Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Жигити эле кыргыздын…

Мелис Эшимканов -


эркин жана ачык-айкын


журналистиканын


башаты



Кыргыз журналистикасына өзгөчө бир жаңылык алып келген мыкты журналист, белгилүү саясатчы Мелис Эшимкановдун жакындары 9-июнь күнү маркумга арналган Фонд түзүп, интернет сайтын ачышты. Мындай маанилүү иш-чаранын ачылыш аземи борбор калаабыздагы Хаят мейманканасында белгиленип, иш чарага ЖКнын депутаттары, саясатчылар, акын-жазуучу, журналисттер катышып, маркумду эскеришти. Фондду түзүп, сайтты ачкан, маркумдун жакындарын эң негизги максаты Мелис агабыздын жаркын элесин өчүрбөй, өсүп келе жаткан жаш журналисттерди фонд тарабынан колдоого алып, аларга жардам көрсөтүү болуп эсептелинет. Ошондой эле кимде-ким Мелис агабыз жөнүндө мыкты макала жазган болсо, ал макалаңызды сайтка жарыяласаңыз болот. Сайтка жарыяланган макалаңыз кийин Мелис агабыз жөнүндө жазылган китепте да жарык көрүп калышы мүмкүн. Ошондуктан окурман, Мелис агабызды эскерип, ал киши жөнүндө кененирээк макала жазып, сайтка салууга чамдаңыз…

Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты:
- Мелис, бир чыгарганда эле беш алты гезитти бир чыгарып, болгондо да азыркыдай 5 миң нуска менен эмес, 10 миң нускадан жогору чыгарып, кыргыз журналистикасына өзгөчө бир ачылыш жасай алган чебер инсан эле. Эгер гезиттин нускасы 10 миң нускадан ашпаса, анда ал гезитти гезит болбойт деп жаптырып салчу. Ошентип, он миң деген нускада жарык көргөн эркин гезиттери менен Акаев бийлигин өкүртө сындап, Акаевге каршы чыккан тың чыкмаларды гезит аркылуу мактап жүрүп, алардын көбүн Ак үйгө алып барып саясатчы кылды. Алардын айрымдары элди ойлобой өздөрү үчүн иштегенде жини келген Мелис аларды кайра тыя албай эси ооду. Ошентип Мелистин аркасы менен бийликке жеткен кээ бир саясатчылар, жыйырма жыл ичинде өлкөнү талап-тоноп, жок кылып ийе жаздашты. Аягында Мелис чарчады окшойт, саясатка аралашууга аргасыз болду. Бир күнү редакцияга капкара костюм шым кийип, кычырап келиптир. Эмне кычырап алгансың десек, "кечээ эле Ө. Текебаевдер болуп Малайзиядан учуп келдик, мен Мамлекеттик катчы болгону калдым деди. Ой Меке, Ак үйдөгүлөргө да ишенесиңби, алар сени алдап коёт десек, таптакыр болбой койгон. Айткандай Ак үйдөгүлөр Мелисти алдап коюшуптур. Бийлик Мелисти канчалык алдабасын, ал эл үчүн иштеди. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Ф. Кулов, ЖКнын депутаты,
"Ар намыс" фракциясынын лидери:
- Мелис экөөбүз тээ башынан бери эле, Акаевдин да, Бакиевдин да саясатына каршы чыгып, ага-ини катары бийликтин ысык-суугун бирге тартып, бирге жүрдүк. Башкасын айтпаганда да, Бакиевдин тушунда элдик фронт түзүп, бирге иш алып барганыбыз эсимден кетпейт. Мелис каза болду дегенди укканда чынын айтсам ишенген жокмун. Качан гана акыркы сапарга узатарда чындап эле Мелистен айрылганыбызды сездим. Мелистин жакындарына ырахмат, ушинтип Мелистин атын өчүрбөй фонд түзүп, сайт ачып жатышат. Буюрса колубуздан келген жардамыбызды берип, Мелистин атын унуткарбайбыз.

