Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Назар бутасында...

Тарых баарын тактап,


өз ордуна коёт



2010-жылы 10-июнда Ош, Жалал-Абадда орун алган кандуу окуяга туура эки жыл болот. Оор жоготуулар менен коштолгон бул каргашалуу окуянын чыгыш себептери жана аны баштоочуларды жоопко тартуу маселеси бүгүнкү күнгө дейре талаш жараткан "саясий куралга" айланып, али чекит коюла элек. Бийлик жабырлануучуларга материалдык жардам көрсөткөнү менен, күнөөкөрлөрдү жазалоодо чабалдык кылып, коомчулуктун сынына кабылып келет.

Депутат болуп келишсе эле, "күнөөкөрлөрдү желкелеп келип түрмөгө отургузуп, жазасын беребиз" дешип карапайым элге кабат-кабат убадаларды беришкен депутаттар, июнь окуясы боюнча маселе көтөрүлгөндө гана Жогорку Кеңештин трибунасынан күнөөкөрлөрдү кармап жазалоо зарылдыгы туурасында жер муштап курулай кыйкырышкандан бөлөккө жарашкан жок. Эки-үч токтом токушканы менен анысы "эшектин токулгасындай" да роль аткара элек.
Бул аралыкта июнь окуясына түздөн-түз күнөөкөр делген бир Кадыржан Батыров кыргызды бүтүндөй дүйнөгө жаманатты кылып бүттү. "Чөөнүн сааты" деген документалдуу фильм тарттырып, кыргыздарды жапайы, жырткычка теңеди. Ушул убакка чейин эл аралык абройлуу уюмдардын трибунасын пайдаланып, өзбектерге кыргыздар күн көрсөтпөй жатат дегенди айтуудан чарчай элек. Мына жакында эле 14-майда Варшавада өткөн ЕККУнун семинарында сөз сүйлөп, эч бир фактыларды келтирбестен апрель окуясынан бери Кыргызстандагы өзбек улутундагы жарандардын укугу тебеленип, Россия, Украинага журт которууга аргасыз болуп жатканын жар салып, ЕККУ менен БУУнун көңүл буруш зарылдыгын белгилеп, кыргыз журтчулугун "көрдөн алып жерге, жерден алып көргө" салды. Мындан тышкары Би-Би-Си радиосуна интервью берип, дагы да кыргыздарды бутага алып, баштан-аяк мокочо кылып көрсөттү. Айтор, Батыров бирде Москвадан, бирде Турциядан, бирде Швецариядан, Польшадан үч катып, Кыргызстандын эл аралык аброюна көлөкө түшүрүп, болбогонду болтуруп, жок нерсени бар кылып жамандап жүрсө, бүтүндөй бир мамлекеттик органдар УКМК, ИИМ, Башкы прокуратура оозун ачып эч нерсе кыла алышпай, кайда жүргөнүн билбейбиз, кармап экстрадициялоого мүмкүн болбой жатат деп, алакан жайып келишет.
