presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Миң-Куштун миң кайрыгы...

Миң-Куштагы бир көйгөй миң көйгөйгө тете...


Биздин өлкөдө көйгөйгө көмүлгөн атактуу жерлер абдан көп. Алардын алдыңкы сабында союз кезинде Москванын көзөмөлүндө болуп келген Жумгал районундагы айтылуу Миң-Куш шаарчасы да бар. Чынында эле ал кезде Миң-Куш шаарча болуп, мактоого гана арзып турса, азыр шаарчанын абалы өтө аянычтуу. Анда кеп башынан болсун...
Миң-Куш шаарчасы 1947-жылга чейин эч ким барбаган аска - зоокалуу, ээн кокту болчу. Миң-Куш деп аталганга чейин, бул жер жалпы жонунан Кабак деп аталып келген. Ал аймакта кара алтын деп эсептелген көмүрдүн мол кени бар экендиги Байзак баатырдын доорунда эле аныкталган. Ал тургай Кара-Кечеден Миң-Куштун тоолоруна чейин созулуп, эчен кылымдарды карытып былкылдабай жаткан кара алтындан Байзак баатыр кышкысын жигиттерине каздырып келип, биринчи болуп өзү "ооз тийген" экен. Согуш аяктагандан кийин орус окумуштуу-изилдөөчүлөрү Кабакта көмүр кени гана эмес, дүйнө өлкөлөрүндө сейрек кездешүүчү уулуу зат, кадимки атом бомбасынын өзөгүн түзө турган уран ( радиоактивдүү химиялык элемент) кени бар экенин чалгындоо учурунда аныкташат. Ошондон кийин бул жер орустар үчүн "ыйыктын ыйыгындай сезилип" Сталиндин буйругу менен Москванын көзөмөлүнө алынат. Натыйжада 1947- 1960-жылдардын аралыгында кабат-кабат үйлөр түшүп, түшкө кирбеген шаарчага айланат да, миң түркүн куштар сайрап мекендеген ажайып бул жер Миң -Куш деп аталып калат. Миң-Кушка кыска убакыттын ичинде 2 башталгыч , 3 орто мектеп, 1 клуб, 3 театр, 4 бала бакча, 1 музыкалык,1 спорт мектептери, атагы алыска кеткен "Оргтехника" (убагында бул заводдо 3 нөөмөт менен миңге чукул адам иштеген) заводу, ТЭЦ, кесипчилик окуу жайы, китепкана жана оорукана салынат. Шаарчага көчүп келген адамдардын саны тездик менен (Россиядан жүздөгөн орус туугандарыбыз да көчүп келген ) көбөйүп, жашоочулардын саны 15 миңге чейин жетет. Миң-Кушка суктанып, ал жакта жашагысы келген адамдар четтен табылчу. Жогоруда айтылгандай Миң-Куш тоолуу жана кокту-колотту жер, түз жерлери аз. Ушундан улам эл жашаган түз жерлер бир нече аянтчаларга бөлүнөт. Алар 16-17-20- жана 21- аянтчалары деп аталат. Мунун да өзүнчө жандырмагы бар. Мисалы, Миң-Куш шаарчасынын 16-аянтча деп аталган жери деңиз деңгээлинен 1600, 21- аянтчасы 2100 метр бийиктикте орун алгандыгы менен түшүндүрүлөт. Тепкич сымал улам бир бийик секинин үстүндөгү тегиз аянтчалар кол менен атайын жасап койгондой көрүнүп, көргөн адамдын таңкалуусун жаратпай койбойт.
1955-1970- жылдардын аралыгында орус адистери Миң-Куштан 100дөгөн тонна уран (анын басымдуу бөлүгү 17-аянтчага жакын жерден казылган) казылып, Москвага ташып кетишкен. Миң-Кушту кыска убакыттын ичинде гүлдөгөн шаарчага (болгондо да Москванын камсыздоосундагы) айлантуунун эң башкы сыры ушул уран казып алуу менен байланыштуу болгон. Албетте, бул сырды ал кезде көпчүлүк биле бербеген. Москва ал жердеги уран кенин, башка жакты кой, жергиликтүү эл үчүн да жашыруун сыр катары сактаганга аракет кылган. Ушундан улам, Миң-Куш уран казылып жаткан учурунда чычкан кире алгыс бекемдикте кайтарылып турган.
Белгилүү болгондой Миң-Куштан казып алган уран менен Советтер союзу атом бомба жасап, дүйнөдөгү эң күчтүү ири державага айланган. Бирок Москва үчүн Миң-Куштун орду канча маанилүү болсо, андагы уран кенин сыр бойдон сактап калуу маселеси андан да маанилүү болгон.
Союз кезинде уран казуу иштери менен улай (Кара-Кеченин көмүрүнөн мурда) Миң-Куштун көмүрү казылып алына баштаган. Мисалы, союз гүлдөп турган учурда Миң-Куштан жылына 450 миң тоннага жакын көмүр казылып алынып турган. Бул азыркыга салыштырмалуу өтө чоң көрсөткүч, маалымат катары айта кетсек, учурда ал жактан жыл сайын болгону15-20 миң тонна гана көмүр казылып алынат. Тамшанып эске сала кетчү жагдай Миң-Куштун ушуга окшогон миң кайрыктарынын бири - бул союз кезинде жакшы жолго коюлган кышкы спорт оюну хоккей эле. Кыргызстан боюнча бир гана Миң-Кушта хоккей оюнун боюнча Орто Азиянын чемпионаты өткөрүлүп турчу. Бирок азыр деле хоккей оюну ал жакта таптакыр солгундап кеткен жок. Акырындык менен кайрадан жандана баштады. Маселен, былтыр миңкуштуктар 50х25 өлчөмдөгү хоккей муз аянтчасын 300 миң сомго курушуп, биринчи ирет облус боюнча чемпионат өткөзүштү. Азырынча ал жактагы жаштарды өзүнө тартып алаксыткан жакшы көрүнүштөрдүн бири ушул

