presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Прокурорго собол?

Үч адамды өлтүрткөн Рахматулло Турановду эркиндикке чыгарууга ким кызыкдар?


Мындан 9 жыл мурун Аламүдүн районунда адам чачын тик тургузган оор кылмыш катталган. Тактап айтканда, 1956-жылы туулган Бажанова Дина, анын досу Мурадилова Гүлнара жана Бажанованын 9 жаштагы жээни Бекежаеваны үчөө тең балта менен башка чаап өлтүрүлгөн. Укук коргоо органы тарабынан бул кылмышты Свиятенко Маргарита, Валиахметов жана Коратких аттуу адамдар жасашканы ачыкка чыгат. Ал эми бул үч адамды өлтүрүүгө 1958-жылы туулган Туранов Рахматулло аттуу адам буйрук бергени аныкталган. Бей күнөө ажал табышкан үч адамдын ичинен Мурадилова менен 9 жаштагы Бекежаеванын Туранов менен эч тааныштыгы да, байланышы да болгон эмес.
Турановдун Бажанова Дина менен гана өз ара байланышы болгон. Ал маркум Бажановадан чоң акча (үстөгү менен) карызга алат. Ортодо бир топ убакыт өтүп, Туранов акчаны кайтарып бербестен, Бажанованын көзүн тазалоо ишин уюштурат.
Ошентип ал мурда сойкулук менен алектенип жүргөн Маргаританы, баңгизатка көз каранды Валиахметовду жана Кораткихди Бажанованы өлтүрүүгө жалдайт. Бул иш 1500 долларга бааланат. Бул үч кылмышкер чаламандын чак түшүндө Бажанованын Аламүдүн-1 районундагы үйүнө кирип барышып, жогоруда аттары аталган үч адамды айбан өлтүргөндөй эле мыкаачылык менен балталап салышкан. Үйдүн ичиндеги кымбат баалуу буюмдарды алышкан эмес, бирок Турановдун Бажановага акча тууралуу жазып берген тил катын жана 25 миң сом, 100 долларын гана алып кетишкен.
Баарынан да 10 гүлүнүн бир гүлү ачыла элек 9 жаштагы кызда эмне күнөө? Жашоонун кызыгына эми гана батып, балакат жашына жетип, жамандык-жакшылыкты аздан айырмалап келаткан байкуш кыздын башына балта тийгенде, мээси чачырап кеткени айтылат.
Кылмыш иши толугу менен ачылып, сот иши алгач шаардык , андан кийин Свердлов райондук сотто, андан соң Жогорку сотто каралат. Жыйынтыгында: Туранов Рахматулло менен Валиахметов өмүр бою эркинен ажыратылат. Коратких түрмөдө каза табат. Ал эми Свитенко 22 жылга соттолот. Бул кылмыш иши жалпы жонунан 16 томдук болуп топтолот.
Бирок кылмышкерлер, айрыкча бул кылмыштын себепкери болгон Туранов эркиндикке чыгуу аракетин көрүп, бир топ убакыттан ар кандай иш-аракеттерге барып келет. Ал 2007-жылдан бери ар кайсы жакка арызданып жүрүп, акыры ушул жылдын май айында анын үнү Баш прокуратурага жетет. Жетмек тургай, ал кылмышкердин мыйзамды көзөмөлдөөчүлөргө "сөзү да өтүп" кеткенби, айтор бул кылмыш ишин "жаңы ачылган жагдайлар" боюнча сотто каратууга үлгүргөн экен. Учурда бул иш Свердлов райондук сотунда каралууда. Биздин "гумандуу" соттордун мындай иштерге оңой эле "көз жумду" кылып коймой адаты бар эле, балким Туранов бул жолу "сүттөн ак" болуп эркиндикке чыгып кетип жүрбөсүн? Үч адамды мыкаачылык менен өлтүрткөн Туранов эркиндикке, деги эле жер бетинде жашоого укуктубу? Мына ушуга адамча ойлонуп, адамча акыл калчап көргүлөчү? Бул суроо, баарынан мурда баарыбыз сыйлаган Урматтуу Баш прокурорго тиешелүү.
Төмөндө 9 жаштагы кызынан айрылып, орду толгус чоң жоготууга учурап, кызын жоктоп, терең кайгыда жашап келаткан Искакова Салтанат эжени кепке тарттык.




Салтанат Искакова маркум Бекежаеванын апасы:

"Турановго чыккан өкүм мурункудай


эле өз күчүндө калышын талап кылам!"