Ал эми коомчулукта июнь окуясына күнөөсү бар делип айтылып жүргөн Алишер Сабировдун июнь окуясында көшөгө артында көмүскөдө чоң роль ойногонун Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Жылдызкан Жолдошевалар белгилешип, "Алишер Сабиров июнь окуясынын башкы идеологу болгон, бирок ошого карабастан ал жоопкерчиликке тартылган жок" - деп айтып чыгышты эле, Башкы прокуратура "Сабировдун жүрүш-турушунда кылмыштык иш-аракеттер болгон эмес" деп сүттөн ак кылып таштады. Ага шерденген Сабиров: "Жогорку Кеңештин депутаттары мага карата айткан ушак сөздөрдү токтотпосо, мен аларды сотко бергенге мажбур болом" - деп коркутуп, "мен ак каргамын, мага тийишпегиле" деп коңгуроо какты. Кыскасы, бийликтин боштугунанбы, же илинчеги бардыгынанбы, "кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп" коюшкандар, бүгүн минтип өздөрүн сүттөн таза кылып, кыргыз журтчулугун жаманатты кылып, бет тырмарлык кылып келишет.
Учурда июнь каргашасынын эки жылдыгына карата окуялардын тизмеги кайрадан толугу менен такталып чыгып, коомчулукка жарыяланганы турат. Коомчулукта болсо, бүгүнкү күнгө дейре июнь каргашасынын себептери боюнча ар түрдүү жүйөлөр айтылып келет. Башкача айтканда, кандуу окуянын чыгышына Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттер, бийликти алабыз деген Бакиевдик реваншисттик күчтөр, чет элдик сырткы күчтөр, Убактылуу Өкмөттүн учурунда чара көрбөгөндүгү сыяктуу бир канча себептер белгиленген. Ошол себептен, окуяны иликтеген бир нече комиссиялардын жыйынтыгы дагы бир беткей болгон эмес. Ар бири окуянын таржымалын ар башкача негиздешкен. Мындан улам, эки ай мурун президент Атамбаев июнь окуясынын эки жылдыгына карата кандуу каргашадагы олуттуу жагдайларды кайрадан тактап, окуянын чыныгы себептери кандай болгондугун объективдүү иликтеп чыгуу тапшырмасын берген болчу. Буга байланыштуу, ички иштер жана коопсуздук органдары өздөрүнүн иш алкагында бардык аудио-видео материалдарды, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн дагы бир ирээт иликтөөгө алып, иштелип чыккан окуялардын расмий тизмегин толуктап, коргонуу кеңешине тапшырышты. Июнь каргашасы боюнча окуялардын тизмеги мурдагысынан канчалык айырмалана тургандыгын Коргоо кеңеши азырынча жашыруун сыр катары сактап турат.
Эми бул боюнча, дагы да көп жолу айтылып, жазылар. Бир күнү болбосо дагы, бир күнү күнөөлүүлөр сөзсүз жазага тартылат. Ошондо чындап ким күнөөлүү болгон, ким калп эле патриот болуп саясий упай топтогон, ким чындап чындык үчүн күрөшкөн акыр такталат. Тарых баарын тактап, өз ордуна коёт. Каалайбызбы, каалабайбызбы акыры чындык "сууга чөкпөгөн сары майдай" калкып чыгарында шек жок.

