Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"МегаКомдун"
артында "Республика" турат дегенден
кутулабыз
"Республика" фракциясынын лидери Канатбек Исаев Максим Бакиевдин Бишкектеги 5 үйү, мындан сырткары Ахмат Бакиевдин дагы үйлөрү сатылып кеткенин, Башкы прокуратура эч чара көрбөгөнүн 15-июнда "АльфаТелеком" жабык акционердик коомун улутташтыруу боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан учурда айтып чыкты. Ошондой эле, Канат мырза "МегаКомдун" мүлкүн улутташтыруу менен бир топ маселе чечилерин белгилеп, ошондо "Мегакомдун" артында "Республика" фракциясынын тиешелүү адамдары турат деген сөздөр жокко чыгаарын билдирди. Натыйжада, "МегаКомду" улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорун "Республика" фракциясы колдоого алды.
Эми бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кабыл алынса, анда "МегаКомдун" айлансындагы Чубактын кунундай созулуп келе жактан чырлуу бир топ маселенин башы ачылып, сатылабы же мамлекеттин карамагында калабы, бир чекит коюлмак.

Оппозиционер боло
албасын түшүндү…
Жогорку Кеңештин "Ата Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев ээлеген ордун фракциялашы Садыр Жапаровго өткөрүп берди. Мындай кадамга ал саясий багытын өзгөртүү чечимине келгенден улам баргандыгын түшүндүрдү. Ал эми Камчыбек мырзанын мындай чечимге келиши, коомчулукта ар түрдүү талдоого алына баштады. Айрымдар Ташиев оппозициялык миссиясын аткара албай, фракциянын жүгүн тарта албай калды дешсе, кээлери "Ата-Журт" партиясы аймактык партиянын деңгээлинде калып, түндүктөн колдоо таппай жатканына байланыштуу Садыр Жапаровду убактылуу фракция жетекчилигине алып келүүгө аргасыз болду дешүүдө. Бирок кандай болгон күндө дагы Ташиевдин бул кадамы, ал оппозиционер болуп эч качан күрөшө албасын далилдеди. Саясий багытын өзгөртүү чечимине келгенине караганда, бийликтин акырынан "жем жегенден" өтөрү жоктугун түшүнүп, бир майлуу кызмат үмтөтүп калган көрүнөт.

Акылбектин айтканы суу кечпей калды…
Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү быйыл 80 миллиард 945,0 миллион сом чегинде болжолдонууда.Ал эми чыгаша бөлүгүнө 109 миллиард 118,6 миллион сом каралган, Бул жыл башында каралган суммадан 2 миллиард 446 миллион сомго жогору. Ошондо быйылкы кабыл алынчу бюджеттин тартыштыгы 18 жарым миллиард сомдун тегерегин түзөт.
Буга чейин Каржы министри Акылбек Жапаров: "Бюджеттин киреше бөлүгү менен чыгаша бөлүгү барабар болуш керек. Кирешеге жараша чыгашанын көлөмү аныкталууга тийиш. Биз болсо бюджетти чыгашалуу кабыл алып, каражат издеп убара тартабыз. Ошондуктан, киреше менен чыгашаны теңдеп бюджет кабыл алуубуз керек. Мен ушул нерсени ишке ашырам" - деп, күпүлдөп жаткан. Эми бул айткандары суу кечпей калды. Сыягы, биздин бюджет чыгашасыз кабыл албасын билип туруп, көнгөн адатын карматып ашыкча бапылдап алган окшобойбу.

