Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Күлкү төр


СЫНАК УЧУРУ
Сынак учурунда.
Мугалим: Фамилияңыз?
Студент(күлүп): Арстанбек уулу.
Мугалим: Эмнеге күлүп жатасыз?
Студент: Биринчи суроого туура жооп бердим да...


ЛАМПОЧКА
Сынак учурунда бардык студенттер суроолорго жооп берип чыгып кетишти. Акыркы калган студент анчалык жакшы окубайт болчу. Мугалими аны билип:
- Сага сабак боюнча суроо берсем баары бир таба албайсын. Кел, сага башка суроо берем. Ушул класста канча лампочка бар? - деп суроо берди. Студент ойлонуп отурганда шыпка карап лампочкаларды санап койгон экен. Дароо жооп берди:
- 8 лампочка бар, агай.
- Туура эмес, 9 лампочка бар, бирөө менин чөнтөгүмдө болчу, - деп агайы өзүнүн чөнтөгүнөн бир лампочка чыгарып көрсөттү жана студент ошол сабактан калып калды.
Бир жылдан кийин дагы ушул сабактан, ушул класста сынак болуп жатат. Мугалими баягы студентти таанып:
- Сага дагы эле ошол суроо: класста канча лампочка бар? - деди. Студент болсо:
- 9 лампочка бар, - деп жооп берсе, агайы:
- Дагы туура эмес, бүгүн менин чөнтөгүмдө лампочка жок, - деп чөнтөгүн көрсөттү. Анда студент:
- А меникинде лампочка бар, - деп жооп берип сынактан өтүп кетти.


ЧОЧКО МЕНЕН ИЛЕКИЛЕК
Студент ашканада мугалиминин жанына келип отурду. Мугалими аны тоготкусу келбей:
- Чочко менен илекилек бир жерде тамактанбайт, - деди. Анда студент ордунан туруп:
- Макул, анда мен учуп кетейин, - деп жооп берди...


СКЛЕРОЗ
Доктордон сурашат:
- Кайсы оору эң жакшы?
- Менимче склероз.
- Эмнеге антип ойлойсуз?
- Неге дегенде... Эч жериңиз оорубайт. Кала берсе күндө жаңылык угуп турасыз...

ХАКЕР
- Банкоматты бузуп акча алуу үчүн хакер кайсы иштерди аткарат?
- Колуна балта менен ноутбукту алып банкоматка келет, банкоматты балта менен бузуп акчаларды алат...
- Балта менен урса... Ноутбуктун эмне кереги бар?
- Ноутбугу жок хакер хакер болмок беле?


ПРОГРАММИСТ
Программист болуп иштеген баласы бар шаардык киши машинеде кетип баратса машине бузулуп калыптыр... Баласына телефон чалып:
- Эмне кылыш керек, - деп сураса Анда программист баласы:
- Машинеден чыгып кайра кирип көрүш керек-дептир.


ТЕСКЕРИСИН СҮЙЛӨЙМ
Бернард Шоудан сурашыптыр:
- Сиз кантип эле дайыма акылдуу сөздөрдү таап сүйлөп коёсуз?
- Ал оңой, - деп жооп бериптир Шоу. - Акмакча бир нерсени ойлоп көрөм да, тескерисин сүйлөй берем...


УБАРА БОЛБОЙ ЭЛЕ КОЙ...
Бир еврей машинесин токтотуп коюш үчүн жер издеп жатат.... Өчөшкөндөй ошол күнү машине коё турган бош жер жок... Еврей кудайдан сурады:
- Эй кудай, азыр менин машинемди токтотуп коюш үчүн бир жер таап берсен, сен үчүн күнү-түнү ибадат кылам, жалгыз сен үчүн орозо кармайм, сенин ыйык кылган мөмөлөрүңдөн гана жейм...
Ошол маалда бир машине ордунан жылып жай бошоп калды... Анда еврей:
- Кудайым, сен убара болбой эле кой, мен өзүм таап алдым, - дейт имиш...