presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевге

Кеч болсо да болгону жакшы



Урматтуу Алмазбек Шаршенович!
Биз, төмөндө Сизге кайрылып жаткандар Сизди, Сиздин баскан жолду жакшы билебиз, Сиздин маданиятка болгон жакшы мамилеңиз, тиги-мунусун талдай билген түшүнүгүңүз жетишердик. Андыктан биздин кайрылууну жерге калтырбайт деген ишенимибиз чоң.
Совет бийлиги калыптандырып салган экен, ар кандай наамдарды берүү салт болуп уланып келет. Кесипкөйлөрдүн кесибиндеги эмгегин баалап наам берүү жакшыдыр. Бирок, татыктуусунун жанына татыксызы бир катарга туруп алып "мага наам бергиле, мен деген мындай эмгек жасадым" деп кирбеген эшиги калбай, ал эшиктен кууса тешиктен кирип жүргөндөр ушул бүгүнкү күнү толуп да кетти окшойт. Бул өтө жаман көрүнүш. "Мен деген баланча жашка чыктым, наам бере салгыла, юбилейимди өткөрө салгыла" деп ага татыктуубу же жокпу иши жок, догуруна күч кылып турган абийирсиздик экенин сезбеген турмуш келгени өкүнүчтүү болуп турат.
Бу наам берүү дегенди таптакыр алып салса дурус эле болчудай. Бирок, антпегенден кийин ошол наамды татыктуулар алгандай жагдай түзүлүшү туура да.
Ушул жагынан алганда кыргызынын эки мыкты өнөрпоз жигити- Алтынбек Сапаралиев менен Келдибек Ниязовго талантына, эмгегине карап "Эл артистти" деген наамды илгери эле, мындан он-он беш жыл мурун эле бериш керек болчу. Эмнегедир бербей келишти. Бул экөө тең улунуп-жулунбаган жигиттер. А балким, ошонун кесепети тийип, же бирөөлөргө эңкейе албай, же чай бере албай жатабы? Даанасын билип болбойт. Алтынбек Сапаралиев да, Келдибек Ниязов да кыргыз нукура өнөрүнө "суу кошпой", талантынын күчү менен аны даңазалап келе жаткандар. Биринин ырында, экинчисинин куудулдугунда кыргыз нукуралыгынын деми уруп турат, заманга жараша кийин пайда болгон нерселерди кошсо кошоттур, бирок, бийликти ошол кийинки кошулмага бердирбей келишет! Бул накта таланттардын жолу, накта таланттардын жоопкерчиликтүү эмгеги, негизи, талантынын күчүдүр!
Алтынбек ырын созсо бүтүндөй кыргыз элинин үнү биригип, керемет үнгө айланып анын көмөкөйүнөн чыгып жаткандай…анан уккан адамды дал кыла, берилте мелтиретип, демин ичине алдырып, дем алууга чамасын келтирбей башка бир, жалаң мыкты кайрыктардан туруп, кулагыңа жаңырып жан жыргатар дүйнөгө алпарып таштагандай…Алтынбектин үнүн бир уккан адам кайра да миң кайрылары турулуу… кыргызды гана эмес, көптөгөн чет элдиктерди да кулак түрдүрүп мелтиреткени тарыхта жазылып турат…Атайдын, Мусанын салты Алтынбек аркылуу уланып келет эмеспи…
Келдибектин өнөрүн көргөндө табиятында куудулдук жагдайы бар, ак дил, сөз кудуретин баалай билген аппак сакал карыялар эске келет, бүтүндөй таза кыргыз, жөн жерден эле жылмая бербеген кыргыз ушул Келдибектин кезегин күтүп, баары бир күлөм деп, ошол күлкүдөн рахат аларын, дили байырын сезип, аны күтүп, самап, бирөө-жарымы тоскоол болуп жибербесе экен деп санааркай калып, күлкү келердеги жаналакет абал.Келдибектин күлкүсү бирде кубандырса, бирде кубартып таштайт. Кубаргандар кимдер экенин билесиңер да… Келдибек элдин карандай күлкүсүн самап, кийинки куудулдардай уят кепти жолотпойт. Андайлар аралашкан жерде кыргыздын нукура күлкүсү өлдү деп кой! Куйручук, Бекназар, Шаршен, Асанкул куудулдардын арбактары Келдибегин коргоп келатат окшоду…
Алтынбек менен Келдибектин талантын ашырбай, кемитпей баа берүү оңбогондой татаал иш. Андыктан четинен "кемирип" турбуз. Кези менен, кезеги менен айта берип алардын чыгармачылыгын накта сүрөтүн тартпасаң башка жол жок… А бирок, ал сүрөттү кимге тартмаксың? Бүтүндөй кыргыз эли алардын чыгармачылыгын өзөгүнө сиңирип, көкүрөгүнө батырып алган, ар-ар ким алардын сүрөтүн өздөрү тартып алган эмеспи!
Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Алтынбек Сапаралиев менен Келдибек Ниязовдун балдары менен теңдер жанагы "Элдик" деген наамды алып жатат, алардын бир катарынын чыгармачылыгы ошол наамга татып деле кетпейт. Аларга караганда аталган эки талант, эки чоң талант "Эл артистти" деген наамга накта татыктуу. Ошондуктан, Сизден өтүнөрүбүз бүтүндөй кыргыз эли сурап турган, биз буга ишенебиз, өтүнүчтү аткарып, аталган эки азаматка "Эл артисти" деген жогорку наамды ыйгарып бериңиз.
Ишиңизге ийгилик каалайбыз!
Жогоруда сөзүбүз "хор" түрүндө айтылды, эми ар кимибиз тилегибизди президентке жекече да угузалы:

