Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Жеңүүчү эмнеге жарыяланбайт,


же дагы кутум болуп жатабы?


Кыргыз Республикасына акциздик марканы алып келүүгө жана даярдоого 1995-жылы жабык тендер өткөрүлүп, "De la Rue International Ltd" компаниясы жеңүүчү деп табылып, 5 жылга келишим түзүлгөн. Буга экс-президент А.Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев көмөкчү болгону кеп болуп келген. Аталган компания ошондон тарта 16 жылдан бери Кыргызстанга алкоголдук продукцияларга жана тамеки өндүрүмүнө акциздик марка даярдап келүүдө.

2001-жылы өлкөгө акциздик марканы алып келүү жана жасоого кайрадан тендер өткөрүлбөстөн, мыйзамга каршы келгенине карабай Британдык "De la Rue International Ltd" компаниясы менен келишимди узартуу тууралуу өкмөттүн токтому чыгат. Кол коюлган келишим, Кыргызстан үчүн өтө эле пайдасыз түзүлгөн. Ошол эле маалда көз карандысыз экспертиза, аталган Британдык компания тарабынан алынып келинип жаткан алкоголдук жана тамекиге акциздик марканы жасалма жол менен жасоодон дээрлик корголбогондугу боюнча жыйынтык чыгарышкан. Ал мезгилде Кыргызстан жыл сайын алкоголдук продукция үчүн 50 миллион, тамеки үчүн 300 миллион чамасында акциздик маркага муктаж болуп, аталган компанияга алкоголь үчүн 1000 даана акциздик марканы 30 АКШ доллары, тамеки үчүн 1000 даана акциздик марканы 5 АКШ доллары менен төлөп турган. Ошол маалда Кыргызстанга акциздик марка жасоо багытында башка өлкөлөрдөн (Германия, Россия, Казакстан жана Молдавия) жасалма акциздик маркалардан мыкты корголгон, баасы да бир топ төмөн сунуштар келип турган. Тилекке каршы, алардын сунуштары канааттандырылган эмес. Белгилей кетүүчү жагдай ошол кезде Өкмөт башчысынын милдетин аркалап турган Курманбек Бакиев жогорудагы "De la Rue International Ltd" компаниясы менен келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин, 2001-жылдын августунда акциздик маркаларды алып келүүгө тендер өткөрүү жөнүндө тескемеге кол койгон. Ошондо да англичандар бул Өкмөт башчынын тилин таап, эч кандай тендер, мендери жок келишимди дагы 5 жылга узартууга жетишкен.
2007-жылы да акциздик маркаларды алып келүү жана жасоо боюнча келишим дагы эле ушул "De la Rue International Ltd" компаниясы менен түзүлгөн. Бул ирет экс-ажо К.Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин кызыкчылыгы эске алынган. Буга байланыштуу өкмөттүн өзгөчө лоббист өкүлдөрүнүн айынан өлкө үчүн түзүлүп калган пайдасыз келишимдин негизинде, Кыргызстан ар жыл сайын миллион доллар жоготуп турган. "De la Rue International Ltd" компаниясы болсо кенедей маркалардан эле Кыргызстандан канчалаган акча соруп келди.
Учурда Кыргыз Республикасы "De la Rue International Ltd" компаниясына алкоголь үчүн 1000 даана акциздик марканы 20 АКШ доллары, тамеки үчүн 1000 даана акциздик марканы 5 АКШ доллары менен төлөйт. Ошентип, алкоголдук продукциянын 1 акциздик маркасы 94 тыйын турат. Бул баа Орто Азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу бир топ эле кымбат. Ушул эле Казакстанда 1 акциздик марка 10 гана тыйын. Мына ушуларды салыштырып келгенде эле "De la Rue International Ltd" компаниясына түшкөн пайда кайсы чөнтөктөргө кетип турган деген суроо өзүнөн өзү жаралат. Компания болсо 16 жылдан бери коёндой окшош маркаларды басып келет. Эч кандай өзгөрүү жок, ошол эле дизайн, эч кандай кошумча коргоочу белгилери жок. Жасоого опоңой.
