Токон Эшпаев:
"Рыспай Абдыкадыров мени кийими жок сүрөткө тартып алып "шантаж" кылган"
"Акманым", "Керме-Тоонун кыздары", "Жаштык" өңдүү ырлары менен таанымал, таланттуу ырчы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Токон Эшпаев 1950-жылы Кара-Суу районунун Керме-Тоо айылында туулган. Ал Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыка факультетин бүтүрүп, облустук маданият үйүн, 1987-1992-жылдары Ош облустук филармониясын жетектеген. 1968-жылдан бери обон жаратып келет. Атактуу "Ай эжекемдин" автору менен маек.

- Чыгармачылык шыгыңыз алгач качан ойгонгон?
- 9-класста окуп жүргөн кезимде, 1966-жылы музыкалык ийримге катышып, жаз айларында концерт коюп жүрдүк. Ошол жылдары өздүк-көркөм чыгармачылык боюнча район, облустук кароо-сынакта А.Атабаевдин "Тоолор" деген ырын ырдап, Фрунзе шаарында өтүүчү республикалык кароо-сынакка жолдомо алдым. Бирок ал мезгилде мектеп балдарын кароо-сынакка катыштырчу эмес. Ал эмес мен бир да музыкалык аспапта ойной алчу эмесмин. Атам-апамдын жалгыз уулу болгондуктан алар мени кабатыр болуп, Фрунзеде өтүүчү сынакка жөнөтпөй коюшат. Ошентип барбай калгам. Ата-энемдин азан чакырып койгон аты боюнча Токтомаматмын. А мен элге Токон атыгып таанылдым.
- Ата-энеңиз жалгыз бала деп борборго жибербесе, анан кайсы окуу жайда окуп, таланттуу, белгилүү ырчыга айландыңыз?
- 1967-жылы 10-классты артыкчылык менен бүтүрдүм. Алгач ОШГИнин физика-математика факультетине документтеримди тапшырдым. Документтеримди тапшырып коюп, музыка факультетине тапшырган абитуриенттер менен достошууга да үлгүрдүм. Окуу жайга өтүү үчүн сынак берүүгө 1 күн калганда ата-энеме айтпастан документти алып, музфактын маданий-агартуу бөлүмүнө тапшырып салдым. Ата-энемден мунумду жашырып да жүрдүм.
Бирок сынакты жакшы тапшырганым менен окууга кабыл алышкан жок. Студент болуу үчүн кандидат катары кабыл алынган абитуриенттердин катарына фамилиям кирбей калган. Анткени ошол мезгилде окуу жайга кабыл алууда, чабандардын алыстан келген балдарына, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына артыкчылык берилчү. Мындан сырткары, көбүнчө Кыргызстандын алыскы аймактарынан, Тажикстан, Өзбекстандан келген абитуриенттер окууга кабыл алыныптыр.
Окууга өтпөй калганыма аябай ызаландым. Анан ойлонуп туруп, үй-бүлөлүк абалымды, ата-энем кары экендигин, музыка дүйнөсүн сүйөрүмдү айтып, ректордун атына арыз жаздым.
Арызымды алып, окуу жайга келсем, менден сынак алган агайлардын бири мени таанып, "Сиз" деп кайрылып, эмнеге келгенимди сурады. Ошондо өмүрүмдө мени биринчи жолу "Сиз" деген сөздү угуп, башкача абалда калгам. Ал агай мага "1-сентябрда сабакка келе бериңиз, мен сизди сынак учурунда угуп баа бергем" - деп кайра жөнөттү. 1-сентябрда окууга өткөн абитуриенттер менен кошо сабакка кирип отуруп калдым.
Бир кезде куратор аудиторияга кирип, фамилияларды, студенттикке кандидаттардын аты-жөнүн окуй баштады. Фамилиям чыкпады. Айтсам, окутуучу "сен башка группада болуп жүрбө?" - деди. Мени бир агай "күзүндө кел" деп кайта жибергенин айтсам, окутуучу ачууланып, "бул жер жогорку окуу жайы, мектеп эмес, үйүңө бара бер" - деп койду. Ошентип абитуриенттерге күлкү болуп, аудиториядан чыгып кеттим.
