presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Мидин Алыбаевдин 95 жылдыгына карата...
Качкын Оторбаев:

Мидин



30. Сагынаалы тууганым, сагындырдың курбалым…

1978-79-жылдары Жумгал райондук байланыш түйүнүндө, Матиев Сагынаалы деген адам экономист болуп иштей турган. Ошол кезде, менин атам Көпчүков Кулуй да байланыш түйүнүндө кызмат өтөөчү.
Бир жолу Кызыл-Ойдон Чаекке жумуштап келип, атам айтып калды: - Жүрү, тиги почтодо иштеген Сагынаалыда бир аз жумуштарым бар эле, ага жолугат элем. Андан ары мени автобуска салып жибер деп.
Түшкө маал атамды ээрчип, почтого келсек, эшик алдынан Сагынаалы да карпа-курп алдыбыздан чыгып калды. Себеби үйүнө түштөнүүгө чыгып бараткан экен.
Атам экөө, жылуу маанайда бири-бири менен кучакташып көрүшүп, бир аз убакыт сүйлөшүп турушкандан кийин: - Жүрү, тиги эле маңдайдагы "Чайнаяга" барып чогуу-чаран даам сызып, сөзүбүздү ошол жерден бүтүрөлү деген кыязда ашкананы көздөй бет алдык.
Тамак алып, ал жерде түштөнүп бир топ отуруп да калдык. Атам Сагынаалыга карап, көзүн кысып: - Саке коньяк менен кандайсың? - деп калды. Бир жүз граммдан да болсо ичпейлиби? - дегенсип...
- Мейли, ичсе ичели - деди Сагынаалы жылмайып: - Ичкиликсиз да сенин иштериң бүгүн бүтмөк беле, Кулу - деди, теңтушун тамашага чалып.
Азилдешип, аркы-берки сөздөрдү айтышып отурушуп, бир кезде сөздөн-сөз чыгып Сагынаалы аксакалдан атам минтип сурап калды: - Э, Сагынаалы, бу Мидин Алыбаев сага тууган чалыш болуп кетеби ыя? - деп.
- Ооба, тууган чалыш эмес эле, менин эң жакын тууганым болот ал. Биз Мидин менен төрт атадан кошулабыз. Баса! - деди, эсине бир нерсе түшкөндөй, Сагынаалы аксакал:
- Бир жолу жумуштап Фрунзеге барып калсам, автовокзалдан карпа-курп Мидин тууганым жолугуп калды... Колумдан кармап учурашып туруп, мага сагыныч менен таарынычын кошо узатып жатып, минтип атпайбы:
- Ээ, Сагынаалы тууганым,
Сагындым сени курбалым…
Айылга барсам өгүнү,
Атайы көңүл бурбадың.
Жоголдуң көзгө көрүнбөй,
Жок беле сенин сыйлаарың?..
Азыраак айтсам таарыныч,
Ага сен көңүл бурбагын…
Алтындай, сендей тууганга
Айтканым ушул туурабы? -
деп калды, анан сөзүн андан ары жамактатып:

- Жашыңдан эсеп-кысапка,
Жакындык жайың бар эле...
Жазаарга башты, ооруган
Жакшы эле билгич жан элең…
Жашырбай айтчы бир боорум,
Жаныңда тыйын бар беле? - деди, күлүп…

Чыны ал сөздөрүнө мен уялып калдым. Мидиндин айткан сөзүнүн жүйөсү бар болчу. Себеп дегенде Мидин бир жолу Чаекке барган кезинде, мен үйдө жок элем. Жумуштап Миң-Кушка бир-эки күнгө кеткем. Үйгө келип, жарытылуу чай-чамек ууртабай кетиптир. Мен келсем, Мидин тууганың үйгө келип кетти- деп, айтышты.
Мен Мидинди: - Жүрүңүз Мидике, эми жолукканыңыз ырас эле болбодубу? Жакшыраак бир ресторанга барып тамактанып, тууганча чер жазып сүйлөшөлү дедим, анын колун коомай колтуктап басып…
Мидин каалаган тамагын өзү заказ берип, ичкиликтен да тартынбай ичип отурду. Ыраазылык менен мени карап, кетеринде:
- Болду, болду... Кыйышпас тууганым, пейилиңе ыраазымын сенин - деди да сөзүнүн акырында:

