Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Нурлан Төрөбеков "Ар-намыс" фракциясынын депутаты,
Республикалык Афган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы:

"Жаныш Бакиевге алтын


кылычты мен белек кылган эмесмин..."


- Нурлан мырза, алгач Ош коогалаңы тууралуу сүйлөшсөк. Кайгылуу окуядан бери туура эки жыл өттү. Бирок окуяга күнөөлүү адамдар алигиче жазага тартылбай, эркин жүрүшөт. Буга жеке эле жабыр тарткандар эмес, жалпы коомчулуктун көксөөсү канбай турат. Мына ушул маселе боюнча оюңузду билсек...
- Ош окуясына биз Ооган согушуна катышып келгендер түздөн-түз катышып, тынчтыкты орнотууга колдон келген салымыбызды коштук. Окуя башталганда эле экс-президентибиз Роза Отунбаева мени чакыртып, ооганчыларды баштап, окуяны басууга өз салымыңарды кошкула деген пикирин айткан. Биз ошондон улам, Ошто жана Бишкекте эки батальон түздүк. Оштогу 253 адамдан турган "А" батальонубуз кырдаал өзгөчө курчуп жаткан жерлердеги 10 блок постто туруп, беткап кийип, көчөдө көрүнгөндөрдү атып жаткандарга, мародёрлорго каршылык көрсөтүштү. Андан тышкары, район-райондордо да блок пост уюштуруп, милицияларга, жергиликтүү бийлик башчыларына жардамын көрсөтүшүп, милдеттерин так аткарып беришти. Кара-Сууда милиция башчысы Адыл Султанов өлтүрүлгөндөн кийин, анын орун басары мага телефон чалып жардам сурады. Мен ал Ички иштер бөлүмүнө ооганчыларды жибердим. Ал жакта да биздин балдар курал-жарактарды кайтарып, кырдаалды курчутпай, бир калыпта кармоого аракеттерди көрүштү. Андан тышкары, ошол учурда ӨКМди жетектеп турган Дүйшөн Чотонов да бизге жардам сурап кайрылды. Ага да колдон келген жардамыбызды бердик. Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүйдөгү биздин балдар 600 миң сомдой каражат чогултуп, Оштогу ооганчы балдарыбызга ун, май, шекер, төшөк жана чылым сыяктуу биринчи керектеле турган оокаттарды гумжардам катары жеткизип бердик. Кыскасы, биз мекенчил катары өз колубуздан келген кызматыбызды кылдык. Тилекке каршы, Ош коогалаңы элибиз үчүн өтө аянычтуу окуя болуп кетти. Бүгүнкү күнгө чейин күнөөлүү адамдардын жазага тартылбай эркин жүрүшү жакшы көрүнүш эмес. Бул да болсо мамлекетибиздин алсыздыгынан улам болуп жатат окшойт. Биз ооганчылар апрель окуясында бир, Ош окуясында да бир ардагерибизден айрылып калдык. Албетте, биз үчүн абдан оор жоготуу. Акыркы күндөрү саясий окуяларда эрдик жасадык деп эле көптөр чыгып атат, а биз чыккан жокпуз. Ким кандай эрдик жасады, аны убакыт өзү тактап көрсөтөт.
Менин оюмча, кандай болгон күндө да, каражатыбызды кетиребизби, күчүбүздү жумшайбызбы, айтор Ош окуясында чагымчылдык кылган күнөөлүү адамдарды жазага тартышыбыз зарыл. Антпесек, эркиндикте жүргөн ал адамдар эртең өлкөгө зыянын тийгизбейт де эч ким кепилдик бере албайт.
- Азыр деле Түштүктө улуттар арасындагы мамиле чыңалып турат деген маанидеги сөздөр айтылып келет. Сиз ал жакты байма-бай кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүп жүрөсүз. Элдин маанайын, мамилесин байкай алдыңызбы?
- Эми ал жакта баары сонун, эч коркунуч жок деп айтуудан азырынча алысмын. Карапайым эл тынчтыкта, токчулукта жашоого аракет кылып жатышканын байкоого болот. Демек, алар өз ара чабышып кетпейт. Бирок алардын ортосуна май чачып, от жагылып кетсе, анда кепилдик жок. Элдин тынч жашоодо жашап жаткандыгын көрө албаган күчтөр бар. Жок деп айтсак, калп айткан болуп калабыз. Коркунучту жок деп айтууга мүмкүн эмес, коркунуч бар. Бул маселеге өтө жоопкерчилик менен карашыбыз керек. Жергиликтүү бийлик улуттар арасындагы ынтымакты чыңдоо иштерин уламдан-улам күчөтүшү керек. Анын үстүнө ошол окуяны баштаган күнөөлүү адамдар эркин жүргөндө, коркунуч жок, баары сонун деп айтуу акылсыздыкка жатып калат го.
- Нурлан мырза, эми депутаттардын ишмердүүлүгү тууралуу сүйлөшөлү. Коомчулук жана журналисттер кийинки учурларда жумушка чыкпаган, өз иши менен көп жүргөн жалкоо депутаттардын аттарын ачык айта башташты. Алардын арасында сиздин да ысымыңыз аталып калып атат...
- Мени жалкоо депутат дешеби? Демек, жалкоо дешкендер, анда жаңылышат. Билип-билбей эле айткандар арбын. Мен минтип жатам деп ар кайсы ишимди айтпай эле коён, себеби ким кандай иштеп жатканын убакыт көрсөтөт.
