presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Садыркулова
Бакиевдердин жазаланышын талап кылды

2009-жылы 13-мартта Бакиевдер тарабынан жырткычтык менен өлтүрүлгөн белгилүү инсан Медет Садыркуловдун жубайы Айнагүл Садыркулова өткөн соттук териштирүү, иликтөө иштери болгону шоунун деңгээлинде жүргөнүн, эми учурдагы соттук иштери адилет териштирилип, күнөөкөрлөр татыктуу жазасын алыш керектигин белгилеп, "Менин жолдошумду өлтүрүшкөн башкы күнөөлүүлөр акыркы күнүнө чейин Кыргызстанда болбойт. Бийлик негизги күнөөлүүлөр делген Жаныш менен Курманбек Бакиевдерди экстрадициялап алып келиши керек" деп билдирди. Ошондой эле, Айнагүл айым, Жаңы жыл алдындагы кулак-мурун окуясы Жаныш Бакиевдин буйругу экенин ачык айтты. "Ошол окуядан кийин Медет Курманбек Бакиев менен кабинетинде сүйлөшкөн. Ошондо Свердлов райондук РИИБинин башчысын кабинетине чакырып, такалашканда, ага Жаныш Бакиев буйрук бергенин моюнуна алган. Жолдошум мындай кырдаалда иштей албасын айтканда, Курманбек Бакиев иниси эч нерсе кылбайт деп ишендирген" -деди Медет Садыркуловдун жесири Айнагүл айым.

Кукеники бүтүп,
Данчиктикине кезек жеттиби?
Кыргыз тарыхында кара жолтой премьер атыккан Данияр Үсөнов илгери Бишкек шаарынын мэри болуп шайланаар замат, шаардык кеңештин төрагалыгына Айбек Осмоналиев деген жигит отурган. Кийин Ленин районунун акими болуп жүрдү. Данияр Үсөновдун өкүл баласы делинген ошол жигитти парламенттеги социал-демократтарды башкарып жүргөн Чыныбай Турсунбеков Мамлекеттик мүлк фондусуна директор кылып отургузууга дайынданып жатканын эшиттик. Башка кадрлар калбай калгансып, эмнеге мынча "кайсалактайбыз" ыя?


Калмаматов лидерин ушакчы атады

"Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Бакыт Калмаматов парламенттик фракция лидерлери кабинеттеринен чыкпай, ушакташып эле отурушат - деп опурулду ЖКнын кечээки жыйынында. "Коррупцияга каршы күрөш ойдогудай жүрбөй жатат, Финполду башка органга өзгөртөбүз деп 70 миллион сом асманга учуп атат. Ушул сыяктуу маселелерге адекваттуу чара көрбөй парламенттик фракция лидерлери кабинеттеринде ушакташып отурушат" -деди Бакыт Калмаматов. "Балакай" депутаттын мынчалык ачууланганына караганда, өзүнүн лидерине мамлекеттик маанилүү ишин айта албай, кабинетине кире албай катуу кыйналган го…



Аңгилер парады

Свердлов раймилийсына 53 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Анын айтымында 29 жаштагы чала тааныш бирөө 18-июнда шаардагы Нурек көчөсүнөн кармап алып сабап, зордуктаганга аракет кылган. Аңгилиги ашынган неме колго түштү.

Каракол шаарында 22 жашар айбан өз үйүндө 13 жаштагы бир тууган карындашын зордуктап салган.
Булардын ата-энелери ажырашып кеткенден кийин бул эки бир тууганды эки башка туугандары багып алган экен.

Милийсага Чүй районун 29 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал аялдын айтымында азият улутундагы 25-30 жаштардагы эки неме аны Токмок шаарынын темир жол бекетинин жанынан зордукташкан. Милийса дароо кылмышкерлерди издеп тапты. Алар: 20 жаштагы Кемин районунун жана 17 жаштагы Токмоктун айбаны экен. Алар сурак берип жатат.

Көлбаев тоногон эмес экен
Башкы прокуратура минтип билдирген: "Асеин" деген ОсООнун деректири М.Кожахметов арыз менен кайрылган. Анткени, 2008-жылы кримавторитет Камчы Көлбаев "Элетр станциялары" ААКнун ошол кездеги деректири П.Иминов менен келишип алып "Асеиндин" 3 140 654 сомун ОсОО "МКМ Трейдге" котортушуп, кийин ал акчаны алып кетишкен" деп.
Кожахметовдун адвокаты Токтогул Абдиев: "Кожахметов эч кимге арыз менен кайрылган эмес" деп АКИпресске билдирди.

Бөйрөктөн шыйрак чыгарбайлычы, Дастан мырза!