Эсенбай Нурушев, жазуучу, публицист;
- Мелис каза болооруна жакын, мен анда "Азаттык" радиосунда иштечү элем, жубайы Асел экөө Азаттыктын башкы кеңсеси жайгашкан Чехияга барып, "Эсенбай байке, мен жөнүндө кандай ушактарды угуп жатасыз"- деди. Сен жөнүндө эч кандай ушак уккан жокмун, сен генийсиң десем, коюңузчу деп ишенбегендей түр көрсөтүп күлгөн эле. Бирок, чындыгында эле Мелис гений болчу. Башкасын айтпаганда да анын кыргыз журналистикасы үчүн жасаган эмгегин чоң ачылыш катары бааласак болот. Жакшы адамдын өмүрү кыска болот дегендей Мелистин өмүрү кыска экен, Кудай үй-бүлөсүнө өмүр берип, Мелис жашабаган жашты балдары жашасын, Мелистин элеси көз алдыбызда дайыма сакталат.

Кубатбек Байболов, экс- прокурор
- Мелис экөөбүздү Бакиев бийлиги куугунтуктап, экөөбүз үй-бүлөбүздү алып Алматыга качып бардык. Менин АКШда үйүм болгондуктан, Алматыга калбай, АКШга кетмек болдум. Ошондо Мелис "сиздин го АКШда үйүңүз бар экен, мен жалгыз калат турбаймынбы"- деп аябай капа болгон. Кийин келип, уулумдан Мелис кандай жашады деп сурасам, "эртең менен таң эрте туруп, жылаңайлак көк чөптө басып жүрдү" деди. Азыр ойлосом, көрсө ошондо эле жүрөгү ооруп жүрчү тура. Акыркы учурларда журналистикага кайтып келип, жашоомду жаңы барактан баштасам деп жүрчү. Өмүрү кыска экен, тилекке каршы, тилеген тилегине жетпей калды.

Эмил Алиев, Мамлекеттик каттоо
кызматынын жетекчиси:
- Жогоруда Шайлообек байке айткан бийликтин Мелисти Мамлекеттик катчы болдуң деп алдаганы мындайча болгон. Оппозиция Акаевге каршы чыгып, иштетпей айласын кетиргенибизде айласы түгөнгөн Акаев А. Мадумаров, Ө. Текебаев, М. Эшимканов жана мени кабыл алып, биз Акаевге М. Эшимканов Мамлекеттик катчы болсун деген талапты койгонбуз. Акаев, унчуккан эмес. Эртеси төртөөбүз жумуштар менен Көлгө бара жатсак, Боом капчыгайынан М. Эшимкановго "Азаттык" радиосунан журналисттер телефон чалып, "жаңы дайындалган Мамлекеттик катчы катары айтсаңыз, мындан аркы иштериңиз кандай болот деген суроо беришти. Таңгалган М. Эшимканов "Мамлекеттик катчы болгонумду силерден угуп жатам" деп кубанды. Ошентип, Көлгө барып Мелистин Мамлекеттик катчы болгонун майлап, аябай майрамдадык. Эртеси Мелис жумушка барбасам болбойт деп А. Мадумаров экөө Бишкекке кетишти. Ө. Текебаев экөөбүз акчабыз жок көлдө калып калдык. Эки күн өткөндөн кийин келсек Мелис Мамлекеттик катчы болбой эле редакциясында иштеп отурат. Эмне болду десек, алдап коюшуптур дейт. Көрсө, Акаев М. Эшимканов Мамкатчы буйрук чыгарганы менен, ордун тарттырып ийген Осмонакун Ибраимов, жеңеси Майрам Акаевага барып, Акаевдин токтомун жокко чыгарткан экен. Ошентип Мелис бир күн болсо да Мамкатчы болуп эсте калган күн болгон.

Даярдаган
Мирлан Алымбаев