Уулуу урандын
кесепети

Ошентип дүйнөлүк картада орду эбегейсиз чоң болгон СССРди атом бомбасы бар кубаттуу державага айланткан атактуу Миң-Куш союз кулагандан кийин Москванын камкордугунан кур жалак калат. Жыл өткөн сайын куту качып, завод, театрлар иштен чыгат. Алдым-жуттум атка минерлер менчиктештирүү убагында ырыстуу мекемелердин баарын менчиктештирип, андан калганын сатып жиберишет. Анысы аз келгенсип, казылып алынып, бирок айрым бир жерлерде жакшы көмүлбөй калган урандын калдыктары барган сайын ачыкка чыгып, аба аркылуу жергиликтүү жашоочулардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип баштайт. Миң-Кушта жалпысынан Туюк-Суу, Талды-Булак, "Как -1", жана "Дальный" аттуу 4 хвостохранилища бар. Алардын ичинен бүгүнкү күндөгү эң кооптуусу, Миң-Куштан 2 чакырым алыс жайгашкан Туюк-Суу (аты эле айтып тургандай мунун түбүнөн суу агып өтөт) хвостохранилищасы. Бул жерге 480 миң куб. метр уулуу зат көмүлгөн. Бул жерге жакын жайгашкан тоо боорлору 4-5 жылда 1-1,5 метрдей жылып жатат. Эгер ушул темп менен жылып олтурса, аз жылдын ичинде (кокус кыян, сел сыяктуу табигый кырсыктар болуп кете турган болсо, бир күндүн ичинде дейли) Туюк-Сууну бөгөп калат да, анын алдындагы уран калдыктары ансыз да уранга ууланган Миң-Куштун суусуна куюлат. Миң-Куштун суусу түз эле Көкөмеренге куят. Көкөмерен болсо, Нарын дайранын негизги бөлүгүн түзөт. Нарын дарыябыз , Токтогул ГЭСин толтуруп турат, андан ары Өзбекстанга... Кыскасы, бүтүндөй дайраны уулуу зат булгап коюу коркунучу бар экенин эске алуу зарыл. Андай абалга жеткирбөө үчүн сөз болуп жаткан хвостохранилищаны жакшылап көзөмөлгө алып, андагы калдыктарды коопсуз жайга алып барып көмүү, же жылып жаткан тоо боорлорун тосуп бекемдөө абзел. Бул кооптуу маселеден эртеби-кечпи чоң экологиялык коркунуч келип чыгышы толук мүмкүн. Ал эми ошол эң эле деп эсептелген Туюк-Сууда 31 түтүн эл жашайт. Азыркы чечилбей жаткан биринчи көйгөй ошол 31 түтүн элди коопсуз жерге көчүрүү болуп саналат.
Радиация демекчи, радиациянын өлчөмү норма боюнча 60 микрорентген сааттан ашпашы керек. Алсак Бишкекте радиация 18-20 микрорентген саат. Миң-Кушта болсо 200-300 микрорентген саат экени аныкталган. Эгерде Миң-Куштагы көмүлгөн жердеги уран калдыктары ачылып кетсе, анда радиациянын өлчөмү 1000 рентген саатка чейин көбөйүп кетери да иликтенген. Кудай анын бетин нары кылсын деңизчи, бирок радиациянын нормасы мынчалык көрсөткүчкө жетсе, анда ал жердеги адам үчүн да, жан-жаныбар, канаттуулар үчүн да жашоо жок. Бул биринчи маселе, экинчи маселе 1000 рентген саатка чейин жеткен радиация аба аркылуу Миң-Куштан чыгып, канча жерге тарайт?
1990-жылдардын башында япониялык кен чалгындоочу адистер Жумгалдагы кендерди чалгындоо максатында Жумгалга келишет. Бирок Жумгалдагы Дыйкан айылына (Дыйкан менен Миң-Куштун аралыгы 75 чакырымдай ) жеткен кезде, дароо артка кайтууга мажбур болушкан. Себеби өздөрү менен ала жүргөн радиациянын өлчөмүн ченеген аппараттан абадагы уран радиациясынын нормасын көрүшүп, жүрөктөрү түшүп: "бул жактагы эл мынчалык жогорку нормадагы радиация менен кантип жашап жатышат"- деп баш чайкап таңкалып кетишкен экен.
