presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Аптапта чаңкооңду


кандырат


Бишкекте акыркы учурда аба ырайы абдан таң калтырууда. Жай мезгили өз өкүмүн жүргүзүп, өтө ысык болууда. Синоптиктердин жай мезгили адаттан тыш аптаптуу болот деген божомолуна бир дагы шаар тургуну ишенген эмес. Бирок, айтып оозду жыйгыча жайкы саратан кирип келди, качып кайда бармак элек, жашыл дарактар дагы, оргуган фонтан суулары дагы сергитип, шайдоот иштегенге шарт түзүп бере албайт. Аба ырайынын мындай аптаптуу болоорун күтпөгөн элдер саратанда саргарып, өңдөрү тотугуп, айтор, апааттан качкандай эле аптаптан сактануунун айла-амалын издешет. Дүкөндөр, супермаркеттер, соода борборлору жана эс алуу жайлары бул мезгилде абдан активдүү иштейт. Ошондой эле сергитүүчү суусундуктардын арасынан акыркы кезде минералдык, газдалган жана газдалбаган суулардын өтүмдүүлүгү өтө жогору болууда. Көптөгөн байкоолорго назар салсак, Бишкектин жана башка шаардын тургундары газдалган сууну суусунду кандырып, сергите турган суусундук катары сатып алышат жана алар суу-адамдын жашоосундагы аябай маанилүү азык экенин жакшы түшүнүшөт. Бөтөлкөдөгү газдалган суунун өзгөчөлүгү эмнеде? Көмүр кычкыл газына каныккан сергитүүчү бул суусундуктарды муздатып ичсең, суусунуңду кандырып, жаныңды жыргатат. Газдалган суу суусунду кандыргандан тышкары ичеги- карындын иштешин дагы жакшыртат. Ашказан кыжылдап аш болбогон азыкты да газдалган суу менен жөнгө салса болот. Газдалган суунун даамын түрдүү өлкөнүн өкүлдөрү да бааларын айтсак эле анын суусундуктардын арасында алдыңкы орунда турарын байкайбыз. Иликтөөлөргө ылайык орточо америкалык жылына 180 литр газдалган суу ичет экен, бул албетте, кийинкилерден төрт эсе жогору; орточо россиялык - 50 литр; орточо кытайлык - 20 литр суу ичет. Газдалган сууларды ичкендердин улам көбөйүүсү, суусундуктун тамшандырган даамы дагы, суусунду кандырган касиети дагы бир бүтүндүккө биригип турганынан кабар берет. Газдалган сууга артыкчылык берген кыргызстандык кардарлар, газдалган суу гана суусунду натыйжалуу кандыруучу касиетин баса белгилешип: "газдалган суунун даамы дагы жагымдуу, суусунуңду кандырып, сергитет" - деп, жергиликтүү газдалган сууга башка суусундуктар караандабай калаарын канагаттануу менен айтышат. Сатыктагы газдалган суулардын өтө жогорку өтүмдүүлүгүн Эшеналиева Айдай дагы өз кезегинде белгилеп өттү. Ал сатуучу болуп иштегени менен өзү дагы көмүр кычкыл газына каныккан суусундуктарды тамшанып ичээрин жашырган жок. "Мен - борбор калаадагы супермаркеттердин биринде кассир болуп иштейм. Күнүгө аркандай адамдар менен, алардын ар түркүн тандоосу менен кездешем, өзүм дагы сурап калышса тигил же бул азык жакшы деп кеңеш берип турам. Өзгөчө мээ куйкалаган жайкы ысыктын илебине чыдабаган шаардыктар биздин дүкөнгө суусундук издеп кирип жатканын байкоого болот. Кирээри менен колуна газдалган сууларды, көбүнчө "Шоро" компаниясы чыгарган суусундуктарды кармаганын көрөсүң. "Байтик" акыркы айларда өтө белгилүү болуп, өтүмдүүлүгү да артты. Чындыгында эле, тамшандырган даамы жана суусунду кандырып, сергиткен касиети менен "Байтик" газдалган суусу кыргызстандыктар кызыгып ичкен суусундукка айланып калды".





