Учур маек...
Чыныбай Турсунбеков, КСДП фракциясынын лидери:
"Парламентте өкмөткө болгон ишеним төмөн"
- Чыныбай мырза, учурда башкаруу коалициясына кирген "Ата Мекен" фракциясы тарабынан өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча демилге көтөрүлүп, кол топтоо жүрүп жатат. Эмнеден улам, бул маселе көтөрүлүп жатат?..
- Мунун бир канча себеби бар. Маселен, быйылкы жылдагы экономикалык көрсөткүчтөрдүн бир кыйла төмөн түшүп кетиши, коррупцияга каршы күрөшү жаатындагы алсыздыгы, аракетсиздиги негизи болуп жатат. Ачык айтканда бүгүнкү күндө бир топ депутаттар, өкмөттүн аткарып жаткан ишине ичтери чыкпай жатат.
Буга чейин өкмөттү отставкага кетирүү талабын оппозициялык "Ата-Журт" фракциясы көтөрүп келген. Бирок алардын талабы кызыктай болгон. Бүгүнкү күндө "Ата Мекен" фракциясы өкмөттүн жарым жылдык аткарган иштерин анализдеп көрүп, анан демилге көтөрүп жатышат. Эми бул маселе биротоло чечилип калды дегенге жатпайт. Баары коалициялык башкарууга кирген депутаттардын чечимине көз каранды. Учурда өкмөт парламентке келип, "бул иштерди аткардык, мына буларды аткарганы жатабыз деп убадасын берип" оң жолго түшүү багытын көрсөтсө деп күтүп жаткан депутаттар бар. Ал эми негизинен парламентте өкмөткө болгон ишеним төмөн.
- КСДП фракциясы кандай көз карашты карманып жатат?
- Биз бүгүнкү күндө кеңешмелерди өткөрүп жатабыз. Биздин фракциянын ичинде дагы кол топтогондорду колдойбуз дегендер бар. Бирок фракциянын чечими бир болот.
- Өкмөт отставкага кетсе, өкмөт башчыны шайлоо боюнча саясий оюндар жүрүп, экономика таптакыр каралбай калып, ошондо накта кыйынчылык болбойбу?
- Эми өкмөттүн маселесин жалпы жыйынга алып чыгыш үчүн кырктан кем эмес депутаттын колу керек. Отставкага кетирүү үчүн 61 депутаттын добушу талап кылынат. Эгер тиешелүү кол топтолуп, маселе пленардык жыйында каралса, баары депутаттардын эркине жараша чечилет. Кокус, маселе депутаттар каникулга кеткенче чындап күн тартибине кирип калса, баары мыйзам алкагында тез болуш керек. Себеби, жайкы туристтик мезгил учурунда саясий оюндарды жүргүзүп, өлкөгө келип жактан туристтерди, инвесторлорду чочутуп албашыбыз абзел.
- Өкмөттү кетирүү демилгесин жеке өзүңүз колдойсузбу?
- Эми азыркы иштеп жаткан коалицияны түзүүдө менин дагы тиешем болгон. Андыктан бул өкмөттүн жакшы иштеп, үзүрлүү жыйынтык көрсөтүшүнө кызыкдар элем. Тилекке каршы, азыркы кырдаал үмүтүбүздү актабоочудай болуп турат. Ошентсе да, күзгө чейин иштеп калса, абалды оңдоп кетишээр деген да үмүт бар. Күзгө чейин иштөөгө өкмөттүн мүмкүнчүлүктөрү да бар... Ал эми чечим фракциянын чечимине көз каранды...
- Кумтөр маселеси, өкмөттү отставкага кетирүү менен, же парламенттин тарашы менен аяктайт деген пикирлер айтылып жатат. Өкмөттү кетирүү маселесинин Кумтөр маселесине тиешеси жокпу?
