presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кадам ушул...

Жашоо кылдырайт


Көңүлдөгү бийлик
Бийлик тарапка илинбей жүргөндөр, болбосо, илинип туруп талп дей түшүп калгандар бу азыркы кыргыз турмушунда эч тынчыбайт да. "Эли үчүн, жери үчүн жанын бере" күйүп-бышкан түр көрсөтөт да турат. Анысына деле мейли эле, бирок, өңгөлөрдүн мээсин кошо чиритип жатпайбы. Чириткени ошол да- кайдагы бир болбогон тантырак ишти баштайт да турат. Ошону түз эле мамлекеттик деңгээлге көтөрүп чыгып, бүтүндөй элдин талкуусуна койгусу бар… андан кийин ошол былжырак оюн сүйрөп келип түптүз эле турмушубуздан орун алдыргысы бар. Дымагы күч!
Май айынын аягында "мамлекеттик деңгээлдеги мыктылардын" бир тобу Ак үйдүн алдына барып кези менен айкырып, кези менен айкырбай айтып турушту: мамлекетти кантип башкаруу керектигин, кимдер башкаруу керектигин.
Жанагы "Кыргызстанга кыш түшпөйт" деп элдин баарын тоңдурган, анан да түз эле президет болгусу келген Арстанбек Абдылдаев дегениңдин: "Президенттин да, Жогорку Кеңештин да, Премьердин да кереги жок, баарын "Элдик Кеңеш" деген башкарыш керек" - дегени өтө кызык болду. Бу жигиттин акылы ашып -ташыган немеби, же башка бир себеби барбы, айтор, айтат да турат…
Адамзат жаралып, анан алар мамонтторду өлтүрүп жеген процесс өткөндөн кийин бийлик деген балакет чыга баштаган да. Мына ошол бийлик жолу түрдүү формацияда ар башка болду. Кийин бир мамлекетти эл шайлагандар башкарса, экинчи бир мамлекетти жеке адам башкарып, диктатор аталды. Байыркы Рим менен Афинада "элдик" деген атка жамынып кул ээлөөчүлөр башкарган, кийин Англияда, Францияда ж.б. бир катар мамлекеттерде королдук бийлик өкүм сүрүп турган жана ал бийлик атадан балага өтүп келген. Анан көтөрүлүштөр, революциялар чыкты: Спартактын көтөрүлүшү, Париж коммунасы, Степан Разиндин, Емельян Пугачевдун, кыргыздардын 1916-жалдагы көтөрүлүшү дегендер болду, Улуу октябрь социалисттик революциясы келди, Кытайдагы, Кубадагы революциялар, ар кандай маңыздагы Улуттук боштондук кыймылдар болду… келип-келип олтуруп жер жүзүндөгү көп мамлекеттерде демократия принциптери турмуштан орун алды, элдик бийлик дегени келди. Бирок, кандай гана бийлик болбосун накта элдик бийлик болбой тургандыгын бийлик табияты тастыктап берди. Бардыгы салыштырмалуу турбайбы…Ошондо "элдик" дегениңдин өзү ширма экен…
Ошентип, бир катар мамлекеттерде президенттик башкаруу, маселен, Россияда, Францияда, Казакстан, Өзбекстан, дагы биринде мамлекетти өкмөт башчысы- премьер-министр башкарат- Италияда, Англияда, үчүнчү бир мамлекетте парламенттик башкаруу- Кыргызстанда, Швецияда, Австрияда ж.б.
Башкаруунун оптималдуу варианттары кылымдар изделип келип, кийинкилери жогоруда саналгандар болду.
Дүйнөлүк мамлекеттердин дээрдик баарында Президент, Премьер, Спикер бар. Ошол ар өлкөнүн Конституциясына жараша ар бир бийлик бутактарынын милдеттери менен укутары болот. Кылымдар практикаланып келип бүгүнкү күнгө жеткени ушул мезгилдеги дурус варианты дегендер. Анан анын баарын жоготуп-жоюп салып, жанагы Абдылдаев менен "курултайчылар" түзгөн бийликке келсек, миң жылгабы, же андан көппү артыбызга кеткен болбойбу! Эмне, бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү нечен бир акылмандар, коомдук ишмерлер, саясатчылар, окумуштуулар, юристтер ушул биздин кызмат тийбей калган немелерден түшүнүгү кем бекен?!
Болуптур, бийликти толугу менен "Элдик кеңеш" дегенге бердик дейли. "Элдик Кеңеш" дегениң өзүнчө бир, сыйкыр менен жаралган жан эмес, кадимки эле кыргыздардан турган топураган топ болот. Анан кыргыз болгон жерде "мен" деген менен "сен" дегени бар, "сага баш ийгидей сен ким экенсиң" дегени бар, "мен баланча деген эл башкарып жүргөн уруудан болом, а сенчи" дегени бар… ушул сыяктуу толгон-токой "дегендер" бар. Ии, де, анан эле ошол "Элдик кеңеш" дегенге кирчүлөр, маселен, азыркы парламентте олтургандардан кыйын бекен, тың бекен, иш билги бекен, акылман бекен?! Кайдан! "Бюджет дегенге туз сээп жейбизби же жөн эл жей беребизби" деп турса, мамлекеттин ойрону ошондо чыкпайбы!
Ушул топко жанагы сатылып кеткен бала бакчалардын имаратынан бирди алып берип "киши бакча" кылып туруп, "бийлик оюнун ойной бергиле" деп койсок дурус болот эле…

