Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Мыйзамга карай...
Алмамбет Шыкмаматов Юстиция министри:

"Коррупция менен коррупционерлер


күрөшүп жатса, кантип жыйынтык чыксын..."



- Алмамбет мырза, алгач сиз жетектеп жаткан министрликтин аткарып жаткан маанилүү иштери тууралуу айтып берсеңиз?
- Биз биринчи кезекте укуктук актылардын сапатын жакшыртуу иштерине басым жасап жатабыз. Ошондой эле коомчулуктун укуктук- маданиятын жогорулатууга багытталган иш- аракеттерге да басымдуулук болуш керек деп эсептейбиз. Биздин мыйзамдар сапаты жагынан жаман эмес, жакшы эле мыйзамдар. Башка мамлекеттердей эле улам-улам заманга ылайыкталып жаңыланып келет. Бирок ошол мыйзамдардын аткарылышы, мыйзамдарды элдин арасында кадыр - баркы жетишээрлик болбой жатканы, жалпы эле коомдун мыйзамга болгон мамилесин укуктук- маданияттын деңгээли деп коёбуз. Ар кайсы мамлекеттерде бул укуктук-маданияттын деңгээли ар кандай. Өнүккөн мамлекеттерде жогору болсо, өнүкпөй жаткан Афганистан, Африка сыяктуу өлкөлөрдө укуктук-маданияттын деңгээли өтө төмөн болот . Ал эми биздин өлкөнүн укуктук-маданияты өтө төмөн да, жогоруда эмес, орточо десек болот. Ошондуктан коомдун укукка болгон мамилесин, көз карашын жогорулатуу чоң маселелердин бири. Ушул маселени биз ММК аркылуу пропаганда кылып жатабыз. Мисалы, биздин сыналгыларда эртеден-кечке ыр-кино көрсөтүшөт, ал эми ушул укук маселесине арналган көрсөтүү жок. Ошондой көрсөтүүлөр аркылуу биз адамдардын укуктук сабатын жоюуга өз салымыбызды кошушубуз зарыл. Себеби, азыр адамдардын баары эле өз укуктарын толук билбейт.
Бирок азырынча бул көздөгөнүбүзгө жетүүгө - каражаттын тартыштыгы, кадрлардын аздыгы ж.б. маселелер бир аз тоскоолдук кылып турат. Бирок ал тоскоолдуктарга карабастан, колдон келишинче алдыга жылууга аракеттерди көрүп атабыз.
- Юстиция министрлиги коррупция менен күрөшүү боюнча жаңы мыйзам сунуш кылып жатат. Ошол мыйзамдын артыкчылыгы жана кемчилиги тууралуу кененирээк кеп салсаңыз?
- Өткөндө ушул мыйзамды бир гезит сындап жазыптыр. Бирок алардын колуна толук бүтө элек "черновой варианты" тийиптир. Ал вариантын мен да катуу сындап чыккам. Аны аппарат сунуштаган болчу. Азыр биз ал мыйзамды толук бышырып, өзүбүздүн купулубузга толгондой кылып жазып бүтүрдүк. Бул мыйзамды эки ооз менен түшүндүрүп айта турган болсок, биз коррупция менен эми журналисттер да, коомчулук да күрөшсүн деп жатабыз. Анткени, буга чейин коррупция менен: ИИМ, УКМК, прокуратура, финпол, айтор баары күрөшүп келди. Жыйынтыгы ар кандай болуп, коом күткөн жогорку көрсөткүч, тилекке каршы жок болуп жатат. Кылмыш-жаза кодекси боюнча коррупциялык иштерге аралашкан адамды жазасы катуу эле аныкталган. Бирок жыйынтыгы биз күткөндөй болбой, коррупция күчөгөндөн-күчөп баратат. Анткени азыр бизде коррупция менен коррупционерлер күрөшүп жатат. Анан кантип жыйынтык чыксын? Ошол эле ИИМ, УКМК, финпол, прокуратура кызматкерлеринин басымдуу бөлүгү өздөрү коррупционер экенин эл жакшы билет. Мисалы, биз суктанып жаткан дүйнөнүн (коррупциясы дээрлик жок эсе) өнүккөн өлкөлөрү, азыркы