Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Жолдошева Гаагадан чындык издейт
"Ата-Журттун" депутаты Жылдызкан Жолдошева Июнь окуясы боюнча маркум Асылбек Текебаев жана Өмүрбек Текебаевди айыптап, "Коогалаң" аттуу тасма тартканы эсиңерде болсо керек. Бул боюнча Өмүрбек Чиркешович Жылдыз айымды сотко берген. "Ата Мекенчилердин" "атасынан" айбыгышкан соттор Жолдошеваны жоопко тартуу боюнча катуу аракетке өтүшкөн экен, атажуртчу депутат Текебаев соттордун ишине кийлигишип жатат деп ач айкырык салып чыкты. "Сотторду президент шайлашы керек эле, азыр Текебаев соттордун ишине кийлигишип жатат. Өкмөттүн ишине дагы өзүнүн рычагын колдонуп жатат. Эгерде Текебаев мени куугунтукка алса, мен эл аралык Гаага сотуна кайрылам" -деди.


Аброй таба албады
Кыргыз парламентинин кадыр-баркы күндөн-күнгө кетип жаткандыгын эл өкүлдөрү өздөрү да моюнга алып келет. "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев 14-июндагы ЖКнын пленардык жыйынында "Кайсы жерде болбосун Жогорку Кеңештин аброю түшүп жаткандыгы айтылып жатат . Бардыгына парламент күнөөлүү болууда. Эгерде парламенттин аброюн көтөрбөсөк, күрөштө тура албай калышы мүмкүн" -деп чыркыраган чындыкты айтып чыкты. "Чү" дегенде эле ээрге кыйшак отурган V чакырылыштагы азыркы парламент эки жылдан бери эл оозунан эки ооз сөз мактоо уга элек.

Аманбай Кайыпов "төргө өттү"
Бир нече айдан бери төрагасы жок иштеп жаткан Бишкек шаардык кеңеши кечээ, 14-июнда Аманбай Кайыповду төрагалыкка шайлашты. Добуш берүүгө катышкан 37 депутаттын 33ү Аманбай мырзаны алдыга сүрөшсө, үч депутат атаандашы Нурлан Асанбековго ыкташты. Бир депутат баарына каршы добушун берди. Жаңы төрага Аманбай Кайыпов илгери Акаевдин "Алга Кыргызстан" партиясын алгалатып жүргөн ардактуу мүчөлөрүнүн бири болгон. Учурда "Дордой базары" ЖЧКсынын башчысы.


Жол буусаң 1 млн сом айып
Өкмөттүн 13-июндагы чогулушунда премьер-министр Өмүрбек Бабанов мыйзамсыз жол буугандарга айып пул көтөрүлө турган мыйзам долбоору иштеле турганын айтты. Премьердин айтымында жол буугандар экономикабызга эбегейсиз чыгым алып келип жатат экен. Жолду мыйзамсыз тоскондорго 1 млн сом, экологиялык эрежелерди бузгандарга 10 миң сом айып салынат.

Кечиктирген Келдибеков
"Центера Голд" компаниясы демөөрчүлүк иретинде арзандатылган пайыз менен 21 миллион доллар бөлүп берген. Ал акчадан ар бир айыл өкмөткө 2 миллион сомдон арзандатылган кредит берилмек. Бирок бул акчалар ЖКнын Акматбек Келдибеков башкарган Бюджет жана фискалдык саясат комитетинде каралып, тагдыры алигиче чечиле элек. Эч кимди тоготпой, токтомду кабыл алып бербей жаткан Акматбек Келдибековго Өкмөт башчы "эгер Келдибеков 21 млн доллар демөөрчүлүк жардамга каршы болсо, анда ал жакыр жашаган жарандарга жардам бергиси келген жок - деп ачык эле айтыш керек"- деди.

Төрт аңги, буйруса, "катын" болот
Каракол шаарындагы "Восход" кичирайонунда түндөсү маектешип олтурган кыз менен балага төрт зөөкүр келип, баланы сабап, телефонун тартып алышып, 10-класста окуган кызды машинага салып кетип Маман айылына алып барышып зордукташкан. Милийса жакшы иштеп зордуктагандардын экөөн бат эле табышты. Алар Түп районундагы Маяк жана Шаты айылынын тургундары экен. Калган экөө изделип жатат. Кайрандар, эми зордуктаганды көрөт дейсиң!

Ала качпа!
Ак-Суу районундагы Теплоключенко айылынын тургуну 19 жаштагы Ырыс Касымбай кызын мурда эки катын алып кетирген Шайымбек Иманакунов деген ала качып келип зордуктап койгондон кийин кыз өз үйүнө барып асынып өлгөн. "Таш түшкөн жеринде оор" болуп канча кыздарыбыз арманы ичинде олтуруп калып жатышпайбы, Ырыс андайга көнгөн эмес экен! Иманакунов эч нерсе болбогондой эле ээн-эркин жүрөт дейт..

Ошону көрмөк!
Бишкектеги машина оңдоочу жайлардын биринин жумушчусу оңдотом деп токтотуп койгон машинаны уурдай качып түптүз эле БЧКга кулаган. Уурдаган неме машинанын ичине дагы алты адамды салып алган экен. Водолаздар машинанын ичинен үч адамдын сөөгүн алып чыгышкан. Уурдай качкан 28 жаштагы келесоо колго түштү.

Рыкунова 7 жылга камалды
"Альфа Телеком" ААК мурдагы башчысы Андрей Силичтин жардамчысы болуп иштеген Раушан Рыкунова Свердлов райондук соту тарабынан "Алдамчылык", "Жалган ишкердик кылган" деген айыптар менен күнөөлүү деп табылып, үй мүлкүн конфискациялоо менен 7 жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле сот "Альфа Телекомдун" арызын да канааттандырып, Раушан Рыкунова кымырып кеткен 30 миллион 346 миң сомду компанияга өндүрүп берүүнү милдеттендирди.


"Централкадан" "Больничкага"
Абак артындагы крим дүйнөнүн ана башчылары кармалып келишкен курорттогудай шарттары бар айтылуу №1 СИЗОнун башчылыгына Марс Жусупбеков баргандан бери ал жактагы абал кескин өзгөргөн. Ээн-эркин сайран курган криминалдардын бейиштегидей жашоосуна чекит коюлуп, мыйзамдуулук орногон. Абак жайында тартип орнотуу жагынан таланты күчтүү Марс Жусупбековду "больничка" деп аталган Молдовановка айылындагы №31 колонияга которуу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Марс Жусупбеков "Өкмөттөгүлөр "больничкада" иштеп, ал жакта да тартип орнотуп берүүгө каалооң барбы?"-деп сурашты. Бирок бул маселе азырынча ачык бойдон турат" -деди.

Молдокелер мыйзам бузат
Нарын облусунда ата-энелердин жана мугалимдердин билдирүүсү менен Коопсуздук кызматы бул облустан 10 жаштан 15 жашка чейинки балдарды Бангладешке диний окууга алып кеткен фактысы боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Алардын мыйзамсыз жөнөтүлүшүнө муфтияттын кээ бир кызматкерлери жардам берген экен. Иликтөө көрсөткөндөй Кыргызстан менен Бангладештин ортосунда кыргыз жарандарынын Бангладешке барып окууга боло турган келишим жок экен.