- Салтанат эже, кызыңызды өлтүргөн Туранов Рахматуллонун эркиндикке чыгууга аракет кылып жатканы айтылууда. Бул боюнча эмне айта аласыз?
- Туранов Рахматулло 2007-жылдан бери эле арызданып, эркиндикке чыгууга аракет кылып жүрөт. Алгач Баш прокуратурага арыз жолдойт. Баш прокуратура анын арызын четке кагат. Андан соң, Жогорку сотко арыз жолдойт, Жогорку сот да арызын канааттандырбайт. Өткөн жылы ал түрмөдө "менин арызымды карабай жатат" - деген шылтоо менен ачкачылык жарыялап, коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдурууга аракет кылып да көрдү. 2012-жылы май айында Баш прокуратура Турановдун арызын карап, бул кылмыш ишин "жаңы ачылган жагдайлар" деген эреже менен Свердлов райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлөт.
- Бул ишти кароого кимдер кызыкдар болуп жатышат?
- Биз ушул жагын тактап жатабыз. Биз Туранов ишти бүтүрө турган адамдарды сатып алды деген ой менен шек санап жатабыз. Кылган кылмышы далилденип, 9 жылдан бери түрмөдө олтурган адам, эми минтип эркиндикке чыгып кетүүнүн аракетин көрүп жатканы бекеринен эмес. Баш прокурордун орун басары болуп иштеп жүргөн Осмоналиев Бакыт (учурда Ысык-Көл областынын прокурору) бул ишти Баш прокурордун көрсөтмөсү менен жаңы ачылган жагдайлар боюнча Свердлов районуна жөнөткөн экен. Бул ишти бүгүн Масыбеков, Апаитов деген судьялар Аппаков деген прокурордун катышуусунда Свердлов райондук сотунда караганы жатышат. Эч кимге жашыруун эмес, бизде сотторго ишеним аз. Сотторду сатып алса болот. Ушундан улам, бизде Туранов өзүнүн эркиндиги үчүн баарына барат. А, менин эжем Динанын, анын курбусу Гулнаранын жана 9 жаштагы наристе кызымдын өлүмүнө ким жооп берет? Же бир эмес, үч адамдын өлүмүнө себепкер болгон адам, жыргап эркиндикте жүрүшү керекпи?
- Туранов Рахматулло тууралуу эмне айта алсыз? Эмне иш менен алектенчү эле?
- Ал киши эч жерде иштечү эмес. Өзү бизнес иштери менен алектенимиш этип жүрчү. Бирок бизнеске байланышкан бир катар иштери тиешелүү тараптан мыйзамсыз болгондугу аныкталган. Кыскасы, ал киши аферисттик иштер менен алектенген десек болот.
- Бул иш боюнча Баш прокуратурага арыз жаздыңыздарбы?
- Баш прокуратурага арыз жаза элекпиз. Бирок Президентке, Жогорку Кеңештеги 5 фракциянын лидерлерине, коалициянын лидери Исаевге, комитеттин төрагалары Мадылбековго, Абдылдаевге, Тумановго арыз жолдодук. Алар Баш прокурор Аида Саляновага, Жогорку Соттун төрайымын милдеттин аткаруучу Феруза Жамашовага кат жолдошту. Эми бул иштин жыйынтыгын күтөбүз.
- Баш прокуратурадан, Жогорку Соттон жана Свердлов райондук сотунан кандай чечимди күтөсүз? Талабыңыз кандай?
- Бул ишке байланыштуу ортодо бир топ кызыкчылыктар ойноп жатат окшойт. Турановду эркиндикке чыгарууга аракет кылган адамдар бар экенин далилдүү түрдө айта албайбыз, бирок жакшылап байкаган адамга түшүнүктүү болуп турат. Менин бир гана талабым бар. Бул оор кылмыштуулук боюнча мыйзамдуулук сакталып, Турановго чыккан өкүм мурункудай эле өз күчүндө калышын талап кылат элем. Себеби, ал адам ошондой чечимге толук татыктуу.
PS: Коомчулукту дүрбөлөңгө салган бул ишке, биздин "улуу урматтуу" сотторубуз кандай чечим чыгарат? Туранов эркиндикке чыгабы? Же мурунку өкүмдү өз күчүндө калтырышабы? Деги адилеттүүлүк болобу? Бул иштин жыйынтыгын (окуянын жүрүшүнө жараша) гезитибиздин кийинки сандарында окуй аласыздар?
Даярдаган
Айбек ШАМШЫКЕЕВ





fabula





??.??