Эмне кыларымды билбей шагым сынып, коридордо баратсам, "күзүндө кел" деген агай алдыман чыгып калбаспы. Ага аудиториядан күлкү болуп чыкканымды айттым. Ал мага өзүн тааныштырып, "Атым - Жукен Иманкулов, искусство таануу илиминин кандидатымын, мени айтты деп сабакка кайра кирип окуй бериңиз" - деп басып кетти.
Кайра күлкү болорумду сезип, аудиториянын эшигин акыры-ын ачсам, студенттер "келесоо дагы келди" дегенсип күлүп калышты. Окутуучуга Жукен Иманкуловдун айтканын айтсам, ал макул дегенсип, отургузуп койду. Ошентип студент болуу бактысы буюруп, окуп калдым.
- Алгач кайсы обонду канчанчы жылы чыгардыңыз?
- 1-курсту аяктап жатканда акын Асан Өмүрзаковдун "Өзүмдү сага арнадым" аттуу ырын жактырып, алгачкы обонумду жараттым. Ошону менен катарлаш эле акын Төлөгөн Шамшиевдин "Пахтачы кыз Акбермет", Түмөнбай Байзаковдун "Каалайм өмүр көктөмүн", "Кызыл желек", "Кел, Жаңы жыл!" аттуу ырларына обон жазып, чыгармачылык жолум ушул обондор аркылуу башталды десем болот.
- Учурда обон жазып жатасызбы, чыгармачылык эргүүңүз сууй элекпи?
- Азыр деле чыгармачылыкты токтотпой обон жазып келатам. Соңку жолу Эрнис Турсуновдун "Күткүн бийкеч" деген ырына обон жаздым. Мындан мурда акын Мадина Тураеванын "Жалгансыңбы махабат" деген ырына обон жазгам. Бул ырларды өзүм аткарып жүрөм. Чыгармачылыгым мурункуга караганда жайланды десем болот. Жаш кезде ысык-суукка карабай, тикенекти деле тебелеп, кете бересиң. Азыр жашка жараша, жагдайга жараша иш кылып калган чагым. Чыгармачылыкта да жайлануу бар, мурунку жаш кездегидей эмес.
- Илхам сизге кайсы учурда келет?
- Илхам бардык учурда эле келет. Аны келтирүүгө бир нерсе себепкер болот. Анан түрдүү обондор жаралат.
- Обон жаратып, чыгармачылык менен алпурушуп келатканыңызга канча жыл болду?
- 40 жыл.
- Сиздин ырларыңызды башка ырчылар ырдап чыгуусуна каршы эмессизби?
- Жок. Жаш ырчы Иса Өмүркуловдун апасы чалып, "Ай, ай эжеке" аттуу ырымды ырдап чыгууга уруксат сураганда, "макул " дедим. Учурда бул ырды Иса аткарып жүрөт.
- Мындан 20-30 жыл мурда чыгармачылык ооматыңыз келип турган учурлардан баяндап берсеңиз?
- 80-жылдары бир катар чет өлкөлөрдө: Кытай, Польша, ГДР, ГФР, Швеция, Ирак, Россия, Өзбекстанда ар түрдүү фестивалдарга, Кыргызстандагы ырчылардан биринчилерден болуп Португалияда өткөн фестивалга катышкам. Мен жашаган Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү Керме-Тоо айылынын жолдору асфальтталбаган, чаң жолдор эле. Анан Ошко ар кайсы жактан, ар кандай делегаттар келип калган учурда мени ырдатуу үчүн чоңдор айдоочусун жиберип алып кетишчү, анан кайра жеткирчү. Жолубуздун начар экенин көрүп, ошентип мен туулуп өскөн Керме-Тоо айылынын жолдорун ыраматылык Султан Ибраимов Кыргызстан Коммунисттер партиясынын Ош областтык комитетинин 1-секретары асфальттап берген. Айылымдын жолунун асфальтталышына менин ырчылыгым себепкер болгон.
- Сиздин муундагы ырчы, обончу, эл шайырларынын жоруктарынан айта кетсеңиз, кимдин кандай кызыктуу жоруктары бар эле?
