presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Күлкү төр


Турциядан келген меймандар Салижан Жигитовдон сурайт дейт:
- Силерди ушуга чейин боз үйдө жашаган калк деп айтышчу эле. Бирок заңгыраган кабат үйлөрдү кантип кургансыңар? Силерди канча көчмөн эл деген менен шаарыңар укмуш экен го, татынакай театр, музейиңер турат, - десе Сакебиз:
- Бул шаарды биз курган эмеспиз. Жалаң орустардын мойнуна минип, ошолорго курдурганбыз, - дейт.
- Азыр алардын көпчүлүгү кетип жатса, эми кимге курдурасыңар? - десе, Сакебиз:
- Эми түрктүн мойнуна минбей жаныбыз жокпу, - дептир.


Мас болуп калган киши аялынан ичкенин жашырыштын айласын ойлонуп үйгө барары менен китеп окумуш болуп калууну чечет. Аны көргөн аялы:
- Ай, сен эмне кылып отурасың?
- Китеп окуп жатам.
- Дагы ичкен экенсиң да, ээ? Алдагы чемоданды жап дагы тур барып жат!


Мугалим эжей Муратка:
- Мурат, "бала атты чаап келип, сууга түшүп, чөгүп кетти" деген сүйлөм англисчеге кандай болуп которулат?
- Зе бой тыкы-тык,тыкы-тык, чулуп, булк-булк-буууулк.

Төрөткана. Жаш кыз үч эм эгизди көтөрүп турган кишиге:
- Ай-ий, кандай жакшынакай балдар!... Буларды кантип бири-бирине коёндой окшоштуруп алдыңыз?
Тиги киши ачуулана:
- Эмне "трафаретимди" көрсөтөйүнбү?


Чоркок аял модалар жөнүндөгү журналды барактап олтуруп, күйөөсүнө:
- Быйыл эркектер үчүн топчусуз көйнөк мода экен, -дептир.
Анда күйөөсү:
- Анда мен 15 жылдан бери модалуу көйнөк кийип жүргөн экенмин да.


Эшмат менен Ташмат коноктон кайтып келатышат. Эшмат:
- Ой Ташмат, сен конокто олтуруп улам эле жаныңдагы чоочун аялдын колун кармап өөп коёсуң, ал эмнең?
- Ал эмнем болмок эле, мага салфетка бергенди унутуп коюшуптур...


Доктор, сабиз жесе көздүн курчу калыбына келет деген чынбы?
- Албетте, мисалы сиз качандыр бир көз айнекчен коён көргөн учуруңуз болду беле?


- Ташматтын убадасынан тажадым, -деди курбусуна даттана Айшакан. -Үйлөнөбүз дегенден бери бир жыл өттү.
- Мен сенин ордуңда болсом ага турмушка чыкпас элем, Токтокан, -деди Айшакан. -Эгер ажырашарда да ушинтип созо берсе курудуң го.

Чачтарачта кардар:
- Бу, сиздин итиңиз эмне эле мени суктанып карап жатат?
Чачтарач:
- Аа, кез-кезде жерге кулак түшүп калган учурлар болуп калат. Сыягы даамдуу болсо керек. Ушинтип сагалайт да турат.





fabula





??.??