presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар

Өкмөт уксун, өкмөт!

Токойлорубуздан айрылып калбайлы

Токой жаратылыштын эң бир назик жана кооз бөлүгү, мамлекеттин жана элдин зор байлыгы. Токой деген жердин "өпкөсү", анан да жер кыртышын эрозиядан сактайт, тоолордон агып чыккан суулардын булагы да токойлордун койнунда. Аны менен бирге адамзат суктанып турчу, керемет кооздук, курулуш материалы, отун ж.б. Эми токойдун эл үчүн баа-баркын айта берсе сөз түгөнбөс…
СССР тарагандан кийин мурун көздүн карегиндей сакталып келген токойлорубуздун чакчелекейи чыкты. "Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты" болуп турган заманда токойлорду аёсуз кыйышты, токой чарбасын ар кайсы ведомстволорго, министрликтерге баш ийдирип, кээде өзүнчө коюп, айтор, бу маанилүү тармактын тамтыгын чыгарышты..
Бүгүнкү күнү токойлорубуздун абалы анча жакшы эмес. Санитардык кыюу, шамал кулатты… тиги, бу деп жатып бир топ токойлорубуз суюлгандан суюлат. Азыр токойлорду менчикке берүү керек деген үндөр чыгып жатат. Жок, антүүгө болбойт, мамлекет үчүн стратегиялык мааниси бар тармакты менчикке берүүгө болбойт. Берген күндө анын эртеңки келечеги кандай болот, эч ким билбейт. Менчикке алган неме кыйып-жоюп каалаганын кылса эмне кылдык?!
Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында "баардыгы фронт үчүн" деген ураандын астында токойлорубуз бир топ эле кыйылып кеткен. Анын орду мына бүгүнкү күнгө чейин толо элек.
Дүйнөдө теңдеши жок Арсланбап токоюндагы жаңгак уюлдарын уурдап сатуу таптакыр токтобой келет.Аны токтотчулардын кээ бири өздөрү кошо уурдайт. Бу маселе да аттиң болуп турат.
Кээ бир адамдар ойлогондой токой өзүнөн өзү эле көбөйө бербейт. Адам эмгегин аябай талап кылат. Карагай башына чыгып тобурчагын чогултасың, кургатасың, уругун чыгарасың, жазында себесиң, анан 3-4 жылдан кийин кылтайып чыга баштайт. Ошондон кийин ар кайсы жерге алып барып тигесиң. Ал жер 15-20 жылдан кийин токойго айланат да 50-100 жылдан кийин гана өстүрүлгөн карагай эл керегине жарап берет.
Билерсиздер, Финляндия мамлекети токойлуу өлкө, дүйнөдө токою боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Мына ошол жерде ар бир карагай бапестелип турат экен. Маселен, курулуп жаткан канайдыр имараттын жанында карагай болсо, аны ороп-чулгап салышат тура аны-муну тийип сынбасын деп. Антүү биздин түшкө да кирбесе керек!
Мурун ар бир токой чарбасында жыгач иштетүүчү цехтер бар эле, элге керектүү жыгач буюм-теримдер жасалчы. Кийин алардын баары менчиктештирилип кетип, таланып-тонолуп, кейпи кеткен имараттары гана калды. Эми аларды кайрадан калыбына келтирсе, санитардык деп кыйылган карагайлардан буюм-теримдер жасалып сатылса, канча пайда.
Мурун токой чарба ирилештирилген болор эле. Азыр болсо мурунку бир токой чарба беш-алтыга бөлүнүп кеткен. Бул жакшы жыйынтык берген жок, тескерисинче, атка минерлер көбөйүп зыяны тийип жатат.
Азыр биздин мамлекетте токой жаатында билим алгандар жетишердик эле бар. Бирок, ошого карабастан токой чарбасындагы жогорку бийликтен төмөнкү бийликке чейин токой жаатында билими жок, билимди кой, түшүнүгү да жок немелер толуп алган. Ал жагын тескеген бирөө жок. Токой чарбасын жетектегендердин арасында мугалимдер, медиктер, философтор, ветеринарлар ж.б. кесиптин ээлери бар.
Эгерде Кыргызстандын токойлорун сактап калабыз, өстүрүп-өркүндөтөбүз деген бийлик тараптагылардын ою болсо, анда токой чарбасындагы кадр саясатын тез арада туура жолго коюш керек, ал чарбанын эң башында турган адамдан баштап, эң төмөнкү кызматтагы токойчуга чейин профессионал болсун. Антпесе, иш оңолбойт.
Токой чарбасын текшеребиз деп келгендер сөзсүз түрдө карагай алганга аракет кылышат, алып да жатышат, айталы, 40-50 кубдан. Токойчу болсо ал карагайдын ордун жабыш үчүн дагы да мыйзам бузууга барат. Ошентип, токойлорубуз кемип жатпайбы…
Мергенчилик чарбасы менен токой чарбасы тыгыз байланышта. Мурун мергенчи чарбалары мамлекеттин карамагында эле, иши да ыраттуу жүрчү. Эми болсо анын баары менчик колдорго өтүп, ал тарапта эмне болуп жатканын эч ким билбейт, бир гана нерсе белгилүү- ал тарапта акча агып турат, мамлекеттин чөнтөгүнө эмес, жеке чөнтөктөргө. Мурун бир аркарга же кулжага лицензия үчүн мергенчилик чарбалар мамлекетке 18 миң доллардан төлөсө, азыр 7-8 миң доллардан эле төлөйт. Каечасы атылды ким эсептеп жатыптыр?!Коррупция деген ошол тарапта!
Кээде мергенчиликке вертолет менен чыгып жапайы жаныбарларды өлчөөсүз кырышат. Мындай учурда бир топ жаныбарлар чегаралаш өлкөлөрдүн жерине кире качып кетип жатат. Көзөмөл кылчулар жок, болсо акчага тоюндуруп салышат.
Баткен тараптагы арча токойлорун коңшу тажиктер отунга деп кыйып жатышат, Жалал-Абад тарапта жаңгак уюлдары казылып Өзбекстан аркылуу сатылып жатат, башка жерлерде карагайлар кыйылып, алардан чыккан курулуш материалдары Бишкектин базарларында сатылып жатат. Күч органдары аларга тыюу салгандын ордуна кайра көмөктөш болгон учурлары аз эмес.
Учурдагы токой чарбасындагы көйгөйлөр толтура, алардын баарын айтып бүтүү да оңойго турбас.
Кандай болгон күндө да токой чарбасын мамлекет катуу көзөмөлгө албаса, эң жаман жыйынтык чыгып калышы мүмкүн.
Бейшембай Кудайбердиев
Бишкек шаары

fabula

??.??