- 1986-жылы эл аралап концерт коюп Чаткалга барып калдык. 21-июль туулган күнүм арак-шарапсыз өттү. Ыраматылык Рыспай Абдыкадыров балык уулаганга аябай кызыгат эле. Ал Чаткал дарыясында баалык уулап аткан. Мен сууга түштүм. Суудан чыгып ич кийимдеримди сыгып жатсам, атымды айтып кыйкырып калды. Карай калсам, мени фотоаппарат менен сүрөткө тартып калды. А мен үстүмдө кийимим жок, ич кийимимди колго кармап тургам. А мен фотоаппараттын плёнкасы жок экендигине ишенип, күлүп эле койдум. Бир нече күндөн кийин жумушка келдик. Ал мага "акча берчи" деп калды. Аны тартипке чакырып, ичкенин токтотоюн деп, "акчам жок" десем, "анда ошол жогуңду берчи", - деп күлүп, "анда сүрөтүңдү шаарга илем" деди. Карасам, анын колундагы сүрөттө мен жылаңач, ич кийимди колума кармап турам. Сүрөттү колунан алып тытып салдым. "Сүрөттү тытканың менен плёнка бар" деди. Айлам куруп, аны тартипке чакыра албай, башын жазуу үчүн акча бергем.
- Сиздердин убакта таланттар эл аралап, концерт берип, элдин кайнаган турмушуна камыр-жумур аралашып кеткен эле. Азыркы ырчылар элетке каттап, өнөрүн тартуулаган учурлар сейрек кездешип калды, мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?
- Биз убагында аккордеонду колго кармап алып, микрофонсуз эле айыл аралап, жандуу үн менен концерт берип жүрчү элек. Концерт койгонубуз үчүн да акча төлөнчү эмес. Анткени ошол кезде Кыргызстан Коммунисттер партиясынын борбордук комитетинин тапшырмасы менен үгүт тобу чабандарга, алыскы айылдарга барчу элек. Үгүт тобунда бир гана ырчылар эмес, врачтар жана башка кесип ээлери да бар эле. Бекер ырдап кайтчубуз. Мен ал кезде мектепте сабак берчүмүн. Ошол мектептен алган айлыгым менен жан бакчумун. Азыркы ырчылар жандуу үн менен ырдашпайт. Аппаратуранын жардамы менен гана концерт беришет. Айылдарда алар үчүн атайын аппаратура, үн күчөткүч жок. Ошол себептен да жаштар аппаратурасын салып алып, көп айылдарды аралабаса керек деп ойлойм.
- Жубайыңыз менен каяктан кантип таанышып, баш коштуңуз эле?
- 1967-1968-жылдары 1-курста окуп жүргөн кезим. Анда Ош шаарынын маданият үйүнүн ийримине катышчумун. Ошол ийримде досум экөөбүз Зумрат Чотурова, Минаш Камбаралиева деген кыздар менен ынак элек. Мен тартынып, уялчаактык кылып, Минашты жакшы көрөрүмдү айтпай жүрдүм. Бир күнү досумдун туулган күнү болуп, ошол жерден Минашка жакшы көрөөрүмдү айткам. Маңдайыма жазган экен, баш кошуп, мына азыр балдардын ата энеси, неберелердин чоң ата чоң энеси болуп отурган чагыбыз. Жубайым Минаш Ош шаарындагы Саид Бекмуратов атындагы №1 музыкалык мектептин директору, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
- А Лира Райымбекова менен учурдагы мамилеңиз кандай, экөөңүздөр баш коштуңуздар эле го?
- Лира менен сый гана мамиледемин. Ортодо бир кызыбыз бар. Кызым Акзыйнат учурда Бишкек шаарындагы М.Абдраев атындагы музыкалык окуу жайда 8-класста окуп атат. Кызым мени көбүрөөк жакшы көрөт. Катташып турабыз. Каникулга чыккан сайын Ошко келип турат. Кызым окуган мектепке барып, мугалимдери менен сүйлөшүп, кызыма чыгармачылык жактан кеп-кеңешимди берип турам. Ал скрипкада ойнойт.
- Кызыңыз Акмаанай да сиздин жолуңузду улантып келатабы?
- Ооба. Эки кызым чыгармачылыкка жакын. Кызым Акмаанай учурда Оштогу "ЭлFM" радиосунда ди-джей. Ал Улуттук консерватория, ОшМУнун бизнес, менеджмент факультетин бүтүрдү. Классикалык, эстрадалык ырларды аткарат. 2009-жылы Чымкент шаарында өткөн "Романсияда-2009" Эл аралык конкурсунда 3-орунду ээледи. Учурда бир баланын апасы.
- Маегиңиз үчүн чоң рахмат! Чыгармачылык ийгилик каалайм!

Айгерим Эгембердиева,
"24.kg" MA.