presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Динара Кемелова Тышкы иштер министринин орун басары:

"Министрге кызматтан бошотуу боюнча январда эле арыз жазгам..."


- Динара айым, алгач жолдошуңуз Рысбек Молдогазиевдин Кыргызстандын Япониядагы элчиси болуп иштеп жаткандыгы жана сиздин ТИМде орун басар кызматын ээлеп олтурганыңыз тууралуу сөз кылсак. Бул көрүнүш 7-апрель революциясынан кийин үй-бүлөлүк бийликке жол бербөө максатында бир туугандар, жубайлар чоң кызматты ээлебеш керек деген пикирге каршы келет деп ойлобойсузбу?
- Өткөндө сиздердин гезит ушул маселеде бизди мисалга тартып "мыйзам бузулду"- деп жазып чыккан. Жолдошум менен бул аталган кызматтарда иштеп жатканыбыз эч кандай мыйзамдарга каршы келбейт. Мыйзам бузулган жок. Мыйзам кандай болгондо бузулат? Эгер биз бири-бирибиздин кол алдыбызда , же көзөмөлдөөбүздө иштесек, анда мыйзам бузулушу мүмкүн эле. Менин орун басарлык кызматтагы багытым башка. Мен Батыш өлкөлөрүндөгү жана Америкадагы элчилерди жана ал жактагы жалпы маселелерди көзөмөлдөйм. Жолдошум болсо, Японияда болгондуктан менин анын ишине эч кийлигише албайм. Ал жакты министрдин башка орун басары Аскар Бешимов көзөмөлдөйт. Кадр жана каржы маселелерин болсо статc-катчы карайт. Ошондуктан жолдошум элчи катары жана мен министрдин орун басары болуп ишибиз боюнча түздөн-түз байланышыбыз жок.
Коомчулукка түшүнүктүү болуш үчүн айта кетейин, жолдошум экөөбүз 1993-жылдан бери Тышкы иштер министрлигинде чогуу иштеп келатабыз. Ал убакта жолдошум ТИМдин Басма сөз кызматында иштечү, мен болсо Москвадагы Эл аралык укук адистиги боюнча юридикалык факультетин бүтүп келип, ТИМде иштеп калдым. Экөөбүз сүйлөшүп жүрүп, 1999-жылы баш коштук. Биз кызматка көтөрүлүү маселесинде бири-бирибизге колдоо көрсөткөн жокпуз. Өзүбүздүн иш деңгээлибизге жараша кызматтарга ак эмгегибиз, өз күчүбүз менен жетиштик.
- Сизге бир мисал айтайын. Чүй облусунун губернаторунун орун басары болуп иштеп жаткан Майтикова иниси Аламүдүн районуна аким болуп шайланганда, "бир туугандар бир учурда чоң кызматтарда иштеген болбойт " деген принцип менен кызматын тапшырганы белгилүү. Сиздин буга көз карашыңыз кандай?
- Эл аралык практика боюнча тышкы иштер министрликтеринде же бир элчиликте жубайлар чогуу иштеген учурлар кездешет. Мисалы Кыргызстандагы Түркиянын, Кытайдын жана башка элчиликтеринде ошондой учурлар кездешет. Жолдошум элчи болуп дайындалышына менин эч тиешем жок. Бул чечимди мыйзам боюнча мамлекет башчысы кабыл алган. Бул маселеге Р.Молдогазиевдин япон тилин эркин билген жана Япония боюнча мыкты адис экендиги, министрликте иштеген көп жылдык тажрыйбасы негиз болду. Мыйзам жагын жогоруда айттым. Бул жерде эч кандай мыйзам бузулган жок. ТИМдин өзүнүн эрежелерине ылайык эле иш болду деп ойлойбуз. Мен үчүн үй-бүлөнүн мааниси чоң. Жолдошум да "Японияга кел" -деп чакырган. Мен кызматтан бошотуу тууралуу министрге январь айында эле арыз жазгам. Бирок министр: "Тажрыйбалуу, чет тилдерде сүйлөй алган бул деңгээлге дал келген адис табылганча, иштеп тур" - деп сунуштаган. Андан тышкары, гендер маселеси да маанилүү. өзүм: кыргыз, орус, англис, француз жана япон тилдерин билем. Бул кызматка ылайыктуу киши караштырып, бир топ дипломаттарга сунуш жасалды. Бирок көбү баш тартты. Себеби, биздин жумуш оор. Иш абдан көп. Эртең мененден баштап, түнкү саат 10-11ге чейин иштейбиз. Үй-бүлөгө көңүл бурулбай, үйдөгү жумуштар жасалбай да калат.
