presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргызстан-Германия: дипломатиялык мамилелерге 20 жыл
Болот Отунбаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси:

"Германиянын биздин өлкөгө көрсөткөн жардамы 275 миллион еврого жетти…"


Кыргызстан менен Германия Советтер Союзу таркагандан берки дипломатиялык мамилелердин 20 жылдыгын белгилеп жатат. КРнын Германия Федеративдик Республикасындагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев берген маегинде эки өлкө арасындагы байланыштарга токтолду.
Анда элчи саясат жана маданият тармагында байланыштар жакшы деңгээлде экендигин, ал эми экономика жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүү керектигин айтты. Ошондой эле ал Түркия мамлекетиндеги өзгөрүүлөргө, өнүгүүлөргө токтолду. Мындан тышкары Германиядагы түрк инвесторлорун Кыргызстанга иштөөгө чакыруу менен Германияга Түрктөрдүн өндүрүшүнөн пайда тапса болорун айтты.

- Болот мырза, быйыл Кыргызстан менен Германиянын дипломатиялык мамилелеринин 20 жылдыгын белгилеп жатабыз. Бул жылдар аралыгында аткарылган иштерге кандай баа берүүгө болот. Кандай ийгиликтерге жетиштик. Сиздин оюңузча дагы кандай жакшы иштер жасалса болот эле?
- 1992-жылы 3-февралда Германия Кыргызстандын Эгемендигин расмий түрдө таанып, ошондон тарта эки өлкө ортосунда расмий кызматташуулар башталган. 20 жыл аралыгында Германия биздин өлкөгө бир топ көмөк көрсөттү. Мамилелерибизде эч кандай маселе жок. Бир топ долбоорлору аркылуу жардамдарын берип жатат. Көп сандаган фонддор ачылды. Германия техникалык кызматташтык өнүгүү коомунун (GTZ) жана Германия эл аралык кызматташтык уюму (GIZ) өлкөбүздө ишмердиктерин улантып жатат. Ал эми Кондрад-Аденауер (Kondrad-Adenauer), Фридрих-Эберт (Friedrich-Ebert) жана башка уюмдардын өкүлчүлүктөрү бар.
Биз 21 жыл мурун көз карандысыздыгыбызды алганыбыз менен азыркыга чейин жаш мамлекет катары эсептелебиз. Жүз жылдык тарыхыбызга, өткөндөрүбүзгө эмгиче ээ эмеспиз. Советтер Союзунан бөлүнүп, өз келечегибизди өзүбүз куруп жатабыз. Туура жол менен баратабызбы же жаңылыш жолго түштүкпү аны тарых тастыктайт. Бардыгына тарых күбө. Бул жылдар аралыгында бир нече маселелер, көйгөйлөр болду. Эки президент качкын аталды. Эл аралык адистердин айтымында 6 миллионго жакын калкы бар өлкөбүздү бул мезгилдер аралыгында өнүктүрүү, туруктуу мамлекетке айландырууга мүмкүн эле. Учурдагы өкмөт бул жактарды эске алып, алдыдагы максаттарды жүзөгө ашыруу үчүн болгон күчүн жумшап жатат.
- Кыргызстандын жаңы өкмөтү эки тараптуу мамилелер туурасында кандай саясат жүргүзөт?
- Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин Германиянын жаңы шайланган президенти Йоахим Гаукту куттуктаган катын тапшыруу үчүн бардым. Анда 20 жылдык кызматташтыгыбыздын эң жакын достордун деңгээлинде экендигин жана А.Атамбаев коллегасы Й.Гаукту Кыргызстанга чакырганын айттым. Учурда Й.Гауктун Кыргызстанга жасала турган расмий иш-сапары боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Белгилей кетүүчү нерсе биз жөн гана эки тараптуу иш-сапарларды уюштуруу жетиштүү дегендей мамиле кылган жокпуз. Мурдатан балким өлкөбүздү жана өзүбүздү таанытуу үчүн саякат сыяктуу расмий зыяраттар болгон. Эми эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты арттырып, эки тарапка тең жемишин бере турган сүйлөшүүлөрдү өткөрүү керек. Президент А.Атамбаевдин Европа өлкөлөрүнө жасай турган иш-сапарында Германия алгачкы аялдама болору шексиз. Ал стратегиялык өнөктөш катары Орусия жана Түркияга алгачкы иш-сапарларын жасады. Эмки кезек Европада. Германиянын биздин өлкөгө көргөзгөн жардамдарында негизинен адам укуктарын коргоого көңүл бөлгөнү көрүнөт. Мындан кийин экономикалык кызматташтыкка көбүрөөк басым жасап, бул тармактарда активдүү иштөөнү көздөп жатабыз.
- Азыркы учурдагы кызматташтыкты сан менен айтып бере аласызбы?
