presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Эркингүл Иманкожоева, КСДП фракциясынын депутаты:

"Акматбек Келдибековду кызматтан


мен кетиргенсип, ал мага каршы чыкты..."



- Эркингүл эже, депутат катары Кумтөр алтын кени боюнча маселе көтөрүп, кенди иштеткен Канадалык компанияга нааразы экениңизди билдирип жүрөсүз. Кенди иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлүп, ал комиссиянын төрайымы катары сиз иш алып бардыңыз эле. Бирок, сиз жетектеген комиссиянын чечимине канааттанбаган Садыр Жапаров башында турган депутаттар кайрадан комиссия түзүп, учурда кенди иликтеп жатышат. Себеби эмнеде?
-Кумтөр жаңыдан казыла баштаганда Акаев бийлиги Кыргызстан экинчи Швейцария болот деп, жалпы журтту, өзгөчө Кумтөрдүн тегерегинде жашаган Көл элин абдан кубандырды эле. Тилекке каршы, андан бери он төрт жыл өттү. Он төрт жыл өтсө дагы алтын кени Ысык-көл эли үчүн эч кандай пайдасын тийгизбей, барган сайын элдин нааразычылыгын жаратып келе жатат. Нааразычылыктын негизге себеби ортодо кабыл алынган келишимдердин бузулганынан улам болууда. Буга 1992-жылы кабыл алынган келишимдин 1993-жылы кайрадан каралышы бир мисал боло алат. 2004-жылы Н. Танаев башында турган өкмөт тарабынан ачыктан-ачык эле сатылып кетиши, 2009-жылы Бакиев бийлиги келишимди бузгандыгы, айтор ушул сыяктуу көрүнүштөрдөн улам кен Кыргызстандын эмес, Канадалыктардын пайдасына чечилип, эл ага нааразы болууда.
Башкасын айтпаганда кендин зыяндуу кедергисин Кумтөрдүн түбүндө жайгашкан Барскоон айылынын тургундары тартууда. Учурда Барскоондо таза суу жок, жер алдынан чыккан суунун баары ууланып, бруцеллёз, туберкулёз деген айыкпас дарт күч алып жатат. Ал аз келгенсип, айылдын социалдык абалы да көңүл жылытаарлык эмес. Мектеп, бала бакчалардын көбү жарактан чыгып, маданий жай, клуб деген жокко эссе. Жолдун абалы мышык ыйлаарлык. Ошол себептен эл көтөрүлүп, Кумтөрдү иштеткен компанияга нааразы экендиктерин билдиришүүдө. Ал эми Садыр Жапаров башында турган депутаттык комиссия боюнча айта турган болсом, комиссия түзүлүп жатканда С. Жапаровго "буга чейин Кумтөр боюнча ооз ачпай кайда жүрдүң эле" десем, ал менин сөзүмдү туура эмес кабыл алып, нааразы болду. 1998-жылы сууга цианид төгүлүп, элдин укугу кордолуп турганда, 2005-жылы көл эли компанияга нааразы болуп көчөгө чыкканда Садыр Жапаров, Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигин жетектеп туруп, элдин укугун эске алып, бир да жолу Канадалыктарга каршы сүйлөп койгонго жараган эмес. Ошондуктан мен, С. Жапаровдун учурдагы Кумтөр үчүн жасаган кадамдарын жөн гана өзүн пиарлоо деп эсептейм. Ошондой эле Кубанычбек Исабеков дагы Кумтөрдүн аркасы менен өзүн пиарлоодо.
-Былтыр комиссия иликтеп чыктыңыздар да, Кумтөрдүн экологиялык абалы кандай болууда?
- Кылымдар бою эрибей жаткан Давыдов музу эрип, Петров көлүнө курган дамбанын ажырап баратышы кимди гана болбосун түйшөлтпөй койбойт. Бул менин сөзүм эмес, эксперттердин чыгарган жыйынтыгы. Буга чейин Чехиядан атайын окумуштуулар келип, төрт жылга жакын Кумтөрдү иликтеп ушундай жыйынтык чыгарышкан. Биздин комиссия ошонун баарын эске алып, кеңири иликтөө жүргүздүк. Иликтөөнүн натыйжасында Петров көлүнөн мышьяк чыгып, жер астынан чыккан булак суулардан ар кандай химиялык заттарды таба алдык. Андан тышкары Сары-Чат Эркештамдагы 4380 гектар корук жер 2009-жылы премьер -министр Данияр Үсөновдун буйругу менен кен катары казылып, иштетүү үчүн Кумтөргө берилип кеткен экен. Эгер ал жер казылып иштетиле турган болсо, коруктагы кызыл китепке кирген жапайы айбанаттардын баардыгы жоголуп, жаратылышка абдан чоң кедергисин тийгизет. Бул нерсени биз жарыялагандан кийин көпчүлүк адамдар, ал тургай чет өлкөлүктөрдөн бери канадалыктарга нааразы болуп, жерди кайтарып алуу керек экенин билдиришти. Ошондой эле, учурда канадалыктар ал жерге жакын жайгашкан Сары-Төр деген жерди иштетүүгө аракет кылып жатышат. Эгер Сары-Төр иштетилип калса, ал жердеги муздардын баары эрип, бир эле Көл эмес, Нарын дарыясына да өтө чоң коркунуч туулуп калышы мүмкүн. Кыскасы канадалыктар ушундай коркунучтардын баарын эске албай, өздөрүнүн гана кызыкчылыктарын ойлоп жатышат.
