presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Көз караш…

ЖАМАН АЙТПАЙ, ЖАКШЫ ЖОК


Бир кездерде жашыл жана таза шаар аталган баш калаабыздын көркү барган сайын кетип, бактарынын жашыл бутактарынан капкара болуп, куураган бутактары көбүрөөк, тартипсиз, баш-аламан, ыплас шаарга айланып баратканы бишкектиктерди гана эмес, бүтүндөй кыргызстандыктарды кейитет.
Мэрибиз гүл тигип, көчөлөрдү оңдоп, Ош базарын тартипке келтире баштаганда,- буйруса мэрден жолубуз болгон окшойт,- деп андан чоң үмүт арткан элек Кийин тигилген гүлдөрдүн наркын уккан соң , - баягы Үсөновдун лотереясындай болгон турбайбы, -деп катуу кабатыр болдук.
Көп эле жакшы иштер башталып, аягына жеткирилбей, бүткөрүлбөй калат да кайра мурунку таз кейпинен да жаман болуп чыга келет. Мен ката жазылган жарнактар, акыр-чикирге толгон , эл үчүн жасалган, бирок тартиптин жоктугунан пайдаланылбаган жер астындагы өткөөлдөр, борбордун четиндеги тазаланбаган скверлер жөнүндө эмес, көкөйгө көк таштай тийген Ош базары жөнүндө сөз кылгым келди.
Сиз кышында, же кар эрип, жамгыр төккөн жаз - күздө Ош базарына барсаңыз керек. Анда сиз ошол мезгилдерде базардан кайткан адамдардын шымы, юбкасы, оболу пальтосу да белчесинен баткак болуп, андагы баш - аламандыктан, ыпластыктан жүрөгү айланып, башы ооруп кайтаарын , албетте, жакшы билесиз. Базардын ичи гана эмес, айланасы да катарсыз чалды-куйду коюлган күмөн товарларга жык толгон. Мында бардык санитардык нормаларга карама- каршы азык-түлүк товарлары менен Кытайдан келген сапатсыз өнөр-жай товарлары аралаш сатылганы аз келгенсип, өтүкчүлөр менен усталар да өздөрүнүн кызматын сунуш кылып олтурушат.
Ош базарына кирүүчү кайсы гана жолду албагын эт, нандан баштап жемиш, байпак толтурулган тачкалар менен тосулган.
Жамандык айтып келбейт.... " Жаман айтпай жакшы жок "-деп айткан акылман элибиз. Анын жүзүн ары кылсын деңизчи, эгер базардын ичинен өрт чыкса ... абал кандай болоорун элестетким да келбейт.
Мурда, совет мезгилинде, азык-түлүккө аралашкан адамдар үч айда бир жолу санитардык кароодон өтүшчү . Азыр кандай болду экен? Күмөндөр сатуучулар саткан сапырылган чаңга аралашкан жол боюндагы корея салаттары, манты,нан, самсы жана башка азыктар жуулбай желе турган тамактар эмеспи, дагы элибизди кудай сактап жүрөт.... "Аккан сууда арам жок" деген мезгилден алыстап кеткенибиз качан.
Бир жыл мурда базардын жанындагы аялдамада эски болсо дагы кары-картаңдар, майыптар, балалуулар олтуруп, эс алуу мүмкүнчүлүгү бар эле. Азыр ал аялдаманын жарымын сапатсыз жана адамдын ден соолугуна зыян гана келтирген азык - түлүк жана буюм саткандар ээлеп алган. Олтурууга олтургуч, күндөн, жаандан калкаланууга чатыр жок.
Бюджетибиз дефициттен арылбай ар дайым салык менен бажы кызматтарын эле карап олтурабыз. Ош базарынын айланасындагы тартип бузуулардан мамлекеттин казынасына күнүгө миллиондогон сом түшүрүүгө болоор эле, эгер МАИнин кызматкерлери өздөрүнүн ишине жоопкерчиликтүү мамиле жасашса.
Аюуну деле үйрөтсө бийлеп, секирип, адамдардын көңүлүн ачып жатпайбы. Жаныбарлардын акылдуусу - Адамды акыр-чикирди туш келди ыргытпоого, какырынып-чимкирбөөгө, жол эрежелерин бузбоого кантип көндүрүүгө болбосун?
Балдарыбызды канткенде Мекенин, жашаган шаарын, айылын сүйүүгө жана урматтоого, тартиптүүлүккө тарбиялайбыз?

