presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Катани керек болуп
турат
Коррупцияга каршы күрөшөбүз деп күнү-түнү иштеп жаткандай түр көрсөткөн күч органдарынын колунан эч нерсе келбей атат. Алчусун алып коюп жатышабы же алсыз болуп жатышабы ким билсин, айтор иш арбый элек. Мындай кырдаалда бизге эч кимден жалтанбаган, эрки бекем кадимки Катани -Өмүрбек Суваналиевдей чыныгы генералдар керек болуп турат. Эгерде ажобуз анча-мынча ички таарынычтарды артка жылдырып, эт менен челдин ортосунда жүргөн ачендиктердин ордуна Суваналиевди отургузса, элдин акчасын кемирип, камырабай басып жүргөн паракорлордун эсин эки кылып, эсебин тапмак. Казына акчасын кемирип жаткан "келемиштердин" алды асынып, арты атынып өлмөк. Анткени Өмүрбек Суваналиевдин коррупцияга каршы кандай күрөшөөрүн көпчүлүк жакшы билет. Ак үйдөгү аттуу-баштуу чиновниктердин аралашканына карабай Акаевдин тушунда 16 вагон контрабандалык курал-жарактарды кармап, ачыкка чыгарса, Финполду башкарып турганда бийлик мунарасындагылардын Германиядан "Мерседес" үлгүсүндөгү унааларды мыйзамсыз ташып келип жаткан былыгын чукуп чыккан. Мындан башка да бир топ эрдиктери элдин эсинде.

Тербишалиевдин
"мордасы" гана
кыргызбы?
Мамлекеттик тил мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселеси буга чейин ЖКнын билим, илим жана маданият комитетинде каралса, өткөн жумада Сот жана укук комитетиндегилердин элегинен өттү. Эне-тилибиздин кадырын арттырган бул мыйзам долбоору көпчүлүк эл өкүлдөрүнүн колдоосун тапса, жалгыз социал-демократ депутат Данияр Тербишалиев тетири сүйлөп, көпчүлүктүн кыжырын кайнатты. "Космополит" Тербишалиев эне тилине эрегишип кимге жагынгысы келет? Айтылуу казак акыны Мухтар Шахановдун "ким кыргыз тилине күйбөсө, кыргыз тилине кам көрбөсө анда ал МГК ("мордасы" гана кыргыз) деп аталат" - деген таамай сөзү дал ушул Тербишалиевге туура келип турат. Бирок, "Ит үрө берет, кербен жүрө берет" -демекчи, Тербишалиев канчалык тетириленсе дагы бул мыйзам жакынкы арада пленардык жыйынга чыгарылып, добушка коюлат. Ошондо кыргыз тилине күйгөн депутаттар менен күлгөн депутаттардын аты ачыкка чыгат.

Соодасы бүткөндө…
Кумтөрдүн жолун бууган жаштардын артында Садыр Жапаровдун тураары айтылып жүргөнүн өткөндө кабарлаганбыз. Бул кептердин чындыгы бар белем, ушул жума этегинде "Кыргызстан жаштар кыймылы" деп аталган кыймылда мүчө болуп жүргөн Адил Назаров деген жигит маалымат жыйынын өткөрсөмбү деп белсенип жаткан экен. Анда ал Садыр Нургожоевичтин кандай план түзгөнүн, ал жетектеген комиссия кандай иштегенин, көшөгө артында түрдүү "трюктарды" жасап, эл астында "апакай" баатыр көрүнүп каларын ашкерелейт имиш. "Кумтөр" маселесинде Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон чечим чыгармакчымын деп чамынган Жапаров, көрсө, көшөгө артында жеке өзүнө пайда алып келүүчү иштерди жасап жаткан турбайбы?! Мындай шартта ал жетектеген комиссиянын тыянагына ишенүүгө болобу?


Министрибиздин кейпи ушул…
Кара-Балта шаарындагы Кытай мамлекети тарабынан курулуп баштаган 70 гектар аянтты ээлеген мунайзатты кайра иштетүүчү завод тууралуу маселе 8-июнда "Ата Мекен" фракциясынын отурумунда талкууланды. Буга байланыштуу Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев, Курулуш жана региондук өнүгүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Нарбаев жана аталган компаниянын өкүлдөрү маалымат беришти. Завод заманбап, эл аралык, автоматташтырылган жабдуулар менен жабдылып, А-97, А-95, А-92, А-85 маркасындагы бензин жана дизель майлары менен мотор майлары чыгарылары айтылды. Иштелип чыккан мунай 100 пайыз Кыргызстанга сатылаары маалымдалды. Заводдо 600 кытай адиси иш алып барат. Бүгүнкү күндө заводдун курулушуна 50 миллион АКШ доллары жумшалган. Эми 100 миллион долларга жабдуу алынат.
Эң эле кызыгы, аталган мунай заводунун курулушу тууралуу Аскарбек Шадиев оңдуу жооп бере албай, ал түгүл Кытай ишкерлерин биринчи көрүп жатканын айтып, депутаттардын оозун ачырды. Кандай келишимдин негизинде иш алып барышарын дагы билбей турганын, ушул кезге дейре келишимдин долбоору менен тааныша электигин билдирди. Мына сага министрибиздин таз кейпи бул болсо, анан кантип инвесторлор менен тыңгылыктуу иш алып барып, экономиканы көтөрө алабыз.

Кемелова кызматтан
кетеби?
Тышкы иштер министрлигинде 2010-жылдын август айынан бери орун басарлык кызматты аркалап келе жаткан Динара Кемелованын жолдошу Рысбек Айдаралиев Жапониядагы кыргыз элчилигинде иштейт. Элчиликтеги эри ТИМдеги жубайына баш ийген мындай "үй-бүлөлүк башкаруу" чынында мыйзамга каршы келет. Динара айым эки жылдан кийин эсине келгенби же кимдир бирөө эскерткенби, жакын арада кызматтан өз эрки менен баш тартуу тууралуу арызын жазууга белсенип жаткан экен.