Идея жакшы, бирок ишке
ашары күмөн…
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков коррупцияны жок кылыш үчүн муун-муун кадрларды алмаштыруу зарылдыгын белгилеп, болбосо эч нерсе кыла албайбыз дегенди ачык эле билдирди. Бул үчүн жаштарды көбүрөөк бийликке тартуу керектигине токтолуп, "уурулук кылса, өмүр бою түрмөдө отура турган мыйзамды киргизип жатабыз" дейт. Чындыгында, төрага азыркы бийликтеги "жеп-ичкичтердин" муунунан кутулбасак оңолбой турганыбызды, бийликке жаңы муун аба менен суудай зарылдыгын туура баамдаптыр. Ууруларды дагы өмүр бою түрмөгө отургузуу керектиги, учурдун талабы болуп турганын да эң сонун белгилептир. Бирок тилекке каршы, жаштарга орун бошотуп, туура жолду көрсөтүүгө эрктери жетпей жаткан азыркы "аткаминерлер" үчүн өмүр бою түрмөгө отуруу түшүнө да кирбесе керек. "Айран ичкен кутулат, аяк жалаган тутулат" демекчи, бул мыйзам долбоору кабыл алынса, дале болсо тоок уурдагандар өмүр бою эркинен ажыратылып, мамлекеттин акчасын миллиондоп жегендер куйругун карматпай кетиши толук мүмкүн. Андай болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт.
Ал эми мамлекеттик кызматты "жем жеген акыр" катары эсептеп калышкан аткаминерлерди дүңүнөн кетирип, бүтүндөй бир муунду алмаштырганга биздин бийлик сересиндеги төбөлдөрдүн саясий эрки жетиши күмөн. Демек, бул жакын арада ишке ашпай турган, кыялдагы жомок бойдон каларында шек жок.

Акыркынын "балдары" же азыркынын "чалдары"
Бакиев учурунда азыркы ажобуз Атамбаевге аябай "аңчылык" жасаган адамды Атаханов мырза УККнын контрчалгындоо башкармалыгынын башчысына алып барганын угушкан Акүйдөгүлөр, уу-дуу болуп жатып калышыптыр, "ушу кантип болсун" дешип. Угушубузга караганда, УККнын шефи Шамил Есенжанович кадр саясатындагы калпыстыктарга катар-катар жол бергендиги үчүн, кол алдындагылар коркпой-үркпөй эле кол шилтеп калышыптыр. Анан эмне кылышмак эле, барганына алты ай болбой жатып Бакиевдин "балдарынын" баарысын батырып алса. Башкасын айтпасак да, өзүнүн орун басарлыгына Рустам Мамасадыковду алып келип алганын кандай түшүнсөк болот?! Бул жигит Атамбаев баштаган оппозициянын аркасынан түшүп, акылга сыйбаган арамдык иштери менен ар кандай сюрприздерди жасап келгенин азыркы бийликтегилердин көпчүлүгү жакшы билет. Жанкечти Жаныш Салиевичтин жандай көргөн кадры экенин Атаханов билбесе да, Атамбаев жакшы билет. А бирок, ал жигит аппарат башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин аркасы менен келгенин ажобуз жакшы билбейт окшойт. Аппарат башчы менен УККнын башчысы жердеш, экөө тең Өзгөндөн, дегеним иттин өлүгүн издебей деле койсоңор болот. Мурунку аппарат башчы Каптагаев менен УКК шефи Дүйшөбаев ушундай "уюштуруучулук" иштери үчүн бийликтен аласалып кетти эле, азыркылар алардан ашып бараткандай. Бакиевдин "балдары" кетеби же Атамбаевдин "чалдары" кетеби, күтө туралы...

Тааныш табыш керекпи же
тариф табыш керекпи?
Тышкы иштер министрлигине караштуу дипломатиялык академиянын ректору Жумагул Сааданбековго каршы чыккандар кайрадан коңгуроо кагышты. Алардын айтымында, академияда акча жасамай алашемдиктер күнү бүгүнкүдөй жашап жатыптыр. Маселен, Москвадагы мамлекеттик эл аралык байланыш институтуна жылына Кыргызстандан алты бала алынат экен. Аларды(абитуриенттерди) тандап алуу укугу ушул академияга берилет экен. Коррупциянын уюгу дал ушул жерде экен. Атактуу окуу жайда окугусу келгендер 30 миң долларсыз окууга өтпөйт дешет. Министр, депутаттар гана кийлигишип өз талапкерлерин өткөрбөсө, калгандары көнүп калгандай эле "кыргызча" кыл көпүрө аркылуу өтүшөт экен. Буга чейин космонавт Салижан Шариповдун эки уулу, Адахан Мадумаров "эмгек сиңирген" наамын алып берген Светлана Назаренконун кызы ушул академия аркылуу студент болушса, былтыркы жылы экс-депутат Баяман Эркинбаевдин уулу "өз күчү" менен өтүп кеткен экен. Ал эми, быйылкы жылы каалоочулар көп болгондуктан, тандап алуунун тарифи дагы жогорулап кеткен имиш. Жанагы коррупция менен күрөшө турган кызматты ажобуз бекеринен беттен албаптыр да, "эч нерсени көрбөйсүңөр" таризинде. Көрсө, көпчүлүк көргөндү аларың көрүшпөйт тура.


