presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



oӨнөр айдыңында…
Нурзат Орозалиева, комузчу:
- Нурзат эже, саламатсызбы, ден соолугуңуз жакшыбы?
- Рахмат сиңдим. Кудайга шүгүр, жакшы элемин. Жаман болгондон Кудай сактасын. Эл бар экен, өнөрдү баалаган, боорукер адамдар бар экен, дарыланып жатам. Азыр өзүмдү жакшы сезип калдым. Бирок дарылануу курсун толук алып бүтүшүм керек. Ал үчүн көп убакыт жана каражат керек. Эми каражат деле табылып калар. Эң башкысы жакшылыктан үмүт үзбөй, Кудайдан ден соолук бер деп тиленип отурам. Бир Кудайдын, анан дарыгерлердин колундагы иш экен да. Бул да болсо, Жараткандын мага берген сыноосу болсо керек. Бул сыноодон да өтөм деген чоң ишеничтемин.
- Суроом катуу тийсе кечириңиз. Алгач рак деген диагнозду укканда кандай абалда болдуңуз?
- Албетте, бул мен үчүн күтүлбөгөн кабар болду. Мындай оору менен ооруп калам деп үч уктасам да түшүмө кирген эмес эле. Кээде адам ойлобогон нерселер да турмушта боло берет экен. Чынында бул оорунун атын эч кимдин уккусу да келбесе керек. Алгач рак деп диагноз чыгарышканда ишене алган жокмун. Ырасында эле ошондойбу деп, диагноздорумду Кытай менен Казакстандан чыгартып келдим. Эки жактын койгон диагнозу бирдей чыккандан кийин гана ишенүүгө аргасыз болдум. Ага чейин ишенбей жаткам. Көрсө, дарт менен ажал адамдан сурап келбейт туура. Биринчи укканда жашоом токтоп калгандай туюлган. Болгон үмүтүмдүн, алдыга койгон максаттарымдын быт-чыты чыгып кеткен эле. Чыгармачылык да, комуз да четте эле калып, оюмдун баары кызымда болуп калды. Эми аз-аздан өзүмө келип, комузду колго алып күүлөрүм менен сырдаша баштадым.
- Мындай диагнозду укканда көптөр жашоодон үмүтүн үзүп коёру бышык. Сиздин кайраттанышыңызга эмне түрткү болду?
- Биринчиден, кызым. Азыр кызым беш гана жашта. Мен болбосом ал кантет. Кимге барат? Кантип күн кечирет? Анын келечеги, мындан аркы жашоосу кандай болот?.. Болбосо… өзүм, бой болсом да, тагдырга моюн сунуп кете бермекмин. Бул жалган дүйнөгө устун болгон адам барбы?..
Экинчиден, мага колдоо көрсөткөн жакшы адамдардын жардамы. Өнөрдү баалаган адамдардын көптүгү менин кайрадан комузду колго алышыма, көөдөнүмө батпай, оргуштап турган талантымды дагы бышыруума, коомчулукка жеткирүүмө жол ачып берди. Мындан аз күн мурда радиого барып, маек куруп жатсам, боорукер, кыргыздын улуттук аспабын баалаган адамдар чалышып "Нурзат, сен кайгыга алдырба. Баары жакшы болот. Сенин комузда кол ойнотконуңду дагы далай көрөбүз. Сенин элге жасай турган иштериң алдыда. Биз жардам беребиз. Эң башкысы өзүңдө бул дартты жеңем деген зор ишеним болсун. Сага жардам берген президентке да рахмат" - дешип жакшы сөздөрүн айтышты. Ошол маектен кийин чындап эле мага бир топ күч-кубат кирди. Жакшы сөз жан эргитет деген ушул тура. Ушундай учурда мага жакшы сөзүн арнаган, жардам берген адамдардын баарына терең ыраазычылык билдирем.
- Сиздин ала турган ийнелер абдан кымбат турат эмеспи. Каражат жагынан кантип жатасыз?
- Туура. Бир эле ийнем 2500 АКШ доллары турат. Мындай ийнени 14 жолу алышым керек. Бул биз үчүн аябай чоң сумма. Чынында өзүм мындай каражатты таба албайм. Ошол себептен жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү бар адамдарга кайрылып жардам сурап жатам. Ден соолук кадырын оорукчан жан билет деген сөздүн төркүнүнө эми ынанып отурам. Бул жалганда ден соолуктан өткөн байлык жок экен. Баарын табууга мүмкүн, бирок ден соолукту акчага да сатып ала албайт экенсиң. "Ден соолукта бол"-деген сөз жупуну угулганы менен эң улук сөз экендигин эми түшүнүп отурам. Ошондуктан ар бир адам алгач, Кудайдан өзүнө ден соолук сурашы керек тура. Калганын буйрук менен ишке ашырса болот.