Мисалы, Ош базарындагы алкоголь ичимдиктерине чыныгы акциздик маркадан эч айырмасы жок каалаган акциздик маркаларды табууга болот. Ошондуктан, эксперттер Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктердин көмүскө айлантылышы 60-65 пайызды же 3,5- 4 миллиард сомду түзөт деп жыйынтык чыгарышы бекеринен эместир.
Белгилей кетчү жагдай, аталган компания алкоголдук продукциялардын 3 гана түрү (арак, коньяк жана вино) көрсөтүлгөн акциздик марка даярдап келишкен. Бирок, "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана айлантууну мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамга ылайык, алкоголдук продукциянын 10дон ашуун түрү аныкталган.
2012-жылдын 16-майында алкоголь жана тамеки боюнча акциздик маркаларды өндүрүү жана алып келүү боюнча кызмат көрсөтүүгө өткөрүлүп жаткан тендер болуп өттү. Тендердик комиссия сунушталган арыздарды ачып, негизги документтерин текшеришкен. Анда 300 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү кепилдик милдеттемесинин болушу, салык, социалдык жана бажы төлөмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу тууралуу маалыматтын болушу, 1 миң даана (алкоголь, тамеки) акциздик маркага баасын көрсөтүү белгиленген. Жалпы жонунан бул тендерге катышуу үчүн 6 компаниядан Литванын Garsu Pasaules, "АТВ Вест" ЖАКы, Россиянын "СИБПРО" ЖАКы, Кореянын "Парк&ОРС", Англиянын "De la Rue International Ltd" жана Кытайдын "Шеньджен Хуадэн" арыз түшкөн.
Ошентип, 5 компаниянын акциздик маркаларды экспертизага киргизилген.
24-майда болсо тендердик комиссия экспертизанын натыйжалары боюнча жыйынга чогулуп, Россиянын "СИБПРО" ЖАКын жеңүүчү деп табуу боюнча чечим кабыл алган. Бул Россиянын "СИБПРО" ЖАКы алкоголдук продукциялар жана тамеки өнүмдөрү үчүн акциздик марканы алып келүүгө жана өндүрүүгө эң арзан баа менен жогорку сапатты сунушташкан. Бул тууралуу КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырылган. Мындан сырткары, бир катар ЖМКлар жазып чыгышкан.
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамынын 30 беренесинин 1,2 пункттарына ылайык, тендерди жеңүүчүнүн берген арызын таануу жөнүндө, тандоо өткөрүлгөндөн кийин 3 жумушчу күндүн ичинде жазуу түрүндө кабарлоосу зарыл. Ошондой эле сатып алуучу уюм, 3 жумушчу күндүн ичинде жеңүүчү компаниянын аты-жөнү, жайгашкан жери жана акциздик маркага сунуштаган баасын көрсөтүү менен башка атаандаштарга болуп өткөн тандоо тууралуу жарыяны жарыялоо аркылуу кабарлашы керек. Мындан сырткары, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамдын 31-беренесине ылайык, сатып алуучу уюм жана жеңип чыккан компания жеңгендиги тууралуу жазуу жүзүндөгү кабарлоо тапшырылган күндөн 7 күндөн ашпаган мөөнөттө келишим түзүшү керек.
Бирок, азыркы учурга чейин "СИБПРО" ЖАКына тендердик комиссиянын кабыл алынган чечими кабарланган эмес. Ушул кезге чейин келишим түзүлгөн эмес. Мунун натыйжасында Кыргызстанга алкоголдук ичимдиктер жана тамеки өнүмдөрү үчүн акциздик маркаларды алып келүү заказ берүүчүнүн айынан кармалышы толук мүмкүн. Учурда айрым маалыматтарга караганда Кыргыз Республикасында акциздик маркалардын запасы 2012-жылдын 11-июлуна чейин эсептелген. Мындан улам, жеңүүчү эмнеге жарыяланбайт, же дагы "De la Rue International Ltd" компаниясы менен кутум болуп жатабы деген шектенүүлөр жаралууда.
Болот КЫРГЫЗ