presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Төрмаек...
Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" партиясынын лидери:

"Айлыгы 20 миң сом болсо, 10 миң


доллар айлык алгандай жашаса ал таза судья эмес"


- Өмүрбек Чиркешович, алгач, соттук реформа боюнча комиссиянын төрагасы катары бул тармактагы жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берсеңиз?
- Кыргызстандагы бийлик бутактарынын ичинен эң коррупцияланышкан, эң чириген бул - сот тармагы. Ошондуктан сот тармагын тазалап, жаңыдан түзүп чыгуу чечими Референдумда кабыл алынган. 2010-жылдын жай айында мен түзгөн комиссия 60ка жакын мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, анын ичинде сот реформасына арналган мыйзам долбоорлору да болгон. Тилекке каршы, парламентке ит жыгылыш болгон партиялар келип, ал мыйзам долбоорлорун ары тартып, бери тартып отуруп, 2011-жылдын июнь айында араң кабыл алынган. Жаңы президент келгиче, өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева сот реформасын аягына чыгарып, даярдап кетет деген ниет, максаттар болгон. Тилекке каршы дагы саясий тартышуулардын кесепетинен, өткөөл мезгилдин ичинде сот системасын тазалай албай калдык. 1,5 жылдын ичинде биз президентти, сотту, парламентти жаңылашыбыз керек эле, бирок сотту тазалаганга жетишпей калдык. Бул тарыхый миссия жаңы президент Алмазбек Атамбаевге туура келди. Бир чети мындай кырдаал деле жаман эмес. Аны жөнөкөй көпчүлүк менен кабыл алып коюууга мүмкүн эмес. ЖКнын үчтөн эки бөлүгүнүн макулдугун алыш керек. Парламенттик азчылык блок коюп туруп алса дагы бул мыйзам иштей албайт. Алмазбек Атамбаевдин президент болуп шайлангандан кийинки биринчи эле кадамы, түзгөн комиссиясы бул сот реформасына багытталган комиссиялар болду. Тилекке каршы, биз январь айында кабыл ала турган мыйзам талаш болуп отуруп, дээрлик беш айдан кийин май айында кабыл алынды. Тарых кайталанып, сотторду тандоо кеңеши туура бир жылдан кийин кайра өз ишин улантып баштады. Бул көрүнүш соттор алмашат экенди уккандан кийин айрым соттор элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлобой жеке өздөрүнүн гана кызыкчылыгын ойлоп калышты. Пара алып, карапайым адам эмес, мамлекет талашып жаткан миллиарддаган сомго бааланган менчиктерди Бакиевдердин жан жөкөрлөрүнө кайтарып берип жатышты. Бакиевдер керек болсо, сотторду сатып алып, алар аркылуу кайра ордубузга барабыз дегенге чейинки аракеттерди көрүштү. Сот системасынын ирип-чирип, тарашынын эң жеткен чеги болуп эсептелинет. Жаңы президенттин алдында өтө чоң, өтө маанилүү миссия турат. Жакынкы бир нече айдын ичинде ал сот системасын толугу менен тазалап, калыбына келтириши керек.
- 20 жылдан бери эле паракор сотторду тазалаш керек деп айтып келебиз. Алардын паракор экенин мойнуна кантип коюп, кантип ашкерелейбиз? Конкреттүү кандай жолдор менен тазаласа болот?
- Президенттин алдында атайын кызматтар, укук коргоо органдары бар. Алар ар бир соттун ишин иликтеп маалыматтарды, Сотторду тандоо кеңешине жана Президент Алмазбек Атамбаевге бериши керек. Соттун былыгынын бети ачылбаса дагы, анын жашоо образын көргөзүш керек. Айлыгы 20 миң сом болсо, 10 миң доллар айлык алгандай жашаса аны таза судья деп айтууга мүмкүн эмес. Мына ушуга окшогон кырдаалдардын баарын тактап, таразалап, сотторду тандоо кеңешине жана президентке берсе, ошого жараша ал соттор боюнча чечим кабыл алыш керек. Кеңеш аларды өткөрбөй кулатып, тазалаш керек. Тазалоодо дал ушул жагын, чыныгы кирешеси менен короткон чыгашасы дал келеби деген маселени да карашыбыз керек. Баласы, жакын тууганы кайда иштейт, алар кандай жашайт, кайда, кимдин эсебинен үйдү салат, той-топурду кандай өткөрөт, кандай үйлөрдө жашайт, бул жагын да тактоо зарыл. Эгер расмий кирешесине мунун баары туура келбесе аны таза эмес судья деп табышыбыз керек. Бул жакынкы 2-3 айдан ичинде президент Атамбаев жана сотторду тандоо кеңеши жасай турган иш.
