presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Атамбаев коңгуроо какты
Июнь окуясынын 2 жылдыгын белгилөө Ош шаарынын борбордук аянтынын жанында "Тынчтык коңгуроосунун" ачылышы менен коштолду. Бийлик өкүлдөрү бул иш-чарада каргашадан курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, "Энелердин көз жашы" монументалдык эстелигине гүл коюшту.
Коогалаңдын 2-жылдыгында Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнөдө тынчтык болсо экен деген тилек менен шаардын борбордук аянтында "Тынчтык коңгуроосунун" алгачкы үнү жаңырды. Аны алгач президент Алмазбек Атамбаев какты. Өз сөзүндө президент окуядан курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, 50 жылдын ичинде эки улуттун ортосунда 3 жолу кан төгүү менен коштолгон кайгылуу каргаша болгонун билдирди. Президент ошондогу бийликтер алардын баштоочуларынын чабактарын гана кармап, анабашчыларын жоопкерчиликке тарта алган эместигин сынга алды. Ошондой эле ал улуттарды бириктирип, кыргызстандыкпыз деген идеологияга алып барсак, тынчтык заман өкүм сүрөөрүн кошумчалады. Митинг-реквиемге президент Алмазбек Атамбаев, Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов, облус губернатору Сооронбай Жээнбеков жана Жогорку кеңештин депутаттары, министрлер катышты.
Ал эми ЖК спикери Асилбек Жээнбеков Жалал-Абад шаарындагы эскерүү иш-чараларына катышып, Июнь окуяларынын негизги күнөөкөрлөрүнүн бири катары сот тарабынан өмүр бою эркинен сырттан ажыратылган Кадыржан Батыровдун Европа коопсуздук боюнча келишим уюмунун жыйынында чыгып сүйлөп, Кыргызстан жөнүндө ар кандай туура эмес маалымат айтып жаткандыгы үчүн КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан нота жиберилерин айтты.

Коркмазовду "коколошту"
"Ата-Журт" фракциясындагылар өгөйлөп баштагандан бери, өзүнчө оокатын "кыбыратып" келе жаткан Хаджимурат Коркмазов "ЖК депутатынын статусу" деген мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизмекчи болуп, "кайсы бир депутаттын саясий көз карашы фракциялаштарыныкы менен дал келбесе өз алдынча эркин депутат аталууга укугу бар" -деген сунушун айта коём деп кесиптештеринин каарына кабылды. Спикер болуп турганда өктөм сүйлөгөндү өзгөчө өздөштүргөн Акматбек Келдибеков адатынча "Селсаяк болуп бүттүңөр эми, жетишет. Кайткыла артка. Эгер фракцияда иштегиңер келбесе, мандатыңарды өткөрүп бергиле. Силердин ордуңарды партиянын кийинки мүчөсү ээлесин" -деп күпүлдөсө, фракция лидери Камчыбек Ташиев ачык эле "ары же бери бол" -деген талабын койду. Баса, өткөн жылдын акырында шайлоодон шагы сынып, капа болуп турган Камчыке 2012-жылдан тартып Коркмазовго окшогондордон партиясын тазалаарын, жакын арада "Ата-Журтта" укмуштуудай өзгөрүүлөр болоорун айткан жайы бар. Андан бери алты айдын жүзү болду. Алы жетпей жатабы же анча ашыкпай жатабы ким билсин, айтор айткандары азырынча айтылган гана боюнча турат.


Кыргызстанда жылына 7 миллион сом өрттөлөт
Акыркы беш жылдан бери Кыргызстанда шайлоонун шайтан оюндарысыз бир дагы жыл өтө элек. Парламенттик, президенттик, шаардык, райондук шайлоолор талапкерлердин гана капчыгын каңтарбастан, өлкө бюджетин да оголе көп чыгымга учуратарын билебиз. Баарынан кызыгы "барсак да өтөт, барбасак да өтөт" -деп, шайлоого катышпаган кайдыгер шайлоочуларыбыз да билип-билбей миллиондогон акчаларды асманга сапырышат экен. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков "Бүгүнкү күндө шайлоочулардын тизмесинде 3 миллион 700 миң адам бар. Шайлоолорго адатта 1 миллион 700 миңи гана катышат. Ашыкча болуп калган 2 миллион бюллетень өрттөлөт. Ошондо биз баш аягы 7 миллион сомду өрттөп жиберген болобуз" -деген кебин айтты.