- Бул боюнча өкмөт кандай иш аракеттерди көрүп жатат?
- Вице-премьер министр А. Карашевдин катышуусунда чоң жыйын өткөрүп, жыйында өкмөт жогорудагыдай мыйзам бузууларга каршы чара көрүү боюнча токтом кабыл алган. Андан тышкары Жогорку Кеңеште Агрардык саясат комитети да бул иштин үстүндө иш алып барууда. Жакында бул боюнча А. Муралиев башында турган үч адамдан түзүлгөн директорлор советин чакырып, отчёт алалы деп жатабыз. Дагы бир көйгөйлүү маселе сатылган алтындан НДС, тактап айтканда салык катары төлөм ала албайбыз. Жерге деп болгону компания жылына 310 миң доллар төлөшөт. А биздин экологиялык абал кандай бузулуп жатат. Аны менен компания таптакыр эсептешкиси келбейт. Кыскасы, өкмөт бул боюнча тиешелүү чараларды көрүп, иш алып баруусу зарыл. Депутаттар Садыр Жапаров башында турган комиссияны түзүп жатканда: " комиссия түзгөндөн көрө биздин чыгарган чечимдин аткарылышына көңүл бурбайлыбы" десем, С. Жапаров: "мен дагы бир сыйра иликтешим керек, мен иликтеп чыгып, май айында эле чечимди колуңарга карматам" деген, эмдигиче ал чечиминен дайын жок. Комиссияга мүчө болгон Ш. Айтматова болсо канадалыктарды мактап, алардын сөзүн сүйлөй баштаптыр. Аягы кандай болот билбейм.
- Кумтөрдөн жылына өлкө казынасына канча каражат түшөт?
- Каржы министрлиги бирди айтып, Кумтөр компаниясы бирди айтып, ушул күнгө чейин Кумтөрдөн түшкөн каражаттын так саны айтылбай келет. Ошол себептен биз, Кумтөрдүн экономикалык жагын тактагыла деп өкмөткө тапшырма берип жатабыз. Бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, канча акча түшкөнүн иликтеп чыкса да жакшы болмок. Ал эми Кумтөрдөн акча алып жаткан Ысык-Көл өнүктүрүү фондду жөнүндө айта турган болсом, аталган фондго Кумтөр былтыр 6 миллион доллар бөлгөн. Быйыл болсо 10 миллион доллар бөлмөк. Бирок, алтын аз чыкканына байланыштуу деп 5 миллион доллардын тегерегинде гана каражат бөлөрү айтылууда. Алтын аз чыккандыгынын себеби жылдан жылга жогорудагыдай муздардын эрип, экологиянын зыян тартышына байланыштуу болууда.
- Өнүктүрүү фондуна түшкөн каражат Ысык-Көл элинин жашоосун канчалык деңгээлде жакшыртып жатат?
- Албетте, өзүбүздө деле кемчилик бар. Былтыр мисалы Кумтөрдөн Барскоон айыл өкмөтүнө 6 миллион сом түшкөн. Жыйынтыгында ал акчанын кайда жумшалгандыгы билинбей, 4 миллионго жакын каражатты кредиттик фондго котордук деп жатышат. Быйыл да ошончо каражат түшөт дешүүдө. Бирок эмнегедир эле, канчалык миллиондогон сомдор түшкөнү менен, ушул күнгө чейин айылдын социалдык көйгөйү чечилбей келет.
-Кумтөрдө учурда алтындын канча запасы калды?
- 700 тонна алтын бар деп айтылып, учурда анын 300 тоннага жакыны казылып, 400 тоннадан ашыгы калды. Менин тынчсызданганым, эртедир-кечтир Канадалыктар кетет, андан кийин Кумтөрдү ким карайт? Экология ошентип эле бузулуп кала береби? Ошондуктан, Канадалыктар пайдаланганды гана билбестен, экологияны да ойлошсо дейт элем.
- Кумтөрдү иликтөөгө алып жатканда сизге каршы чыккан саясатчыларда болбой койбосо керек...
- Акматбек Келдибеков, Жылдызкан Жолдошева, Садыр Жапаров сыяктуу "Ата-Журт" партиясынын үч депутатынан башка эч ким деле каршылык көрсөткөн жок. Анткени мен Акматбек Келдибеков төрага болуп турганда анын былыктарын чукуган депутаттык комиссияга мүчө болгом. Ошондон тартып эле Акматбек Келдибеков кызматтан мен кетиргенсип мага каршы чыкты. Ага кошулуп Жылдызкан Жолдошева да өзүнүн деңгээлин көрсөттү.
- Жакында эле, Канадалык компанияга каршы чыгып, жаштар Көлдө митинг өткөрүштү. Алар боюнча эмнелерди айта аласыз?
-Жаштардын талабы Кумтөрдү иштетип жаткан компаниянын менеджери болуп иштеген Керим Шатмановду кызматынан алуу болуп жатат. Анткени ал бир топ жылдан бери менеджер болуп иштеп, айрым учурларда жаштарга акча берип элге каршы үндөгөн учурлары болгон. 2005-жылы нааразычылык акциясына чыккан элге каршы жаштарды жалдап, таш-баранга алдырткан. Эми болсо жаштар анын ким экенин билип, ага каршы болууда.

Маектешкен
Мирлан Алымбаев





fabula





??.??