- Жумулса акын көздөрү,
Журтунда калаар сөздөрү…
Түйшөлтөөр кээде кеп айтсам
Түшүнбөй жүрөт көптөрү…
Толгонтоор жылуу мамилең,
Толтуруп койду бөксөнү, Саке! -
деп, эреркеп кош айтышкан эле, мени менен кайран Мидин - деп көзүнөн ыргыган чолок жашты бет аарчысы менен сүрткүлөдү Сагынаалы аксакал.

31. Оркол жердешим эскерет…
1958-жылы университетке, сырттан окуган окууга өтөйүн деп, шаарга келип документтеримди тапшырып жүрсөм, мектепте чогуу окуган Жума деген классташым көчөдөн мага жолугуп калды.
Бир азга маектешип тургандан кийин, ал: - Оркол, эгер колуң бош болсо мени менен жүрү... Мидин Алыбаев деген акынды укчу белең? Ошол киши бизге жакын туугандардан болот. Атам, ал-жайын сурай кел деди эле. Ошол кишиникине баратам - деп, кыйыктансам да болбой мени өзү менен кошо ээрчитип алды.
Барсак, ал киши үйүндө экен. Диванда эс алып, уктап жатыптыр. Биздин келген дабышыбыздан улам ойгонуп: - Кел, келгиле! - деп карбаластап шашып калды.
Жума экөө жөн-жай, ал-жай сурашкандан кийин ага Мидин: - Жыпариса жеңең бир жакка жумуштап чыгып кетти эле. Жүргүлө, Вокзал жакка барып бир аз эс алып келели - деди. Үчөөбүз ээрчишип, темир жол вокзалынан өтүп "фонтан" ашканасына келдик.
Жумага Мидин: - Тамак алып чык - деп, акча-тыйын берип, биз орундуктарды карай бастык.
- Мидике, арак-шарабынан да ала чыгайынбы дегенчелик кылып ал жан чөнтөгүнө колун салды эле... Мидин бет жуунгучка кол чайкап жатып:

- Арак-шарап көп ичип,
Жукарып бүттү ичеги…
Жеңил-желпи, а көрөк
Пиводон эле ичели! - деп калды.

Жума бирден кружка ар кимибизге пиво алып, биз столго жайланышып отурдук. Пиво жаңы эле оозубузга тийгенде, толмочунан келген жапалдаш бойлуу кызыл чийкил бир жигит биз отурган столго басып келип, Мидин менен эски таанышындай эпилдеп-жепилдеп учурашып калды. Мидин кармаган колун коё бербей:
- Борсулдап күлгөн жайдарым,
Боорсоктой болгон кайраным…
Күттүрүп коюп байкеңди,
Сен неге үйгө барбадың?…
Таарынтпай улуу кишини,
Так болуп жүрсөң, ар дайым -
десе, тигил жигит дагы эле актанып:
- Байке кечирип коюңуз... Ошол күнү силердикине келем деп убада берип коюп, машиненин оңу келе калып, Кочкордогу кудалардыкына кетип калбадымбы? - деп кечирим суранып, ал адам дагы биз менен бирге чогуу столго отура кетти... Кайрадан жаңыртып тамак алдырып, көпкө чейин ал жерде отуруп калдык.
Ошентип, бир жолу Мидикем менен да бир столдо туз даамдаш болуп, анын аргасыз күлкү чыгарган азил кептерин өз оозунан уккан жерим бар эле - дейт, Кызыл-ойлук жердешим Оркол мактаныч менен...
| Уландысы бар |






fabula





??.??