Кабинетинен чыга
албай бук болуп…
Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусовдун "мен министр эмес эле, акча эсептеген кассир болуп калдым" деп арманы ичке батпай турат. Анын айтымында, өкмөт Ибрагим мырзанын командировкага чыгуусуна акча бөлбөй, кабинетинен чыга албай, бук болуп жатыптыр. Командировка ачтыруу үчүн эле премьер-министр Өмүрбек Бабановдун эшигин 6 ай сагалаптыр. Өкмөт башчысы болсо, зериккенде командировкага чыгып саякаттагысы келген, бирок акча таппай "думанадай" карайлаган Жунусовго, "туризм тармагы менен эле каражат жагын камсыздап ал" деп эшиктен чыгарып койгон экен. Ага жаны ачыган Ибрагим мырза, анысын ичине батыра албай өкмөттүк жыйында тарс жарылды. Сыягы, Жунусов үчүн мамлекеттин эсебинин чет өлкөлөргө чыгып сейилдеп туруш керек окшойт.

Жиги билинбеген 10 миллиард доллар…
"Ата-Журт" фракциясынын жаңы "кожоюну" Садыр Жапаров: "Кумтөрдүн жаап жашырган пайдалары бери дегенде эле 10 млрд долларга барат. Ал эми кумтөрдүктөр таза киреше 44 млн доллар деп жатат" - деп айтып чыкты. Мындан улам, депутат мырза кен байлыктарды мамлекеттин кызыкчылыгына иштетели десек, мыйзамга казып алынган алтындын 70 пайызы мамлекеттики, 30 пайызы инвестордуку деп кыска жана нуска жазып коюш керек деген оюн билдирди. Калп айткан менен болобу туура маселени көтөрдү.

Өкмөткө каршы Өмүркулов элди
көчөгө алып чыгат
Акыркы күндөрү шаардыктардын катуу сынына кабылган Бишкектин мэри Иса Өмүркулов агынан жарылды. Көрсө ордо калаабыздын жолдорун оңдоого Каржы министри баш болгон өкмөт мүчөлөрү бут тосуп, каржы маселесин алигиче чечип бербей жатышкан экен. "Эгер жаңы конуштардын көйгөйлөрү чечилбесе, жолдору оңдолбосо, күзүндө алар митинге чыгышат. Жолдору оңдоого Өкмөт бир да тыйын бөлүп бере элек. Мунун баары саясатташып жатканын мен жакшы билем. Анткени күзүндө шаардык кеңешке шайлоо өтөт. Өмүркуловго канчалык жаман болсо, аларга жакшы болуп атат. Эгер Өкмөт бул маселелерди чечип бербесе, күзүндө элди өзүм баштап чыгам" -деген Иса Өмүркулов. Өмүркуловду элге жаман атты кылып, ишине бут тосуп жаткан Өкмөттү "республикачылар" өкчөөрүн эске алсак, шаар мэринин бул айткандары жүйөөлүү болуп турат. Баардык бийликти өз колуна алгысы келген "Республика" партиясы Бишкектин башчылыгын ушундай жол менен алгысы келип жатканбы? Былтыр Алмазбек Атамбаев башбакан болуп турганда Бишкектин мэри ордо калаабыздагы бир топ көчөлөрдү оңдоп-түзөп, мыкты иштерди аткарган. Эмнеге эле жаңы өкмөт келгени жакшы иштердин баары кан буугандай токтоп калды десе, көрсө бийликти бири-биринен кызгангандардын кылганы турбайбы...