Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Карынын сөзүн капка сал...
Казат Акматов, Кыргыз Эл жазуучусу:

"Кыргызды Манас гана


кармап турат..."


- Казат агай, акыркы кездерде элибиздин маданияты абдан төмөндөп, жан дүйнө байлыгынан да материалдык байлык жогору туруп калганын танууга болбойт. Мындай илдеттен арылуунун жолдору барбы?
- Кептин бардыгы саясатчыларда болуп жатат, экономиканы көтөрөбүз деп эле баардыгы акчага азгырылып, маданиятты таптакыр унутуп коюшту. Былтыр индиялыктардын чакыруусу менен атайын Индияга барып, Буддизм дининдеги мамлекеттердин бүткүл дүйнөлүк конгрессине катышып келдим. Ал жерде менин "Архат" деген романым талкууланып, ошол жерде акын-жазуучулар менен сүйлөшүп отуруп көп нерсени билдим. Алар айтышат, буддизм бул Сак уруусунан тараган деп. Сак уруусунун түпкү тегин сүрүштүрүп көрсөм, Орто Азиядан кеткен, болгондо да биздин Ысык-Көлдөн барган Сактар экен. Жыйынга катышкан Жапониялык окумуштуу макала жазыптыр, анын макаласында "будда уруусунун түпкү теги саяк уруусуна таандык" экен. Ошол жерден мен кызыгуум артып индиялыктарга: "эмне үчүн силер жериңерди сактарга тарттырып ийгенсиңер же алар согуш жарыялап басып алды беле"- деп суроо салсам, алар: "бизге ким келбесин эшигибиз ачык, эң башкысы бизге келгендер буддизм динине сыйынып, биздин шарттан чыкпай жашаса болду" дешти. Көрсө аларда маданият абдан күчтүү өнүгүптүр. Маданиятынын күчтүүлүгүнөн тээ кылымда эле сактар, гундар кийин усундар ал тургай монгол, түрктөрдөн бери Индияга барып камыр-жумур болуп аралашып жашап калышыптыр. "Курама темир курч болот" дегендей ар кошкон эл болсо дагы индиялыктардын ынтымакта жашап жатканынын себеби ошондо экен. Ошондой эле кайсыл гана мамлекет болбосун өзүнүн кармана турган улуу күчү бар экенин эстен чыгарбообуз зарыл. Мисалы, кытайлар Конфуций баштаган улуу акылман ойчулдардын ойлоруна таянуу менен өсүп-өнүгүп атса, Япония Самурайы менен. Ал эми кыргыздар болсо, 1500 жылдан бери сакталып келе жаткан касиеттүү Манас эпосубуз менен жашоодобуз. Эгер Манас эпосубуз болбогондо ачык эле айтайын кыргыз эли улут катары сакталбай, эмдигиче жок болуп кетмекпиз. Манас бул идеология , бизди Манас гана кармап турат. Анда саясат, маданият, экономика, адабият, медицина айтор баардыгы камтылган. Бирок, Манастын андай ыйык чыгарма экенин жазуучу окумуштуулар жакшы түшүнгөнү менен, тилекке каршы саясатчылар түшүнбөй жатышат. Бүбү Мариям Муса кызы деген Манаска шек келтирип, бурмалаганга аракет кылды эле, учурда эл кандай көтөрүлүп жатат. Керек болсо Манас үчүн жанын берип коргоп алууга даяр эр-азаматтар бар экен. Ал азаматтар саясатчылардай түндүк-түштүк болуп бөлүнүшкөн жок, бардыгы жапа тырмак Манасты коргоп алууга жан үрөп жатышат. Ошондуктан, мамлекетибизди мамлекет кылып сактап калчу Манас эпосу экенин унутпай, баардыгыбыз Манасты ыйык тутуп сактап калуубуз зарыл.
- Бүбү Мариям Муса кызына депутат К. Иманалиев ж.б. бизнесмендер жардам берип китептерин чыгарганы айтылууда, бул боюнча эмнелерди айта аласыз?
- Каныбек өзү чыгармачылыкты жакшы түшүнгөн журналист жигит. Анча-мынча повесть, аңгемелерди жазып, жазуучу катары да таанылып жүрөт. Бирок, чындыгын айтыш керек, К. Иманалиев жеңил ойлуулукка алдырып койду. Саякбай жөнүндө көлөмдүү эмгек жазды эле, ошонусун эле улантып жазса болмок. Ал эми эпосту бурмалаган Бүбү Мариям Муса кызын капчыгы калың тышкы күчтөрдүн колдогону ачык эле көрүнүп турат. Жакында эле каза болгон Ш. Эсенкулов экөө "сен жаздың, мен жаздым болуп" соттошушту эле, акыры ал киши каза болуп, кимиси жазганы ачык билинбей калды. Бирок, өткөндө бир гезиттен окуп калдым, сот чечимди Бүбү Мариямга чыгарып, Ш. Эсенгуловду күнөөлүү кылыптыр деп. Иши кылып кимиси жазса дагы жазылган вариантын Улуттук илимдер академиясынын архивине сактап коюу керек. Бүбү Мариям минтип жазган деп эртедир кечтир кереги тийет. Ансыз деле Академияда алтымыштан ашык Манас эпосунун варианты жатат.
