге төшүн тоскон депутаттар боюнча эмне айта аласыз?
- Мага депутаттардын баары бирдей. Эч кимисин бөлүп карабайм. Депутаттардын арасында жакын кишилер бар, байкелер, карындаштар бар. Бир дагы депутатка катуу сүйлөп, таарынтайын деген оюм жок. Эгерде туура эмес кылсам, кечирим сурамакмын. Мен эл-жерди сыйлаган, урмат-сыйды билген генералмын. Мен Наримандын өзүнүн сөзүнө жараша жооп узаттым. Наримандын өзүн кармаган учурда тартып алган тасмасы адистик тасма эмес экени көрүнүп эле турат. Кыскасы, Наримандын камалышы мыйзам чегинде болду. Баш прокурор Аида Салянова да, УКМКнын жетекчиси Шамил Атаханов далилге таянуу менен, жакшы сүйлөштү. Мындай окуяларда депутаттардын бири-бирин колдоп чыкканын түшүнсө болот. Кесиптеш болгондон кийин, бири-бирине болгон колдоону көрсөтүп жатышат. Андан тышкары, бул боюнча комиссия да түзүлдү. Алар да өз бүтүмүн айтышсын.
- Түлеев өз айылынан баштап, Нарында жашаган элди өзүнө колдоо көрсөтүү үчүн алып чыгып жатат. Элге акча таратылууда деп айтылууда. Бул боюнча силерде кандай маалыматтар бар? Митингге чыккан эл мыйзам бузууга барса, кандай чара көрөсүздөр?
- Мен Нарындын элин-жерин абдан сыйлайм. Мен өзүм нарындыкмын, ал жакта туулуп-өскөм. Нарында Наримандын кадыр-баркы кандай экенин деле жакшы билбейт экенмин. Балким айрым көйгөйлүү маселелер боюнча жардам көрсөткөн чыгар. Кантсе да, акчасы көп эмеспи. Элге акча таратылып жатат деген суроо боюнча айтсак, бизде азырынча андай маалыматтар жок. Мыйзам бузулса деп жатасыңар. Мыйзам бузулбайт. Нарындын эли тынч болот, андайга барбайт. Ал жерде түшүнбөгөндөр "Турганбаев камады" -деп да айтып жатышыптыр, дагы айтып коёюн Түлеевди мен камаган жокмун. Анын иштери бизде эмес болчу. Нариман үчүн чыгып жаткандардын арасында түшүнүп-түшүнбөй жүргөндөр да бар. Айылда жашаган карапайым эл, Түлеевдин таза, же таза эместигин кайдан билсин? Муну аныктай турган орган сот деген бар. Жыйынтыгы чыксын, көрө жатарбыз.
- Адатта бизде , кайсы бир чиновникке байланыштуу чуулгандуу иштер башталганда, алар күч тармактарынын жетекчилерине, жогорку жакка "кыргызча сүйлөшүүгө" барышчу эле. Сиздерге да "Ата-Журттун" ана башчылары баштаган депутаттар "сүйлөшүүгө" келсе керек...
- Коррупцияга каршы күрөштөн жакшы жыйынтык чыгаргыбыз келсе, анда биз андай сүйлөшүүгө барбашыбыз керек. Баарын мыйзам чегинде чечишибиз зарыл. Мен айтканымды аткарган адаммын. Өмүр бою мамлекетибиздин өнүгүүсүн тилеп, коомдогу терс көрүнүштөрдү жоюп, тартипти камсыздап келаткан укук коргоочу катары, мен андай адамдын кадыр-баркына доо кетире турган сүйлөшүүлөргө барбайм. Өнүккөн мамлекеттер коррупцияны кандай жеңишкен? Аларда "аке, жаке" деген кыргызчылык жок болгон. Мыйзамга баш ийишкен. Коррупцияны жеңсе болот, керек болсо түп тамырынан бери кыркса болот. Андай деңгээлге жетиш үчүн биз мыйзамды сыйлашыбыз керек, саясатка айландырбашыбыз керек.
- Түлеев аз болгондо качып кетмек экен деген сөздөр айтылды. Бул сөздөр канчалык деңгээлде чындык деп эсептейсиз?
- Биз ишти иликтебегенден кийин, анын качып кетери, же качпасы тууралуу билбейт экенмин. Бирок күнөөсү далилденип, жазага тартылары бышып тургандан кийин, ар бир эле адамдын качып кетүү оюнда болсо керек. Камала электи кой, камакта жаткан Акмат Бакиев деле каратып туруп качып кетпедиби. Акчасы бар, чек арабыз анча бек эмес, акча берсе эле чыгып кетет да.