Учурда миллиондогон кыргызстандыктар саясаттын сасык оюнун аз да болсо алыстап, футбол менен ооруп жаткан учуру. Жыл сайын мекендештерибиз "токолдун баласындай болуп" мындай футболдук салтанаттарды көгүлтүр экрандан көрө албай, көңүлдөрү чөгүп келген. Бирок быйыл "МегаКом" компаниясы кыргызстандык футбол күйөрмандарына чыныгы майрам тартуулап, Польша жана Украина мамлекеттеринде өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионатынан түз алып көрсөтүүнү каржылап берди. Кубанычыбыз койнубузга батпай спорттун падышасы аталган футбол тамашасына күбө болуп жатканыбызда бөйрөктөн шыйрак чыгаргандар капталдан качырып, капкайдагы кептерди айтып, элдин кыжырын кайнатып жиберди. Айталы дегенибиз "Ата-Журт" партиясынын депутаты Дастан Жумабеков деген неме элибиздин футбол көрүп жатканын көрө албай, башкы демөөрчү "МегаКомду" "каражатты максатсыз пайдаланып жатат" -деп айыптап, ач айкырык салып чыкты. Ичип-жеп келгенден башка, мамлекет үчүн пайдалуу бир ишти бүтүрбөгөн чет элдик командировкаларына коротуп жаткан элдин акчаларын өздөрү максаттуу пайдаланып жатышабы? Аларга караганда футбол күйөрмандарынын көңүлүн көккө көтөргөн "мегакомчулардын" эмгеги төөчөлүк өйдө. Анын үстүнө мамлекетке тийиштүү салыгын төлөп, андан артканына демөөрчүлүк ишин жасап жатышат. Быйылкы Европа чемпионатын Дарига Назарбаеванын айтылуу Хабары жана КТК телеканалдары көрсөтө албай, карапайым казактар футболду жаңылыктардан гана угуп, билип жатышат. Бизге жакыныраак чек арадагы айылдары "Мегаком" сатып берген түз алып берүүнү КТРК менен НТСтен көрүп, көңүлдөрү ток.


Милийсалар арасында "чоң казат"

Бишкектин "Асанбай" кичирайонунун маңдайындагы "Монте Карло" ресторанында милийсанын 15тей полковник, майорлору менен милийса академиясынын 35тей бүтүрүүчүлөрүнүн ортосунда мушташ чыккан. Мына ошол "милийса казатта" стол сынып, гүл өстүргөн идиштер менен кошо милийса аялы менен бассейнге учуп, ресторандын коопсуздук кызматынын жигиттери таяк жеп… айтор, милийса тараптын абийири кеткен экен. Болгон окуяны көргөндөр жанына түңүлүптүр… Ал эми Академиянын начальниги Алмаз Базарбаев бул оор окуяны кебездей жеңил кылып көрсөтүүгө аракет кылып жатканы. Ал окуткан немелер башында эле ушинтип жатса, ишке орношкондон кийин балээнин баарын көрсөтөт го?! Кийинки күндөрү милийса тарапта "болбос иштер" көп болуп жатат окшоду. Дал ушундай учурда министр Рысалиев мырзанын катаал аракет-чечимдери керек болуп турат. Зарылбек мырза, күнөөлүүлөрдүн моюндарын толгоп койбойсузбу…

Садыр Жапаров "Кумтөргө" таарынган го…

Депутат Садыр Жапаров "Кумтөргө" катуу чабуул жасап турат. Мына ошол чабуулду Бакиев кезинде, анын сүймөнчүк депутаты болуп турганда, болбосо Коррупцияга каршы агенттиктин комиссарлыгында жүргөндө эмне баштаган эмес?! Бирок, Жапаров баш болгон комиссиянын жыйынтыгы аны жаман атты кылууга жан үрөгөн жокпу? А балким алтынды мыкчып турган компания Жапаровго "бир кесим алтын" бергенге жарабай койгонбу… Айтор жообу жок суроолор көп. Башка бирөө айтса да "чын эле" деп ишенип калат белек, бирок "ата журтчулардын" мынчалык ашыгып жатканынын бир сыры бардай. "Кумтөрүңдүн" деле сүттөн ак иштеп жатканына ишене албайбыз, бирок төкчү салыгын төгүп жатат. "2011-жылга чейин компания дивиденд иретинде 4 млн. доллар төлөп келсе, 2011-жылы бул сумма 1 млрд. 350 млн. сомду түздү. Мындан сырткары, "КОК" мектептердин ремонтуна демөөрчүлүк иретинде 10 млн. доллар бөлсө, 2012-жылы карапайым калктын социалдык абалын жакшыртуу жаатында 21 млн. доллар чегерди" - деп жатат Бабанову. Албетте мындан да көбүрөөк төлөтсөк болот эле, бирок Жапаровчосунан "бара калып, баса калганда" пайдасына караганда зыяны көбүрөөк болот.

Үсөн Сыдыковдун үнү чыгат…

Үкөсү Курманбек Бакиев куулгандан кийин жандан кече жаздап капа болгон акеси Үсөн Сыдыков "контрреволюция" уюштурам деп, ал ою, аракети ташка тийип ишке ашпай, өзү камалып, элден, кийинки бийликтен кечирим сурап, айтор, алты амалы кеткен эле… Анан көпкө дымып жатты, уялган болду окшойт. Эми аздап баш көтөрө баштаган экен, "Азаттык" сурагандарга жооп бериптир. Деги адам жаратылышы кызык эле да, кетирген кемчилигин кезинде моюнга алат да, убакыт өткөрүп туруп анысынан танат. Ал адаттан Сыдыков акебиз куру болмок беле, баскан жолунун баары түз, таза экенин кылтыйтат да турат. Сыдыков Ош обкомунун биринчи катчысы болуп турганда кандай коррупциялык иштерди жасаганын эл жакшы билет, кийин Бакиев тушундагы "эркелик" иштери андан бешбетер дайын. Анан ошондон кийин, бул аксакал "мен" дегенин таптакыр тарыхка калтырып "кудая тобо" дегенди оозунан түшүрбөй жүрүп бербейби да…





fabula





??.??