presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



"Алма этекти алам деп,


чалма этектен айрылдым" болбойлу



Орусия башында туруп, Казакстан менен Белоруссия кошулган бажы биримдиги иштей баштагында эки жылдын жүзү болду. Бул үч мамлекетке кошулуп Кыргызстан дагы ушул биримдикке кириши керек деп биздин мамлекеттин, өкмөттүн башчылары дагы бир добуштан айтышууда.
Макул кирели дейли, бирок кичинекей Кыргызстан бажы биримдигинен табаар пайдасы канчалык? Мына ушул маселенин тегерегинде ар кандай пикирлер айтылып келе жатат, бирок бир дагы окумуштуусу болобу, экономисти болобу, же тиешелүү министрликтердин бөлүмдөрүнүн адистери болобу, так кесе, бир жактуу жакшы болот деп айтканын уга элекпиз. Баягы эле жалпы сөз, улуттук дүң кирешенин өсүшү сыяктуу карапайым калкка түздөн-түз пайдасы көрүнбөгөн маселени айтышат.
Кыргызстанда бүгүнкү күндө социалдык катмарда кескин ажырым пайда болуп, байлар менен жакырлардын бөлүнүшү көз көрүнөө болуп калды. Ал эми коомдун туруктуулугунун негизги элементи болгон орто катмар биздин өлкөдө бутуна жакшы тура элек. Ошол орто катмар эмненин эсебинен оокат кылып, мамлекетке салыкты кайсы булактардын эсебинен төгүп жаткандыгын эске алган эч ким жок. Кирерин кирип алып, эртең оозубузду карманбасак экен. Анткени так ошол коомдун орто катмарына оорчулук келгени турат. Бул өтө татаал маселе, мунун саясий өңүтүн гана ойлоп, экономикалык өңүтүн эске албай коюу таптакыр болбойт.
Мына, бажы биримдигине киргенден бери Казакстан элинин жашоо турмушунун деңгээли төмөндөп, эң биринчи зарыл болгон тамак-аш, кийим-кече сыяктуу товарлардын баасы 50 дөн 100 пайызга чейин көтөрүлүп кеткендигин көрүп жатабыз. Казак соодагерлеринин Кыргызстан менен жылда жүргүзүп келе жаткан соодасы токтоду, ошонун айынан биздин "Дордой" базарыбыз ээн калды. Анда иштеген көптөгөн биздин жарандардын айласы куруп турган чагы. Мамлекеттен көз каранды болбой, өз жанын өзү багып жүргөн 2,5 миллионго жакын Казакстан жарандары иштеп жүргөн бизнесинен кол жууп, оор абалда калышты деп казак экономисттери жазып жатышат. Ал эми кыргызстандыктардын жарымынын көбүн багып жаткан чакан тигүү ишканалары ошол базарга иштеп, казактардын суроо талаптарын канааттандырып турган. Азыр булар дагы элдир-селдир иштеп калышты. Өткөндө Казакстандын ахвалы жөнүндө макала окудум, анда кыскача бир сөз менен айтканда, бажы биримдиги байларга гана пайда алып келип, колунда жоктор ого бетер жакырланып жатыптыр. Бүгүнкү күндө Казакстандагы байлар менен жакырлардын ортосундагы ажырым 38 % чейин жетиптир, бул болсо эч бир башка өлкөлөрдө илгери-кийин болгон эмес жана капиталисттик өлкөлөрдөгү мындай ажырым 4,8 % ашпайт экен.

Нурсултан Назарбаевдин билдирүүсүнө караганда, Казакстанда бажы союзуна кирүү менен ири нефти, газ, металл, дан өнөр жайлары сыяктуу чийки зат сатуу өнүгүү менен жалпы товар жүгүртүү 24 млрд. долларга жетиптир. Бул ири өнөр жайларга, анын ээлерине пайда алып келип жаткандыгын көрсөтөт. Ал эми негизинен соода жана кызмат көрсөтүүлөр менен алектенген чакан жана орто бизнес азыр жумушсуз калып отурат. Алар өз өндүрүшүн азыр ача алышпайт, анткени бул абдан кымбат жана пайдасы жок. Өндүрүшчүлөр болгону 2 пайызды түзөт экен. Казакстанда биздин өлкөгө салыштырганда өнөр жайы бир кыйла өнүккөн, ошентсе дагы алар ушундай кыйынчылыктарга туш келип отурушат. Союз учурунда алар чийки зат менен камсыз кылууга багытталып, толук өндүрүш жокко эсе болгондуктан, ошол бойдон калып, алар азыр Орусия менен Белоруссиянын сырье менен камсыздоочусу болуп калды.