- Сот реформасын жүргүзөбүз деп жатабыз, бирок Сотторду тандоо кеңеши түзүлгөндөн бери эле биздин айлык маянабыз чечиле элек, бекер эле иштеп жатабыз деп нааразы болуп келишет го…
- Сот реформасын жүргүзүүдө Өкмөт тиешеси жоктой четтеп туруп алды. Былтыр, быйыл дагы Сотторду тандоо кеңешине Өкмөт тарабынан көңүл бурулуп, тиешелүү акча бөлүнүп берилген жок. Биз тиешелүү мыйзам аркылуу Өкмөттүн милдетин бекиткенбиз. Бул Өкмөттүн чоң кемчилиги. Себеби инвестициялык жакшы климатты түзүнүн бирден бир башкы шарты - бул адилеттүү сот системасы. Эгер сот адилеттүү болбосо, бирөөнүн менчигин тартып алып, башка бирөөнө берип турса, чет элдик эмес, өзүбүздүн инвестордун өзүнүн жумшап жаткан каражатынан кооптонот. Кыргызстандан капитал качат. Өкмөт ушул жагын эске алышы керек.
- Таза эмес сотторду тазалап гана тим болбостон кылмыш жоопкерчилигине тартсак кандай болот?
- Кыргызстанда коррупция улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган кубулуш экендиги расмий түрдө ачыкталды. Коррупцияга каршы күрөш башталды. Бул күрөш кампания түрүндө болбош керек. Бир ай же бир сезон айтылып токтоп кала турган болсо, Күмөндөрдүн анекдотундай болобуз. Бир кишинин үйүндө аябай көп таракан болот. - "Кантип тазалайм", -деп досторунан кеңеш сураса, достору "бир күнү мас болуп алып үйгө келесиң, катуу жинденип жаткандай түр көрсөтүп аялыңды сабайсың, үйдөгү эмеректерди талкалайсың, анан "таракандар силер дагы жоголгула, өлтүрөм" -десең жүрөгү түшүп, үйдөн өздөрү эле качып чыгып кетишет-дешет. Чын эле ошонун баарын жасап, "таракандар жоголгула, өлтүрөм силерди дагы" -десе, жөргөмүштөрдүн баары качып чыгып, бир чолок жөргөмүш босогодон аттай албай жатканын көрүп, күлүп жиберет. Анан ал таракан "туугандар, келе бергиле, кожоюн тамашалап коюптур" -дейт. Анын сыңарындай күрөш тынымсыз жана туруктуу болушу керек. Сотторду тазалап эле ошол бойдон калсак эле, булар бир айга жетпей эски адатка көнүшөт. Анткени коом эски. Сот албайм десе дагы, сотто талашы бар эки тарабы тең акча алып барат. Эки тарап тең ортого адам салышат, суранышат, ыраазы кылабыз дешет.
- Кумтөрдүн тегерегинде акыркы күндөрү катуу талаш болуп жатат. Улутташтырабыз дегендердин пикири канчалык деңгээлде жүйөөлүү?
- Кумтөр башында түзүлгөндө эле Кыргызстандын пайдасы үчүн түзүлгөн эмес. 93-94-жылдары бул келишим түзүлүп жатканда билбегенденби же атайынбы айтор, Кыргызстандын кызыкчылыгы анча каралган эмес. 2007-жылы эле Кумтөр толугу менен Кыргызстанга өтүшү керек болчу. Бирок 2003-жылы алдын-ала келишим түзүп, Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн жаңы түзүлгөн компанияга кошуп, биздин үлүшүбүздү 30 пайызга чейин азайткан. Биз өз байлыгыбызга өзүбүз ээ боло албай калдык. 2007-жылы Кумтөр толук биздин карамагыбызга өткөндө миллиарддаган доллар киреше тапмакпыз. Ошондуктан бул маселенин көтөрүлүп жатканы мыйзам ченемдүү. Бирок бул маселени чечүү биз ойлогондой оңой-олтоң иш эмес. Бир токтом кабыл алып, компанияны көз ирмемде каратып алуу кыйын иш. Муну таразалап, кылдат чечим кабыл алышыбыз керек. Бирок алтын биздики экенин, жер биздики экенин, Кыргызстан көз боёмоочулуктун курмандыгы болгондугун эч убакта эсибизден чыгарбашыбыз керек.
- Өкмөт күз айында таркатылат деген сөздөр эмитеден эле ачык айтыла баштады. Өкмөттүн ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?