- Сиз Батыш өлкөлөрүндөгү жана Америкадагы элчилерди жана ал жактагы жалпы маселелер боюнча иш алып барат экенсиз. Ал жактагы биздин дипломатиялык иштер кандай жүрүп жатат?
- Кудай буйруса, жакшы. Батыш өлкөлөрү биздин парламенттик системага өткөнүбүздү абдан колдоп жатышат. Чынын айтканда, парламенттик системага өтүү бир топ кыйын болду. Ошон үчүн алар бизге моралдык жана финансылык жактан жакшы колдоо көрсөтүштү. Батыш өлкөлөрү менен биздин өлкөнүн мамилелери улам барган сайын чыңалып, ар тараптуу келишимдерге кол коюлуп жатат. Биз Р.Отунбаева президент болуп турганда: Америкага, Францияга, Бельгияга, Австрияга, Венгрияга болгон иш сапарларын уюштуруп, даярдап бердик. Азыркы президентибиздин да иш сапарларын уюштурганга аракеттерди жасап жатабыз. Мисалы Атамбаевдин жылдын башында Түркияга жасаган расмий иш сапарын айтсак болот. Кыскасы, акырындык менен бир топ өзгөрүүлөр болуп жатат.
- Батыш өлкөлөрүндө биздин канча элчилик бар?
- Америкада, Австрияда, Швейцарияда, Германияда, Англияда, Бельгияда жана Түркияда бар.
- Аталган өлкөлөрдөгү элчилерибиз кандай иштерди аткарып, өлкөгө кимиси кандай пайдаларды алып келип жатышат?
- Мен "бул элчи мындай иш кылды, тиги элчи андай кылды" деп бөлүп айта албайм. Баары тең эле өз милдеттерин так аткарышып, мамлекетке пайда алып келүү аракеттерин көрүп жатышат. Бирок ачыгын айта турган болсок, Түркиядагы биздин элчиликтин иши көп. Себеп дегенде, биздин эл Түркия менен боордош эл болуп эсептелип, эки өлкөнүн ортосунда саясий, экономикалык, маданий, аскердик ж.б. тармактарда тыгыз кызматашуу жүрүп жатат. Түркия биздин өлкөгө эң көп жардам берген өлкөлөрдүн бири экенин басым жасап айта кетишибиз абзел. Апрель жана июнь окуяларынан кийин бизге эң чоң жардам көрсөткөн мамлекет Түркия болду. Мына жакын арада, алар биздин 51 миллион доллар карызыбызды кечишти да, кайра 106 миллион доллар кредит түрүндө бергени жатышат. Учурда ушул маселе боюнча ортодо сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
- Түркия менен Кыргызстандын алакасы түшүнүктүү? Бирок алыскы Англия, Бельгия сыяктуу мамлекеттердеги элчилерибиздин эмне иш аткарып жатышканы белгисиз го?
- Ар бир өлкөнүн өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Мисалы, Англияны алсак, аталган өлкө менен болгон биздин карым-катнаш жаңыдан өнүгүп келатат. Англия өздөрүнүн экономикалык көйгөйлөрүнө карабастан, айрым бир өлкөлөрдүн элчиликтерин жаап, биздин өлкөгө жол ачты. Мунун өзү чоң жетишкендик десек болот. Англия өздөрүнүн мыйзамдарына ылайык, жардамдарды түз бербейт экен, алар жардамдарды Эл аралык уюмдар аркылуу беришет экен. Ошондой жолдор менен биздин өлкөгө да бир катар жардамдарды берип келишет.
- Биздин чет өлкөдөгү элчиликтердин материалдык базасы начар, каражат өтө аз бөлүнөт деп айтылып келет. Деги эле батыш өлкөлөрүндөгү элчиликтерди кармоого канча каражат сарпталат?