- Бүгүнкү күнгө чейин Германиянын биздин өлкөгө көрсөткөн жардамы 275 миллион еврого жетти. Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзгөн немис фирмалары абдан аз санда. Бул болсо соода стабилдүүлүктү, тынчтыкты сүйгөндүгүнөн улам келип чыгышы мүмкүн. Германияга көчүп кеткен кыргызстандык немистер, немистерге турмушка чыккан кыз-келиндер жана алардын туугандарынын жанына көчүп келген мекендештерибиздин саны 100 миңдин тегерегинде. Булардын көпчүлүгү Германиянын атуулдугун алган. Ал эми азыр деле Кыргызстанда жашап, 10 миңдей туугандары менен катташып, мурунку мекендерине келип-кетип тургандардын саны арбын.
- Эки өлкө ортосунда кош жарандуулук боюнча келишим барбы?
- Азырынча бул боюнча сүйлөшүүлөр баштала элек. Кыргызстанда башка өлкөнүн жарандыгын алгандарды өз мекенинин жарандыгынан чыгарбайт да. Бул жагынан кызматташуу жаңыдан карала баштады.
- Жогорку окуу жайда окуган студенттердин саны канча?
- Кыргызстандан Германияга билим алганы келген студенттердин саны миңдин тегерегинде. Бул биздин өлкөбүз үчүн жакшы көрсөткүч. Бирок бул жакта жогорку билимге ээ болгондор Кыргызстанда кесибине ылайык иш таба албай кыйналып жатат. Бул көрүнүш чет өлкөдөн билим алгандардын көпчүлүгүнүн өз мекенине кайтып кетишине тоскоолдук жаратууда. Жаңы өкмөт мамлекеттик кызматтарга жаштарды кабыл алуу жагына маани берип жатат. Бул чет элден билимин жогорулаткандардын кайра кайтып келүүсүнө дем берет.
- Бул көрсөткүчтү кантип көбөйтөбүз?
- Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Кыргыз-Герман факультети бар. Германиялык досторубуз бул бөлүмдө немис тилин үйрөтүп, студенттерди Германияда тажрыйбадан өтүүгө жиберип жатат. Ошонун негизинде ал жактан билим алган студенттер немистердин маданиятын оң жактарын үйрөнүп, өздөштүрүп келүүдө. Биз абдан ыраазыбыз. Казакстан Казак-герман университетин ачып жатат. Мен да бул кызматта турганда Кыргыз-герман университетин ачууну максат кылып койдум. Биздин өлкөдө Орусия, Америка, Түркиянын окуу жайлары бар. Герман университетин ачууга эмнеге болбосун?
- Кыргызстанда кандай кен байлыктар бар?
- Абдан сейрек кездешүүчү кендерге байбыз. Бир гана алтын эмес, мунай жана газ бар. Орусиядан тышкары Кытай сыяктуу өлкөлөр бул байлыктарды иштеткенге кызыкдар. Айталы, Азербайжан Кыргызстанда мунай иштетүүчү завод ачууну каалап жатат. Мындан улам кандай мүмкүнчүлүк жаралса эле немис досторума: "Саясий кызматташтык өз жолу менен болуп жатат, бирок экономикалык байланыштар биз каалагандай деңгээлде эмес" -деп айтып келем. Немис инвесторлору тартынбастан эле Кыргызстандын базарына кириши керек. Бүгүнкү күндө жакшы мүмкүнчүлүк бар. Эртең абал өзгөрүп, кыйындап калышы мүмкүн. Буга Каспий аймактарынан күбө болуп отурабыз. Немистер ал жактарга кеч баргандыктан кире алышкан жок. Ал эми мурунтан барган Англис жана Норвегиялык фирмалар иштеп жүрөт. Биз бул тармактарды өнүктүрүү үчүн соода делегациясын түзүп мамлекетибизге чакырып мүмкүнчүлүктөр менен жеринен тааныштырууну көздөп жатабыз.
- Германиянын саясий системасына кандай баа бересиз?
- Германиянын саясий системасы бизге жагат, биздин өлкөнүн структурасы үчүн абдан ылайыктуу. Немис досторубузга "Сиздердин системаңыздарды биздин өлкөгө пайдаланууга жардам бергиле. Бул бир гана акыл же пикир кошуу менен жетиштүү болбойт",- деп келем. Германиядан билим алып келген жогорку квалификациялуу кадрларды Кыргызстанда иш менен камсыз кылуу үчүн иш орундарын түзүү керек. Өлкөбүздө демократия өнүксүн десек бул сыяктуу иштер аткарылганы оң. Карап көрсөк демократиянын деңгээли жогору болгон Кыргызстанга инвесторлор кирбей жатат. Ал эми демократиянын деңгээли абдан төмөн делген мамлекеттерде унаа куруучу заводдор ачылып жатат. Немис досторубуз да Казакстанга абдан маани беришет. Бул жакшы нерсе. Эми кошуна өлкөлөргө маани берип инвестиция киргизсе өздөрү үчүн жакшы болоруна ишенем.
Даярдаган
Азамат Дамир






fabula





??.??