деңгээлине жеткенче башынан далай кыйынчылыктарды өткөзүшкөн. Коррупция менен күрөшүүнүн, коомду тазалоонун бирден-бир жолу - бул журналисттердин коомдук жана мамлекеттик иштерге активдүү аралашканы болгон десек жаңылышпайбыз. Алар коррупциялык иштерди, жеп - ичкен чиновниктерди журналисттик иликтөөгө алып, ачык-айкын жазып, коомчулукту ар дайым кабардар кылып, "ойготуп", резонанс жаратып турганда, коом ал терс көрүнүштөгү иштерди өзү көзөмөлгө ала баштаган. Андай деңгээлге жеткенде, бийлик да, укук коргоо органдары да элдин ыгына аргасыздан көнөт да, коррупционерлерди канатына калкалай албай, иштерди "бармак басты, көз кысты" ыкмасына салбай калат. Бул ишти жеке эле журналисттер эле жазбастан, башка бир мекемелерде иштеген 5-6 киши да журналисттерге жаздырса болот. Мисалы, кайсы бир гезит далилдүү коррупциялык схеманы таап, жазып чыкса, ал макалада жазылган иш боюнча прокуратура иликтөө жүргүзүп, кылмыш козгоп, аягына чыгарышы керек. Ал коррупциялык схемадан өнгөн сумманын 20 пайызы ал коррупциялык схеманын бетин ачкан жаранга берилет.
- Мамлекеттик кепилдик болобу? Себеби, журналисттер буга чейин деле коррупциялык схемалар, коррупционерлер тууралуу толтура жазып келишкен. Бирок ошол коррупционерлер көп учурда, чын болуп турса да, жалганга чыгарышып, соттон-сотко берип келишет...
- Албетте, журналисттерге мамлекеттик кепилдик болот. Ансыз бул иштин натыйжасы аз болуп калышы мүмкүн. Ишти эффективдүү кылыш үчүн мамлекет өзү шарт түзүп берип, ар тараптан колдоого алышы зарыл. Ошондо коррупцияга тиешеси барлар, коррупциялык иштерден кача башташат. Себеби, коррупциясы журналист аркылуу билинип калса, ал коррупциялык иши коомчулукка маалым болот да, коомчулуктун көзөмөлүнүн астында жоопко тартыларын жон териси менен сезе баштайт. Ошентип акырындык менен бул иш өз натыйжасын бере баштайт деп ишенебиз. Бул мыйзам менен миллиондогон коррупциялык суммаларды ачса болот. Ал эми журналисттердин буга чейин жазган коррупциялык макалалары тиешелүү тараптан айрым бир учурда каралып келсе, көп учурда каралбай, сот жообуна тартымыш болуп, ишти ары-бери бүтүрүп келишкени эч кимге жашыруун эмес.
- Бул мыйзам кайсы бир өлкөлөрдө практика катары иштеген мыйзамбы? Же биздин өлкөдө биринчи болуп колдонулганы жатабы?
- Бизде эмне үчүн көп мыйзамдар иштебейт? Анткени мыйзамдардын көбүн башка өлкөлөрдүн мыйзамдарынан шатыратып эле көчүрүп алганбыз. Негизи, бизге өзүбүздүн өсүп кетүүбүзгө ылайык мыйзамдар керек. Мисалы, бул мыйзамдын өнүгүп, иштеп кетиши журналисттердин ишмердүүлүгүнө тыгыз байланыштуу десек болот. Ал үчүн журналисттердин ич ара ынтымагы, нарктуулугу керек. Журналисттер ушундай сапат менен иш алып барышса, алардын артынан жарандык коомдун активисттери да өз салымдарын кошуу үчүн артынан ээрчийт. Кыскасы, бул мыйзамды коомчулук, Жогорку Кеңеш колдоп берсе, натыйжалуу иш болот деген ишеничтемин.
- Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматын Юстиция министрлигине кошуу маселе козголуп, бул маселе ар кандай талкуу жаратты. Бул маселеге карата сиздин көз карашыңыз кандай?
