Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Убакыт адамдын


узаткан өмүрү дешет



Бул дүйнөдөн өмүрлүк жарымды узатканыма эки жылдын жүзү болуп баратат. Күндөр айга, айлар жылга тогошуп адамдын жашоо турмушу да өзүнө жараша түйшүгү менен алпурушуп, ошол тарткан түйшүгүнөн ырыскы жаралат тура. Жолдошумдун көптөгөн ой-максаты ишке ашпастан сыр сандыкта катылып жатты.
Эмне кылуу керек? Бул ой күндүзү оюмдан, түнү санаамдан кетпей түйшүккө салды. Акыры булактын көзүн ачпаса болбой турганына көзүм жетип, болгон күч кайратымды жыйнап жолдошумдун керээзин аткарганга бел байладым.
Ар бир адамдын бактысы өзү менен бирге өтүп жаткан мүнөттөр, күндөр, айлар, жылдар-тирүүлүгү тура. Бакыт узун жол, түгөнбөгөн тагдыр сапары экенин Турдубек көз жумгандан кийин билип отурбаймынбы.

Жашоодо ар бир адамдын өз деңгээли болот. Тукенин ой-дилинин, айкын максатынын орундалбай калганын көкүрөгүм менен сезип ичиме сактай албадым. Өзүмө чоң ишеним арттым да, жыйнаган материалдарын көз токтотуп, шашпай, бир канча блокнотторуна чейин ар бир сөзүнө маани берип карап чыктым. Анда акылмандардын асыл осуяттары, өзүнүн учкун кыялдары, ой-толгоолору жазылган экен. Мага арнап жазган сөз тизмегин окуп жүрөгүм эзилип, карегиме жаш толуп, купуя сырларын керээз катары жазып кеткенине бир чети таңыркасам, бир чети анын маанилүүлүгүн түшүнүп ыраазы болдум.

Айгүлүм!
Эстен кеткис жүрөктөн
Гүлдесте тагып сүйүүмөн! - деп,
мага арнаган саптарын окуп, муңдуу кыялдын учугуна жетпей санаам талааланып ошол сүйүүсүнүн күчүн өзү жоктон бери кайдан табаарымды билбей зарыгам.
Өзүң жок болсоң да сенин жазган саптарың жүрөгүмдү эзет, аттиң ай, чогуу жетелешип жок дегенде жетимиштин кырына чыгып бирге болсок кана! Бири өлүп, бири калуу бул жарыкчылыкта азабы арткан муң -кайгы турбайбы, тирүү калганына.

Сен ак элең, таза элең, ошол жакшы касиеттериңдин аркасы өзүңө ырыстуу жабуу болуп эл ичинде түбөлүк өчпөс нур болуп калдың. Сенин тунук махабатыңан сүйүүнүн эң назик гүлдестелерин тагындым эле, көрсө, анын баары менин өмүрүмдөгү ырыс-кешикке ширелген күндөрүм, экөөбүздүн коломтобуздун өчпөгөн ыйык оту экен. Эми, ошол ыйык коломтобуздун отун өчүрбөй, табынан жаздырбай балдарыбыз улап кетишсе болду. Экөөбүздүн үрөнүбүз өнүп, бутагыбыз бүрдөп, ошол чынар терек тамыр жайып, тегереги ажайып гүлзарга айлансын, сенин атың, сенин ыйык махабатың мени шыктандырып, жүрөк отумду алоолонтуп алга сүрөдү.
Сен бул дүйнөдө жок болсоң да, кулагың укпай, көзүң көрбөсө да, көкүрөгүң менин муң-зарымды сезбесе да арбагың билээр дедим. Сен үчүн жасаган аракетим, сенин экинчи өмүрүңдүн бул жарыкчылыкта уланышы сенин мага арнаган гүлдестең экенин сезип турам.

Сенин сүйүүңдүн гүлдестеси менин өмүрүм канча болсо ошончого жетет, жүрөгүм сокпой калганда гана мага арнаган ыйык арзууңду дилиме сактап сага ала барам.
Турдубек жанын үрөгөн эмгегин элине арнап, адамдык улуу парзын аткарып артына эстелик калтырды.
Өзү дитин койгон мугалимдик кесипти сүйүп, билимин өркүндөтүп келечек максатына рухий дүйнөсүнүн асылдыгы менен жетти. Тукенин өмүрү кыскараак болсо да, анын артындагы өмүрү, бактысы чексиз экенин эл да таразалап койду. Ал өмүрүн, убакытын, эмгегин, жашоонун маңызын өз убагында түшүнүп баалаганга жеткен экен. Канчалык эмгек кылсаң ошончо баа аласың дегендей, Тукем жашоонун баасын, баркын, мезгилдин көз ирмемде шуу деп өтүп кетерин сезип-туюп, ошончолук жан- дили менен түшүнүп жашаган экен.