Улут кызыкчылыгында…

Каптагаевдин кадамы, Токтайымдын "тополоңу"…


Улут үчүн күйгөн коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев 20-июнь күнү "АКИпресс" маалымат агенттигине маалымат жыйынын өткөрүп, кыргыз элин айбанга теңеп, маскаралаганы үчүн учурда сот жообуна тартылып жаткан Владимир Фарафонов деген жаранды коргоп жатканы үчүн орустун белгилүү саясатчысы, ЛДПР партиясынын төрагасы, Мамлекеттик Думанын спикеринин орун басары Владимир Жириновскийге нааразы экенин билдирди. Каптагаевдин айтымында В. Фарафонов интернетке жарыяланган макалаларында кыргыз элин, Манасты мазактап: "Кыргыздын маймыл сымал жарандары, өзбек кичине балдарынын баштарын кесип, Манас деп ураан чакырып, футбол сыяктуу ойногон деген саптарын жазып, улуттар аралык мамилелерге бүлүк салды, ошон үчүн ал соттолуп жатат, Кыргызстанда жашап, кыргыздын нанын жеп жаткан адам мындай нерселерди жазууга эрки жетмек эмес, анын артында кандайдыр бир Орусиянын таасирдүү күчтөрү турат. Ал эми Жириновскийдин билдирүүсү боюнча, Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги тиешелүү чараларды көрүп, Россиянын бийлиги аталган маселеге өз позициясын билдириш керек" деген оюн ортого салды. Ошондой эле Жириновскийге окшогон Орусиянын кандайдыр бир чагымчыл күчтөрү Кыргызстандын ички саясатына кийлигишпөөсү керек экенин кошумчалады.
Эске сала кетсек, орустун улутчул саясатчысы В. Жириновский аз күн мурун, Орусиянын маалымат каражаттарынын бирине: " эгер кыргыздар В. Фарафоновду соттой турган болсо, анда ЛДПР партиясы кыргыздарга каршы чыгып, Россиядагы кыргыз мигранттарынын депортациялоону орус бийлигинен талап кылабыз" деген пикирин айткан. Ал бул пикири менен жаңыдан калыптанып келе жаткан орус кыргыз мамилесине от жагууга аракет кылганы көрүнүп турат. Кыскасы Жириновский эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилеге бут тозуп жатат десек жаңылышпайбыз. Кыргыздар намысын колдон чыгарбаган улуу эл экенин билсе, Фарафонов менен Жириновский оозуна келгенин оттобой, тынч эле отура берсе дейсиң. Бул боюнча кыргыз бийлиги тиешелүү чараларды көрүшү керек эле. Бирок эмнегедир үн каткан жок. Балким чоң саясатка айландырбайлы деп жатса керек. Эмнеси болсо дагы кыргызды мазактап, Манаска шек келтиргени үчүн Фарафонов сот жообуна тартылып, жазасын алуусу зарыл. Ал эми Эмил Каптагаев маалымат берип жаткан учурда чет элдиктердин акчасына челкейе тоюп, "пулуң болсо, кулуңмун" таризинде акчага сатылган укук коргоочу Токтайым Үмөталиева В. Фарофоновду жактап, адатынча оюна келгенди оттоп, Э. Каптагаевге ажылдап алды. "Кыздын сыры төркүнгө маалым" дегендей, Токтайымдын ким экенин беш колдой билген журналисттер, "десең дей" бер дегенсип, укук коргоочунун сөзүн укмак түгүл, көңүл да бурган жок. Айтор Т. Үмөталиеванын бул кадамы улуттун кызыкчылыгына каршы келгендей элес калтырды.

Мирлан Алымбаев





fabula





??.??