presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кадам ушул…

"Кылымдын жолу кылтылдап турат, Кыз- уулун берсең ыйманын сакта!"



Улуу муун ар дайым кийинки муунду жерип келген, алардын кылыктары жаман экендигин айтып келген, "мына биздин кезде мындай болчу, андай болчу" деп өз мезгилиндеги адам жүрүм-турумун мактап, даңазалап келген. Ошол сындуу биз-карыган, карып бараткан муун кийинки муунду жактырбай турабыз. Биз да өз убагында улуулардан, ата-энелерибизден сын уккан күндөрүбүз көп эле болгон…
Ошентип, биз кийинки муундун кылык-жоруктарын жактырбай турабыз. Биз аларды түшүнбөй, кийинки келген жаңы салттарды кабыл алгыбыз келбей, жекече антипатия менен симпатиябызга алдырып коюп жатабызбы, же кийинки муундун баскан жолу ырасында эле опурталдуу болуп жатабы? Бу суроого бир жактуу жооп бериш ушул азыркы алды-арты дааналанбаган турмуш жолубузда кыйын го дейм…
Ырасында эле азыркы жаштардын биртобунун баскан-турганы адамдык деген сыпаттаманы алып келчү сапаттардан курубу? Алар жаратылышынан ошондой жаралганбы же улуулардын жолун басып жатабы, "уядан эмне көрсө…" болуп жатабы? Башкасына кепил болуу кыйын. Бирок, азыркы жаштардан улуу муун, маселен, биздин муун жаштарга жакшы мисал болуп бере алчу турмуш өткөрө албай турат окшойбуз. Анысы бар.
Тобо келтирип, топук кылууну унутуп, жутунуп эле жаланып-жуктанып калгандайбыз. Демек, уйдан айырмабыз жок болуп калды да! Азырынча оозума таш дей турайынчы…
Азыр жыйырмага чыгып калган балдарыбыздын баскан жолуна аздап сарэсеп салып көрөлү да. Алардын кай бири студенттир, дагы бири тырмалаңдап ишеп жүргөндүр базарларда, же башка жерлерде үй куруп, дубал салып… үчүнчүсү чет жерге кетсе керек көр оокаттын айынан, төртүнчүсү түрмөдө жаткандыр…

Ошентип, бала төрөлүп, торолуп, басып калган убакта бала бакчага бара баштайт. Барганы да курусун бала бакчада орун жок, анын башчысына жалынып жатып, бери дегенде 5 миң сомду берип жатып араң орноштурасың… Андан соң мектебине бара баштайт. Күн аттап акча чогултмай, тигинисине, мунусуна, ремонтуна, эжекесинин туулган күнүнө, комиссия сыйлаганга ж.б. Мектепке он бир жыл акча ташыгандан кийин университет деген "крокодилге" өтөсүң, ал жериң кызылдай акча сурап турат. "Крокодил" деп бекер айткан жокпуз, тойбогонун айттык. Баланча миңди окууңа төлөйсүң, анан экзамен, зачет дегендер башталат, ар мугалимдин өз ставкасы бар. Кыйын болсоң бербей көр!
Анан окууну бүткөндөн кийин байкуш ата-эне баласы менен кызына иш караштырат. Эсепти билбеген мамлекет толгон университеттерде эсепсиз окута берип, чала сабат юрист, экономист, менеджер ж.б. "эрлер" толуп кеткен. Аларга орун жок. Анан ондон бири эптеп бир тешикти таап, баланча миң доллар берип тозокту көрүп жатып ишке орношот. Ал жерде чоңуңду курортко узатып каласың, туулган күнү болот, атасы же энеси өлөт, алыскы тууганы өлсө деле баары бир… иши кылып кыбыр эткен эле жерден акча чогултмай…Окуусун бүтүп иш таппаган калганы эптеп күн өткөрүп жүргөн болот, ууру кылганы болот, кримдүйнөгө кирип кеткени болот ж.б.

