presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



"Керексиң мага абадай"


Жолго чыкканда дайыма үн катпай, өткөн-кеткенди, бала чагымды эстеп, түркүн кыялга чөмүлгөндү жакшы көрчүмүн. Бирок бул жолу андай болбоду.
Мени менен чогуу бараткан күйөөсү менен келинчегинин шарактаган күлкүсү, мотурайган эки бөбөктүн ата-энесинин "мээсин чаккан" суроолору, автоунааны жарып жиберчүдөй жаңырган музыка бир калыпта кыялга чөмүлүүмө тоскоол болуп туруп алды.
Бир чети жиним келип, бир жагынан таңыркап, болор-болбос нерсеге эмне эле каткырышат деп кыртышым сүйбөй бараттым. Жолдошу кыңылдап, музыкага кошулуп, ырдамыш болуп коёт. Кайсы ыр экени эсимде калбаптыр, бирок "керексиң мага абадай" деген саптары көңүлүмө уюду.
Бир убакта байке баласынын башынан сылап, "уулум, кызым үчөөбүз сен Орусияда жүргөндө ушинтип ырдаганбыз да" дегени кулагыма шак дей түштү. Көрсө келинчеги балдарын багайын деп, алыскы Орусияга иштеп кетип, жаңы эле келген экен. Балдарын атасы карап, Кыргызстанда калыптыр.
Бул окуя кызыктуу сезилип, алардын мамилесине астыртан байкоо жүргүзө баштадым. Келинчегинин жүзүнөн, күлкүсүнөн сагыныч, кусалык, кубаныч сезилип турду. Жолдошунун көздөрүнөн, ырынан сүйүнүчтүн учкуну чачырап, телегейи тегиз болуп, бакытка балкып турганын байкадым.
Эркек баласы 5-6, кызы 3-4 жаштар чамасында болчу, алар да бир орунга отурбай шоктонушат. Бир сүрөтчүнүн ар кыл боёктор менен тарткан үй-бүлө деген картинасын көрүп жаткандай ичимен суктанып бараттым. Эрксизден жылмайып, аларга кошулуп, каткырып күлгөнүмдү да байкабай калдым.
Жашырганда эмне, бул эми турмуштун ачуу чындыгы, айыл калбай үй-бүлөдөн бирөө "бала-чакамды багайын" деп, Орусияда же Казакстанда жер кезип жүрөт. Алардын катары азайгандын ордуна мигрант мекендештерибиздин саны күн сайын көбөйүп жатпайбы. Бар болгону 400 эле түтүнү бар айылымда ар бир үчүнчү үйдө бирден-экиден мигрант кездешет.
Жер кезип кеткен мекендештерибиз көбөйгөн сайын үй-бүлө деген баалуу нерседен жарака кетип жатканын ойлонобузбу? Кичинекей кезимде атам жаңы баш кошкон жубайлар эки жакта бөлүндү жашаса, же болбосо балдарын таштап коюп, башка жакка кеткенин көрсө, "үй-бүлө болгондон кийин эки жакка бөлүнбөй бала-чаканы чогуу тарбиялап өстүрүш керек, балдары бир жакта, аялы бир жакта жашоо кантип турмуш болсун, ата-эне берген таалимди эч ким бере албайт" деп айтканы кулагыма сиңип калганбы, үй-бүлө десе бир бүтүн мамлекет эсиме келет.
Мындан үч жыл мурда тааныш эже балдарын, күйөөсүн үйүнө калтырып, Орусияга иштегени жөнөгөн. Өз үйүндө өлбөгүдөй оокаты, короо толгон малы деле бар болчу. Бир жылдан кийин кайра келди. Жолдошу "күнү-түнү телефонун чукулайт, менден жашырынып ар ким менен сүйлөшөт, соо эмес, ал жактан бир тажикти таап алыптыр" деп шек санап жатып, аялынын абийирин төктү. "Үйүнөн бакыт таппаган аял эч жерден бакыт таппайт" деген сөз бекеринен айтылбаса керек, ал эже да ошентип Орусиядан мүшкүлдү өз башына үйүп келди. Күйөөсү көзү менен көрбөсө да, шек санап, эжени үйүнөн кубалап чыгып, ажырашып тынышты. Балдары чилдей тарап, үй-бүлөсү күзгүдөй быркырады. Жолдошу ээн үйдө коколой башы менен калды.
Мен көргөн адамдар алардан айырмаланып, жүздөрүнөн кубаныч төгүлүп турса да, эртең эле экиге бөлүнүп, айрылуу азабын чекпесе экен деп, астейдил тилек кылдым.

