Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Мидин Алыбаевдин 95 жылдыгына карата...
Качкын Оторбаев:

Мидин


28. Жумгалдагы
үч жаңылык…

Бир жылдары, Мидин Жазуучулар союзунан бошоп, Жумгалга көчүп кетет... "Кызыл-Жылдыз" жети жылдык мектебинде катардагы мугалим болуп кыргыз адабиятынан сабак берип жүрөт. Жашаган жери Чаекте, иштеген мектеби Чаектен 5-6 чакырым алыс жайгашкан "Кызыл-Жылдыз" деген айылда болгондуктан, иштен, өзгөчө жаз-күз, кыш айларында келип-кеткен убактарда жол азаптарынан улам аябай эле кыйналат. Өзүнө кичине болсо да демөөр болсун деп үйүнө "жапма-челек" бозо салдыртып, жумушка бараарда "ууртап-татып" алып, сабагын өтө берет. Айлык алган маянасы да жарытылуу эмес. Ошондон улам, бир-эки жылдын ичинде такай кийип жүргөн, убагында мыкты делип, тиктирип кийген кара шабыра плащы да тигишинен кээ бир жери ыдырап, сөгүлүп сууктан улам туурулуп кеткендиктен колдон чыгат. Колго жасалган кара кийиз чокоюнун апкыты сүзүлүп, аны булгаары менен жамаса да болбой кийизи жукарып тешилип, башындагы кийип жүргөн кара көрпө тумагынын чеке бели да такырайып сүзүлүп, тигишинен көрүнүп, кебете-кешпири өтө кейиштүү акыбалда калганын өзү да сезбейт. Бир аз убакыттан кийин Мидинге боору ооруган райкомдун 1-катчысы Быржыбаев Токуш аны өзүнө чакырып алып, Дүңгүрөмө (Чаектен 40 чакырым алыс жайгашкан) деген жерге чарбалык кызматка Мидинди которуп жиберет.
Себеп дегенде, мал-сал күтүп, эл катары үй-турмушу ирденсин десе керек.
Бирок Мидин ал жерде андан да жаман ахыбалга туш болот. Ал Мидиндин кейиштүү абалы элден мурда Жазуучулар союзуна, анан Кыргызстан Борбордук Комитетине чейин угулат. Кыргызстан Борбордук Комитетинин идеология боюнча секретары, жазуучу Молдогазы Токобаев, Тянь-Шань областына барган ошол бир учурунда ал атайы Жумгал районуна кайрылып, Борбордук Комитеттин атайын тапшырмасы боюнча Мидин Алыбаевди кайра Фрунзеге, Жазуучулар союзуна алып келүүгө берилген көрсөтмө менен Жумгалга барып, Мидинге жолугат.
Жумгал районунун ошол кездеги 1-катчысы Быржыбаев Токуштун кабинетине Мидин чакыртылат.
Мидин алар отурган 1-катчынын кабинетине кирип келгенде Токобаев Мидинди көргөн өз көзүнө өзү ишене албай жүрөгү шуу дей түшөт.
Себеп дегенде Мидиндин ошол турган турпаты, ахыбалы адам таң калаарлык, адам ыйлаарлык эле. Бир-эки жылдын ичинде ошондой болот - деп, ал жөнүндө эч ким ойлобосо да керек. Эмне деп айтаарын билбей, шашып калган Молдогазы Токобаев:
- Мидин иштериң кандай? - деп, жиберет... Жумгалда эмне жаңылыктар бар? - дейт, шашкандан улам... сөзүн кайталап суроолуу карап ага…
Мидин бир аз унчукпай отуруп, анан жай токтоо мүнөз менен, шуудураган эски кара шабырасынын чөнтөгүнөн бир ачкычты алып чыгып аны столго коёт.
- Бул эмнең? - дейт таң калган Молдогазы Токобаев.
- Бул менин иштеп жаткан жаңы ишимдин шкафынын ачкычы... Ал жерге менин "зоотехник" деген жаңы кызматымдын, өлгөн малдын эсеп-чотун алган актылары сакталып турат... - дейт Мидин камырабай.
Эми Жумгалда кандай жаңылыктар бар? - деп сурап калдыңыз. Молдогазы Токобаевич, шашпай уксаңыз айтып берейин - дейт, ал оор үшкүрүнүп…