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу



Чолпон Султанбекова, "Республика" фракциясынын депутаты:

"Баяман тирүү болгондо


Түштүк окуясы болмок эмес…"


- Чолпон эже, жакында эле УКМКдан тапанча табылып, ал тапанча менен жолдошуңуз Баяман Эркинбаев атылган деген сөздөр тарады. Ушул боюнча иликтөө жүргүзүп, тапанчанын чоо жайын билүүгө аракет кылып көрдүңүзбү?
- Мен ага анча деле маани берген жокмун. Анткени буга чейин андай нерселер көп эле айтылып, бирок эч кандай жыйынтык болбоду. Кылмыштын бетин ачып, күнөөлүүлөрдү жазага тартуу боюнча Ички иштер министрлигине деле бир канча ирет кайрылдым. Алар деле ишти карап жатабыз дешкени менен, мен ойлогондой жыйынтык жок. Жашоодо адам үмүт менен жашагандыктан, эч качан окуядан үмүт үзгүм келбейт. Качан болбосун кылмышкерлер табылып, жазага тартылат деген ишеничте жашап келем.
- Кылмышкерлер кимдер экенин болжолдуу түрдө болсо да билсеңиз керек...
- Эми кылмышкерди колунан кармап албагандан кийин бул күнөөлүү деп айтуу кыйын, кандай болгон күндө дагы бийликтин курмандыгы болду эсептейм. Себеби , сот жүрүп жаткан кезде, бийлик тараптан кысым болуп сотту болтурбай коюуга бир топ аракеттер жасалган. Ошого карабай биз акыйкаттык издеп кайрылбаган жерибиз калбады. Акыры соттон жеңип, иш оңуна чечилип келе жатканда Бакиев бийлиги Баямандын өлүмүнө күнөөлүү делинип түрмөдө жаткан эки жаранды өлтүрүп тынышты. Эгер алар өлбөгөндө кылмыштын бети ачылып калмак беле деп ойлойм.
- Баяман байкенин эң бир чоң эмгеги болгон "Алыш" күрөш федерациясын сактап, улантып келе жатасыз. Бизнесин сактап кала алдыңызбы?
- Жолдошумдун эң негизги бизнеси Ош облусунун Кара-Суу базарында болгонун көпчүлүк жакшы билсе керек. Аталган базарды Баяман буттан тургузуп, түштүктүн эли үчүн бир топ жакшы нерселерди жасады. Керек болсо, Бакиевди бийликке алып келген адамдардын бири да Баяман болгонун жашырууга болбойт. Ачык эле айтайын, эгер Баямандын көзү тирүү болгондо эки жыл мурун болгон Түштүк окуясы деле болмок эмес деп ойлойм. Себеби Баяман барда өзбектер баш көтөрө алчу эмес. Баямандын көзү өткөндөн кийин Кара-Суу базарында баш аламандык өкүм сүрүп, канчалаган жигиттер бирин-бири атып, кайтыш болуп кетишти. Учурда базар бир канчага бөлүнүп, базарга ээлик кылган бир канча адам бар. Алардын айрымдары бүгүнкү күнү ЖКда депутат болуп отурушат. Ал эми менин Кара-Суу базарында андай деле бизнесим жок. Анча-мынча бизнес бар, аны кайын - журтум иштетип жатат.
- Учурда бийликте турган КСДП партиясы менен "Республика" партиясынын ортосунда карама- каршылыктар пайда болуп, атаандаштык жаралып жатыптыр деген сөздөр айтылууда. Бул нерсе депутаттардын арасында кандай?
- Кандай экенин билбейм, жетекчибиз Ө. Бабанов өкмөт башчы болуп шайлангандан тартып эле, КСДП партиясынын бизге болгон мамилеси өзгөрүп, КСДПнын депуттары да башкача болуп калышты. Балким, сен айткандай чындап эле атаандаштык жаралып жатабы деп ойлойм.
- Атандаштык жаралган себеби, акыркы учурларда Ө. Бабанов мамлекеттик кызматтардын көбүнө өзүнүн адамдарын дайындап жатат дешүүдө. Балким ошондон болуп жүрбөсүн?
- Кимди кайсы кызматка дайындашты Ө. Бабанов биринчи кезекте көпчүлүк коалицияны түзгөн фракция лидерлери менен акылдашып анан кийин дайындайт. Албетте, кызматка дайындоодо, ар бир фракция өзүнүн адамын дайындагысы келет. Бирок ал адам ишти алдыга сүйрөп, иштеп кете алабы аны ойлошпойт. Ө. Бабанов ошол нерсенин баарын эске алып, тажырыйбалуу кызматкерлерди гана дайындап жатат го деген ойдомун. Кемчилиги жок эч нерсе болбойт дегендей ишти алдыга тарта албай жаткан кызматкерлер деле жок эмес. Ошол эле КСДП партиясынан шайланган кызматкерлер деле жакшы иштеп өздөрүн көрсөтүшө элек. Бирок мунун баары убактылуу нерсе, буйруса депутаттардын ишенимин алып шайлангандан кийин кызматкерлер деле колунан келишинче аракет кылып иштесе керек. Ал эми Бабанов боюнча айта турган болсом, менин көз карашым боюнча Ө.Бабанов колунан келишинче эле аракет кылып иштеп жатат. Эң башкысы убакыт берип, иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү зарыл.
Маектешкен Мирлан Алымбаев