presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Келбетке кам көрүү…

Каалоо болсо, сүйкүмдүү


болуу колдогу иш…


Мына ошентип, көптөн күткөн жай айы да келди. Быйыл жайдын алгачкы айында эле күн өтө ысып, аба үп тартып турат. Мындай учурда шаардын кыжы-кужусунан, ысыгынан, сапырылган чаңынан качып, көптөр жайкы эс алуудан пайдаланып, тоого, жайлоого чыгып эс алып келишет. Бирок баардык адамдар жай айында көлгө бир барып келмейин, ишке киришпейт. Ооба, жайдын да өз түйшүгү бар. Бирок таман куйкалаган кум менен жылуу көлдөн эч ким кача албайт. Албетте, азыр көлгө барууга эртерээк. Мына ошол убакыттан аялзаты пайдаланып, көлгө барганда элден тартынбай, кысылбай өзүнө ишенимдүү жүрүшү үчүн келбетине эмитен кам көрө башташы керек. Ооба, азыркы экономикабыз оор, социалдык абалыбыз начар учурда бардык эле айымдардын спорт клубдарына барганга каражаты да, убактысы да жок. Ошол себептен, биз сиздерге үйдө жасай турган жеңил көнүгүүлөрдү сунуштайбыз. Ал үчүн төмөнкү кеңештерге көз жүгүртүп коюу гана керек.


Сүйкүмдүү курсак…
Айымдар үчүн эң башкы маселе, кымча бел жана тартылган курсак. Биздин көп айымдарыбыз төрөттөн кийин курсактарын тартпай, натыйжада курсактары салаңдап, ал айымдын сулуу жүзүн, эликтикиндей түптүз буттарын, кыскасы, болгон сулуулугун бузуп, көзгө жаман көрүнөт. Шалбыраган курсак, өзгөчө эркектерди иренжитет. Ошол себептен, адегенде курсакты тартуудан баштоо керек. Ичиңиз чыкпай, жалпак болуп турушу үчүн тамак жебей, диетага отуруп өзүңүздү кыйноонун деле зарылчылыгы жок. Болгону салаңдап турган курсагыңызды жоготуу үчүн күнүнө 10 мүнөт гана убакыт бөлүп коюңуз. Ал үчүн, эртең менен эрте туруп, бутту эки жакка керип, 10 мүнөт бойду түз кармап, отуруп туруу керек. Андан кийин колду башка коюп, оң, сол жакка элүү жолу жасоо жетиштүү. Мына ушул көнүгүүнү күнүгө жасап турсаңыз эле, ойдогудай курсакка ээ болосуз.

Кымча бел…
Бел ичке болуш үчүн адегенде кечинде камыр тамактарды аз эле колдонгон оң. Белдин ичке болушуна эң жакшы пайда тийгизген бул обруч. Күнүгө 15 мүнөттөн обруч айландырып турсаңыз эле белиңиз ичкерип, фигураңыз чыга түшөт. Адегенде обручту туура тандап алуу керек. Эгер сиз аябай эле толук болсоңуз, ичинде тоголоктору бар, оор обруч сатып алган жакшы. Натыйжасы да жакшы болот. А арыктарга жеңил эле обручтар сунушталат. Жаңы айландырып баштаганда беш мүнөттөн ашпоосу зарыл. Анан күнүнө бир мүнөттөн кошуп, акырында 30 мүнөткө жеткирип, андан кийин күнүгө 30 мүнөттөн айландырып турсаңыз, өзүңүз каалаган кымча белге ээ болосуз.

Элик буттар…
Ал эми буттардын сулуу көрүнүшү үчүн алгач буттун түктөрүн атайын кремдин жардамы менен алып салуу керек. Аялзатынын бутунун түктөрүн өсүп жүргөнү туура эмес. Ошол себептен биринчи ишти ушул нерседен баштоо зарыл. Андан кийин бутка кам көрүп, эртең менен күнүгө бутту тизеге чейин бүгүп, кайра жазып көнүгүү жасап, анан ордуңда туруп жай чуркоо керек.

Кол…
Колдун булчуңдарынын эттери салаңдап калбашы үчүн колго да көнүгүүлөрдү жасоо керек. Бул көп деле убакытты талап кылбайт. Ал үчүн колду дубалга коюп, көкүрөктү дубалга тийгизип, кайра артка чегинүү зарыл. Мына ушул көнүгүүнү күнүгө эртең менен беш мүнөт жасап турсаңыз, колдун булчуңундагы ашыкча эттер жоголот.