- Акмат Бакиев демекчи, аны издөө иштери кандай болууда?
- Колдон келишинче издеп жатышат. Бар аракетибизди көрүп жатабыз. Бирок ал бүгүнкү күндө агасы Курманбек Бакиевдин жанында Белоруссияда, туугандары менен жылуу - жумшак олтуруп, чай ичишип жүргөндүгү тууралуу маалыматтар бар.
- Элде "эмки кезек кимде" деген мыйзамдуу суроо туулду? Бизде арты таза эмес, коррупцияга малынган "атактуу" чиновниктер толтура эмеспи. Аларды кармоо, камоо иштери качан башталат?
- Бизде андай чиновниктер тууралуу абдан көп иштер бар. Баары акырындап ачыкка чыгат. Чынын айтканда, бүгүн мамлекетибизди коррупциядан тазалайбыз десек, бири-бирибизди колдоп, ууруларды колго чаап, жоопко тартышыбыз керек. Түлеев жөн жерден камалган жок. Аны жөн эле камап койгондой, УКМК же ИИМдин башы экөө эмес. Биз да кылып жаткан ишибизге жооп беребиз да. Кээ бир карапайым эл түшүнбөй жатат. Бул жерде эч кандай куугунтук жок. Биз коррупция менен күрөшөбүз десек, коррупцияга каршы жүрүп жаткан ишти саясатка айландырбашыбыз керек. Минтип ар бир коррупционерге кол топтоп, акча чачып, коргоп олтурушса, кандай жыйынтыкка жетишебиз? Акыры мыйзам деген иштеш керек да. Менде бир гана түшүнүк бар. "Ууру сөзсүз түрдө түрмөдө олтуруш керек!" Бүттү! Мен бул сөздү ар дайым айтып келем. 10 миң сом, 20 миң сом пара алгандар кармалса, "чабактар кармалып жатат" деп дароо сындап чыгышат. Анан мындай "киттери" кармалса, саясатташтырып, анын саясий ишмердүүлүгүнө байланыштырып жиберишет. Мен кээде олтуруп, таң калам. Кандай кылыш керек? Уурдаган кишиге саясат дагы, башка дагы болбош керек. Уурдадыбы мыйзам алдында жооп берсин. Азыр Түлеев боюнча болгону тергөө иши жүрүп жатат да, тергөө бүткөндөн кийин калганын сот чечет. Ошондо билинет, кандай жаза алат.
Жакында коомчулукта сенсация жарата турган бир ишти ачабыз. Бул ишке байланышы бар эки адамды Россиядан кармап келдик. Балдардын көбү мына ушул иш менен иштеп жатат. Балким 10-15 күндө ачыкка чыгып калар. Ал иш да депутаттарга барып такалат. Эртең уят болуп калбаш үчүн, бүт далилдерди топтоп жатабыз. Айтор депутаттар эс алууга чыкканда, бир дүрбөлөңгө түшүшөт го. Ошондо чоң сенсация болот го.
- Ал сенсация жарата турган иш боюнча азыр ачык айта аласызбы?
- Азыр эрте, иликтөө иштери жүрүп жатат. Бирок ал ишти да бербей, ар кандай тоскоолдук жаратышы мүмкүн.
- Силер чуулгандуу ишти ача баштаганда эле, андай иштерди Баш прокуратура алып койчу эле го?
- Бул жолу өзүбүз аягына чыгарып, өзүбүз бүтүрөбүз деген ишеничтемин. Орустар: "Война план покажет" дегендей, калганын убакыт көрсөтөт.
- Ташиевдин ӨКМди жетектеп турганда коррупциялык иштерге жол бергендиги боюнча кылмыш иши козголду эле? Ал иш силердеби?
- Ташиевдин иши бизде эмес. Кайсы структура карап жатканын билбейт экенмин.
- Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Алибаев да Түлеев камалган учурда Баш прокуратурага 5 саат сурак берип чыкты. Муну кандай түшүнсөк болот. Көпчүлүккө түшүнүксүз болуп калды?
- Алибаевдин Түлеевге эч кандай тиешеси жок. Ал жалпы эле кылмыш иштери боюнча сурак берип чыкты. Аны эч ким камаган жок. Бул адаттагы эле көрүнүш. Алибаевди эле эмес, баарыбызды эле күбө катары чакырып жатат.
- Бакиевдин жакындарынын бири Пайзула Рахмановдун кармалганы тууралуу маалымат бере кетсеңиз?