Нуржан Жумабек кызы




Эки үйдүн эркесимин...


Кечээ "Азаттыктан" интернационал үй-бүлө тууралуу берүүнү уктум. Ал үй-бүлө өзбек жана кыргыз улутунан түзүлгөн экен.
Муну угуп отуруп өзүмдүн үй-бүлөм тууралуу сиздерге айтып берүүнү чечтим. Анткени бир үй-бүлөдө кыргыз, өзбек, орус, казак улутундагы адамдардын чогуу түтүн булатып жашаганы сиздер үчүн кызыктуу болот деп ишенем...
Үй-бүлөм борбор калаадан алыс эмес айылда турат. Айылыбызда 21 улуттун өкүлү жашагандыктан интернационал үй-бүлөлөрдү көп кездештирсе болот. Бардыгы камыр-жумур болуп, ынтымакта жашап келишет. Кичине кезимде кыргыз үй-бүлөлөр саналуу болчу. Көбүнчө немис, орус, татар, дунган улутундагылар эле. Алардын балдары менен чогуу ойноп жүрүп, бири-бирибиздин тилдерибизди үйрөнүп алганбыз.
Ал эми өзүмдүн үй-бүлөм тууралуу кеп салсам, атам кыргыз, апам жергиликтүү казактын кызы. Бирок үйдө жалаң кыргызча тарбия алганбыз. Бирок мен эки башка улуттун тарбиясын алдым десем болот. Анткени кыргыз-өзбек үй-бүлөсүндө да тарбия көрдүм. Ата-энем жумушка, бир туугандарым окууга кеткенде үйдө жалгыз калчумун.
Бала бакчага барчу эмесмин. Бирок айылдын "чоң апасы" күндө эртең менен келип, мени алып кетчү. Анткени айылда көпчүлүк балдарын ага караан кылып таштап кетишчү. Башкача айтканда "Рахима чоң апанын бала бакчасы" деп коюшаар эле.
Күндө эки үйдүн ортосунда жүрүп, күйөө баласы менен кызы менин экинчи ата-энем болуп калышты. Тайэнем мага таттуунун түрүн жасап, өзбекче ырлардан созуп, жомокторду айтып берчү.
Экинчи үй-бүлөмдө атам кыргыз, апам өзбек улутунан. Ошентип алардын жалгыз уулу, байкемдин орус кызы Людмилага үйлөнгөнүнө жети жылдын жүзү болду. Жеңемдин аты Лола. Үйдө биз менен кыргызча сүйлөшөт. Орус мүнөз болуп чоңойгон байкеме караганда өзбекчени, каада-салтты жакшы билет. Ал эми эки баласы - Рашид менен Султан эки тилде тең жакшы сүйлөшөт.
Эң кызыгы - кичүү баласы Султан орусча түшүнсө да тайэнеси менен кыргызча баарлашат. Ал эми улуусу быйыл мектепке барып, орус тилин үйрөнүп жатат. Кээде көчөдөн бирөөлөр "эй, орус" деп койсо, "эмнеге орус дейсиң, өзүң орус" дешип тийишкендин катыгын беришет.
Үйдө кимдин төркүнү келсе, ошого жараша салттар колдонулат. Өзбек тагалар келсе өзбекче, орус кудалар келсе орусча, кыргыздар келсе кыргызча тосуп, меймандап кетиребиз. Кээде бардыгы чогулганда баары кыргызча болуп кетет.
Дем алыш күндөрү айылга барганда эки үйгө тең барып, учурашып келем. Мени тарбиялап өстүргөн эки ата-энеме терең ыраазычылыгымды билдирем. Бир үйдөн аскердик темирдей тартипке үйрөнсөм, экинчисинде көркөм өнөр менен адабиятка дос болуп чоңойдум. Бүгүнкү күнгө чейин алардын кичинекей эркесимин...

Айпери Сейитбекова



fabula





??.??