Мырзакматовдун "тагдыры" Бабановдун колуна өтөбү?
Өлкөбүздүн башкы мыйзамчысы Өмүрбек Текебаев "Ош шаарынын статусу жөнүндө" деп аталган жаңы мыйзам долбоорун жазып бүттү. Ош шаарынын мэрине азыркыдан алда канча көп укуктарды тартуулаган бул мыйзамдын эң эле туздуу жери башбакан шаардык кеңештегилердин кебин укпай эле, мэрди кызматтан алып ыргытуу укугуна ээ болот. Өмүрбек Текебаевдин баамында мамлекет кызыкчылыгына байланышкан маселелерди көңүл сыртында калтырып, мамлекеттик мыйзам актыларын аткарбаган учурда премьер-министр өз буйругу менен шаар мэрин кызматтан кетире алат. Эгер бул мыйзам парламентчилердин көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болуп кабыл алынып кала турган болсо, ордолуу Оштун башчысы Мелис Мырзакматовдун "тагдыры" башбакан Бабановдун колуна өтөт. Буга чейин шаар мэрлигин "мээлеп" жүргөн "республикачылардын" бар экенин эске алсак, Мелис Мырзакматовдун мэрлик доораны жакын арада бүтчүдөй болуп турат. Бирок, айтылуу Алымбек датканын түз урпагымын деп жүргөн Мелис Мырзакматов да оңой жоо эмес. Шаар калкынын калың катмары кызуу колдоорун шаардык кеңешке болгон шайлоо ачыктаган. Аягы кандай болоор экен?


Энергетикалык эркиндикке ээ болобуз!
Ушул жылдын сентябрь айында ачылмакчы болуп жаткан Кара-Балта шаарындагы мунай иштетүүчү завод Борбордук Азия аймагындагы геосаясий кырдаалды өзгөртө алаарын ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев айтып чыкты.
"Бул акыркы жылдардагы эң ири инвестициялык долбоор болуп эсептелет. Бул заводдун курулушу менен Кыргызстан энергетикалык эркиндикке ээ болот. Кытай Казакстандын мунай кендерине кызыгуусун арттырууда. Жакын арада биздин өлкө аркылуу Кытайга кетүүчү мунай түтүгү курулат. Транзит үчүн биз акча, нефть түрүндө алабыз" -деп кубанычы койнуна батпаган "Ата-Мекендин" лидери 8-июнь күнү заводдун курулушу менен таанышып келди. Ушул жылдын сентябрь айында толук ишке берилмекчи болуп жаткан бул завод жыл аягына чейин 20 миң тонна кара май өндүрүүнү пландоодо.

Чыкебиз эстен чыктыбы?
Мындан туура төрт жыл илгери 10-июнда алакандай кыргыз калкын Ааламга тааныткан Чыңгыз Айтматов көз жумган. 90-жылдагы Ош окуясында эки элди элдештирип, эл кызматында жүргөн Чыкебиз оо дүйнөгө кеткен 10-июнь күнү мамлекет тарабынан эскерген эч ким болгон жок. Жок дегенде шаар башчысы Өмүркулов баш болгондор Ата-Бейитке барып коюшса болмок.


Иштей албасаңар, ишиңер ИИМге өтөт
Өткөндө Коопсуздук кеңешинин жабык эшик артындагы жыйыны болуп, анда президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөшкө ичи чыкпагандыгын ачык айтты. Өзгөчө УКМКнын алдында атайын түзүлгөн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына ачуу сөздөр арбын айтылды. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, антикоррупциялык кызмат дагы үч айлык мөөнөт ичинде ишеничти актай албаса, ишинин баарын ИИМге өткөрүп бериши мүмкүн.







fabula





??.??