Кайсы жерде иштебесин анын эмгекчилдиги, мээнеткечтиги, иштери канчалык оор болсо, ошончолук дилин берип, иштин көзүн түшүнүп, ирээти, сапаты менен бүтүрүп иштермандыгын көрсөтө алчу. Ал жүрөк оту менен ушул кесипке ээ болгондон баштап эле элине ак кызмат өтөөнү көздөп, өз идеясына бекем туруп, максатты таамай көздөгөн экен. Иште да, коомдук жерлерде да чындыкты бетке айтып, жаштарды жаңыча ойлонууга, ишмердүүлүккө, рухий дүйнөсүн алгы тилек кыялдарга кенен тарбиялоого үндөп турчу. Түшүнгөн кишиге китеп-адамдын гүлазыгы болуп саналат. Ал көз майы түгөнгүчө китептен жүзүн бурбай күндөп-түндөп тарыхый романдарды, сабагына, ишине керектүү методикалык адабияттарды үзбөй окуп, өзүнө жаккан сөз тизмектеринин астын сызып китептерди кызыл ала кылып боёп салчу.
Пейили ак, таза адамдын иши да ак, таза болот. Кээ бир көралбас ичи тарлар да тузак коюшту, бирок, ак ийилип, сынган жок, себеби, анын ыйманын тазалыгын, адамгерчилигин, жөнөкөйлүгүн, бой көтөрбөгөнүн, элчилдигин, калыстыгын, боорукерлигин эл беш колдой билчү. Көрсө, эрки күчтүү адамга тагдырдын, мээнеттин оордугу кеп эмес тура, бак-таалайга ак эмгек, адал иш менен жетет тура адам баласы.

Мектептеби, ар кандай мекемедеби, келип кеткен жетекчилер көп эле болот. Бирок, ошонун ичинен эл оозуна алынып, артында жакшы сөз калган гана жетекчилер анча көп эмес.
Турдубекке ишенип кандай гана кызмат берилбеди, ошол кызматтарды өзүнүн иш билги касиети, билими, жөнөкөйлүгү, калыстыгы менен бүткүл жан аракетин, өмүрүн, күчүн сарптап, уламдан-улам көтөрүлүп турду.
Демилге көтөрүү, жанды таштап иштөө, иши үчүн күйүп-бышуу Турдубектин башкы принциби эле.

Мектептеги иштер жаңыча формада иштелип, "Айылдын билим берүү" долбоорунун 1-жана 2-компоненти мектептин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун баалоодо 2000 доллар өлчөмүндөгү сыйлык- грантка ээ болгонунда "эми мектебибиз баардык жагынан өсүп- өнүгөт" деп сүйүндү эле, бирок, сүйүнүчтүн ырахатын көргөн жок. Мектепке тиешелүү 2000 доллардык каражатты Бишкектен азыркы деректирибиз Максат Курманалиев менен чогуу алып келгенден 10 күн өткөндөн кийин жол кырсыгына кабылып бизден биротоло кетип тынды!
Ар бир адамдын алдына койгон тилек-максаты, бел туткан кайраты, кажыбаган мээнети бек болсо, акыры көксөгөнүмө жетээрин мен Турдубектен кийин билдим. Ушундай жаркын өмүрдөн окурмандар өрнөк алар. Ошондуктан табийгат аздектеп берген күлгүн өмүрдү супсак жашап кор кылбасак дейм. Турдубек өзү жашап өткөн доордун "асыл адамы" деген атка конду. Асыл адамдар болгон үчүн эл ичи көрктөнүп турат эмеспи.
Бул жалганда армансыз жашоо да, түбөлүк жашоо да жок экени ырас. Жашоонун ачуу-таттуусун татып, кызыгын кайгыдан ажырата билүүгө кудуретиң жетсе алгы иштер ийгилигин бере берет тура. Турдубектин ойлоп жүргөн тилегин ишке ашырганым мен үчүн анын мага болгон ыйык арзуусун актаганым.
Жакында эле "Айылым деп соккон жүрөктөр", "Бир өмүрдүн сабагы" аттуу китептерди өзүнүн жаркын элесине арнап басмадан чыгардым, арбагы ыраазы болсун дедим.

Бул эки китептин чыгышы мен үчүн эле эмес, бүткүл айыл, район, аны билген адамдар үчүн ийги тилек, жакшы кабар экени талашсыз, себеби өз айылыбыздын санжырасы, тарыхы, ата-тегибиздин басып өткөн ыйык жолу кийинки муунга таберик боёк эмеспи.
Бул китепте Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Кытай айылынын белдүү кулуну, замандашыбыз, белгилүү педагог менин өмүрдүк жарым Дыйканбаев Турдубектин эл кадырына ээ болгон инсан экендиги жана да мектепте анын ысымы эли-журту тарабынан сый-урмат менен ыйгарылганы кеңири камтылды. Элим жолдошума мыкты инсан деген баасын берди. Тукеге берген элдин ошол баасы мени сыймыкка бөлөдү.
Аны денемдеги күч-кубатын берген жүрөгүмдөй эки көзүмдүн карегиндей көрүп, артыкча асыл жаралган адам экенине, эл ичинде күчтүү инсан катары тарыхка айланып, "кеткис бак менен өчкүс атты" артына таштап кеткенине ыраазы болдум. Тагдырыма таарынсам да Турдубектин экинчи өмүрүнүн өлбөс-өчпөс жолу ачык болуп, өзүндөй эр-азаматтар айылдын маягы болуп эл алдына чыга беришин жараткандан тилейм.
Жаткан жериң жайлуу болсун. Туке!
Садырова Айгүл,
Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы Дыйканбаев Турдубек атындагы мектептин мугалими, Эл агартуунун отличниги, Турдубектин өмүрлүк жары.