Көз алдыдагы
бийлик

Бабанов мэрдикти мээлейт… Ал аңгыча иштеп жаткан чыныгы өкмөт үч-төрт айдан кийин кетерин бышыктай айтып жаткандардын саны арбып барат.
Ооба, өгүнү Бабанов баш болгон өкмөт парламенттин сынынан эптеп жатып өткөн эмеспи. Анын бир эле себеби болду: парламент кечээ эле өздөрү "тууп" алган өкмөтүн бат эле кетирип жибермек эмес. Анткен күндө өздөрүнө өздөрү каршы чыккан болбойбу. Күзгө чейин эптеп илинип турса, дагы далай нааразылыктарды жаратат, анан кетмеги бар деп "канааттандырардык" деген бааны коюп беришкен да.
Өкмөт башчы Бабанов премьердик орунду күз менен бошотуп берерин айныгыс билди окшойт, биздин баамда, бизге окшогондор көп экен, кийинки басчу жолун ойлонуп, премьердик креслону кайсы креслого алмаштырардын айласын аябай издеп жаткан учуру. Анын кээ бир аракеттеринби, айткандарынбы, жалпылаштырып көрсөк, ал Бишкек шаарынын мэрдигин мээлеп калган сыяктуу. Өмүркуловго чабуул койгондордун саны күн санап өсүп жатканы "Бабановдун стратегиясы" өңдөнүп турат.
Май айынын аягында Жогорку Кеңеш "Жергиликтүү Кеңештерге шайлоо тууралуу" мыйзамды кабыл алды. Ал мыйзамга президент адегенде кол койгон эмес, анан бир топ убакыт өткөрүп туруп пикирин өзгөрттү окшойт.
Ошентип, Жергиликтүү Кеңештерге да партиялык тизме менен шайлоо өткөрүлчү майзамыбыз бекиди. Эми партияга тийешеси жок адамдар Жергиликтүү Кеңештин депутаты боло албайт. Бул дегендин өзү көпчүлүк адамдардын укугун бузгандык менен барабар. Карап көрсөңүз, азыр парламентте олтурган беш партия жалпы шайлоочунун 37% (?!) добушун гана алып шайлангандар. Шайлоочулардын жарымын да ала албай калган эмне деген парламент экендигине өзүңүздөр баа берип коюңуздар… Эми ошол кебетени Жергиликтүү Кеңештер кийгени турат. Бирок, моюнга алган оң, бул жол перспективдүү жол. Дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдөгү шайлоолор партиялык мүнөздө өтүп жатпайбы. Биз каалайбызбы, же каалабайбызбы ошол принципке туш болорубуз бар. Азыр эл партиялык системага көнө албай жатат, анын үстүнө партиялардын иши да элди өзүнө жакшы тарткандай жүрбөй жатпайбы. Кармашуулар, чабышуулар, "меники менен сеникилер", региондорго бөлүнүүлөр, алгылыксыз, популисттик программалар, партия лидерлеринин ар кандай күмөн иштери ж.б.
Эми болору болду, Жергиликтүү Кеңештерге партиялык тизме менен шайланат. Бул чечим кабыл алынары менен эле партиялар катуу кыймылга келе баштады. Аталган шайлоодо СДПК, "Ата Журт", "Ата Мекен" жана "Республика" партиялары катуу кармаш жүргүзөт.
Кыргызстандагы бардык бийлик бутактарында Бабановдун "Республика" партиясынын мүчөлөрү көп. Бабановдун аракети менен ушундай жагдай түзүлгөн. Эми Бабанов- "Республика" партиясы Жергиликтүү Кеңештерди колго алуунун түрдүү жолдорун ойлоп жаткан учуру, аракеттер да башталды. Айталы, президентти шайлаган учурдагы Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын курамын кайра түзүп, анын курамына "Республика" партиясынын мүчөлөрүнөн көбүрөөк киргизүү аракети болуп жатат сыяктуу. Ал аракет эң биринчи иретте Бабановдун жеке өзү үчүн керек. Жогоруда айттык го, Бабанов премьердиктен кетсе, мэр болууну көздөп жатат окшойт деп. Жок, айтканыбыз арсар келер чак эмес…
Мына ошол шайлоодо шаар Кеңешинин депутаттары чечүүчү ролду ойнойт. Алардын ролу акыр аягы акчага барып такалышы бар. Дал ушул жерде Бабановдун капчыгы ишке жарап кетиши мүмкүн, же жарап кетет…
"Ушул өкмөт бат эле кетсе экен" -дейт бизде иштеген бир иним. Ырас болот эле дейм да. Бабановдун сүрөтүн тартып бүттүк окшойт, жалпылап…биринчи орун басары Карашев дурус инсан болгону менен активдүүлүгү жетишпей жатат, же жетиштирбей жатышат… Оторбаев болсо, чет элден келчү инвесторлорду мактап жатып тили тешилди, алар качан акчасын алып келет деп көзү тешилди… Асымбекованын ишине өзүнүн бизнеси аздап тоскоол болуп жатат экен… Бакиевин жерге-сууга тийгизбей мактап турчу Жапаров каржы министрлигин алдыңкы планга чыгара албай, өзүнүн аброюн көтөрө албай убара… транспорт министри Султанов килейген үй куруу менен убара дейт…Айтор, өкмөт тарапта тескери кеткен "дейттер" аябай эле көп болуп жатат.
А жашоо болсо, кылдырай берет экен. Кылдырай кадам таштап жашаганга карапайым эл көнүп да алды окшойт…

Баратбай Аракеев





fabula





??.??