presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Экономикада эмне кеп?
Темир Сариев Экономика жана монополияга каршы саясат министри:

"Биз мындан да радикалдуу


кадамдарга барышыбыз керек..."


- Темир Аргенбаевич, алгач жакында эле Кытай жергесине болгон иш сапар тууралуу сүйлөшсөк. Бул иш сапар абдан жемиштүү болду деп айтылып жатат. Иш сапар учурунда Кыргызстан үчүн чечилген пайдалуу келишимдер жөнүндө айтып берсеңиз?
- Биринчиден Кытайга президентибиздин иш сапары болду. Бир нече олуттуу маселелер тууралуу эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду. Кытай эл республикасынын төрагасы Ху Цзинь Тао менен биз биринчи кезекте экономика маселесине басым жасалды. Себеби, Кытай бүгүнкү күнү экономикалык жактан абдан өнүгүп, дүйнө жүзүнө донор болуп жатат десек болот. Американын баалуу кагаздарынын көбүн да Кытай кармап турат, анткени Кытайда ашыкча акча бар. Кытайдын бир өзгөчөлүгү чоң, кичине мамлекет деп бөлбөйт. Россияны кандай кабыл алса, Кыргызстанды да дал ошондой кабыл алды. Бул иш сапарда Кыргызстан- Өзбекстан - Кытай темир жолун куруу маселеси абдан талкууга алынып, өз ара макулдашуулар, алдына-ала сүйлөшүүлөр болду. Баса белгилеп айта кетсек, темир жолу биринчи кезекте бизге керек. Буйруса, темир жолду болуп калсак, деңизге түз чыгуу мүмкүнчүлүгүнө жетишебиз. Темир жол эл аралык келишимдерге ылайык, бирок ошонун ичинде биздин улуттук кызыкчылыктардын эске алуусунун негизинде курулат. Темир жолдон түшкөн акча бизге түшөт, жумуш орундары түзүлөт. Биз муну туура түшүнүшүбүз керек. Айрымдар, түшүнбөй, кур намыстык кылып жатышат. Бизге бул темир жолдун мааниси өтө терең. Мисалы, Россия өздөрүнүн сырьёлорун дүйнө өлкөлөрүнө Украина менен Белоруссия аркылуу чыгарып жатышат. Ошонунун негизинде аталган эки өлкө олчойгон суммаларга ээ болуп жатышат.
- Бул темир жолдун курулушу качан башталат жана кандай келишимдердин негизинде болот?
- Темир жолго сарптала турган акчаны бизге бир гана Кытайдан башка эч бир мамлекет бере албайт. Балким Индия мамлекети бермек, бирок биздин мамлекет менен Индия мамлекетинин көз караштары бир аз башкача. Түркия деле бере алмак, бирок ал мамлекет акчасынын көбүн толкундоолордон кийин кыйроого учураган Араб мамлекеттерине жумшап жатышат. Курулушу тууралуу сүйлөшүүлөрдү толук бүтүрүп, буйруса, эмдиги жылдын ортосунда башталышы керектигин президентибиз айтты. Насыяга алынган акча менен, Кыргызстан-Кытай биргелешкен ишканасы түзүлүп, курулуш иши жанданат. Азырынча орточо эсептелген сумма 2 миллиард доллардын тегерегинде. Географиялык жагын айтсак, биринчи сунушу Арпа жайлоосу аркылуу болчу, бирок ал жер табиятынан бир топ татаал болгондугуна байланыштуу, Унаа жана байланыш министрлиги башка жолун сунуш кылды. Эми темир жол Ат-Башы- Ак-Талаа -Казарман аркылуу кете турган болду. Эгер ал жерлер менен салынса, анда бизге Кара-Кече- Балыкчы темир жолун кошуп курганга да чоң мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Бул темир жолдун курулушун Өзбекстандын президенти Ислам Каримов да абдан колдорун айтты. Анткени аларга да деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт да. Эксперттердин айтымында баштапкы этапта бул темир жол менен жылына 16-17 миллион тонна жүк ташылат. Андан ары улам көбөйө берет. Орточо эсептеп көрсөк, тоннасына 10 доллардан эле акы алсак, 150 миллион, эгер 20 доллардан алсак 300 миллион доллар жылына түшүп турат. Кыскасы, бул темир жолдун пайдасы бизге абдан чоң.