- Рахмановду жакында эле Курдайдан кармадык. Ошол жакта жашынып жүрүптүр. Ал 2010-жылы качып кеткенде, аны издөө иши бизге берилген. Ага козголгон кылмыш ишин болсо, мурдагы Каржы полициясы тергеп жаткан. Ага "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды" деген берене боюнча кылмыш иши козголгон болчу. Ал мамлекетти материалдык резерв фондун жетектеп турганда, бир топ акчаны кымырып койгон.
- Соттор тууралуу маалымат бере кетсеңиз. Азыр Сотторду тандоо кеңеши сынак жарыя кылды. Буга байланыштуу арты таза эмес соттор ар кайсы жакка (артын тазалоо үчүн) кайрылып жатышат деген кептер айтылууда. ИИМге да кайрылып жатса керек...
- Бул боюнча маалыматтар толтура. Биз 17 соттун мыйзамсыз ишин Жогорку Кеңештин Сот, укук боюнча комитетинин төрагасы Т. Тумановго бергенбиз. Мен айтып жаткан 17 соттун ичинде көз көрүнө пара менен кармалгандар бар. Алардын бирин мисал катары айтсам. Жакында эле биз Тажикстан аркылуу кармап келген Досонов, каймана аты "Дженго " деп коюшат. Байбосунов деген Кара-Суунун соту ошону 40 кг. наркотикалык заты менен кармалганына карабай каратып туруп актап койгон. Бул боюнча Жогорку соттун, Тумановдун катышуусу менен талкууга алынып, анын иши кайра сотко тапшырылды. "Дженго" өзү Көлбаевдердин тобунда жүргөн, буга чейин 3 ирет соттолгон. Эки жолу оор кылмыштар менен соттолгон. Ал түштүктө титиретип, өзүнчө эле "смотрящий" болуп жүргөн.
- Таластык "смотрящий" Кыргызбай Култаев да сот акелер актаганга аракет кылып жатышты эле го?
- Бул боюнча көп айтылып, көп жазылды. Ошентип Кыргызбайдын маселеси талкуу жаратып жиберди. Ошондон кийин аны актап чыгаруу иши солгундап, тынчып калды. Ага да 231 - беренени (оор берене) койбой, кыскартып жатышпайбы. Соттордун ишмердүүлүгү боюнча дагы иштерди топтоп жатабыз, дагы беребиз.
- Кумтөр маселеси боюнча эмне айта аласыз? Күнөөлүлөр, мыйзам бузуулар боюнча силерде иш барбы?
- Кумтөр боюнча бизде бир да иш жок.
- Бул боюнча силерге тапшырма берилсе, ишти аягына чыгарууга даярсыздарбы?
- Тиешелүү органдар, бул маселени мурдатан эле иликтеп, иштеп келатышат. Ошолор аягына чыгарат деген ишеничтемин. Бизде ансыз да иш көп. Ачылбай жаткан, ачылып бүтпөй жаткан иштер арбын. Ал иштер бир топ убакытты талап кылат экен. Мисалы, Садыркуловдун иши дагы эле аягына чыга элек. Бул иш дагы убакытты талап кылып турат десек болот.
- Аягына чыгарганга эмне тоскоолдук кылып жатат?
- Бир нерсе тоскоолдук кылып жатат деп так кесе айта албайм. Сот иши шар кетиш үчүн дагы далилдер керек. Биз далилдерди топтоп жатабыз. Бул иш бери болгондо жылдын аягына чейин уланат.
- Мелис байке, акыркы суроо болсун. Түлеев боюнча башталган бул иш аягына чыгат деп ойлойсузбу? Же орто жолдон баягы эле "сасык саясат" ойноп кетеби?
- Эмне үчүн аягына чыкпашы керек. Андай көрүнүш эски бийликтин учурунда болгондур. Азыр бир да саясатчыга, бир да карапайым адамга коркутуп- үркүтүү деген жок. Нариманды коркутуп - үркүттү деп ким айта алат, эч ким айта албайт. Далилдер турат. Эмне кылганын өзү жакшы билет. Кудай буйруса, бул иш аягына чыгат. Бүгүнкү күндө президентибиз баш болуп, Өкмөт башчы, күч структуралар биригип коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп жаткандан кийин, бул иш сөзсүз аягына чыгышы керек. Эртеңки күнү элдин алдында жооп беришибиз керек да. Аягына чыгарбай орто жолго таштап койсок, эмне деген жоопту айтабыз?
Маектешкен Айбек Шамшыкеев