presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Санжыра да тактыкка муктаж

МУҢГУШ


Мен уруучулук бөлүнүүчүлүктү жактоочулардан эмесмин. Кээ бирөөлөргө окшоп эски доор, өткөн заманды, элибиздин уруучулук-патриархалдык коомдук түзүлүшүн курулай идеализациялоодон да алысмын. Кыскасы, маркум Салижан Жигитов айтып калчу " көзү желкесиндеги интеллигенттердин" катарына кирбейм. Ошого карабастан, акыркы кездери элдин оозеки тарыхын, уруулар санжырасын биле жүрүүнүн да маанилүү экендигин сезип-туя баштадым.
Талаш жок, уруучулук аң-сезим тарыхый өнүгүштөн артта калган элдерге мүнөздүү көрүнүш. Бирок, ал биздики, биздин өзгөчөлүгүбүз. Анан да, канчалык кайчылаш болгону менен, кыргыз элинин улут катары калыптаныш пайдубалы уруучулукта жатат. Тарыхый өнүгүштөн бечел калып, классикалык үлгүдөгү бүтүн улут болуп уюганга буямасы келбей, демек, жалгыз түндүк көтөргөн бүтүн мамлекеттүүлүк жөнүндө ой жүгүрткөнгө да жетише албай жүргөн мезгилде кыргыздарды өзүнчө этнос катары жок болуп кетүү коркунучунан мына ушул - жети атасын так атап, ата-баба санжырасын аздектеген уруучулук аң-сезим сактап калган. Көчмөндүк доордогу ошол уруучулук аң-сезим, уруулук түзүмдүн аркасы менен биз бүгүн кыргыз деген бир улут катары өз мамлекетибизге ээ болуп отурабыз.
Дагы да парадокс: текши ааламдашуу процесси жайпап келе жаткан маалда биздин эскиден калган ал өзгөчөлүгүбүздүн шыпаалуу жагы да ачыкка чыгууда. Уруу, уруктук аң-сезиминин тамыры бошоң элдин этнос катары туруксуз, алсыз болорун жакынкы заман тарыхы деле тастыктап койду. Маселен, биз азыр "Өзбекстанда 1 миллион кыргыз бар эле, өзбектешип отуруп, кыргызмын дегени аз эле калды" деп кейип жүрбөйбүзбү. Чындыгында эле ошондой болду. Ал кыргыздар чөлдө (дыйканчылык менен алпурушкан калк жашаган түздүк аймакты Оштогу тоолуктар чөл деп атайт) өзбек калкы менен жамаатташ жашагандыктан, адегенде уруу-уруктук сезимден ажыраган. Уруулук аң-сезиминен ажыраган кыргыз үчүн улутун унутуп, танып кетүү бир эле кадам экен... А улут жок болсо, өзүнчө мамлекет болуунун тыйынчалык кажети калабы?!
Бүгүн эми ар ким эптеп өз күнүн көрүп, мамлекетсиз, эндекей жашаган заман эмес. Доордун шарт-ыңгайы башка. Демек, ууручулук түзүмгө тийиштүү касиет, сапаттардын бу заман өңүтүндө кайсынысы пайдалуу, кайсынысы зыян - баарын ылгап, иргеп алуу зарыл. Санжыра, уруу, уруктук таанып-билүүнү " Ургаачы болсо да өз короомдон кочкор салам" принцибинде колдонуп, тар, кыйды саясий кызыкчылыктардын куралына айлантып жиберүүдөн сак болуп, аны бөлүп-жаруучулук эмес, улутту бириктирип, сактоочулук багытында пайдаланып, ага цивилдүү мамиле кылганга жетишишибиз керек. Калкыбызга мүнөздүү уруучулук көрүнүш ошондо гана жалпы улуттук прогресс үчүн кызмат кылат.
Генеалогиябызды, санжыра-тарыхыбызды таанып-билүүнүн ушундай ийги жактарын эске алуу менен, ток этерин айтканда, уруучулукка улуттук кызыкчылыктын секисинен карап туруп, азыркы оозеки санжырада анча кепке алына бербей, көп жагы бүдөмүк калып жүргөн кыргыздын муңгуш уруусунун тегин сүргөн баянды сунуш кылып жатам.