- Айрым Манас изилдөөчүлөр Манасты мындан ары улап жазбай, токтотуу керек деп жатышпайбы. Буга кандай карайсыз?
- Буга мен каршымын. Мисалы суу токтоп калса, суу акпай тура берип жер чирип кетет. Манас деле ошол сыяктуу токтоп калбай агып туруш керек. Жашоо кандай уланса, Манас да ошондой уланып, толукталып турууга тийиш. Бирок Бүбү Мариям Муса кызындай болуп, агып турган Манасты башка жакка жыра тартып, буруп жибербей чыныгы чыгармачылык менен жазуу зарыл. Ошондой эле Манасчылардын да деңгээлин жогорулатып, жаттама манасчылар болбоого тийиш.
- Адабиятыбыздын ахыбалы тууралуу айтып берсеңиз?
- Адабият бул ар дайым бир калпта турбай, бирде бөксөрүп, бирде толуп туруш керек. Техниканын өнүгүшү менен адабиятка көңүл бурулбай, адамдардын жан дүйнөсү абдан эле жардыланып кетти. Акыркы жылдары эмнегедир кыямат кайымга жакындап бара жатабызбы деп корком. Батыштан келген тескери көрүнүштөр адамдын аң сезимине тескери таасирин тийгизип, өзгөчө жаштарыбыз таптакыр эле тескери жолго түшүп баратат. Бирок мен ишенем, кыргыз эли бул бойдон калбайт, буюрса адабият окулуп, чыныгы чыгармачылык дүйнөгө кайтып келчү мезгил келет. Жазуучу - акындарыбыз Кудайга шүгүр, майдаланып кетти деген менен, бирин-экин чыгармаларын жазып, колунан келген чыгармаларын жаратып атышат. Бирок заманга жараша көчө сөзү менен жазган жазуучулардын саны басымдуулук кылып, тарбиялык маанидеги идеялык чыгармаларды жазган жазуучулардын саны азайып кетти. Анын үстүнө илгеркидей акын-жазуучуларга мамлекет тараптан көңүл буруу да болбой жатпайбы. Мамлекет көңүл буруп, колдоого алса эле адабият өнүгүп кетмек беле деп ойлойм.
- Курултайчылардын курултай органын баш мыйзамга киргизүү керек дегенине көз карашыңыз кандай?
- Курултайчылар "көсөөнүн акылы түштөн кийин" дегендей болбой азыркы коюп жаткан маселесин Конституция кабыл алынып жатканда көтөрүп чыгышса болмок. Эми референдум өткөрүп, 300 миң кол топтоп күч менен болсо дагы талабыбызды ишке ашырабыз деп жатышат. Менимче аларды анчалык көп адам деле колдобойт. Колдош үчүн элге эмгеги сиңиш керек. Жок дегенде союз убагынан бери курултай системасы менен жашап келе жаткан Монголияга барып тажрыйба алып келишсе болмок. Жазында Монголия президенти келип, 3-4 күн жүрүп кетти ага деле жолугушкан жок. Анан эле куру кыялга алдырып , биз башкарабыз, биз кылабыз деп көкүрөк кагып атышат. Айтор мен курултайчылардын койгон талаптарына анча маани бербейм.
- Өлкө саясатына кандай баа бересиз?
- Президент А. Атамбаев өлкөнү өнүктүрүү үчүн колунан келген аракетин көрүп алкоого алаарлык бир топ жакшы иштерди жасап жатат. Мисалы коррупцияга каршы күрөштү алалы башында жакшы башталды эле, бирок эмнегедир акыркы убактарда дымый түшкөндөй болду. Же президент башка иштери көп болуп алаксып жатабы билбейм. Президент алаксыса деле аппарат кызматкерлери аталган маселенин үстүндө иш алып барышса болмок. УКМКнын жетекчиси Шамил Атаханов менен комсомол комитетинде бирге иштедим эле, иши кандай экенин билейин деп өткөндө кирсем, аткарбаган адамдын шылтоосу көп дегендей, жалаң эле шылтоо айтат. Шылтоосуна жараша мен да суроо берип туруп алдым. Ал айтат "коррупция менен күрөшүүгө бизде таптакыр укук жок, коррупция менен күрөшүү боюнча 8 беттен турган мыйзам жазып, Жогорку Кеңешке жөнөтсөк, депутаттар ал мыйзамдын болгону үч бетин жаратып калган беш бетин жаратпай салыптыр. Айла жок биз отуруп калдык" - дейт. Анда президентке барып, депутаттар ушинтип салды деп айтпайсыңбы десем, "баары бир парламент мыйзамды кабыл алып бериш керек, парламентке барсам, ал жакта жалаң коррупционерлер отурат" дейт. Колуңардан эч нерсе келбесе, бекер айлык алып эмне отурасыңар деп бир саат башын чагып кеттим. Иштей турган адамдын кылаар иши көзүнөн эле байкалат да, мен Ш. Атахановдун иштээрин эч байкай албадым. Бабановдон болсо үмүт кылууга такыр болбой калды...
Маектешкен
Мирлан Алымбаев