Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Дасторкон…


Улуттук суусундуктар…
Каның аз болсо бозо ич…
Бозо адамдын организмине эң керектүү болгон витаминдерге абдан бай. Бозонун курамында канды жогорулатуучу заттар арбын. Ошол себептен каны төмөндөргө бозо ичүүнү сунушташат. Өзгөчө таруунун бозосун. Эгер базардагы сатылып жаткан бозолордун тазалыгынан күмөн санасаңыз, анда үй шартында жасап ичсеңиз болот.
Бозо жасаш үчүн адегенде шагын даярдайт. Ага жүгөрү, буудай, таруу сыяктуу аштыктар керектелет. Таруунун унун алып, аны 1.5-2 литр жылуу сууга 1 кг даяр унду салып, ачыткы үчүн 150-200 грамм бозо куюп, аябай аралаштырып, жылуу жерге бир-эки күн үстүн жаап коюп коюу керек. Ал аралашма кайнап чыккандан кийин аны казанга салып, суудан кошуп таза бышыруу керек. Кайнатып жатканда түбүнө тартып кетпеш үчүн тынбай аралаштырып туру зарыл. Андан кийин казанды оттон чыгарып, муздай баштаганда ага угут салып, аралаштырып жылуу боюнча 7-10 саат коюп коёт. Жетилип бышкан бозону марлиден өткөрүп, иче берсе болот.
Бозо деген аш экен,
Ден соолукка жакшы экен.
(Кыргыз эл макалы)
Ак серке
Ак серке элдик суусундуктардын бири. Аны мурда эттин ысык шорпосуна эзилген сүзмө, курут, айран, кымыз аралаштыруу менен жасашкан. Азыр нак шорпого азыраак суу куюп, кесме салып, бышканда кесмени алып алып, шорпосуна айран аралаштыруу менен жасашат. Нарын жегенден кийин берилген ак серке тамактын сиңишине жакшы жардам берет. Аябай даамдуу да болот.
Суусундукту сурап ичет.
(Кыргыз эл макалы)

Чалап…
Жайдын ысык аптабында кайра-кайра суусундук сатып алып отурбай, өзүбүздүн улуттук ашканадагы суусундукка басым жасасак болот. Маселен, суусунду жакшы кандырган жана экологиялык жактан таза айран чалапты алсак болот. Буга көп деле убакыт, эмгек талап кылынбайт. Ал үчүн таза, муздак сууга айранды аралаштырып койсо, суусундук даяр болот.
Актык ичкен карыбайт.
(Кыргыз эл макалы)
Шербет…
Шербетти жемишке таттуу кошуу менен жасайт. Жакшы шербеттер жүзүмдөн, өрүктөн карагаттан, кожогаттан, бүлдүркөндөн, кулпунайдан жасалат. Ал үчүн 1 килограмм жүзүмдү тазалап, бирден үзүп аны 10-15 мүнөт сууга кайнатып алабыз. Андан кийин муздатып, кайра 5-6 мүнөт шекер кошуп кайнатабыз. Аны оттон чыгарып, муздатып, муздаткычка салып, жайдын ысык күнүндө келген конокторго десерт кылып берсе болот.

Жаркынай Кадыркулова