Акыркы кездери кыргыз элинин генеалогиясын, этногенезисин изилдеген эмгектерде, оозеки санжырада кыргыздын оң канатын түзгөн ири үч уурунун бири- Муңгуш жөнүндө учкай гана айтылып, жөндүү маалымат берилбей жүрөт. Айрым чалагайым санжырачылар эскиден айтылып келген санжыраны бузуп, бурмалап, Муңгуш уруусунун келип чыгуу, таралуу оюна келгендей "чыгармачылык " кылып да жиберишүүдө .
Кыргыз санжырасынын кагазга түшкөн эң эле алгачкы үлгүсү- окумуштуулар жазылыш мезгилин 15-кылымдын аягы, 16-кылымдын башы деп белгилеп жүргөн "Маджму ат-таварих". Бул "тарыхтар жыйнагын" Сайфад-дин ибн дамулла шах Аббас Ахсикенти жазып, акырында анын уулу Нур (Навруз) Мухаммад ибн мулла Сайфад-дин Ахсикенти аягына чыгарган. Кыргыз элинин улуу эпосу "Манасты" да кыскача баян кылып, ичине камтыган бул баалуу тарыхый эмгекте кыргыз санжырасына дагы кеңири орун берилген.
"Маджму ат-таварих" боюнча кыргыз эли оң жана сол болуп эки канатка бөлүнөт да, оң-солдун санжырасы мындайча берилет.
Оңдун санжырасы: Аналхакк-Лурхан-Гуз-хан-Арсланг бий-Кулу бий- Шахбдур бий-Темиш бий- Мары бий- Шүкүр бий- Кафланг бий - Сангин бий- Сара бий -Гази бий- Дамбур- Долон- Көктемиш- Боз оглан -Ак огул -Отуз огул- Солус-Бек Булагачы.
Булгаачыдан: -Бостон, Тейит, Жоокесек, Дөөлөс, Кыдырхан, Каңгы.
Отузуулдан: -Адигине , Муңгуш, Карабагыш, Тагай.
"Маджму ат-таварихтин" авторлору кыргыздын сол канатынын санжырасында Аналхакктан Куу уулга чейин 24 атанын атын атап, уруулардын андан ары Куу уулдан таралышын мындайча көрсөткөн:
1.Басыз
2.Лалым кушчу
3. Ай баш мундуз
4. Чоңбагыш
5.Саруу
6. Сунджек кытай.
Бүгүнкү күндө жалпыга маалым болуп, таанылган кыргыз санжырасында кыргыздар оң, сол жана ичкилик болуп, негизинен үч канатка бөлүнөрү белгилүү. Сайфад-дин Ахсикентинин эмгегинде ичкилик өзүнчө белгиленбей, оң канатка киргизилип, Отузуул менен бир тууган Булагачыдан таратылганы гана болбосо, оң, солдогу уруулардын аталышы азыр көпчүлүк моюндаган санжыра менен дээрлик окшош.
Азыркы учурда биздин колго тийген кыргыздын көөнө оозеки санжырасынын негиздүүсү- атактуу Балыкооз манасчыдан калган вариант. Балыкооз, же болбосо, Балык (Бекмурат) Кумар уулу болжол менен 1799-жылы туулуп, 1887-жылы дүйнөдөн кайткан. Балык айткан санжыраны өз атасы Алымбектен угуп, Алымбеков Тургунбек жазып алып, бизге жеткирген.
Белгилүү этнолог, иликтөөчү Сапарбек Закиров өзүнүн "Кыргыз санжырасы" (1996-жыл, Бишкек) деген китебинде Балык Кумар уулунун санжырасына мындайча кайрылган: "Санжырачынын баянына караганда, Долон Домбул бийдин тике баласы эмес, ортодон көп ата өткөн тукуму. Долонго баш ийген элдердин жайлап жүргөн жерлери жөнүндө мындай ыр калган:
Үч Алматы, Сары Токум,
Кыштоо экен Долондун.
Долон Кара атанган,
Көк Тоо экен Долондун.
Кулжа башы , Куу чоку,
Кароолу экен Долондун.
Кара- Кужур, Төлөгү,
Жайлоо экен Долондун.
Калмактар каптаганда Долон Кара-Кулжада жайлоодо экен. Катуу салгылашып, бирок туруштук бере албай сүрүлөт. Тоо ашып бара жатып белде өлөт. Долон өлгөн жер кийин Долон бели аталып калат. Долон өлгөндө беш бала калат.
