Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Мидин Алыбаевдин 95 жылдыгына карата...
Качкын Оторбаев:

Мидин



...Эки кулагы типтик, эки көзү кутурган иттикиндей кыпкызыл, мойну буканыкындай бир кучак, жүнү кундуздун жүнүндөй жылтылдап эт-майы сыртына чыгып төгүлүп турат. Иттин мындай семиришин биринчи көрүшүм. Бул - Жумгалдагы экинчи жаңылык, Молдогазы Токобаевич!
Анан калса, ал ит жөнүндө айылда аңыз да кеп бар, мындай:
Жутчудай көзү кызарып,
Жулунуп каап, беттеген.
Ереминдин бул ити,
"Жугунду" ичпей, "эт" жеген. ...


Иттин ээси Еремин,
Илгертен бизде мал доктур.
Жугунду ичпей эт жеген,
Эвересттей "жан" жоктур?

Эт көп болсо ит семиз
Билдиң го анын себебин.
Эверести кутурткан,
Элди жеген Еремин - деди...
Эми, үчүнчү жаңылык бул! - деп, телмирип унчукпай жанында отурган биринчи катчы Быржыбаев Токушту карап калды, Мидин…
Бул Быржыбаев аксакалдын жакшы мингич тору кашка жоргосу бар. Бул жорго башы Жумгалда башкарма болуп иштеп жүрүп, растрата жасап кызматтан түшкөн Айманбаев дегенден барымтага бааланып алынган мал эле. Күчкө салып жатып чарбадан, райкомго алынган болчу. Мактагандай эле мал бул. Соорусуна стаканга суу куюп жорго салдырса да суу чайпалып төгүлбөйт. Тору кашка жоргонун таалайы малдан башкача экен, Молдогазы Токобаевич! Биринчи секретарга туш болгонун карабайсыңбы?.. Эми бу тору кашка жоргонун акырына күндүр-түндүр көк беденин бүрүнөн чөп салынат.
Эки маал жем баштыкка төрт кочуш буудайдан көптүрүп жем илинет. Жайдын күнкү, мээ кактаган ысыкта бастырмада багылат. Кыштын кыраан чилдесинде үстүнө көрпөчө жабылат, басмайыл менен таңылат... Тору кашка жоргонун турпатын сурасаң эки кулагы күйгөн шамдай типтик, төшү топоздун төшүндөй жагжайып төрт буту жоон, өзү малдын зору, тоодой чоң...
Саяпкер адамдардын айтуусуна караганда жоргодо мыкты эки аттын күчү бар имиш…Тору кашканын мыктылыгын мындан билиңиз, кечке жоргосун салдырсаң кечинде араң кызыйт дешет... Ал эми күлүк мал бир эле жолу тапталып байгеге чабылат эмеспи... Күлүк ат чабылган аралыктын, күчтүү жорголор экисин басат дешет го?..
Ошон үчүн эки аттын күчү бар деген сөз толугу менен бул тору жоргого жарашат. Азыр тору кашка жоргодо "таман эли" казы бар. Аза байлап койсо жаныбар, ал турган аткананы аңкайып карап эле тургуң келет. Көз тийбесинчи! Түф-фа, түф-фа! Өзүнө буюрсунчу - деп, басып кетесиң ошондон улам...
Мына ушул Жумгалдагы үчүнчү жаңылык, Молдогазы Токобаев - деди Мидин сөзүн аяктап жатып…
Аны угуп отурган Молдогазы Токобаев да, Быржыбаев Токуш да тунжурап бир азга унчукпай турушту. Үстөл саатынын чыкылдагы гана тамак ичер түш маалы болгонун далилдеп, чыкылдап мээни жеп турду.
Тунжураган тынчтыктан пайдаланган Мидин минтип калды:
- Токуш минген тор жорго,
Жорголосун чоң жолдо!
Таалайы тоодой мал экен
Татыктуу, келген бул колго -
деп, кыңылдап ырдап койду.
Токобаев мемиреген тынчтыктан улам тегерете айланасын бир карап, Быржыбаевди бир карап алды да:
