presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Мидин Алыбаевдин 95 жылдыгына карата...
Качкын Оторбаев:

Мидин


Ал материалды окуган райкомдун биринчи катчысы Мидинди өзүнө чакырып: - Мидин, бул газетадагы материалдар ар дайым Борбордук Комитетте окулат, мындай сын материалдарды жаза берсек өзүбүз элге кеп-сөзгө калабыз го? - дейт.
Мына бүгүндөн баштап, бюронун чечими менен сени редакторлук кызматка бекиткени жатабыз. Мындай материалдарды экинчи гезит бетине баспай жүргүн макулбу?-деген имиш.
Ал газетага жарыяланган ырдын маани-маңызы төмөнкүдөй болчу:

- Маласы "чычырканактан",
Тикенек колду канаткан…
Чилмейген жээрде арык Ат,
Чиренип сүйрөп бараткан…
Ушундай мыкты "шайманды"
Ойлочу деги ким тапкан?

36. Үч мүчөлдөн өтсө да,
Жеңем дале жаш бойдон…

Кыргыздын белгилүү жазуучуларынын бири, Москвадагы бир чоң жыйынга барып келиптир деген кабарды угуп, кеп-сөзүн угайынчы деген ойдо Мидин, дем алыш күн болгондуктан анын үйүнө барып калат.
Барса, ал адам диванга чалкалай отуруп алып, атайы аялына Москвадан ала келген кымбат баалуу аң терисинен тигилген кымкап тонду ага жамынтып, нары-бери бастырып сынап карап турган кези экен.
Мидинди көрө коюп, баягы адатынча бапыраңдап:
- Ырас келген турбайсыңбы тентегим, жеңеңе деп туулган күнүнө арнап, атайлап Москвадан ала келдим эле. Кана, сынашып жиберчи. Жеңеңе жага тургандайбы деги, бул белегим... - деп калды, көзүн байкатпай Мидинге кысып.
Жылуу маанайды жыт ала түшкөн Мидикең, турган эле жерден:

- Үч мүчөлдөн өтсө да,
Жеңем дале жаш бойдон…
Арзып келген меймандын,
Алдына тамак-аш койгон…
Колу ачык берешен,
Конок күтүп маш болгон…
Алтындай ушул жеңеме,
Агамдын берген белеги…
Бир башына кут болсун,
Баарылап сынап көрөлү…
Жеңе,
Апкелген белек татына,
Аябай,
Жарашат экен жашыңа…
Байкемдей Айкөл жигиттин,
Бак берсин, Дөөлөт башына…
Эми,
Башыңызга кут болсун
Байкемдин ушул тартуусу…
Дасторконго толуптур
Бар тамактын таттуусу…
Каңкуулап сизден күтөбүз,
Качан келет "ачуусу"?..
десе, жеңеси шаңкылдап күлүп, кымбат баалуу кымкап тонду кыдырата тизилген кийимдер турган гардеробго илип, буфетин ачып, Москвадан жолдошу ала келген "беш жылдыздуу" Армян коньягынын оозун ачып, бар тамагын дасторконго жайнатып, төгүлтүп чачылтып калды - дейт жеңеси Мидинге бар тамагын бергенче шашып…

37. "Бөдөнөнүн сүтү"…

Райкан Шүкүрбеков сыркоолоп ооруканага жатып калат. Арадан үч-төрт күн өтпөй аны көргөнү Мидин досу барат.
Терезеден баш багып, Райканды чакыртып Мидин, колуна бир бөтөлкөгө толтура куюлган чаңгыл сүт, эски гезитке оролгон эки туурам эт, анан жарым барак бүктөлгөн кагазды колуна карматат.
Берген "передачасын" көрүп, көңүлү жыйрыла түшкөн Райканга Мидин көөнүп:
- Эч капаланбай тур досум, кабагыңды жыйрыбай ачып. Бөтөлкөнүн ичинде "бөдөнөнүн сүтү" бар деген имиш, медсестра келинге акырын угузбай кулагына шыбырап жатып…
Көрсө, Райкан досунун табитин жакшы билген Мидикең, келген тура бөтөлкөдөгү аракка сүт кошуп, досунун демине-дем болсун деп күч кошуп... Бүктөлгөн кагазда:

- Аракка койдум сүт кошуп,
Аны, иче бер досум токтоосуз!
Ал сага берет күч кошуп…
Айыгасың бат эле,
Ээрчишип анан бирге жүрөбүз,
Баягыдай окшошуп...
деген эле ыр саптары экен...

38. Кочкордон "Аабут" кеткенде,
Жумгалга барып түштүм мен…

Мидин "Чалканда" адабий кызматкер болуп иштеп жүргөндө, ошол кездеги журналдын редактору Айткулу Убукеев аны Кочкор районуна эки күнгө чыгармачылык командировкага жиберет.
Кочкордогу жумуштарын бат эле бүтүрүп ал, андан ары Жумгалды көздөй "чү" коёт... Себеби ал жерден Жумгалдагы анын жакын достору жолугуп калат. Ээн эркинче тойлоп, сагынычын таратып жүрүп командировкадан үч күн кечигип редакцияга барат.
Анын журналга кетчү материалын чыдамсыздык менен күтүп жаткан редактор Убукеев, Мидинди өзүнө чакырып кечиккен жөнүн сураса, Мидин минткен имиш:

- Сөзүмдүн айтсам түздүгүн,
Тарталбай аттын "тизгинин"…
Кочкордон "Аабут" кеткенде,
Жумгалга барып түштүм мен…
Кечирип мени коюңуз,
Кечиксем "болбос иш" менен…
Айткулу Убукеевич! А бирок
Аябай сыйлайм сизди мен -
дептир, бир аз кечиккенин керемет бул саптар менен коштоп...

39. Ашыке,
Улуулук салтын кылбасаң
Ушундай болот ар качан...

Согуш жаңы эле басылган жылдар болсо керек эле. Элдин турмуш шарты али да оңоло элек кез...
Райондо ар кайсы жооптуу кызматтарда иштеген төрт-бештей кызматкер Фрунзе шаарына бир айлык жогорулатылган курска барып окуп калышат. Алардын арасында Мидин да бар болчу. Жумгалдан барышкан баягы бешөө "Дыйкандар үйү" деген мейманканадан чогуу-чаран орун алышып, бирге туруп калышат. Кезектешип да, улам бири тамак алып, ичкен-жегендери да чогуу болот. Мейманканада жашап турушкандарына да жарым айдан ашык убакыт өтүп кетет. Бардыгынан эң улуусу Ашыр деген киши эле. Ал беркилер тамак алышса, үзүлүп түшүп ичип-жеп, өзүнө келгенде дудуктай үн катпайт да, унчукпайт. Билмексенге салат. Анын оюна койсо кетер кеткиче "кокон" тыйын да чыгараар түрү да жок.
| Уландысы бар |








fabula





??.??