Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Чачыла…


Каныкей
Эралиева концертин жылдырды…
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү ырчы Каныкей Эралиева 10 -июнда элине жакшы, өзгөчө бир концерт тартуулоого бел байлады эле. Тилекке каршы, ал концерт 2010-жылы июнь айындагы Ош окуясына карата аза күтүү күнү деп жарыялангандыктан, Каныкей айым концертин 16- июнга жылдырды. "10-июнь аза күтүү күнү болорун элес албай эле, жеке концертимди ошол күнгө белгилеп алыптырмын. 10- июнга жакын калганда аза күтүү күнү экендигин билип, концертти артка жылдырдык. Элибиз аза күтүп, кайгырып жатса, биз концерт берип, майрамдасак туура болбойт го. Бул адамгерчиликке да жатпай калат. Ошол үчүн билет сатып алган, күйөрмандарым, эч капаланбай, ошол билеттери менен 16-июнда концертке келе берсе болот. Ушундай ыңгайсыздык болуп калганы үчүн жалпы элимден кечирим сурайм. Концертке келебиз дегендер мени туура түшүнөт деп ишенем. Өз күйөрмандарымды 16-июнда Улуттук филармониядан күтөм"- дейт Каныкей Эралиева.


Кенже Дүйшеева
жаштарга колдоо
көрсөтөт…
Учурда жеке ырчылыктан сырткары "Жебе" деген төрт сымбаттуу жигиттерден түзүлгөн топко продюсерлик кылып, чыгармачылыктын түйшүгүн тартып жүргөн Кенже Дүйшеева жаңы сахнага кадам таштап, кайда барарын, эмнеден баштарын билбей турган жаштарга колдоо көрсөтүү максатында "Томирис" деп аталган продюсерлик борбор ачканы турат. Аталган продюсерлик борбор жолдошунун колдоосу менен ачыла турганын айта кетели. Эми таланты бар, бирок таанышы жок жаш таланттар Кенже айымдын борборуна келип, андан жардам, багыт алса болот.


Жанар Акаев бал айын Венециядан өткөрөт…
Азаттыктын эң көрүнүктүү журналисти Жанар Акаев жакында бойдокчулук менен коштошуп, Аксынын сулуусу Жыргал аттуу кесиптешибизге баш кошуп, учурда бакытка балкып, ошол менен бирге эле бир үй-бүлөнүн ээси деген чоң жоопкерчиликти моюнга алып отурган кези. Жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар көп жаштар сыяктуу эле бал айын чет жерге барып, тактап айтканда Венецияга барып, эл көрүп, жер көрүп өткөрүп келүүнү ниет кылышууда. Эмне дейбиз, жаштардын тилеги орундалып, коломтосунун оту өчпөй, курган чеби бекем болсун демекчибиз.


Гүлнур Сатылганова жеке
концертине даярданууда…
Жаштардын да улуу муундагылардын да сүйүктүү ырчысы болгон Гүлнур Сатылганова учурда жакында бере турган жеке концертине даярдык көрүүдө. Концерт алдында ырчы айымыбыз жаңы ырларды жаздырып, репертуарын кампайтууда. Албетте, Гүлнур айымдын буга чейин берип келген концерттери да жогорку деңгээлде өткөн. Бул жолу да мыкты болорунан шегибиз жок. А бул жолку өзгөчөлүк, Гүлнур айымдын тарбиясын алган жаш эки шакирти сахнага чыгып, элге өз таланттарын тартуулашмакчы. "Устаттан ашпаган шакирт да шакиртпи"- деген элибиздин мыкты сөзү бар эмеспи. Кудай бурса, Гүлнур айымдын шакирттерине аз убакыттан кийин баа берип калабыз.


Тынара 3-орунда…
Кыргыз радиосу тарабынан өткөрүлгөн таланттар таймашы сынагы жыйынтыкталып, натыйжада биринчиликти Курал Чокоев алып кетти. Курал мырза буга чейин да көп таймаштарга катышып, алдыңкы орунду алып келгенин билебиз. Таланттуу жигит. Ал эми ушул сынакка кызуу катышып жүргөн Тынара айым болсо үчүнчүлүктү алды. "Сынак аябай кызыктуу да кызуу да болду. Таймаш болгондон кийин жеңиш да жеңилүү да болот. Калыстар туура чечим чыгарышты. 3- орун да жаман эмес. Биздин багындыруучу бийиктиктер алдыда"- дейт Тынара айым.