- Жазаларды аткаруу кызматын Юстиция министрлигине өткөрүү сунушу депутаттарга таандык. Алардын пикиринде министрликтин алдында болсо, ал мекемеге караштуу маселелерде өкмөткө алып чыгып, мамлекеттин деңгээлинде чечкенге бир шарт түзүлөт эле деп айтып атышат. Россияда, Казакстанда болсо, Жазаларды аткаруу кызматын кайра ИИМге өткөрүп берүү маселеси каралып атат. Укуктук жактан алсызыраак мамлекеттерге Жазаларды аткаруу кызматы күч органдарынын көзөмөлүндө болуш керек деген пикир айтылып атат. Себеби, азыр экстремисттик ж.б. сырткы күчтөр түрмөлөрдөгү адамдарды өздөрүнө тартуу аракеттерин көрүп атышат. Ошондой учурларда Юстиция министри эч кандай каршы чараларды көрө албай калышы мүмкүн. Анткени аталган министрлик граждандык структура экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Жогорку Кеңеш бул маселени азыр жөн гана сунуш кылды. Эгер өкмөт токтом чыгарса, биз иштөөгө дайым даярбыз. Биз буга чейин бул этапты басып өткөнбүз. Мурда Жаза аткаруу кызматы Юстиция министрлигине өткөн. Бирок Жогорку Кеңеш кайра, мындан майнап чыкпайт экен, бул кызмат өкмөтүн алдында өзүнчө кызмат болсун деген чечимге келишип, бөлүп салышкан.
- Алмамбет мырза, эми башка суроолорго өтөлү. Азыркы өкмөткө коомчулук тараптан ар кандай сындар айтылып жатат. Өкмөттүн адамы өкмөттүн ишине кандай баа берет?
- Өкмөт биринчи кезекте эл үчүн иштеш керек, себеби өкмөттү эл багат. Өкмөт колунан келишинче иштеп жатат. Туура, өкмөткө ар кандай сындар айтылууда. Мен ошол сындарды экиге бөлүп карайт элем. Биринчиси жөндүү сындар болсо, экинчиси кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгындагы жеке сындар. Мындай жеке сындар тууралуу сөз кылбай эле коёюн. Ал эми берки жөндүү сындарда айтылган бир топ пикирлерди биз моюнга алууга мажбурбуз. Анткени, азыр чындыгында коррупция кыскарбай жатат, экономикалык өсүш төмөн, айтор биз күткөн жыйынтыкка жетише элекпиз. Бирок жакшы жыйынтыкка жетүү үчүн убакыт керек. Жыйырма жылда тамтыгы чыгып, коррупцияга айланган мамлекетти кыска убакыттын ичинде бутка тургузуу өтө кыйын. Анын үстүнө бизде бийлик алмашканы менен, саясатчылардын канына сиңип калган жеке кызыкчылыктар алмашкан жок. Калыптанып калган эски көз караш өз калыбында турат. Мисалы, бизде айрыкча кызматка орноштуруу маселесинде "протекция" өтө жогору. Муну биз жашырбашыбыз керек. Мындай темп менен жүрүп олтурсак, мамлекетти өнүктүрүү бир топ кыйынга турат. Ошондуктан кайсы маселе болбосун жапа тырмак киришип, мамлекеттин пайдасындагы бардык иштерди колдоого алышыбыз зарыл.
- Эми партиялаштарыңыз Жээнбеков менен Абдырахманов тууралуу эмне айта аласыз? Себеби, ал депутаттар айрым учурда сиз кайсы бир маселелер менен Жогорку Кеңешке келгенде, ар кандай суроолор менен "тиш кайрашканы" адаттан тыш көрүнөт экен да...
- Мен парламентке барганда, эч бир депутатты бөлүп карабайм. Мага баары бирдей. Себеби, парламент мамлекеттин, жалпы элдин - күзгүсү. Ал эми Жээнбеков менен Абдырахмановго байланышкан маселени - бул партиянын ичиндеги өз ара ыйкы-тыйкы маселе десек болот. Бул табигый көрүнүш. Мындай нерсе ар бир партияда болот. Мындай көрүнүштөн башка бир нерселерди издөөгө болбойт. Алар жалпы партиянын саясатына каршы чыгышты.

Маектешкен
Айбек Шамшыкеев