Ушундан алып караганда эле Кыргызстан бажы союзуна кирүү менен кандай кокуй күнгө кабылаары айдан ачык болуп турбайбы. Жогоруда айтылган эки өлкөнүн салмактык категориясына Казакстан туруштук бере албайт экен, алар айыл чарба продукцияларынын көптөгөн түрлөрүн арзан баада сатып алып, кайрадан Казакстандын өзүнө кымбат баада сатып жатыптыр. Казакстан ушинтип туруштук бере албай жатса, Кыргызстандын акыбалы эмне болот?
Бажы биримдигине кирдик деген күндөн баштап биздин өлкөдө дагы бардык товарларга, анын ичинен биринчи кезекте азык -түлүккө баа кымбаттайт. Айрым эксперттердин айтымында бул 10% дан 100 % га чейин жетиши мүмкүн экен. Менин оюмча, 100 % жетсе жетет, бирок эгерим 10 % болбойт.
Дагы бир айта кете турган өтө орчундуу жагдай, жогорудагы үч өлкөнүн калкынын кирешелери дээрлик бир бирине барабар, ал эми биздики болсо алардыкына таптакыр караандабайт... Мындай акыбалыбыз менен итке минип калып жүрбөйлү?
Ушул жерден суроо туулат: бажы союзу кимге көбүрөөк керек? Кыргызстангабы, же өнөр жайы өнүккөн, жаңы рыноктук мейкиндиктерге муктаж Орусия менен Белоруссиягабы? Буга Казакстан дагы кошулары турулуу да . Бажы союзуна кирүү менен Кыргызстан жогоркулар менен мейли саясий өңүттө болсун, экономикалык өңүттө болсун теңата саясат жүргүзө алабы? Ушунун өзү эң күмөн маселе.
Кандайынан карасак деле, Кыргызстандын эли оор абалда кала тургандыгы айдан ачык болуп турбайбы. Тигүү ишканаларынан башка кайсы өнөр жайыбыз бар бүгүнкү күндө? Экономикабыз сырьелук гана мүнөздө эмеспи. Өнөр жай өндүрүшү жокко эсе. Ушундан улам биз бажы биримдигиндеги өлкөлөр үчүн сырьенун гана булагы болуп, үлкөндөрдүн тебелендесинде калып жүрбөйлү? Муну айтканымдын себеби, азыр Орусиянын өкүлчүлүгүнүн үлүшү 75%, Казакстан менен Белоруссияныкы 21,5% экен. Ал эми биздин үлүш канча пайыз??? Ойлонуп көрсөк, Орусиянын империялык кызыкчылыгынын үстөмдүгү астында калып жатпайбызбы. Биздин өлкө анын товарынын рыногуна айланып, баасы асманды чапчыган товарларын сатып алууга мажбур болобуз, азыркы казактардай. Биз эмнебизди бажы бирикмесине кирген өлкөлөргө экспорттойбуз? Дыйкандар өстүргөн айыл чарба продукцияларын Орусияга ташый албайбыз, жакынкы Казакстанга өткөрүп алсак кандай. Биздин товарлардын өтүшүнө ар кандай техрегламенттерди, лабораториялык корутундуларды Орусия сөзсүз түрдө талап кылат, биздин тастыктамаларды алар жаратышабы? Алардын деңгээлиндеги лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзө турган жабдуулар бизде барбы? Болгон күндө дагы биздин товарлар шыдыр өтүп кетет деп ким кепил боло алат? Ансыз деле азыркы бажы биримдигинин ичинде толгон токой карама-каршылыктар ошол эле техрегламенттердин бирдиктүү эместигинен сатууларга тоскоолдуктар жасалып, өз кызыкчылыктары иштеген учурлар огеле көп болуп жатат.

Ал эми биз киребиз деп айтылып баштагандан бери бир кыйла убакыт өтсө дагы Экономикалык өнүгүү министрлиги, абройлуу окумуштуу-экономисттер тарабынан деталдуу изилденип, бардык оң жана терс жактарын көрсөткөн бир дагы документ даярдалып элдин назарына коюлган жок. Ал эми башка көп сандаган эл аралык , жаштардын жана башка уюмдар деле унчугушпайт. Бул керек болсо, мамлекеттүүлүккө дагы таасири тийе турган олуттуу маселе эмеспи. Өлкө башчылары тарабынан саясий чечим кабыл алынганы менен экономикалык жагдайлар бүгүнкү күнгө чейин такталбай келе жатат. Жогорку Кеңеш дагы бул маселе боюнча талкуу уюштурганын деле уккандай болбодум .

Бардыгынан коркунучтуу жагдай, жаңыдан тынчып, аз да болсо өнүгүүнүн жолуна багыт алайын деп калган мамлекетибизди бажы биримдигине киребиз деп кайрадан бүлүнтүп албайлы, жаны ачыган эл эч нерседен кайра тартпастыгын өзүбүз көрдүк го. "Алма этекти алам деп, чалма этектен айрылдым" деп илгерки бирөө айткандай, мамлекеттүүлүгүбүздөн ажырап калып жүрбөйлү.
Биз БДСУнун мүчөсүбүз, ал эми Орусия менен Казакстан ушул жылы киребиз деп жатышат. Ал эми бажы бирикмеси менен БДСУнун көп маселелер боюнча төп келбестиктери бар. Аларды кандай чечүү боюнча азырынча бул мамлекеттерден эч кандай сөз чыга элек. Бара көрөрбүз, деген маанайда болуп жатышат окшойт, чагымда. Ошондуктан, паровоздун алдына түшүп алып чымылдабай, акыл-эсти токтотуп, жогорудай айтылган өлкөлөрдүн БДСУга киргенге чейин күтүп, таразабызды дагы бир ирет салмактап көрсөк кантет? Ата-бабабыздын "жети өлчөп, бир кес" -деген накыл сөзү так ушул маселеде өзгөчө маанилүү болуп турат окшойт.

Бексару Түмөнбаев
Бишкек шаары



fabula





??.??