- Жогоруда президент Алмазбек Атамбаевдин жардам кылганы туурасында айтып калдыңыз. Ал кишинин кабыл алуусунда болдуңузбу?
- Оорумдун жеңил эместигин уккандан кийин, жардам бере ала турган адамдарга кат менен кайрылдым. Президент Алмазбек Атамбаевге да кат жолдосом, ал киши катымды алып, мени чакыртып 3000 АКШ долларын жардам кылып өз чөнтөгүнөн берди. Аябай ыраазы болуп калдым. Кантсе да чыгармачыл адам да. Өнөрдү баалаган адам эмеспи. Мындан ары да колдоо көрсөтүп турам деп айтыптыр. Ушул сөзүнө эле кубанып калдым. Чынында Атамбаевдин адамгерчилигин аябай жогору баалап калдым. Мындан сырткары "Замандаш" партиясынын төрагасы Эмил Өмүракунов 2000 АКШ долларын берди. Роза Отунбаевага да кат жолдогом, жардам берем деген, бирок жооп жок. Роза Исаковна менен тээ алыскы Америкага, Венгрияга чейин барып комуз чертип келдим эле. Дагы баса белгилеп айта кете турган нерсе, сүрөтчү Султан Досалиев деген жигитке аябай ыраазымын. Ошол жигиттин жардамы менен менин каттарым президентке жетип жатат. Болбосо, менин катым да көп адамдардын каттары сыяктуу чаң басып, көпкө чейин президенттин кабылдамасында жатмак, же жетпей эле кайра келмек.
- Роза Исаковна менен кандайча таанышып калдыңыз эле?
- Роза Отунбаева президент болуп турганда комуз черткенимди көрүп, мени жактырып Венгрияда президенттердин жолугушуусуна кошуп барган. Ошол жерде жарым сааттай комуз чертип берсем, Венгриянын президенти өз колу менен Лис Верениц деген композитордун дискин тапшырган. Ушундай эле жакшы жүрчүмүн. Анан эмне болду билбейм. Кырсык артынан кырсык тооруп эле.
- Кечиресиз, буга чейин да кырсыкка кабылдыңыз беле?
- Атам менен апамды жоготком. Мен үчүн эң оор жоготуу болду эле. Ошол кайгымдан арыла албай турган болчумун… Атамдын ашы да өтө элек эле. Эмнеге мындай болуп жатат билбейм. Эми билек түрө чыгармачылыкка киришип, чыгынып элиме жеке концерт берсемби деп жаттым эле. Күтүлбөгөн жерден оорусу жабышып, ал пландар да артта калды.
- Айтсаңыз, биздин мамлекеттик ооруканаларда рак оорусу менен ооругандарга жеңилдиктер каралыптырбы?
- Кайдагы жеңилдик. Баары эле акча. Дарылар болсо асмандын башы. Чынын айтсам, акчасы жоктор дарыланбай эле, күн санап жүрүп, бул жалган дүйнө менен коштошуп кете беришет экен. Буга өзүм күбө болуп отурам.
- Жакшылык менен жамандык эриш-аркак жүрөт дейт эмеспи. Бул кырсыктардын артында абдан зор ийгиликтер жатат деп ишениңиз…
- Рахмат. Сен айткандай эле болсо гана…
- Келиңиз эми сөздү сиздин чыгармачылыкка буралы. Жогоруда жеке концертимди берейин деп камынып жаттым эле деп калдыңыз. Буга чейин жеке концертиңизди бердиңиз беле?
- Жок, эми кам көрүп, ашуудан отчёт берейин деп жаткам да. Азыр кайдан эми. Болгон убактым, күчүм дарыланууга эле кетип жатат. Азыркы заманда концерт берүү да жеңил эмес. Буга да көп каражат керек. А менин каражатымдын баары дарыларга кетип жатпайбы.
- Сиз күү да чыгарат турбайсызбы?
- Ооба, өзүм чыгарган үч күүм бар. Мындан сырткары обондорум да бар. Бирок обондорумду ырдап чыга элек. Эми чыгарайын деп турсам, ден соолугум начарлап кетти.