Жолдошбек Бусурманкулов милициянын полковниги, акын, журналист:
- Алтынбек да, Келдибек да "Эл артистти" деген наамды небак эле алып койгон. Мамлекет бербесе бербей жаткандыр, бирок эли берип салган… Эми ошол наамды мыйзамдаштырып бир барак кагазын берип коюшар.
Эгерде бул эки азамат аталган наамды алса, биринчи иретте, ошол наамдын өзү сүйүнөт болуш керек, ушундай таланттарга берилгени үчүн. Анан элине да зор кубаныч болору турулуу дечи…

Абдылдажан (Мелис) Акматалиев,
академик:
- Бүтүндөй кыргыз элинин эбегейсиз сүйүүсүнө, кадырлоосуна ээ болгон бу эки таланттын эмдигиче жогорку наамды албай келгени мамлекеттик деңгээлдеги уят эле иш. Бүтүндөй кыргыз эли кадырлап, баалап алган эки инсаныбызды мамлекетибиз да сыйлап алышы турулуу деп үмүттөнөм.
Мен билгенден президентибиз чыгармачыл адамдарды баалай билет, алардын чыгармачылыгын сындай да билет. Андыктан Алтынбек Сапаралиевге да, Келдибек Ниязовго да "Эл артистти" наамын ушул быйылкы жылы берет го деген ишенимдемин.

Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз Эл акыны:
- Алтынбек менен Келдибекке "Эл артистти" деген наамды эмдигиче эмне үчүн бербей келе жатышканын билбейм. Тоскоол болчу деле себепти көрбөй турам. Бу эки талантты мен жакындан билем, алар жанагы наамга татыктуулардын алдыңкы сабында. Ал наамды албай келе жатышкандыгы мамлекет деңгээиндеги алашемдик деп билем. Ошол алашемдикти жоюп салууга азыркы президентибиз жарап берерине да ишенем. Анткени, Алмазбек Атамбаев маданият жаатында өз киши эмеспи, баарын көрүп-билип, түшүнүп турат…
Алтынбек менен Келдибек албаган наамдын барынан жогу!