Уулкан Сариева
Бишкек шары




Каргышка калган хан качты,


түндөсү ханды албарсты басты


Закиржан качты элинен,
"Теңир Тоо" кутман жеринен,
Карааны калды көрүнбөй,
Каргышы тийген Теңирден", - дейт эл ичинде.
Кандуу моюн "Закиржандын" 7 - кабат Ак үй алдында аттырып таштаган 87 жигиттин канга чыланган бейкүнөө денеси көз алдынан кетпей, ал учурдагы элдин ызы-чуу, ый-муңу, кулак-мээсин жеп жатып түндүн бир оокумунда өлүмсүк көзү илинди.
…Түркүн дүйүм аш-тамактардан үстөл үстү бапырайт. Формасы көз талдырган, алтын буттуу идиштерде куюлган ичкиликтер койкоёт.
Ар бир шишенин баа-баркын кадыр-сыйы катардагы жарандын кунунан ашып түшөт го чиркин. Болгону да, болбогону да түркүн дүйүм тамак-аштын баары бар. Бир гана аромат жыты буркурап жан кумарды кандырган кыргыз кымызы жок.
Андан да "Аврора" пансионатында бактырган, желинен жер чийген Кавказ тукумундагы зор эчкилердин ынак сүтүчү… Буусу буркурап, майы уурттан куюлган уйгур-сарттардын мантысы көрүнбөйт үстөлдө.
Эчки сүтүнүн жанга жагымдуу асылдыгын, эне сүтүнөн айырмасы жок жанды жашартып турарын Закиржан Бакиев гана билчү. Анын "менчик" көзү ачык дарыгери "Закиржанга" ийне жибине дейре түшүндүрүп, мээсине куйган болчу. Француз вискисинен хрусталь стаканга чубурта куюп, Белоруссиянын чочко этинен жасалган каңырсык мантыдан бирди колго алып, стаканды эми көтөрүп жиберерде каалга шарт ачылды. Карай салса, Кудай бетин салбагай кал, он уктаса түшкө кирбеген, бир шумдукту көрө коюп Алласы оозунан түшүп, бүткөн бою дүркүрөп, төбө чачы тик турду.
Тигинин эңгезердей алп денесин түк баскан орангутан кейиптенип мойну буржуят. Төбөсү жылтырап тасыракай.
Салаңдаган кабагынын алдында үңүрөйгөн көзү бирде жашыл, бирде кызыл чок болуп кубулат.
Жалжайган ит аяк оозу эки чайнап, бир жутчудай. Шортиктен башка жылаңач денесинин булчуңдары бөлөк-бөлөк буржуят.
Колунда эки мүйүздүү шамшар жалаңдайт. Эңгезердей бул жаналгыч жайма-жай жыла басып келип:
- Тур акмак! Колго түштүңбү. Канга тойбос жырткыч, карышкыр. Дагы эле мантыга тойбой жүргөн тура иттин канчыгы! Калган мантыңды эми мен жедирейин.
Тигил алп денелүү калчылдаган "Закиржанды" шилиден мыкчый кармап башын кержийте тартты. Жалаңдаган эки мүйүздүү шамшарын кекиртекке такап туруп:
- Катынпоз, канкор, аңги! Мен шарт эле маңги башыңды кесип ыргытпайм. Күнөөсүз канча адамдын канын төксөң, ошончо кан тамырыңды бирден кесип, качанаак бутуңдун тарамыштарын санап кыркам. Өзүң таппай жүргөн бөйрөгүңдү сууруп чыгып, жара тилип өзүңө сугунтам. Адамдан башка жаралган таш жүрөгүңдү сайгылап ойготуп, ар бир тамчы каныңды бирден санап, 2002-жылы 17-мартта сен аттырган аксылык 6 адамдын, 2010-жылы 7-апрелде кырдырып канга чыланган 100дөн ашуун баатырдын өлүмү жүздөгөн майыптардын, көлдөгөн көз жаш, көкүрөк дартынын кунун төлөтөм.
- Кана айтчы кан ичкич канкор-жырткыч, буга эмне дейсиң? Тилиңди сууруй электе сүйлөп кал.
- 7-март 2008-жылы сага окшогон мыкаачыга эл соттору өкүм чыгарганда эле эсиңе келиш керек эмес беле ит.
Эки мүйүздүү шамшар кекиртекке такалып эми кыйып түшөөрдө "ба-а!" деп бакырган Закиржан дивандан кулап түштү. Кара терге түшкөн муздак денеси калч-калч жүрөгү дүк-дүк согуп, өлүү тирүүнүн ортосунда кыйлага башы туман нес болуп отурду.
Манас тукумунун канын аркалаган бийлик байлык үчүн тынч элге бүлүк салган, Закиржан түшүндө көргөндү эми өңүндө көрөөрү анык.
Ушул кыска өмүрдө "Закиржанга" караганда короо кайтарган шалпаң кулак балтектин түн уйкусу тынч.
….Калк каалабаса хан кетет, эл кааласа эркелетет. Ханды Кудай ураарда өз элине кас болот, пайдасы мүлдө аз болот. Закиржан зулум кутурду, букарасын тең көрбөй, бузуп журттун мүнөзүн бирине бирин тукурду. Закиржан качты элинен "Теңир Тоо" кутман жеринен, карааны калды көрүнбөй, Тейитбектин элинен.

Сартбай Дубанбай уулу
Ата Мекендик согуштун эмгек
каарманы. Ак-Суу району,
Кайырма -Арык айылы.





fabula





??.??