Бүбүкан Досалиева иштеп жатат
Президенттин алдындагы мамлекеттик сыйлыктарды жана наамдарды ыйгаруу комиссиясынын жооптуу катчысы Бүбүкан Досалиеваны ошол жерде иштеген кайсы бир чиновник кетирем деп жатыптыр деген имишти угуп Бүбүкан айымга чалсак, ал андай имишти бизден биринчи угуп жаткандыгын, ишин кадимкидей эле иштеп жаткандыгын айтты. Ак үй тарапта кийинки күндөрү "бузук телефондор" көбөйүп кетти деп биз калдык.

Баласынын баркы
менен парламент
башкарып калганбы?
Бакиев бийлигинин акыркы парламент башчысы Зайнидин Курманов айтылуу Апрель окуясы башталганда өлкөбүзгө өзгөчө кырдаал киргизген, Конгантиев, Үсөновдор менен бирге эле элдин демин басып, эсебин тапмакчы болгондордун бири болгон. Маскөөгө качып барып, кайра келгенден бери Зайникени эстеген киши жок. Эч нерсе болбогондой эле эл катары оокатын кылып, учурда Дипломатиялык академияда кайсы бир кафедраны башкарып жаткан экен. Баса, Зайнидин Курмановду бакиевдердин "баалап-барктап" калышына Кыргыз-Орус славян университетинде Максим менен чогуу окуп, достошуп калган улуу себепкер болгон экен.


Чочуткан мыйзам
долбоору
Өмүрбек Текебаевдин "КР Президенти менен КР ЖК депутаттарын шайлоо" жөнүндөгү мыйзамга жаңы толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомчулукта чоң талкууну жаратууда. Эгер Текебаевдин мыйзам долбоору колдоо таба турган болсо, шайлоо болгонго чейин бир жыл ичинде түзүлгөн партиялардын шайлоого катышуу укугу чектелет. Маселен, күздө шайлоо болуп кала турган болсо Равшан Жээнбековдун "Демократиялык альянс" партиясы, Нариман Түлеевдин "Ак бата" партиясы шайлоого катыша албайт. Ошондой эле, аталган мыйзам долбоору боюнча кимге мандат беришти БШК эмес, партия чечип калат. Анда партиянын лидеринин кычыгына тийген депутаттар мандатынан ажырап калышы ажеп эмес. Албетте, мындай өзгөртүү коомчулукта бир жактуу колдоого алынып жаткан жок. Айрымдар Текебаев өзүнө гана ылайыкташтырып мыйзам ойлоп табат деп сындашса, айрымдар аты-жыты жок, баш айланткан партиялардан арылабыз дешүүдө.

Акмат кармалабы?..
Акмат Бакиевдин качып кеткенине 3 айдан өттү. Айрым маалыматтар боюнча учурда агасы Курманбек Бакиевдин жанында экени айтылса, айрымдары Дубайда дешүүдө. Кыскасы, качып кетип жайбаракат, жанын багып жатат. Буга байланыштуу, болгону №35 жатак колониясынын башчысы, ЖАМКнын жетекчиси кызматтан алынып, башка эч бир чара көрүлбөдү. Эч ким жоопкерчиликке тартылган жок. Бүгүнкү күнгө чейин кимдер качырды деген суроонун жообу ачык бойдон калып келет. Эл арасында болсо ЖАМК, Башкы прокуратура, сот биргелешип качырып жибергени туурасында сындар айтылып жүрөт. Эми болсо Акмат Бакиевдин качырууга Бакиевдин учурунан бери иштеп келе жатышкан бир канча жогорку кызматтагы чиновниктердин дагы аралашканы туурасын кептер айтылууда. Себеби, Акмат Бакиев абакта отурганда, Жалал-Абаддын көмүскө кожоюну катары башкарып турган мезгилинде кимдер келип эмне иштерин бүтүртүшкөнүн, кимдер канча акча бергенин ачыкка чыгара турганын кыйытып, ошол кездеги аткаминерлерден качырууга көмөктөшүү талабын койгон дешет. Натыйжада, артын ойлогон бир канча адамдар биргелешип, Акмат Бакиевди качырууну ишке ашырышканы айтылууда.

Кадыржан Батыровдун мүлкү алынды
Өзбек сепаратисттеринин анабашы Батыровдун Арсланбаптагы эс алуучу үйү мамлекетке алынды. Ал үйү башка бирөөнүн наамына катталган экен, сот ал чечимди жокко чыгарып, Арсланбап айыл өкмөтүнүн карамагына берди. Эми ал үйдү жакшы пайдаланып, туристтерди кабыл алып турса, өкмөткө далай пайда түшөт.
Батыров болсо, бул жерде сырттан соттолгону менен Швециянын атуулдугун алып кенен-кесир чардап жаткан кези…
"Коңурбай" колго түштү
Кыргызстанда биз кино тасмалардан көрүп жүргөн хакерлер пайда болуптур. Ысык-Көл облусунун из кубарлары "BORUBASH-MIRLAN" жана "KONURBAI" деген аталыштагы компьютердик вирустарды ойлоп таап, облустагы компьютерлерди иштен чыгарып жаткан жигитти кылтакка илишти. Ал жигит Касым Тыныстанов атындагы ЫМУнун 5-курсунун студенти, Ак-Суу районунун Бөрүбаш айылынын тургуну экен.






fabula





??.??