- Парламенттик көпчүлүк, анын ичинде "Ата-Мекен" партиясы коалициялык өкмөттүн ишине саясий жоопкерчиликти алганбыз. Өкмөттүн иши үчүн биз дагы жооп беребиз. Бирок Өкмөттүн иши канааттандыраарлык эмес. Экономиканын өнүгүү темпи төмөн түшүп жатат. Согуш же чоң саясий же табигый кырсык болбой туруп, ички же тышкы эл аралык оор фактор болбой туруп экономика өсүү темпи кескин төмөндөп кетти. Убада кылынган укук коргоо органдарындагы реформалар ишке ашпай турат. Административдик жана аймактык реформалар дагы токтоп калды. Мунун баары акча жетишпей турганда мамлекеттик чыгымдарды кыскартууга алып келмек. Президент коррупцияга каршы күрөш баштады эле, өкмөт буга дагы жигердүү киришпей бул жагы дагы басаңдап турат. Президент коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бир нече мыйзам долбоорун Өкмөткө жөнөткөн, алар болсо төрт ай басып жатып алып, президенттин кийлигишүүсү менен 3-июнда араң Жогорку Кеңешке жөнөттү. Мындай аракеттер эми башталган коррупцияга каршы күрөштү басаңдатканга, тоскоолдук кылганга жатат. Мамлекеттик менчиктерди эффективдүү башкара албай жатат. Бир мисалы "МегаКом". Тоо өндүрүш жагында да көп кемчиликтер бар. Лицензияларды алып, берип отурушуп, жайкы-талаа иштери деп коюшат экен, ошол сезонду да өткөртүп жиберишти.
- "Республика" партиясы жергиликтүү бийликти өз колуна алууга баардык аракеттерди көрүп, бийликти ашкере пайдаланып жатат деген айыптоолор айтылып келет.
- Баардык партиялар эле жергиликтүү кеңешке даярданып жатышат. Баардыгыбыз эле бийликтебиз бирок, негизги бийлик "Республика" партиясындагыларда болуп жатат. Алардын каржылык ресурсу дагы күчтүү. Административдик дагы ресурстар колунда. Моюнга алышыбыз керек, алардын даярдыгы чынында күчтүү.
- Сиз иштеп чыккан "Ош жана Бишкек шаарларынын статусу" жөнүндөгү мыйзам долбоору тууралуу толук маалымат бере кетсеңиз?
- Жаңы Конституцияда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинин ролу чоңоюп, кошумча бийликтер жана ыйгарым укуктар берилген. Айыл өкмөттөрүн, акимдерди, шаар мэрлерин мурдагыдай борбордон эмес, эл өзү шайлап калды. Конституцияда Ош менен Бишкек шаарынын абалы өзгөчө. Биз киргизген мыйзамда аталган шаарларга кошумча ыйгарым укуктарды берип, алардын каржылык өз алдынчалыгы бекитилген. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо тартиби да, кызматтан алуу тартиби да каралган. Айрымдар толук маалыматты билбей туруп, бул мыйзам Мырзакматовду кызматтан алуу үчүн иштелип чыккан деп айтып жатышат. Бирок адилеттик үчүн айтып коюшум керек, бул мыйзам долбоорун иштөөдө Ош шаардык кеңешинин депутаттары жана мэр Мелис Мырзакматов өзү активдүү катышкан. Ошол айтылып жаткандардын баарына макул болгон. Тиги же бул мэрдин кызматтан алуу тартиби каралышы керек. Ал үчүн кызматтан алуунун ондон ашык шарттары бар. Мисалы каза болгондугуна байланыштуу кызматтан бошойт. Мыйзамда ушундай жазылган. Аны жазып койсоң, "Кокуй, Мырзакматовду өлтүрүп, кызматтан алганы жатышыптыр" -дегендей эле болуп атат бул жерде. Бул туура эмес. Ошондой эле мыйзамды одоно түрүндө бузгандыгы үчүн прокуратуранын сунушу менен жергиликтүү кеңештин көпчүлүгүнүн добушу менен кызматтан четтетилет. Ага болбой эле мыйзам системалуу түрдө бузула бере турган болсо, башкы прокурордун сунушу менен премьер-министр бошотот. Бул мамлекеттин бүтүндүгүн, биримдигин сактап калыш үчүн жасалган. Мисалы Ат-Башынын бир айыл өкмөтү айылдык кеңештеги 11 депутаттын 6 депутатын өз туугандарынан шайлап алып, бюджетти каалагандай жеп, талап-тоноп атса, эч ким аны бошото албаш керекпи?. Депутаттар бошотот, эгер алар дагы аралашып кеткен болсо премьер-министр киришет.

Маектешкен
Эрнис Балбаков





fabula





??.??