- Каражат канча бөлүнөрүн мен билбейм. Бул маселени статс - катчы көзөмөлдөйт. Чынын айтканда, элчиликтерге жетиштүү каражат бөлүнбөйт. Себеби, бюджетибиз тартыш. Башкасын айтпаганда эле "Кыргызстанды даңазалоо" иш чараларына да каражат жетиштүү эмес. Анткени, көп өлкөлөр: " Кыргызстан кайда? Кандай артыкчылыктары бар?" деген суроого жооп таба албай калышат. Биздин элчиликтер мына ушул маселени чечиш үчүн чет мамлекеттеги гезиттерге Кыргызстан жөнүндө кичинекей (бир колонка) эле макала сунуштаса, алар 500 доллардан жогору сурайт. Андай мүмкүнчүлүк жок болгондугуна байланыштуу, көп убакта элчилерибиз бекер маектерди берип, мындай абалдан чыгып келатышат. Ушул эле маселени Азербайжан, Казакстан деген сыяктуу мамлекеттер жакшы чечишкен. Акчаларын аяшпай, өздөрүнүн өлкөлөрүн CNN сыяктуу эл аралык каналдарда укмуш даңазалап жатышат. Менимче, биз Кыргызстанды даңазалайбыз десек, анда каражат маселесин акырындык менен чечип беришибиз зарыл. Ошондо биздин өлкөгө келген туристтердин да саны арбымак.
- Батыш өлкөлөрдү алганда, биздин өлкө кайсы өлкөлөргө элчиликтерди ачууга муктаж?
- Азыркы учурда Францияда биздин өкүлчүлүктү ачуу жөнүндө маселе каралып жатат . Андан тышкары, Италияда да биздин көп жарандар бар, ошон үчүн Италияда ачсак жакшы болмок. Канада да биздин жарандар көп, ал жакта да өзүнчө элчилик ачсак жакшы болмок, Канаданы азыр биздин Америкадагы элчилик көзөмөлдөп жатат. Бирок Америкадан Канадага барып келүүгө акча тартыш болгондуктан, жарандарыбызга көп маселелер боюнча жардам бере албай жатабыз. Кыскасы, биздин өлкө башка өлкөлөрдөй өз элчиликтерин көбүрөөк ачып алса деген ойду айтат элем. Биздин чет мамлекеттерде 30га жакын гана өлкөдө өкүлчүлүктөрүбүз бар. Калган мамлекеттерде жок. Мисалы, Индиянын дүйнөнүн 140 мамлекетинде элчиси бар экен.
- Батыш өлкөлөрү биздин өлкөнүн жаратылышынын кооздугунан тышкары, кандай артыкчылыгын баалашат? Бул жагын сиз жакындан билсеңиз керек?
- Албетте, сиз айткандай биринчи кезекте биздин өлкөнүн жаратылышынын кооздугуна абдан суктанып, абдан баа беришет. Бир жолу биздин өлкөгө бир япон жараны эс алганы келип калды. Мен аны менен бирге Ысык -Көлдү айланып чыктым. Ал жаратылышыбыздын, көлүбүздүн сулуулугуна абдан суктанды. Бирок бир кемчилигибизди ачык айтты. Ал кемчилигибиз: биз эс алып олтурган жерлерибизди, пляждарыбызды таштанды кылып, тазалыкка көңүл бурбагандыгыбыз. Ал япон жараны мына ошондой көрүнүштөрдү өз көзү менен көрүп, "силер жаратылышыңарга сыймыктанганыңар менен, аны барктабай, тазалыгына карабайт экенсиңер" - деп бизди ачык сындады. Карап көрсөк, бизде чынында эле ошондой да. Андан тышкары, чет элдиктер биздин элди меймандос, кичипейил эл катары абдан жогору баалашат.
- Сиздин оюңузча биздин Тышкы иштер министрлигинин ишин жакшыртууга эмне жетишпейт? Каражат, кадр ж.б. маселелерди эске алганда дейли...
- Биринчиден биздин министрлик абдан кичинекей. Бизде болгону 144 эле кызматкер эмгектенет. Бир эле кызматкерге беш-алты өлкө боюнча милдеттүү иштер жүктөлгөн. Ал жетишпей, кыйналат. Ал эми чет мамлекеттердеги ТИМдерди карап көрсөк, ал жакта миңдеген кызматкерлер иштешет. Мисалы, Англиянын ТИМинде 5 миңден ашуун кызматкер эмгектенет. Биздин коңшубуз Казакстандын ТИМде 500дөй, ал эми Өзбекстандын ТИМде 350дөй адам иштеп жатат. Ошон үчүн биз мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша иш алып барып, ТИМди кеңейтүү керек деп ойлойм. Андан тышкары ТИМдин материалдык -техникалык абалын жакшыртуу жана кызматкерлердин айлык акысын көбөйтүү зарыл деп эсептейм.Мыкты кызматкерлер көп учурда ТИМден кетүүгө аргасыз болушат. Мунун эн башкы себеби айлык акысынын аздыгы эсептелет. Мисалы эн төмөнкү ТИМдин кызматкери тажрыйбасы жана чет тилди билишине карабастан - 4000 сом алат, ал эми проекттерде же эле аралык уюмдарда иштеген ушундай эле адистер 1-2 миңдей доллар алышат.

Маектешкен
Айбек Шамшыкеев






fabula





??.??