Бырыштар…
Денеге кам көрүп эле тим болбостон бетке да кам көрүү керек. Анткени бырыштар бетке убагында кам көрбөгөндөн улам пайда болот. Бетти эртең менен кечинде тазалап бет май сүртүп туруу талапка ылайык. Жашы жыйырмага жете элек кыздар нымдандыруучу бет майларды колдонуусу кажет. Жыйырмадан отуз жашка чейинки айымдар нымдандыруучу жана азыктандыруучу кремдерди колдонуусу талап кылынат. А 40тан кийин бырыштарга каршы жана жашартуучу кремдерди колдонуу керек.

Жибек чач…
Аялдын көркүн чач ачат. Ошондуктан чачка кам көрүүнү экинчи орунга калтырбоо керек. Чачыңыз кулпуруп туруш үчүн чачты туура жуу жана өзүңүздүн чачыңызга туура келген каражаттарды тандап алуу зарыл. Чачты адегенде жылуу суу менен жууп, андан кийин муздак суу менен чайкаса чач жалтырап калат. Чачты көлгө барганда күндүн зыяндуу нурларынан сактоо керек. Күн ысып, төбөдөн тийип турганда, дайыма баш кийим кийип жүрүү талап кылынат.

Керме каш…
Кашка көп маани бербегенибиз менен каш аялзатынын сулуулугунда башкы ролду ойнойт. Кашты дайыма терип туруу керек. Ашыкча жерин алып салуу кашты сулуу кылып көрсөтүп, аялдын көркүнө көрк кошот. Кашты биринчи жолу атайын адиске барып, бир формага келтирип алган оң. Өз алдынча форма жасайм деп, кашты бузуп алып өкүттө калбаш үчүн адистин кеңешин алып коюу ашыктык кылбайт. Терилбеген каш аялды жүдөө көрсөтөт.

Соңку сөз…
Келбетиңиз ойдогудай болгондон кийин көлгө жөнөй берсеңиз болот. Бирок ал үчүн да жөнөкөй эрежелерди билип коюу ашыктык кылбайт. Көлгө барарда биринчи купальникти туура тандоо керек. Ал сиздин кээ бир кемчиликтериңизди жаап турушу керек. Ошон үчүн купальник тандоодо кылдат мамиле кылуу керек. Толук адамдар курсагын жапкан, бир түстүү же сызыктары түз болгон купальниктерди алса болот. Мындан сырткары көздүн алдындагы терини күндүн терс нурунан коргоо үчүн атайын күндөн коргоочу көз айнектерди сатып алуу керек. Эгер көз айнек тагынбасаң, көздүн алдындагы терилер күн нурунан жабыркап, терилер бат картая баштайт. Мына ушул нерселерди аткаргандан кийин эч тартынбай, ишенимдүү көлдө аккуудай сүзө берсеңиз болот.