Ошентип, бала болуп башына жүн чыккандан баштап акча менен турмуш улайт. Акчанын кулу болуп өсөт. Анткени, эне-атасынын кебинен акчанын маанисин жаштайынан эле түшүнүп алат. "Сениби, чоңойгондо толтура акча таппасам элеби" деген дилине орногон бүтүмү бар. Ошол акчанын айынан бардык жаман иштерди жасайт, бирөөнө кошомат кылат, ууру кылат, алдайт, тонойт, ашынганы адам өлтүрөт. Акчага байланыштуу бардык жаман иштерди жасаган улуулар кичүүлөргө карандай акылдан айтып турса жукпайт, кылганы тигил, айтканы бул деп жаштар оңой эле ажыратып алат. Анан кайдагы тарбия? Тарбияны бала бакча да, мектеп да, унверситет да бербей калганына көп болду. Көр оокатка кул болгон кийинки турмуш, ушул заманыбызды туңгуюкка катуу ылдамдык менен алып баратат. Бир жерде болбосо, дагы бир жерде арка-моюнубуз аңтарылып калышы турулуу!
Көөдөнсүз жандын көчүнөн сакта,
Көралбас жандын өзүнөн сакта.
Көрүнө эч ким апкеткен эмес,
Кер дүйнө бизди өзүңөн сакта.- деп,
элинин акыны Шайлообек күйүп жатканы бекер эмес!

Жаштарыбыздын көпчүлүгү кызмат кууганга, байлык кууганга кенедейинен тарбияланып калды. Эми алардын мүнөзүн оңдоого болбойт. "Тарбия челегине" салып чыласаң да эч майнап чыкпайт. Жанагы эки багытта жанын үрөп өмүрүн улайт. Кызмат кууган жерде, акча кууган жерде боорукердик деген, ыйман деген, айкөлдүк деген, анан да Мекеним деген сезим болбойт! Демек, адамкерчиликсиз, айбандык жашоо болот!
Кийинки кыздарыбызды карагылачы, кээси эптеп эле денесин жапкан болот. Ага деле мейли, денесин бүгүн болбосо, эртең жаап алар, ал эми жылаңачтанган ички дүйнөсүн кантип жапты?! Жабылабы деги?! Жок, эми жабылбай калды, бир өмүргө кечиккен…
ИИМ тарапта иштеген кайсы бир эксперт "кийинки жаштардын үчтөн бири кримдүйнөгө аралашат"деп айтканы бар. Бул өтө коркунучтуу келечек!
Бир жумадай мурун алды жыйырмага толуп, толо элек төрт айбан, адам формасындагы айбан, квартирасын бекитип кызматына кеткени жаткан чоң энесиндей болгон аялдын башына кап кийгизип, үйүнө сүйрөп кирип мыкаачылык менен тепкилеп, үйдө болгон 50 миң сом, 700 доллар жана алтын шакек, иймектерди алып кетерде, ошол эле жерден кармалган. Мына ошол төрт айбан эптеп кесилимиш болот, эртең эле кайра чыгат, ата-энелери чуркайт эмеспи! Менин колумда болсо, ошол төртөөнү колго түшүрөрдө куралдуу каршылык көрсөттү деп туруп атып салмакмын! Ансыз деле ал айбандар каршылык көрсөтүмүш эткен экен. Эми ал төртөө эч качан оңолбойт, түрмөдөн дагы да айбандыгы ашынып , биротоло жырткыч болуп чыгат!
Кызыл дан берсең кырманын сакта,
Кыргыздын кымбат ырларын сакта.
Кылымдын жолу кылтылдап турат,
Кыз-уулун берсең ыйманын сакта! - деп ошол эле Шакем бекеринен эле санааркап-тиленип турбагандыр…Аттиң де, бүт кыргызга ушул Шакемдин өзүнүн ыйманын берип койгондо эмне!..
Ооба, жазаны катуулатуу керек, кылмышкерди аягандын өзү андан өткөн кылмышкер! Бирок, ошол кылмышкерди кылмышка жеткирбей тарбиялап алсак болот беле? Болот. Эгерде ал тараптагы иштин баары сөз жүзүндө эмес, иш менен бышыкталып турса, айтылгандын баары ишке ашса, анан да тарбия берчүлөр өздөр тарбиялуу болсо. Тарбия деген билгендин колунда тарбия, болбосо, тарбиядан эч нерсе үмтөтпө деле, тескери тегеренип кетери бар… Эч нерсе менен жумушу жок, жалаң гана акча менен кызматтын артынан сая түшүп алган немелер эмненин тарбиясын бермек?! Эмне кантип жеп жатканын айтабы, кызматына кай жол менен жеткенин айтабы, жашап жаткан хансарайды салган жерди кантип алганын, кантип салганын айтабы, тиги чоңунун таманын кантип жалап жүргөнүн айтабы, эптеп эле бир шылтоо таап эл чакырып акча топтоп алыштын жолун ойлоп турарын айтабы?!.. Азыр биздин мамлекетте жаштарга тарбия берчү адамдар жокко эсе, болсо болгондур бирин-серин, алардын колунан эмне келмек, азоо атты өлө-сөлү кемпир тизгиндемек болгондой кеп да!