- Анда эмесе Мидин, бир аз эшикке чыга тургун, биз иштерибизди сүйлөшүп алалы, анан кетээрде мага жолуккун - деди, колун Мидинге узатып…
Бул сөздү угуп Мидин дароо эшикке жылып жөнөдү. Мидин эшикке чыгып кеткен соң Быржыбаевге карап, Молдогазы Токобаев минтип сөз баштады:
- Кыргызстан Борбордук Комитетинин көрсөтмөсү боюнча биз жазуучу Мидин Алыбаевди өз кызматына кайта алып кетишибиз керек Токуш Быржыбаевич! Сиз ал кишиге Фрунзеге көчүп кетүүгө шарт түзүп берүүңүздү суранам - деди, сылык гана кичипейилдик менен үн катып…
Ошентип бир жумалык аралыкта Мидин Алыбаев Фрунзеге көчүп кетти. Кийин Мидин, Фрунзеде көп жылдары Жазуучулар союзунда иштеп жүрдү, өлгөндө сөөгү борборго коюлду.
29. "Мааке ашуу"...
1950-жылдары, Жумгал райондук керек-жарак коомунда, Мааке аттуу киши башкы эсепчилик кызматта иштей турган...
Өзү айткандай, жайбаракат каалгып баскан, дене-бою эткелирээк келген, терең бойлуу зор киши эле.
Иштеген контору менен үйүнүн ортосу 500 кадамдай эле алыс жерде жайгашкандыктан, такай түшкө маал үйүнө тамактанганы жөө-жалаң басып кетчү.
Үйү иштеген жерден бир аз серечерээк жерде тургандыктан, Мааке үйүнө баргыча күшүлдөп-бышылдап, энтигип, эчен ирет жолго токтоп араң жетчү.
Анын баскан жолун Мидин тамаша иретинде: "Мааке ашуу" - деп койчу.
Бир күнү райондук Аткаруу Комитетинин төрагасы Аманбаев, Мидинди ээрчитип алып түшкө маал керек-жарак коомуна келет. Анын башкаруучусу Аманов Асыранкулдан бухгалтери Маакени чакыртып келүүсүн өтүнөт.
Асыранкул, аны кароолчудан сураса:
- Мааке азыр эле ушул жерде жүрдү эле. Үйүн көздөй басып кетсе керек... Конторунан көрүнбөйт - деп калды. Бир аздан соң үчөө сыртка чыгышып, контордун эшигинин алдында туруп калышат. Бул кезде секидеги жолду капталдай каалгып басып жолдо бараткан Маакени биринчи байкаган Мидин:
- Бексултан Аманбаевич, тигине, сиз издеген Мааке, "Мааке ашууда" мантайып, туз жүктөгөн өгүздөй араң илкип басып баратпайбы, көрдүңүзбү? - десе... Анда, Аманбаев күлүп: - Алыбаев түрүңө караганда ага да бир жарлык тапкансың го дейм? - деп калды…
Мидин жөн турбай: - Ооба, Бексултан Аманбаевич, ошол жарлыкты сиз да угуп коюңуз анда... - Бечара Маакеге боорум ооругандан улам ушул баскан жолун: "Мааке ашуу" - деп атам койдум эле - деди, күлүп…
Анан калса:
- Аркы өйүз турса бет маңдай
Аралыгы "беш саржан"…
Өрүүгө чийне тарткансып,
Өхүлөйт Мааке, бечара?
Өзү эле басчу түрү жок,
Чакырсакпы "тез жардам?"…

"Мааке ашууну" ашалбай,
Мантыгып, кадам басалбай!
Май колтугун тердетип,
Мына,
Маакең турат казандай! - деп,
Мидин сөзүн андан ары жамактатып койсо, чогуу тургандарыбыз чолок жашыбыз чыкканча жыргап-куунап күлүп калдык - дейт Асыранкул.
Анан калса, Маакең да
Кызарттын белин ашкансып,
Кыйналып, жонуна туз тарткансып…
Бирде токтоп, бирде энтигип
Кетип бара жаткан эле "бечара"
Өзүнүн аты аталган жолдо, "энчилүү"…
| Уландысы бар |