Миң-Куштагы урандан тараган радиациянын даамы, же жыты билинбейт. Эч нерсе да сезилбейт. Баары ойдогудай болгонсуганы менен бир нече жылдан кийин билинбей эле адамдын ден соолугуна зыяндуу таасир тийгизип коёт. Себеби Миң-Куштун абасы, топурагы жана суусу урандын уусуна эчак жуурулушуп калган.
Ал жакта көп жылдан бери жашаган адамдардын организми жедеп урандын радиациясына көнүп калгандыктан улам, башка жакка барып жашаса, ооруп калышат. Ооруну жоюуга врачтардын күчү жетпейт. Анын бир гана табигый жолу бар. Ал радиациялуу Миң -Куштан эч жакка көчпөй жашоо керек, же башка жакка көчө турган болсо ал жактын топурагынан арбын ала кетүү керек. Айтмакчы, топуракты ала кетүү ыкмасы уран казып иштеген орустардан калган ыкма экен. Алар Москвага кетип жатканда, Миң-Куштун топурагынан мүмкүнчүлүктөрүнө жараша алып кетишкен экен. Башка жакка көчүп кетип, ооруган учурда ал жактын топурагы менен дарылаган миңкуштуктар арбын. Кантип? Жаткан бөлмөсүнө топуракты идиштерге салып коюп коюшат. Ал топурактан чыккан урандын радиациясы аба аркылуу бөлмөнү ичине тараган кезде радиацияга "талгак" болгон организм аны дароо өзүнө кабыл алып, ооруган жерлери басылып, кадимкидей куландан соо боло түшөт. Куландан соо болгону курусун, бул эми айла жоктун иши да. Болбосо уран канча деген адамдардын ден соолугун талкалап, өмүрлөрүн кыскартып койду. Миңкуштуктар үчүн "туулган жердин топурагы алтын" деген сөздүн башка бир өтмө мааниси ушул.
Түшүнүктүү болуп тургандай ал жактан кадимкидей өсүп, толук кандуу бышкан ар кандай өсүмдүк, жер-жемиштин курамында сөзсүз уран бар экендиги жана бийик тоолуу жерде өскөнүнө карабастан, чөптөрүнөн дары жасоого болбостугу илимий жактан иликтенген. Буга карабастан жергиликтүү эл, жаз менен жарышып, күз менен күрөшүп, жер-жемиш айдап, урандуу чөпкө семирген малынын этин эч коркпой эле жеп келишет. Жемиш бышканы менен буудай бышпайт, арпа гана бышат. Андыктан алар арпа айдап оокат кылышат. Азыр Миң-Куш шаарча деп аталганы менен, атына заты жооп бербеген, тогуз тоонун томундагы кароосуз калган айыл деп койсок болот. 1995-жылдардан баштап, ушул күнгө чейин 10 миңден ашуун адам көчүп кеткен. Учурда урандын мекени Миң-Кушта 3 миңден ашуун эл жашайт. Ал элдин бир тобу көчүп кетүүгө мүмкүнчүлүгү жок кедей-кембагалдар болсо, дагы бир тобу Миң-Кушту жандай сүйүп, (же ден соолуктун айынан) бар өмүрүн ошол жерде өткөргүсү келгендер. Албетте мындай эки топко бөлүнгөн адамдардын басымдуу бөлүгү жогоруда кеп кылган "радиация оорусу" менен оорушат. Арга жоктуктан уламбы, айтор алар радиацияны деле тоготпой жашап келишет. Башка региондордун элдерине окшоп арыздын үстүнө арыз жазып, өкмөттү тажаткан жок. Миң-Куштагы миң көйгөйгө тете бул бир көйгөйдү бийлик жакшы билет. Бирок баягы эле каражат маселесине такап, жеткиликтүү чара көрбөй келет.
Таза суу тартыш болгондуктан миңкуштуктар далай жылдардан бери көпчүлүк учурда уранга чыланган уулуу суудан ичүүгө мажбур болуп келишсе, кудай жалгап өкмөт акыркы бир-эки жылда ал жактагы элди таза суу менен камсыз кылуу аракетин көрө баштады. Бирок ал жактагы элди таза суу менен камсыз кылып коюу менен көйгөй чечилип кетпейт. Көйгөйдү толук кандуу чечүү үчүн Миң-Куштагы элди экологиясы бузулбаган айылдарга көчүрүп келүү керек.

Айбек Шамшыкеев






fabula





??.??