Бөкөнбай Боркеев, Кыргыз
респубикасынын маданиятына
эмгек сиңирген ишмер:
- Алтынбек менен Келдибек мына бүгүнкү күнгө чейин сахнадан түшпөй эмгек кылып келатат. Тээ СССР тушунда бул экөө куйкалаган күнүнө да карабай, чучуктан өткөн сууугуна да карабай жер кыдырып концерт коюшчу, өкмөт менен партия кайда айдаса ошол жакка барууга аргасыз болчу. Өздөрү жетишпеген турмуш өткөзүп, мамлекетке толгон каражат түшүрүшчү. Бул экөөнчөлүк эмгек сиңиргендер аз эле. "Эл артистти" деген наамды буларга азыркы президентибиз берерине ишенип эле турам. Аларга бербегенде кимге бермек… кеч болсо да болгону жакшы.

Токон Мамытов "Ар - намыс"
фракциясынын депутаты:
- Алтынбек Сапаралиев менен Келдибек Ниязов кыргыз элине гана эмес, илгерки СССР мамлекеттерине таанымал чоң артисттер. Бул экөө тең өздөрүнүн таланттары менен, опол тоодой эмгектери менен союз учурунда эле "эмгек сиңирген артист" наамын алышкан. Кийин союз кулагандан кийин, артисттерге да көңүл бурулбай калды, чыныгы таланттар бааланбай, кайсы артист бийликке жакын болсо, сыйлыкты да, наамды да кат-каты менен алып келишти. Акаевдин учурунда, Бакиевдин учурунда ушундай болду. Азыр да "крышасы" барлар, өзүнчө эле "жылдыз" болушуп, "эл артистти" наамын алып атышат. Эми ошолорду карап олтурсаң, же үнү жок, же билими жок, бир байкуштар. Мисалы, укмуш таланттуу деп эсептелген Асанкул Шаршеновго да көп жылдар бою наам берилбей жүрдү. Өлөрүнө аз калганда гана Акаев уялбай "эмгек сиңирген артист" наамын берди. Ошондо ал киши Келдибековго күбөлүгүн көрсөтүп: "окучу, эмне деп турат" -деп сурайт. "А. Шаршенов эмгек сиңирген артистти" деп жазылыптыр десе, "Сыя менен жазылыптырбы же карандаш мененби?"-деп сураптыр. "Машинка менен жазылыптыр" -десе, "Каап, карандаш же сыя менен жазылса, менин аты-жөнүмдү өчүрүп, сага берет элем, сен менин ордума жазып алсаң болмок"-дептир. Бул ал кишинин бийликке болгон таарынычы болчу. Себеби анын жанындагы "кытайдын лампочакаларындай" болгон артисттер, эчак эл артисти болуп алышкан да. Эми Сапаралиев менен Келибековго "эл артистти" наамын бербесек, уят. Биз бул маселени парламенттен да көтөрөбүз.

Айтбек Муканбетов, ырчы:
- Алтынбек менен Келдибекке Эл артистти наамын буга чейин эле берилиш керек болчу. Эмнегедир эле берилбей жатат. Анын үстүнө экөө тең башкаларчылап, сыйлыкка умтулушпайт. Ошол себептен наам ала албай жүрөт го деп ойлойм. Эгер экөөнөн башка артисттер болгондо, "наам бербейсиңер"- деп, эмдигиче революция жасап ийишмек.

Жыргалбек Касаболотов, журналист:
- Эл артистти деген наам ар бир адамга эле бериле бербеши керек. Акыркы жылдары тилекке каршы эмгеги сиңгенине, сиңбегенине деле берилип жатып, наамдын баркын кетирип коюшпадыбы. Менин оюмча Алтынбек Сапаралиев менен Келдибек Ниязов экөө тең эле Эл артистти болууга татыктуу. Эмгегин баалап, экөөнү тең эле Эл артистти кылып койсо жарашабы деп ойлойм.

Ошентип, Алтынбек менен Келдибекке наам берсе экен деп ак тилегин айткандардын - биздин өтүнүчүбүздү президентибиз Алмазбек Атамбаев жерде калтырбайт го деген ишенимдебиз.

Бетти даярдаган
Баратбай Аракеев





fabula





??.??