- Жок, бул жагдайда биз өкмөт менен биргелешип мамлекеттик комиссия түзүп иш алып баралы деп жатабыз. Анткени жоопкерчиликти коалициялык башкарууга кирген фракциялар, өкмөт тартат. Оппозиция тартпайт...
- Кесиптешиңиз Нариман Түлеев камалышы боюнча кандай көз караштасыз?
- Ырас Башкы прокуратура менен УКМК камоо чечимине келгенден кийин, алардын колунда кандайдыр бир далилдүү документтери болсо керек. Андан башкача болушу мүмкүн эмес. Анткени бүгүнкү кырдаал, бүгүнкү бийлик саясий буйрутма менен иштебейт. Биз Акаев менен Бакиевдин заманынан бери келе жаткан коррупциялык иштерге балта чаппасак, коом таптакыр бузулуп бүтөт. Мамлекетибиз дагы экономикалык жактан эч качан алдыга жылбайт. Биз мыйзамды сыйлап, ушул нерселерди түшүнүшүбүз зарыл.
- Башкы прокуратурага парламентте кысым көрсөтүлгөндө, сиз "Жогорку Кеңеште коррупция менен бандитчилик бар" дедиңиз. Ушул жагдайга токтолуп кетсеңиз?
- Бул сөз айрым депутаттардын өздөрүн алып жүрүшүнөн улам айтылган. Биз депутаттар дагы өзүбүз чыгарган мыйзамды сыйлашыбыз зарыл. Эгер тергөө органдары тарабынан кайсы бир депутатка тигил же бул маселе боюнча суроолору бар болсо, жооп берүүгө тийишпиз. Тилекке каршы, маселени күч менен чечип көнүп калаган психологиянын саркындылары бүгүнкү күндө да тийип жатат. Өзгөчө аял кишиге эркектердин өкүм-зордук көрсөтүшү туура эмес. Бул кыргыздын салтында да жок. Эзелтеден элибиз аял затын сыйлап, аяр мамиле жасаган. Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары ошол чектен чыгып кетүүдө.
Маектешкен Алмаз ТЕМИРБЕК уулу





Саякатчы-саясатчылар, карайлаган казына
Саякаттаганды жакшы көргөн кыргыз саясатчылары мамлекеттик маанилүү иштерди бүтүрөбүз деген шылтоо менен элдин акчасын эсепсиз чачканды адатка айлантышты. Мурдагы жылы Келдибеков төрагалыктан учар алдында Малайзия, Индонезияга "саякаттап", он миллиондой акчанын башын жутканы эсибизде. Азыркы башбакан Бабанов дагы андан кем калбай, жоон топ жан-жөкөрлөрүн ээрчитип, бир тыйын пайдасы жок иш-сапарына миллиондон ашык сомду коротту.

Өмүрбек Бабановдун Сеул жана Ашхабад шаарларына болгон иш-сапарындагы делегация курамы:

Бабанов Өмүрбек - премьер-министр
Руслан Казакбаев - ТИМ министри
Төрөбай Зулпукаров - ЖК төрагасынын орун басары
Канат Исаев - ЖК депутаты
Ширин Айтматова - ЖК депутаты
Замир Бекбоев - ЖК депутаты
Жыргалбек Саматов - ЖК депутаты
Темир Сариев - Экономика жана антимонополдук саясат министри
Аскарбек Шадиев - Энергетика министри
Аскарбек Жаныбеков - Айыл-чарба министри
Дүйшөн Чотонов - Крнын Корея Республикасындагы элчиси
Руслан Кайназаров - КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары
Данияр Сыдыков - КР Өкмөтүнүн аппарат тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы
Койсун Курманалиева - Талас облусунун губернатору
Коштоочулар:
Мирлан Жунушов - КР премьер-министринин жардамчысы
Султан Каназаров - КР Өкмөтүнүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы
Марлен Маматалиев - КР Өкмөтүнүн аппарат кызматкери
Осмонбек Артыкбаев - КР Өкмөтүнүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору
Нурлан Насирдинов - КРнын Президентинин иш башкармалыгынын башчысынын орун басары.