Чачы узун акылы кыска…
Ажырашууга түрткү болгон аялзатындагы катачылыктар…
Үй-бүлө куруу жөнөкөй иш эмес. Ал үчүн психологиялык даярдык жана чоң жоопкерчилик талап кылынат. Ошол менен бирге үй-бүлө кургандан кийин анын өзүнүн жазылбаган мыйзамдарын сактоо талап кылынат. Болбосо, бир күндө курулган үй-бүлө бир көз ирмемде урап калышы мүмкүн. Ажырашуунун негизги өзөгүн көбүнчө аялдардын катачылыгы түзөт. Чынында эле ушундай. Биз алардын эң башкыларына токтолуп кетели.
1. Аялзатынын өтө ачыктыгы эркектерди өзүнөн качырат. Ошол себептен, турмушка чыккан кыздар жолдошуна өткөн жашоосун айта бербеши керек. Башкача айтканда, өмүрлүк жолдошуна чейин канча жигити болгонун, биринчи сүйүүсүн кимге арнаганын, аны дагы деле унута албай жүргөнүн, кандай белек алганын, чет өлкөлүк бирөөгө турмушка чыгууга камынганын дагы ушул сыяктуу майда нерселерди кайра - кайра кайталап айтуу эркектин кыжырын келтирип, сизге болгон сыйлоосун жоготот. Анткени эч бир эркек экинчи болгусу келбейт. Эгер түгөйүңүз мурункуңуз туурасында сурап калса, кыска гана айтып коюу жетиштүү.
2. Аялзаты эркек үчүн дайыма чечилбеген табышмак болушу керек. Ошондо алар аялдардын жанынан чыкпайт. Бардык сырыңды төгүп салсаң, эркектин сага болгон кызуусу жоголот. Бирок эч качан калп эле табышмактуу болбоңуз. Табышмактуу көрүнөм деп кайдагы жок нерселерди ойлоп таап, жолдошуңузду иренжитип алуудан сак болуңуз.
3. Аялзатындагы дагы бир чоң катачылык атайлап жолдошунун кызганыч сезимин ойготуу болуп саналат. Тааныштар менен жолукканда же кечелерге барганда түгөйүм мени кызгансын деген ой менен ал жердеги эркектерге көз кысып же эзиле сүйлөшүп, жабыша бийлей коём деп жөн жерден чатак чыгарып албаңыз. Жолдошуңуз сиздин кызганбай эле, сиздин баскан -турганыңызга ачуусу келип, урушуп жатканын эсиңизден чыгарбаңыз. Бул сиздин жолдошуңузду көзгө илбегендик болуп саналат. Эгер түгөйүңүздөн эртерээк кутулууну каалап жатсаңыз, анда алдыга. Анын көзүнчө башка эркектерге көз кысып, тийише бериңиз.
4. Эч качан өз оюңузду таңуулабаңыз. Ар бир адамдын көз карашы бар. Анын да пикирин угуп, көз карашын сыйлаңыз. Эркектерге канчалык эркиндик берсең, ошончолук ишеним бекем болот. Ошол үчүн түгөйүңүзгө эркиндик бериңиз. Ар бир кадамын санап, такап сурай бербеңиз. Майдачыл аялдарды эркектер жек көрөт. Эркек канчалык эркин болсо, ал аялын ошончолук сыйлайт. Анткени аялынын ага болгон ишеними баарынан бийик турат.
5. Кызганыч. Жөнү жок эле кызгана берүү эркектин үйдөн качышынын башкы себеби. Билип-билбей эле кызганып, ал үчүн чатак чыгара берүү чындап үй-бүлөнүн урашына алып келет. Ооба, кызгануу да керек. Чеги менен. Эгер чындап эле кызгана турган жагдай түзүлсө, жөн гана сизге жакпагандыгын айтып коюңуз. Аялдар канчалык эркектин изине түшсө, эркектер ошончолук үйдөн качарын эстен чыгарбаңыз. Кээде жөнү жок кызганыч эркектерди чындап эле ала жипти аттоого түрөт.
6. Калп. Бул эң башкы себеп. Сиз түгөйүңүзгө, ал сизге ишениши керек. Тиричилик -шартта бири-бириңиздерден сыр жашырбай, маселени ортого салып чечүү зарыл. Эч качан жолдошуңузду алдабаңыз. Бир нерселерди ага айтпай жасап, жаап-жашырам деп жатып, чоң катачылык кетирип албаңыз. Шибегени капка ката албайсың дегендей, калпыңыз бир күнү болбосо бир күнү калкып чыгат. Андан кийин эч качан анын ишенимине ээ боло албайсыз. Мунун аягы ажырашууга алып келет.
7. Кемсинтүү. Эркектер кемсинтүүгө такыр чыдабайт. Аялынын кыйын болуп, анын кемчиликтерин айтып отурганы эркектердин кыжырын кайнатат. Катасы болсо, жай жумшак сөз менен айтуу керек. Өзгөчө досторунун жанында эркектердин кемчиликтерин баса көрсөтүп, кемсинтүү туура эмес.
8. Ала жипти аттоо. Мындай кадамга барган аял менен алсыз эркек гана жашабаса, өзүн эркекмин деп эсептеген бир дагы мырза жашабайт. Бул ажырашуунун эң башкы себеби жана кечирилгис катачылык.
9. Эч качан жакын досторуңузга, өзгөчө турмушка чыга элек курбуларга жолдошуңуз экөөңүздүн ортоңуздардагы мамилени айтпаңыз. Аялзаты ар дайым көрө албас келет. Ал сиздин курбуңуз экендигине карабай, сиздердин мамилени бузуп коюшу ыктымал.
10. Карьера деп бала төрөп эне болууну экинчи орунга койбой, өз учурунда түгөйүңүзгө өзү күтүп жүргөн перзентти төрөп бериңиз. Үй-бүлөнү экинчи планга койгон аялзатын да мырзалар жактыра бербейт. Ар ким өз ордун, кызматын билгени эле оң.
Даярдаган
Жаркынай Кадыркулова





fabula





??.??