- Сизди эки себеп менен ишке көп чыкпай деп айтып келишет. Биринчи себеби согушта запкы көргөн ден соолугуна байланыштуу, экинчиси жуманын жарымын түштүктөгү бизнесин көзөмөлдөө менен өткөзөт дешет...
- Туура, түштүккө тез-тезден барып , эл кыдырып турабыз. Бирок мен ал жакка бизнес иши менен барбайм, себеби мен бизнесмен эмесмин. Эч жерде бизнесим жок. Жардамдарды өзүбүздүн уюм жана тааныштарым аркылуу көрсөтүп, бир топ маселелерди чечип келем.
Ал эми ден соолук маселесин айта турган болсом, чынында ден соолугум мыкты деп айтуудан алысмын. Согуштун кесепети ден соолукка бир топ терс таасирин тийгизди. Күчтүү дарылар менен дарыланып турам.
- Ооган согушунда канча убакыт болдуңуз эле?
- Мен Ооган согушунда болгону 4 жарым ай болдум. Бирок кеп анда эмес. Согуштун ар бир күнү азаптуу күн. Согушта ажал издеп учкан ок сен жаш экенсиң, сен кары экенсиң, сен согушта мынча күн болдуң деп тандабайт. Кез келгенин келгис сапарга узата берет. Ал жакта мен чек арадан аскерлердин чыгып кетишин камсыздай турган чек арачы жоокерлердин катарында кызмат өтөдүм. Камсыздоо иши эң кооптуу эле. Себеби, тынч чыгып кетип бараткан аскерлерге туш-туштан кол салуулар болгон. Согушта жарадар болгон жокмун, майып болгон жокмун. Бирок согуштун өзүнүн атмосферасы адамды кыйнап коёт экен. Биринчи кезекте стресс аласың. Ден соолук жакшыдай көрүнгөнү менен, "крышасы" тайып кеткендер да болот.
- Эми сиз жетектеген Ооган согушунун ардагерлер кеңеши тууралуу айтып берсеңиз?
- Мен бул Ооган согушунун ардагерлер кеңешин 17 жылдан бери жетектеп келатам. Бул коомдук уюм. Өзүбүз чуркап жүрүп, уюштуруп, ушу деңгээлге жеткирдик. Мамлекеттен ушул убакка чейин бир тыйын да алган жокпуз. Өзүбүз эмгектенип, материалдык базабызды чыңдап, өзүбүздүн муктаждыгыбызды, маселебизди өзүбүз чечип келатабыз. Демек, бул аракетибиз менен биз мамлекетке салым кошуп жатабыз. Биз жер-жерлерде автоунаа токтотуучу жайларды ачып, жемиш бактарды өстүрүп, көлмөлөрдү алып, дүкөндөрдү ачып, айтор ушу сыяктуу коммерциялык түзүмдөрүбүз бир топ райондордо бар. Кыскасы, каржы булактарыбызды туруктуу өздөштүрдүк. Тапкан акчаларыбыздын 2 миллион сомдон ашыгын кайрымдуулук иштерге жумшап, бир топ адамдарга, бир топ мекемелерге жардам бердик. Мындай иштерди мындан ары да уланта бермекчибиз.
- Силердин кеңеш Абдыгул Чотбаев жана Акбөкөн Таштанбеков сыяктуу белгилүү Ооган ардагерлеринин уюмдарынан эмнеси менен айырмаланат?
- Биздин уюмга жеке эле ооган согушуна катышкан адамдар гана мүчө эмес, ким кааласа ал адамга эшигибиз ачык. Бүгүнкү күндө биздин уюмга мүчө болгондордун саны 21 миң адамдан ашты. Анын 6 миңи ооган согушунун ардагерлери. Таштанбеков партия түзүп, Чотбаев кыймыл түзүп, колунан келген иштерин кылып жатышат. Биз менен алардын багытында бир катар айырмалар бар. Аларда иштеп жүргөн балдар азыр бизде иштеп, мүчө болуп жүрүшөт. Бир сөз менен айтканда көпчүлүк биз тарапта.
- Акыркы суроо болсун. Сизди эски бийликтин эгелеринин бири Жаныш Бакиев менен жакшы мамиледе экениңиз байма-бай айтылып келет. Жаныштын юбилейинде ал кишиге кылычты белек кылып жаткан сүрөтүңүз да ЖМКга жайнап чыкты эле...
- Мен эч качан эски бийлик менен жакын болгон эмесмин. Мен ал кезде бир да мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин. 2010-жылы биринчи жолу депутат болдум. Эски бийлик менен ынак болгондорду эл жакшы билет, алар арабызда мурункудай эле тайраңдап жүрүшпөйбү. Ал эми сүрөт боюнча айтсак, ал мындай: ал сүрөттөгү кылычты Жаныш Бакиевге мен белек кылган эмесмин, ал кылычты Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Александр Ковалёв деген белек кылган. Ал кишинин Жаныш менен да, мени менен мамилеси жакшы. Ал москвалык ооганчылардын жетекчиси. Экөөбүздү ушул маселе байланыштырып турат. Мааракеге келгенде, мен бул жактагы ооганчылардын жетекчиси катары тосуп алдым. Мааракеге чогуу бардык, анан кылычты белек кылаардын алдында сөз сүйлөдү, ал учурда мен ал кылычты кармап, ачып берип ал кишиге жардам көрсөткөм. Ошол учурда сүрөткө тартылыптырмын. Ошон үчүн коомчулук мени Жанышка жакындаштырып келет окшойт.
- Кылыч чын эле алтындан жасалган беле?
- Ооба, алтын кылыч болчу...
Маектешкен
Айбек ШАМШЫКЕЕВ