Даир Токобаев - КРнын Улуттук стратегиялык изилдөө институтунун директору
Рима Аппасова - КРнын Соода - өндүрүш палатасынын вице-президенти
Ринат Сыдыгалиев - КРнын Өкмөтүнүн аппарат кызматкери
Улан Уезбаев - КРнын Өкмөтүнүн аппарат кызматкери
Мирлан Макушев - КРнын премьер-министринин протоколунун эксперти
Мелисбек Эржигитов - маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти
Талант Султанов - ТИМ кызматкери
Динара Аскарова - ТИМ кызматкери
Бакыт Ибраимов - КРнын Президентинин иш башкармалыгынын кызматкери.
Бизнес-делегация:
Данияр Байысбеков - "Ореми" ААК башкаруучулар кеңешинин төрагасы
Санжар Карыбаев - "Ламинат сервис" ААКнун менеджери
Упагүл Кадырова - "ТОО Чолпонбек" ААКнун менеджери
Жанарбек Конушбаев - "Электрокомплекс" ЖЧКсынын директору
Александр Хегай - "Хо жана Корпорэйшн" юридикалык корпорациясынын башчысы
Келдибек Туманов - "Келечек" фирмасынын башчысы
Бакытбек Айдаров - "Азат" АКнун негиздөөчүсү
Бакытбек Молдоташев - "Простайл" ЖЧКсынын башчысы
Сабина Соколова - "One Move" ЖЧКсынын башчысы
Гүлмира Акматова - жеке ишкер
Талантбек Ташиев - "Aman World Market" ЖЧКсынын башчысы
Азиз Аскаров - "Aman World Market" ЖЧКсынын башчысы
Син Говард - "Агро-өнөр-жай ЭКО комплекс" ЖЧКсынын президенти
Канг Сен Чёль - DEM Holding президенти
Ким Джен И - DEM Holding негиздөөчүсү
Климент Тё - DEM Holding негиздөөчүсү
Дмитрий Хам - "Агровита" ЖЧКсынын башчысы
Руслан Муратов - "Нарынспецгидроэнергомонтаж" ААКнун генералдык директору
Геннадий Поляников - "Нарынспецгидроэнергомонтаж" ААКнун генералдык директорунун кеңешчиси
Талантбек Джумалиев - "ТОО-Чолпонбек" ЖЧКсынын директору
Минара Шерикулова - Корей маданий - билим берүү борборунун директору.

Тизмедеги "ашка жүк, башка жүк", пайда-батасы жок адамдар казына акчасын каңтаргандан башка Кореяга барып, эмне иш бүтүрүп келди экен? Былтыр Келдибековдун ооматы кетип, "оңкосунан" кетээрде да дал ушул Бабановчосунан элдин акчасын байма-бай чача баштаган. Азыркы башбакандын да кызматтан ыргыр күнү жакындап калган окшойт.
Айтмакчы, Бабановдун Түштүк Кореяга болгон сапары 3 күнгө пландалган, бирок уюштуруу иштери анча болбой калып, бир күндө эле артка кайтышкан экен. Ошол кезде атамекенчилердин "атасы" Текебаев Сеулда дарыланып жаткан. Бабанов үчүн башын оорутпаган атамекенчи элчи Дүйшөн Чотонов бүт көңүл дитин партия лидерине арнап койгон экен. Элчини этибар албаганына жини кашайып, бир эсе ичи күйгөн башбакан Чотонов менен катуу сөгүшүп, кызматтан алып ыргытам деп сөз берген экен. Маанайы чөккөн Бабанов кыялын көрсөтүп, 3 күндүк иш-сапарды бир күндө эле жыйыштырып, далай иштер чийки бойдон калыптыр.
Тиленбек АЗЫК