Кытайда биз бул маселеден тышкары Датка-Кемин жогорку чыңалуу подстанциясын куруу маселеси тууралуу да сүйлөштүк. Буйруса, бул подстанцияны куруп алсак, анда биз электр энергия маселеси боюнча көз карандысыздыкка жетишебиз. Ошондо эч кимге көз каранды болбой калабыз. Мисалы, өзүбүздөн чыккан электр энергиянын өзүбүзгө келиши үчүн 14 миллион доллар жумшап жатабыз. Бул маселе да чечилет. Бул подстанцияны куруу үчүн 389 миллион доллар узак мөөнөткө насыя алып жатабыз. Подстанция курулуп бүтүп, ишке кирсе, Казакстанга, Кытайга линия тартып, электр энергиябызды экспорттоо үчүн да мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Мындан тышкары, Кытайдан мамлекеттин кепилдигисиз, тикелей 250 миллион доллар өлчөмүндөгү инвестицияга Кара-Балтага нефтини кайра иштетүүчү завод курулганы турат. Бул завод заманбап үлгүдө, канча жылдан бери Россия өтө албай келаткан Евро - 3 деген форматтагы жаңы технология менен курулмакчы. Буйруса, мындай завод Орто Азияда бизде биринчи болуп курулганы турат. Биз өзүбүзгө жыл сайын 1 миллион тонна күйүүчү майларды ташып келүү үчүн, 1 миллиард долларыбыз сыртка кетип жатат, бул завод ишке кирсе, ошол 1 миллиарддын жок дегенде жарымы өзүбүздө калат. Бул заводду куруу боюнча тиешелүү жетекчилери менен меморандумга мен кол койдум. Буйруса, ушул жылдын аягында 20 миң тонна күйүүчү май иштетип чыкса, эмдиги жылдын ортосунан баштап толук кандуу ишке кирип, бир жылда 800 миң тонна күйүүчү май өндүрүшөт. 90 пайыз бензин жана солярка, калган 10 пайызы мотор ж.б. майларды чыгармакчы. Жумуш орду тууралуу айтсак, заводдо буйруса жалпысынан 600 адамга чейин иштейт. Кытайлар сентябрь айынан баштап, техникалык персоналды даярдоого өтүшөт, андан тышкары, алар жыл сайын 5тен, 10дон адамды Кытайдын чоң-чоң университеттерине адистештирүү боюнча билимин жогорулатууга жиберип турушат. Ушул завод менен катар эле алар Жайыл районуна заманбап үлгүдөгү кыргыз мектеп салып бере турган болушту. Ал мектепте, окуучуларга бардык сабактар менен бирге кытай тилин да окутуу маселеси каралды.
Кыскасы, Кытай менен мамилебиз мындан ары да абдан өнүгүү жолуна түшөт десек болот.
Мен бул иш сапардын алкагында Кытайдын Реформалоо жана өнүктүрүү комитетинин жетекчисине жолуктум, алардын берген маалыматы боюнча былтыр биздин өлкө менен Кытай өлкөсүнүн соода-сатык жүгүртүүсүндөгү акчанын көлөмү 5 миллиард долларга жетиптир.
- Биздин статистика боюнча бул көрсөткүч бир топ төмөн да...
- Туура, бизде унаанын көлөмү боюнча эсептелет, алар болсо товардын көлөмү аркылуу эсептешет. Алардыкы биздикине караганда так десек болот. Ал эми ошол эле 30 миллионго чейин калкы бар Өзбекстан менен Кытайдын ортосундагы соода-сатыктын көлөмү 2, 5 миллиард экен.
- Эми өзүбүздүн ички экономикабыз тууралуу сөзгө өтсөк. Өлкөнүн башкы экономисти катары, экономикалык абалыбызга расмий түрдө кандай баа бересиз?
- Мен жашырбай айтып коёюн. 5 айдын маалыматына боюнча мактана турган эч нерсе жок. Негизинен ички дүң продукциябыз 93,6 пайыз болуп атат. Бул 6,4 пайызга түшүп кетти дегенди билдирет. Бул көрсөткүчкө Кумтөрдүн кесепети түздөн-түз тийип атат. Себеби Кумтөрдө быйыл план боюнча 18 тоннадан ашык алтын казыла турган болсо, тазалоо иштерине, мөңгүнүн жылып кетишине байланыштуу алардын эсеби боюнча 12 тонна эле алтын казыла турган болуп атат. Кумтөрдөгү кирешени эске албаганда, 5 айдагы өсүш 103,6 пайыз. Анын ичинен карап көрсөк: өнөр жайда 108 пайыз, электр энергия жана газ өндүрүү боюнча 130 пайыз, айыл-чарба боюнча тилекке каршы, 101,1 болуп атат, биз мындан көбүрөөк күттүк элек, бирок буга кыштын катаал болушу, жут, кургакчылык маселелери терс таасирин тийгизип койду. Тейлөө боюнча 108 пайыз өсүш бар. Курулуш боюнча өсүш жалпысынан 114 пайызга жетти. Былтыр болгону 72 пайызга жеткен.