1.Наалы
2.Адигине
3.Тагай
4.Бердике
5.Муңгуш
Наалы баарынан улуу болуп, бийлик ошого калат. Наалы эже качкан кыргыздар менен сүрүлүп, Алай, Өзгөнгө барып токтойт. Адигине, Тагайлар чоңойгончо элди билип, алар бой жеткенде Көкө деген табыпка тийет. Бийлик Адигине , Тагайдын колуна өтөт. Наалы Көкөгө тийгенден кийин үч балалуу болот:
1.Курмушу
2. Моңолдор
3. Черик
...Адигине, Тагай бой жетип, кыргызды билип турганда, калмактардын Дор деген ханы Адигиненин Таманак деген күлүгүн уурдатып алат. Ошондо Адигине, Тагай оң-солго кабар берип кеңеш курат. Оң-солдун колуна кол башчы боло турган жигиттерди шайлайт. Жалаң кол башчы отуз уул болот. Чыбык кыркып ант беришет. Отуз уулдун тукуму кийин отуз уул аталат. Калмактарды кубалап чыгып, Аксак Темирдин тукуму деп Эрешени хан көтөрөт. Эреше ханды шайлаганда кыргыздардын оң, солго бөлүнүшүн, ага кирген урууларды кайра тактаган.
Оңго киргендер:
Адигине
Тагай
Бердике
Муңгуш
Моңолдор
Курмушу
Черик
Чоңбагыш
Нойкут
Найман
Солго киргендер
кыргыз-кыпчактардан куралган:
Саруу
Кытай
Мундус
Кушчу
Төбөй
Басыз
Каңгы
Тейит
Сатикей
Ичкилик."
Мында көрүнүп тургандай, Балык Кумар уулу айткан санжырада да кыргыздар экиге: оң жана солго гана ажыратылып, азыр бизде кабылданган үчүнчү бир канат- Ичкиликтин уруулары оң, солго аралаш киргизилген. А бирок биз мисалга тарткан эң көөнө, жападан жалгыз жазма түрдөгү санжыра "Маджму ат-таварихте" да, андан кийинки мезгилде жазылып калган Балык Кумар уулунун санжырасында дагы Адигине , Тагай, Муңгуш кыргыздын оң канатын түзүп тургандыгы бирдей белгиленет. Болгону, алардын Отуз уул аталышы боюнча гана эки башкача маалымдалат.
Булардан тышкары, кыргыз калкынын уурулук курамын, бөлүнүшүн жиликтеген 19 кылымдын акырындагы олуттуу эмгек орус илиминин көрүнүктүү өкүлү, тарыхчы-этнограф Н.А.Аристовго тиешелүү. Н.А.Аристов 1894-жылы Санкт-Петербругда басылып чыккан "Труды по истории и этническому составу тюркских племен" деген китебинин "Опыт выяснения этническая состава киргиз-казаков большой орды и кара-киргизов на основании родословных сказаний и сведений о существующих родовых делениях...." деген эмгегинде кыргыз урууларынын оң, солго бөлүнүшүн маалымдап эле тим болбой, аталган канаттарды түзгөн уруу бирикмелерин белгилеп, андан ары тереңдеп, ал бирикмелер кандайча бутактанып, кайсы уруктардан турарына чейин тизмектеген А.Н.Аристовдун эмгеги боюнча кыргыздын оң канаты:.
Ичкиликтер. Анын курамында - Кыдырша, Каңды, Найман, Тейит, Кесек, Оргу, Дөөлөс, Каратейит, Чалтейит, Бостон, Кызылаяк, Карасаадак.
Адигине. Адигиненин ичине Бөрү, Баргы, Олжоке, Тооке, Карабаргы, Сарбаргы, Таздар, Көкчө уулу, Элчибек, Сарттар, Савай, Жору, Карасаадак киргизилген.
Монгуш (Муңгуш). Бул тутумда- Кудагачин, Жапалак, Төлөйкөн, Жоош, Жылкелди, Сарылар, Сарай, Көкжатык, Соколок, Тейне, Эркекашка, Моңол.
Тагай-Бугу, Сарыбагыш, Солто, Багыш, Черик, Саяк, Басыз.
(Уландысы кийинки санда)






fabula





??.??