Молдогазы Токобаев көрсүн дегенсип, чеке-башы кырылган кара көрпө тумагын столдун чекесине коюп, эки бутун Молдогазы Токобаевди көздөй сунуп жиберип, чокоюнун да түрпөтүн ага көрсөтөйүн дегенсип, кебете-кешпири кетип шуудураган эски шабырасын чечип өзү олтурган столдун кырына арта салып илип таштайт.
Ар бир кыймылын кыраакылык менен карап отурган Молдогазы Токобаев бул абалды көрүп, чыдабай кетип:
- Мидин сен өз боюңа карабай калган турбайсыңбы? - дейт.
Жумгалдагы мага айтаар жаңылыгың ушулбу? Анда уланта бер сөзүңдү дейт - туталанган Токобаев.
Мидин дагы эмне сөз айтып жиберер экен дегенсип сестенген Токобаевдин жанында отурган райкомдун 1-катчысы Быржыбаев, өң даалаттан кетип Молдогазы Токобаевди бир карап, Мидинди бир карап жал-жал тиктеп отурду унчукпай…
Бир аз тынчтыктан кийин: - Эми, Жумгалдагы жаңылыктарды бирден тактап айтып берейин эгер уксаңыз - деп сөзүн кайталады Мидин.
- Биздин Жумгалда азыркы тапта үч чоң жаңылык бар Молдогазы Токобаевич! - деди Мидин, Борбордук Комитеттин секретарына тикелей карап…
- Биринчи жаңылык бул…
Чаектин тигил өйүзүндө "Эт союз" деген бир мекеме бар. Ал мекеме элден мал сатып алат. Сатып алган малды бордоп байлап семиртет. Эт союздун директору Андашов Бейшен деген киши. Анын аялынын аты Жийде - деди, Мидин сөзүн кыраатына келтирип. Аны айтып жаткан себебим, - деди сөзүн андан ары улантып Мидин, - алардын жашоосундай жашоо бул олтурган биринчи секретарь Быржыбаевда да жок. Алардын күндө ичкени ууз кымыз, жегендери баглан козунун эти, кышындагы сойгон согуму казысы карыш келген кызыр калган байталдын кызылдай казы-чучугу, ушул азыр да, үзүмчүлдүк маалда үйүнө барсаң чар ириктин куйкаланган куйругун жейсиң, кызыл же кара таруунун күчала кылып чыгарган бозосун ичесиң... Эт союздун ширесин бүт соруп жатса анан кантип анын аялынын соорусун май баспасын. Адамдын семирген абалын анын аялынан көрсөңүз болот. Бетинен каны тамган. Көчүгү тегирмендин ташындай тегеренип калган... Басса-турса колтуктап эки жагынан эки аял жөлөгөн. Эт союздун бул аялын көргөн да арманда, көрбөгөн да арманда Молдогазы Токобаевич... десе. Тигилер күлүп калышты... Бул - бир жаңылык...
Экинчи жаңылык, Жумгал району боюнча башкы мал доктур Еремин деген киши бар, анын "Эверест" деген овчарка ити бар. Бул да ошол "Эт союзга" катар, Еремин башкарган мекеме кошуналаш жайгашкан...
Быйыл тилекке каршы, Жумгалда мал өлүмдүү болду. Ереминдин "колу жеңил" болуп ооруп өлгөн райондогу чарбалардын малдары ветврачтын короосуна толду.
Өлгөн малга "Акт" жаздырабыз деп мал доктурга аны алып келишет. Акт жазгандан кийин малдын сөөгүн ветврачтын жанындагы казылган аңга көмүшөт. Көмүлгөн этти, караңгы түшөөрү менен Ереминдин "Еверест" деген ити баштаган ошол айылдын дөбөттөрү, иттери өлгөн малдын сөөгүнөн түнү бою "көк бөрү" тартышат.
Өзгөчө Ереминдин итинин жоругун айтпаңыз?.. Жөө кишини жөн жолдон өткөрбөйт. Тосордой элди тосуп, ары-бери каттаган элди качырып, кабат. Аны көргөн Еремин архар тиштегенсип итине, аябай кубанат. Ал иттин айбатынан атчан өткөн кишилер да ат үстүнөн оодара тарта тургансып, заарканат.

| Уландысы бар |