presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Оңтойсуз суроолор


Барыктабасовдун баасы канча?
Президентттик администрациянын экс-жетекчиси
Эмилбек КАПТАГАЕВге
- Урматтуу Эмилбек Саламатович, дегеле Сиздин бийликтеги ишмердигиңиз тууралуу коомчулукта ар кандай кептер айтылып жүрөт. Бири унутулса, экинчиси калкып чыгат. Мисалы, айтылуу авантюрист Урмат Барыктабасов мамлекеттик бийликти басып алмакчы болуп, Балыкчыдан Бишкекти көздөй "жортуул" жасаган маалда Сиз коркконсузбу, же жоопкерчиликтен качкансызбы, айтор, ооруканага жата калган экенсиз. Бирок, кийин активдүүлүк кылып, камактагы У.Барыктабасовдон 4 миллион доллар пара алганга жетишкен имишсиз. Ошондуктан, кызмат абалыңызды пайдаланып, сотторго көрсөтмө берүү аркылуу оор кылмыш жасаган жердешиңиздин жеңил-желпи жазаланып, боштондукка чыгышына жетишиптирсиз. Булардын канчалык деңгээлде чындыгы бар?


60 миң сомго квартира алгың келеби?
Президенттик администрациянын учурдагы жетекчиси
Жантөрө САТЫБАЛДИЕВге
- Урматтуу Жантөрө Сатыбалдиевич, 2010-жылдын июнундагы Түштүктөгү улуттар аралык кандуу калабадан кийин Сиз Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жетектеп калган элеңиз. Угушубузга караганда, ошол кызматта туруп, кан жуткан калктын кайгысынан да пайдалана калып, байлыкка туйтунупсуз. Ош шаарына көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча тендерге катышкан курулуш компаниялары курулуучу үйлөрдүн ар бир квартирасы үчүн Сизге жең ичинен 60 миң сомдон "шапке кийгизип" анан утушка ээ болушуптур. Азыр эми курулушчу бизнесмендер аны эл арасында ачык эле айтып жүрөт дешет. Буга эмне демекчисиз?


"Намыс барбы, ар барбы?.."
Жогорку Кеңештеги "Ар-намыс" фракциясынын лидери Ф.КУЛОВго
- Урматтуу Феликс Шаршенбаевич, эл ичинде " Кулов канча жыл жогорку бийликте жүрдү, бирок, мамлекет, эл үчүн кымындай да пайдалуу иш жасаган жок" деген маанидеги сөздөр көп айтылат. Мынакей, пайгамбар жашынан өтүп калдыңыз, эми Кыргызстан үчүн жасаган ийги иш, үлгү болорлук жосундарыңызды терип-тепчип, элге бир отчет берип койбойсузбу? Бул биринчи суроо. Экинчиси: мындан 7 жыл мурда атактуу каскадер Үсөн Кудайбергенов киши колдуу болуп жан таслим болгондо: "Мен кылмышкерлерди сөзсүз табам" деп табыт үстүндө сөз берген элеңиз... А мындан 2 жыл мурда болсо "Мен Кыргызстандагы коррупциялык схемалардын баарынын бетин ачам" дедиңиз... Деги ушуга окшогон убадаларыңыздын өтөөсүнө качан чыгасыз?!


Оозбасырыкка 2 млн. дейби?
УКМКнын экс-төрагасы К.ДҮЙШӨБАЕВге
- Дегеле, апрель төңкөрүшүнөн кийин байлыкка маарып, чөнтөгүн кампайткандардын саны арбын окшойт. Имиш сөздөргө караганда алардын арасында Сиз дагы бар экенсиз, Урматтуу Кеңешбек Асанбекович. Угушубузга караганда, 2010-жылкы парламенттик шайлоонун алдында Сиз: "Сен жөнүндө менин колумда момундай компроматтар, керек болсо, ФСБнын материалдары бар. Алардын баарын жарыя кылам" деп, кандайдыр жыландын башын чыгаруу менен, азыркы премьер-министр Өмүбек Бабановду кокологон экенсиз. Андан жүрөгү опкоолжуган Ө.Бабанов ооз басырык үчүн эле Сизге 2 млн. доллар "ыргытууга" аргасыз болуптур. Ошентип, жабылуу аяк жабылуу бойдон калган дешет. Ошол компроматтарды коомчулукка азыр алып чыкса болобу?


Жаңы күч деген эмне?
Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" фракциясынын
депутаты К.ТАШИЕВге
- Жакын адамдарыңыздын айтуусуна караганда, Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, азыр Сиз жаңы адамдарды айланаңызга топтоп, жаңы бир саясий күч, кыймыл түзүүгө аракет кылып жатыптырсыз. Ушундан улам суроо туулат: эмне, "Ата-Журт" партиясынан, андагы Ахматбек Келдибеков, Садыр Жапаров сыяктуу үзөңгүлөштөрүңүздөн көңүлүңүз калып, түңүлдүңүзбү? Аларга анча ишене бербейсизби? Фракция лидерлигинен кетишиңиздин сыры ушунда жаткан жокпу? Ал эми жаңы күч, жаңы адамдар кимдер болот? Деги сиз адамдарды кандай критерий менен тандап, айланаңызга чогултмакчысыз?


Туугандуу бийде ыйман барбы?
Жогорку Кеңештеги "Республика"
фракциясынын лидери К.ИСАЕВге
- Урматтуу Канатбек Кедейканович, Сиздин агаңыз Талантбек Исаев Бакиев мезгилинде ички иштер министринин орун басары болчу. Ал 2010-жылдын 6-апрелинде бакиевдик бийликти коргоп калам деп Нарынга барып, көтөрүлгөн элдин демин басууга аябай аракет кылган. Бирок, жаалданган калктын сүрү андан күчтүүлүк кылгандыктан, кайра Бишкекке качып келүүгө аргасыз болгон эле. Т.Исаевдин ити кайра чөп жеп, азыр Кыргызстандын башкы "маичиси" кызматын ээлеп калды. Агаңыз бул кызматка Сиздин түздөн-түз кийлигишүүңүз менен келгендиги айтпаса деле айгине болуп тургансыйт. Анткени , Бакиев режимин коргогон "начальник-менттер" чоңоймок турсун, кара башын бекитип качып жүрбөйбү бу кезде. Буга эмне дейсиз?


Дале "За главкома!"-бы?
Жогорку Кеңештеги "Ар-Намыс" фракциясынын
депутаты Т.МАМЫТОВго
- Урматтуу Токон Болотбекович, өлкөнү Курманбек Бакиев бийлеген кезде Коопсуздук Кеңешинин катчысы кызматында туруп, бир жолу Нарынга иш сапар менен барганыңыз эсиңиздеби? Ошондо облустун активи, кадырлуу аксакалдары менен кошо чай-пайлаша калганда Сиз арак куюлган рюмканы жалаң "За главкома! За главкома!" деп көтөрүп, жалгыз Курманбек Салиевичтин ден соолугу үчүн гана шыпкап ичип турган элеңиз. "Бул кошоматын эми президентке ким жеткирип бармак, элге окшоп жөн эле иче бербейби" деп, Сизге ошерде "ич күйдүлүк" кылгандар да болгон. Токон Болотбекович, айтыңызчы, азыр ким үчүн рюмка көтөрүп, кимдин ден соолугу үчүн тост айтып ичип жүрөсүз? Эл экен да, нарындыктар ушуга аябай кызыгып жүрүшөт.


Даярдаган Азамат АКЕРОВ






fabula





??.??