- Мамлекеттик курулушту эске албагандабы? Себеби мамлекеттик курулуш башталбай эле, кечигип токтоп турат го?
- Силер капиталдык салым тууралуу айтып жатасыңар го. Капиталдык салым бир аз кечигип жатат, ал башталса курулуштагы өсүш дагы жогорулайт. Ал эми инфляция 1,2. Бул баанын ушул көрсөткүчкө өстү дегенди түшүндүрөт. Инфляция ылдый, негизи быйыл 9 пайыз деп белгиледик эле.
Бирок биз азыр кошумча пландарды издеп атабыз, бул боюнча губернаторлор, акимдер, министрликтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алар планга кирбей калган өнөр-жай ж.б. иштерди планга киргизиши керек. Мисалы, жогоруда сөз кылган Кара-Балтадагы нефтини кайра иштетүүчү завод планга кирген эмес, Токмоктогу айнек заводу пландан тышкары, кошумча продукция өндүрөбүз деп атышат. Мындан тышкары, кореялыктар менен бирге Таш-Көмүрдө темир затын колдонууда пайдалана турган Фересвлап заводу салынып жатат. Ал эми кендерибизди мамлекетибиздин кызыкчылыгында иштетүү боюнча жаңы мыйзамдар иштелип, парламентте каралып жатат. Ал мыйзамдар менен биз чоң пайда көрөбүз. Мурункудай жең ичинен соодалашуу деген токтойт. Инвесторлорду өзүбүздүн бир туугандарды тосуп алгандай тосуп алып, алардын колуна мыйзамды карматып, иштегенге мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз керек. Мына ушулардын баары иштеп кетсе, эмдиги жылы экономикабызга чоң пайда, бир топ жогорку көрсөткүчтөр болот деген ишеничтемин.
- Сиз жетектеген министрликке цементин ж.б. курулуш каражаттарынын өсүп кетишине караштуу бир топ сын айтылды. Бааны токтотууга күчүңөр жетпей калгандай болду. Бул маселе боюнча эмне айта аласыз?
- Биздин экономикага байланыштуу өнөр жайдын 95 пайызы менчиктештирилип кеткен. 5 пайызы мамлекеттик болуп эсептелет. Азыр бир топ адистер, кээ бир жетекчилер ишканаларды текшериш керек, бөлүш керек деген көз караштан арыла албай жатышат. Бул туура эмес. Биз атаандаштык экономиканы куруп жатабыз. Биздин министрликке карган монополияга каршы департамент мына ушундай ураандын негизинде иштеп атат. Анын негизги функциясы монополияга бөгөттөрдү коюп, бирок атаандаштыктарды түзүү жана күчөтүү. Цементтин өсүп кетиши, ал заводдун кубаттуулугунун жетишпей калгандыгына байланыштуу болуп калды. А, курулуш болсо кескин түрдө күчөп, цементке болгон суроо-талап көбөйүп кетти. Мисалы, түндүк регионун эле алалы, бир айга (май айына)130 миң тоннага чейин цемент керектелсе, болгону 81 тонна чыгып калып атты. Ушу себептен цемент тартыш болуп калып, баа көтөрүлдү. Азыр, биз тез аранын ичинде чара колдонуп, Канттагы цемент заводдун кубаттуулугун көбөйттүк. Азыр ал завод бир күндө 2200, 2300 тонна цемент чыгарып атат. Кызык-Кыядагы завод 2600 тонна, Аравандагы завод 600-700 тонна чыгарып атат. Күрмөнтү цемент заводу тилекке каршы, талаш-тартыштын негизинде иштебей турат. Ал заводду да ишке киргизишибиз керек. Кантта Техналин деген да экинчи завод бар. Анын акционерлери менен да сүйлөштүк, алар да буйруса, жакын арада ишке киргизишет. Биз өкмөткө сунуш кылдык. Эми Казакстандан цемент биздин өлкөгө жеңилдетилген төлөм менен кирет. Ал жакта биздикине караганда, баа төмөн.
(Уландысы 10-бетте)






fabula





??.??