Тарбия билим менен да келет. А биздин билим берүү тармагы- мектеби да, орто жана жогорку окуу жайлары да билимди дурус бере албай жатат. Анткени, ал жерлерге билимсиздер толуп алган. Билимдүүлөр, накта педагогдор азчылыкты түзүп калган, анан эмненин билими?!

Илгери бизди окуткан эле, жалгыз адам, же адамдардын тобу тарыхты өзгөртө албайт деп. Бул марксизм-ленинизм окуусубу же адамзаттын түшүнүгү ушундай тыянак чыгарганбы, кудай акы, так-даанасын биле албайм, бирок, бир эле адам тарых жасап салары бар экен деп ойлойм, мен сыяктуу жоругандар көп эле болсо керек. Маселен, Чынгызханды алалы, Напалеонду алалы, Гитлерди алалы, Сталин менен Горбачевду алалы, алар тарыхты түз бараткан нугунан буруп жибергендер эмеспи. Башкасын айпаганда да СССР деген улуу державанын таш-талканын чыгарган Горбачевди айт!
Ушул жагынан алганда Акаев менен Бакиев кыргыз коомуна негативдүү көрүнүштүн баарын толтуруп кетти окшойт. Эгерде ошол эки айбан болбогондо коомубуз бир аз таза болот беле…Эми бул өзүнчө маселе болуп туруп турсун. Азыр болсо биздин мамлекеттүүлүктү улап кетчү муундун алешем жактары жөнүндө кеп кетип жатпайбы, уланталы.
Ошентип, бизден кийин келип жаткан, келе турган муун кыргыз мамлекеттүүлүгүн да, улут катары баа-баркын да төмөндөтө турган, а турсун жок болуу жолуна баштай турган муун катары бааланып жатат. Эпадам, алардын баасын так биле албай, төмөндөтүп, туура эмес, начар бааны берип жатсак, анда жакшы. Жаңылып жаман десек, анда жакшы. А эгер жаңылбасакчы?!

Биз өтө аз элбиз, ал аз келгенсип, экиге анан жетиге бөлүнүп турчу адатыбыз уланат. Ошол жагынан алганда деле келечек бүдөмүк болуп жатпайбы. Жаштарыбыздын төрттөн бири чет жерлерде жүрөт, бул жердегилердин көбүнүн кыла турган жумушу жок. Бүлө болуп бириккендердин үчтөн бири ажырашып кетип жатат, кыз-келиндердин тартибин айтпай эле койгонубуз оң!
Ошондо эмне кылуу керек? Бул өтө коркунучтуу суроого тийешелүү жетекчилерибиз күнү-түнү баш оорутуш керек эле, анткен жери жок. Жалаң эле жетекчилерге карап олтура бербей ар кимибиз колдон келишинче, дарамет жетишинче таза жол тандап басышыбыз керек экен, антпей жатабыз. Күнөөнүн баары жетекчилерде эмес, күнөөнүн көбү өзүбүздө, элде. Баарыбыз- эл бузулуп турат. Асманыбыз бүркөк, алай-дүлөй алдыда сыяктанат.
Коомдук жердеби, же автобустабы кайсы бир ээнбаш неменин кылыгын көрүп кой деп койгонго жарабайбыз да, түз эле Манастын урпактарыбыз деп чогулуштарда төш кагабыз. Манастын урпагы болсоң, терс көрүнүшкө тоскоол бол да, майда-барат иш болсо да. Жок, антүүгө жүрөгү даабайт, айтканы асмандын башы менен Манас. Ушинтип кудай уруп жатпайбы!

Ырас, жаштарыбыздын баары эле "кудайдан жөө качкандардан" эмес, нечен бир акылдуу азаматтарыбыз бар. Бирок, алардын саны аз өңдөнөт. Алар менен бирге эле жөлөп-таяп койсо дурус жашоо улантып кете алчу жаштарыбыз да бар. Бирок, аларды жөлөп-таячулар аз…ушундай бири кем абал-дүйнө.
Баратбай Аракеев




fabula





??.??