- Азыркы учурда репертуарыңызда канча күү бар?
- Биз комузчулар мынча күү билем деп айтпайбыз. Жетишерлик эле күүм бар. Жүрөккө жакын күүлөрдүн барын черте беребиз. Эң башкысы бир күүнү мыкты чертишиң керек.
- А сиздин жүрөгүңүзгө кандай күүлөр жакын?
- Жаш кезде Атай атанын кол ойноткон шайыр күүлөрүн чертчү элем. Кийин убакыт өткөндө токтолуп, залкар, терең, кара күүлөрдү чертип калат экенсиң. Азыр менин ошондой учурум болуп турат.
- Сиз көп жылдан бери чыгармачылык менен алектенип келе жатасыз. Болгондо да улуттук өнөрдү алып жүрөсүз. Бирок эл алган наамдан куру жүргөнүңүздү түшүнө албай турабыз?
- Чыгармачылык жолумду Караколдогу музыкалык училищадан баштагам. Ошол жердеги окууну бүтөрүп, балдарга комуздан сабак берип иштеп жүрдүм. Ошондо 1990-жыл болчу. Азыр 2012- жыл. Эсептеп көр, канча жыл улуттук аспабыздын өсүүсүнө салым кошконумду. Анан эмнеге эл алган наамды албай жүрөм билбейм. Мурда Аскар Акаев президент болуп турганда Москвага барып, профессорлорго күү чертип берип, стипендиат болуп келгем. Акаевден 21-кылымдын президенттик сыйлыгын алгам. Болду башка наамым жок. Наамды биздин көзүбүз өткөндөн кийин берет окшойт. Анда бизге эмне кереги бар. Азыр алсак, аз да болсо жардамы тиет эле.
- Азыркы министр Ибрагим Жунусовго бул боюнча кайрылып көрдүңүзбү?
- Ибрагим мырза чыгармачыл адам, эми министр болду, маданиятты көтөрөт го дегем. Бирок эч кандай жылыш байкалбайт. Өзүнө жолугайын деп барсам, кыздарга эшигин тостуруп коюптур. Мурда мындайы жок эле. Түз эле кирип барчубуз. Азыр алгач кагазга жазылат экенсиң, же анысынан кабар болсочу. Жазылганыма канча болду, биздин министрден дайын да жок. Эми бизге берилчү болгону бир кагаз. Андан өкмөт байып, же жардыланып деле кетпейт. Татыктууларга өз учурунда эле берип койсо. Негизи эле азыркы чоңдор комузчуларга көп көңүл бурушпайт. Биз дайым көңүл сыртында калып келебиз.
- Улуттук консерваторияда иштеп жатканыңызга канча жыл болду?
- 10 жыл. Караколдогу училищаны бүтүп келгенден кийин Самара Токтакунова эжеден комуз боюнча беш жыл сабак алгам. Эки жылдык аспирантураны да бүтүрдүм. Кичине кезимде кино тартканга абдан кызыкчу элем. Кинорежиссура бөлүмүн да бүтүргөм. Манасчылар менен төкмө акындарды көтөрүп, комузчулар четте калып кетти деп ЭлТрга барып, комузчулардын өнөрүн элге тартуулаган көрсөтүүнү бекер алып барып иштеп жаткам. Ооругандан кийин чыкпай калдым. Кыскасы, ушул кезге чейин комуз деп эле келе жатам. Баса, биздин жетекчи Муратбек агай мага абдан колдоо көрсөтүп, колунан келген жардамын берди. Агайга кесиптештериме терең ыраазычылык билдирем.
- Кино жаатында да билим алыпсыз. Тасма тарттыңыз беле?
- Эми тартайын деп жаткам. Менин багытым трагедия эмес, сатира болчу. Элге күлкү тартуулаган жакшы да. Азыр болсо, өзүм ооруп элди ыйлатып жатам. Президенттер менен чогуу жүргөн, шайыр кыз элем. Көз тийип кеттиби, айтор, азыркы учурда жардамга аябай муктаж болуп турам. Эң башкы максатым эле жакшылап дарыланып алуу болуп турат. Ден соолук болсо, калганын акырындык менен ишке ашырат элем.
- Маегиңизге чоң рахмат. Ден соолукта болуңуз.
Маектешкен
Жаркынай Кадыркулова









fabula





??.??